Мээрим

Учурубузда жалпы дүйнө жана айрыкча, биздин аймактагы элдер, ушул убакытка чейин болуп өткөндөрдөн башкача жана мурдагыларга салыштыруу мүмкүн болбогончолук деңгээлде коркунучтуу бир доорду башынан өткөрүп жатат. Ар кайсыл бир учурда эл аралык теңдиктин бузулушу жана бир топ башаламандыктын болуп кетиши мүмкүн. Түрдүү тайпалар жана ал тайпалардын ичинде башкача көз караштагы топтордун баары өч алуу, жек көрүү сыяктуу сезимдер менен жүрөт жана ойго келбеген, кыйраткыч жана бузуку долбоорлордун артынан чуркап жүрүшөт. Ар бир коом жана ал коомдун ичиндеги башкача көз караштагы адамдар, дагы башка бир көз караштагы адамдарды кармаган жерде жок кылууну каалап, ар дайым өч алуу сезими менен жаңы жаңы душмандык оюндарын уюштуруп жүрөт.

Бул чөйрөдө өсүп жетилген адамдын сүйүүдөн кабары жок, сүйүү деген нерсени унуткан, зээнинде ар дайым жек көрүү сезими бийлеп турат. Негизсиз туура эмес нерселерди акыйкат кылып көрсөтүүго аракет кылат. Бул жагынан караганда ал, сезимдери шал болуп, жакшы-жаманды айырмалай калган. Кээде акылдан тайгандай алды-артын карабай жана акыбетин ойлобой айлана-чөйрөсүн талкалап-кыйратып салат, кээде болсо, эч басылбаган ачуусу менен өзүн-өзү кыйнайт.

Учурда дүйнөнүн бир топ жеринде катардагы адамдар дагы, коомдор дагы жана өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колунда кармагандар дагы ушундай. Алардын көпчүлүгү бейпилдик, тынчтык, коопсуздук деген түшүнүктөргө каршы согуш ачкандай түрлөрү бар. Булар өз тынчтыгын дагы коомчулуктун тынчтыгын дагы бузушат. Күч колдонуп, инсандарга кылган зулумдарын карап тургандар, аларды “төңкөрүш үчүн күрөш” жүргүзүп жатат деп ойлойт. Ушундайча, миңдеген кордук көргөн адамдардын ыйына себеп болуп, каргышталып, бир-бирден кулайт.

Акыйкат ушул!...бирок, биз бул буркан-шаркан түшкөн адамдардын жек көрүүлөрүн, ачууларын баса албайбыз жана башкаларга болгон кол салууларына “токто!” деп айта албайбыз. Муну жасай ала турган жана айланабызды каптаган өрттөрдү өчүрө турган күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок, колубузда инсандыгын жогото элек адамдарга бере ала турган “мээрим” деген мүрөк суубуз бар. Аны менен жолубуздагы тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө аракет кылабыз жана анын жылуу кучагында жолубузду улантабыз.

Мээрим азыркы убакытка чейин, аны чындап көрсөткөндөрдүн арты менен канча жолу шайтандын бузукулуктарын тосту жана адамдарды өлүм чуңкурларына кулоодон сактады, билбейм! Жана канчалаган жолу тозок чуңкурлары сыяктуу көрүнгөн туңгуюктарды Фирдаус бейишинин бакчаларына айлантты!.. Ооба, баардык инсандарга жана башка баардык макулуктарга болго сүйүү, жабыркагандардын, кордук көргөндөрдүн тарткан кыйынчылыктарына төш тосуу жана аларга энелердей чын көңүлдөн аларды аёо сезими деп айтсак боло турган “мээрим” Алла ахлагынын бир чагылышы, көктөгүлөрдүн жана баардык энелердин ысык деминин аты. Көкүрөгүндө бул сезимди алып жүрүү бактылуулугуна жеткен адам, эч кандай нерсе үмүт кылбастан сүйүү жана мээримге муктаж баарысына мээримин төгөт; колдон келишинче жыгылгандарды тургузат, үшүгөндөрдү жылытат, жакындары жокторго кучагын жаят. Сокурлар алар менен көрбөгөн нерсесин көрөт, дүлөйлөр алардын жардамы менен керектүү болгон өтө маанилүү нерселерди угат жана зулумдугу менен бууракандап тургандар дагы анын үнсүз баяндары менен токтошот жана бир азга болсо дагы өздөрүн-өздөрү суракка алат. Анын бул сыйкырдуу жана терең маанисин түшүндүрүү максатында Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Улууларга урмат, кичүүлөргө мээрим көрсөтпөгөндөр бизден эмес”, деп бул нерсени момун-мусулманга гана таандык белги катары көрсөтөт.

Мээрим менен катуу жүрөктөр жумшарат, эң коркунучтуу душмандар дагы ага жеңилет. Жеке-көрүү жана душмандыкты жоё турган нерсе, мээрим болуп саналат. Мээримдүү адам периштедей жана тозок отундай ташкындаган ачууларды өчүрө турган бир өрт өчүргүч сыяктуу. Ал мээрим тили менен сүйлөп жатканда зулумдук жана душмандыктын тили буулат, талкалап-кыйратууга белсенген адамдардын колу байланат. Аны менен жумшап жолго түшпөгөндөрдү Алла Өзү жазалайт.

Мээрим, адам баласын улуу кылган бир сезим жана инсан бир гана мээримдин арты менен башкалардын кубаныч, сүйүнүч жана бактылуулугун түшүнө алат жана алар кабылган мүшкүлдөргө карата өз жоопкерчилигин сезет. Мээрим өкүм сүргөн коомчулукта социалдык байланыштар тез өнүгөт жана коомдо өз ара жардамдашуулар негизделет. Мындай коомчулукта баары бири-бирине сүйүү менен кучагын жаят.

Маселени дагы бир аз ачыктасак, эгер мээрим, алыскы жакынкы чөйрөбүздө биз көрүп, билген жана сезген кайгыларды жок кылуу жана болушу ыктымал болгон кыйынчылыктарды алдын алуу менен булардын ордуна кубаныч, сүйүнүч орнотуунун аты болсо, анда ал биз үчүн өтө маанилүү. Көкүрөгүндө бул улуу сезими бар болгон адам, ар дайым башкаларга мээрим төгүү сезими менен жашайт. Баарына жана баардык нерселерген жылуу сезим менен карайт. Кордук көрүп, жабыр тарткандарды эне баласын, куш балапанын кучагына кыскандай кучагына алат. Камкордук жана коргоого муктаж болгон адамдардын айланасында ар дайым куштардай чарк айланып турат. Өзү жебей, башкаларга жедирет жана өз өмүрүн коркунучка салып болсо дагы аларды коргойт. Керек болсо ал үчүн өз өмүрүн дагы курмандыкка чалат.

Негизинде, жаратылыш терең талдоого алынса, ар тарапта мээрим байкалат жана ар тарапта мээрим кайрыктарынын созолонгондугу угулат. Жаратылыштын негизи мээрим, ага чексиз кооздукту тартуулаган дагы мээрим. Бул дүйнө бактылуулук ортомчусу, акырет баардык сулуулугу менен мээрим майданы. Кыскасы, баардык нерсенин башталышы жана соңу мээрим. Эгерде ар дайым ал бийиктиктерде обологон пайгамбарлар, олуялар жана асфиялар сыяктуу тарыхтагы улуу инсандардын жашоолору тууралуу таржымалдары жакшылап окулса, алардын нурдуу жашоолору мээрим менен курчалып тургандыгын көрүүгө болот. Ооба, алар ар дайым мээримдүүлүктүн каарманы болуп жашап өтүшкөн. Мээрим адам баласын Алла Таалага түздөн-түз жогорулаткан кереметтүү нерсе. Мээрим менен жогорулагандар эч качан жолдо калышпаган. Ал эми көкүрөгүндө ар дайым кек, жек көрүү, ырайымсыздык сакталган адамдар максаттарына жете алышкан эмес. Бир аз түйшүк тартып, бир иттин суусунун кандырган адеп-ахлаксыз аял бейишке кирип, үйүндөгү мышыкты ач калтырып койгон бактысыздын тозокко киргендигин пайгамбарыбыз (с.а.в.) баян кылган. Ооба, бейиш мээримдүүлүктүн орду, тозок кек жана ырайымсыздыктын зынданы.

Эгер жаратылыштын маңызы жана уюткусу мээрим болбогондо адам баласы жана башка нерселер жаралбайт эле, жаралса дагы жашоосун уланта алмак эмес. Ар тараптан жалгыздыктын кыйыкырыгы угулуп, ар тарап кыйынчылык тартып ыйлап, сыздамак. Биздин бул дүйнөдө жашап жатышыбыз Алланын мээриминен, эгер бири-бирибизди сүйүп, жана башкалар тарабынан сүйүлүп жаткан болсок, бул дагы Анын мээримдүүлүгүнөн. Ички дүйнөбүздө башкаларга жакшылык кылуу, башкаларга кучак жаюу сезимин пайда кылган нерсе дагы мээрим болуп саналат. Алла Таала мээрим менен жашаган адамдын жүрөгүн ачат, башкаларга кылган жакшылыгын эселентип, сооп берет жана мээримдүүлүгүнүн кеңдигине жараша ага өзгөчө көңүл бурат. Алланын жүрөктөрүбүздө мээримдүүлүк сезимин ойготуусунан үмүт кылам.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.