Күтүү

Көп нерсе угуп, көрүп жана эчендеген окуялардын ичинде чалкаландык. Бирок кайгы капаны таштап, бейкуттукка жете албадык. Сезимдерибиз толуп, канаатка жете албадык. Себеби биздин муктаждыктарыбыз башка ал эми муктаждыктарбызды каржылаган нерселер башка.

Биз күнөөкөрлөрүбүзгө жана жазалууларга ийилип, жүрөгү жаралангадар менен кошо онтой турган хаварилерди күтүп жатабыз. Сөзү өтүмдүү, рухий дүйнөсү кайнап турган, айткандары болсо так орундуу хаварини...

Бизе сунган колдоосун коркопой кабыл ала турган, ишенип көңүлүбүздүн эң тереңинде жаткан сырларыбызды айта турган ирфан (сабатт), ыймандуу жана акыйкаттын жарчысы эр-азаматтарды эчендеген жылдардан бери күтүп келебиз. Ачкачылык, ооруулар жана коркунучтар үстүбүзгө басып, эң эле уят жардылык рухий дүйнөбүздү кемирип, эркибизди алсыратып турган келген кезде, чексиз үмүтүбүз менен дайыма анын жашоо берген демин жакындан угуп, үмүтүбүз жанданды.

Эгерде ушул күнгө чейин сезип туйгандарыбызды таап алганыбызда жана тапканыбызга ишене алганыбызда көптөгөн кемчиликтерибиз толукталып, ашылгыс ашууларды ашып өтмөкпүз. Бирок миңдеген жолу биримдикке келип, үмүт менен толуп таштык, берген сөзүбүздү аткарганга аракет кылдык жана берген сөзүбүздөн баш тарттык. Себеби издгенибизди тапкан жокпуз, тапкан болсок да издегенибизди тапкан жокпуз!

Көңүлүбүз мээримдүүлүккө жана сүйүүгө муктаж эле. Инсандык касийеттерди, арзуу тилкетеринин орундалышын каалап жаткан. Атаганат! Руханий дүйнөбүз жардылык менен сугарылып, көңүлүбүз болсо оройлукка көнүшүбүздү каалап жатышты. Зулум тарткан байкуш баягы эле бойдон ары барса бери, бери келсе ары түртүлүп келет. Бүтпөс жүрөк заада абалдын ичинде өзүбүз жеп бүттүк. “Жеңилүү, туткун, кайгы, басмырлоо” сыяктуу кыймыл аракеттердин натыйжасында жан кейиткен абалга түшкөнүбүзгө карабастан дагы деле жаман иштерине колдонуп келишет.

Ошондуктан эми мындан ары эч кимге ишене албай сыр чечише албай калдык. “Дилбер-и гүлбер[1]” каалап жатып “Рухсары ахмер[2]” кааладык. “Фатих-и Хайбер[3]”дин жанында Камбардын[4] да кошо келишин кааладык. Таба алабызбы жокпу жаны чыга турган абалга келген биз аруулукту, берилгедикти жана чын көңүлдөн инсандардын жолунда тазалыкты талап кылабыз.

Мынча кайдыгерлик, кала берсе кыянатчылыкты көргөндөн кийин шек күмөндөрүбүздү жеңүү, туш келген эле кишилерди түшүнүктүүлүк менен тосуп алуу этиятсыздык деп эсептейбиз. Бардык түз жана жакшы оюбузга карабастан өз көнүмөш адатыбыздан сыртка чыга албай жатабыз.

Бизди ишендирүү жана ушундай шек күмөндөрдөн арылышыбыз үчүн бул эр азаматтарыбыздын чын көңүлдөн кыймылынын улантылышына байланыштуу. Алардын мындай кыймылы жылдар бою желкебизде алып жүргөн ишеничсиздик жана шек күмөндөрдөн кутулушубузга себеп болот.

Биз сөздөрдө калган үгүт насааттардан эл көрсөн кымыл аракеттерден, жеңиштерге ортоктош жалган баатырдыктардан, жашоо арзууларынан улам жан талашуудан, келечек жана мансыптардан тажадык. Биз Гераклиттен, Каф тоосунан суу алып келе турган эркти, кыймылында чечкиндүүлүктү, жеңишинде каржалган эмгекти, башкаларды жашатуу каалоосунан улам өз руханий жана материалдык каалоолорунан баш тарта ала турган, берилгендикти, тазалыкты талап кылабыз.

Ою түз, таптаза, баскан жолу зикзаксыз жана түп түз болсун. Ойлонсун жашасын, жаңаганын түшүндүрө алсын. Эки жүздүү болбосун! Бизди алдабасын!

Жүзүндө кайгы жана кыйынчылыктын белгиси болсун! Көздөрү жашка толгон, боору ооруган, абийири аруу жана ойгок болсун! Теккенин эсебин жана тектүүлүгүн, мектептин логика жана сурак соболону, казарманын дициплина жана баш ийүүчүлүгүн чагылдырсын. Муну менен кошо бизге өзүнүн толук кандуулугун көрсөтсүн...!

Мээси менен жүрөгүнүн байланышы үзүлгөн, руху абийиринен узак жана белгилүү өзгөчөлүктөрү менен баш кошууга чакырылып, кылымдардан бери кыйналып келе жаткан инсандарды буулугуудан куткарып, аны өз табияты менен табыштыр...!

Жараткандын урматын бийик кармасын, ой-пикир жана кызматта бир колду[5] жактабасын, ошондой эле Алла Таалага бара турган жолдун ар бир маклуктун деминин санынчалык көп экендигин эч жадынан чыгарбасын!

Кызматта алдыда жана дайым алдыңкы катарда турсун. Маяна, сыйлык алууда эң арттагы катарда туруу керек экендигин жадынан чыгарбасын! Эч болбосо тынч кезде өз бакчасынын иши менен алек болуп, согуш учурунда жеңишке алгалаган жөнөкөй командир сыяктуу мекендештеринин астында өз милдетин аткарган соң, мансыптан баш тартып, кийинки жоопкерчилик берилгенге чейин күтүп турсун!

Ушул ыйык дүйнөнүн алгачкы акыйкат үгүттөөчүлөрүнө бул иш сунушталганда баш тарткан. Моюнга алууга мажбур болгон учурда кайра кайра баш тартып, жөндөмдүүлүгүнө жараша башка иш берүүсүн жана буга ылайыктуу кишинин келүүсүн суранган.

Жаңыдан жандануу долбоордо жоопкерчилик алгандар ушул сызыкта кетүүсү шарт. Болбосо чектүү макам мансып үчүн эчендеген күнөөсүз инсандардын канын төгүлүшүнө себеп болот. Мунун алдын алуу өтө эле татаал. Болгондо да бул али эч нерсе түшүнө элек жаштарга өткөзүлчү болсо анда....

Хавари деп күткөн инсандарды көрө алабызбы билбейм? Бирок биз абага, сууга муктаж болгондой бул мүрөк суусун тартуулай турган хаварилерди күтүп жатканыбызды баса белгилеп, Жараткандан дарыяда балык, тоодо жейрендин тили менен эми күттүрбө демекчибиз.


[1] Сулуу, мөлмөл

[2] Кызыл жүздүү

[3] Хайбарды колго алган.

[4] Аз. Алинин кулу Камбар, м.а., ишеничтүү киши

[5] өзүмчүлдүктү жакткабасын

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.