Үмүт

Өтө чоң жана маанилүү жаңылануу босогосунда турабыз. Коом толгоо кыйынчылыгын тарткан энедей, жаңы нерселерди пайда кылуу алдында турат. Көптөгөн жылдар бою миңдеген парадокстар менен өзүнө таандык жолдон алыстап кеткен элдер, келечегинен үмүтсүз абалда. Жүрөктөр алсыздап, зээн жардыланды.

Руханий дүйнөсү башаламан, келечеги туман, жаны көзүнө көрүнүп турган бул байкуш элдер, бутка турууга дарман, жүрөктөрүнө жарык бере турган нурду күтүшүүдө. Тирүүлүк жана бактылуулук алып келүүсү күтүлгөн азаматынын ыйман жана үмүт тартуулап, маңдайында туруусу, коом үчүн эң маанилүү нерсе.

Үмүт баарынан мурда, ишенимдин мөмөсү. Ыймандуу адам үмүттүү жана үмүтү дагы ыйман деңгээлине жараша болот. Ошондуктан, бекем ишенимдин мөмөсү өтө маанилүү нерсе жана кээ бирлеринин көз карашында өтө кереметтүү туюлат. Негизинде, үмүт, эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк, ыйман толгон жүрөккө кирсе, инсандык...

Руханий дүйнөсү анчалык терең болбогон адамдар муну адаттан тышкары деп билишет.

Адамда баласы, ишенип, ыййман келтире турган нерсесин жакшы тандап, ага чын көңүлдөн берилген болсо, анын руханий дүйнөсүндө үмүтсүздүк деген нерсе болбойт.

Инсан, үмүт менен жашайт, коом аны менен тирилет жана өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан, үмүтсүздүккө түшкөн адам тирүү болуп эсептелбегендей эле, үмүттөн куржалак болгон коом дагы шал болду деген мааниге келет.

Үмүт, адам баласынын өзүнүн руханий дүйнөсүн таануусу жана андагы күчтү сезе билүүсү. Адам баласы бул сезим менен Кудурети Чексиз Алла менен байланышка өтөт жана баардык нерсеге жете ала тургандай күч-кубатка ээ болот. Анын арты менен тамчы дарыяга, бөлүкчөлөр бүтүнгө айланат.

Адам пайгамбар (а.с.), асманы караңгылап, жылдызы түшүп, эрки жоголуп, жаны көзүнө көрүнүп турган учурда, үмүт күчү менен силкинип, “Напсиме зулумдук кылдым” деп кайрадан тириле алган. Шайтан болсо үмүтсүздүккө чөгүп кетти.

Акыретке ишенген, руханий дүйнөсү терең ар бир азамат үмүт чырагын колго алып жолго чыгып, катуу бороон-чапкындарга туруштук берип, толкундар менен күрөшкөн. Алардын кээ биринде үмүт Жуди тоосуна, кээ биринде Ирем бактарына, кээ биринде Мадинага айланган Ясриб абалына айланган. Бул өрөөндө ар бир үмүт каарманы ошол эле учурда Алланы алдындагы баалуу инсан, элдин сыймыгы болуп келген.

Үмүт жана эрктүүлүк менен обологон бир кул, Харкул устундарын жаңы наамга ээ кылып, деңиз артындагы өлкөлөрдүн легендарлуу каарманына айланган. Айласы кетип, эл капсалаңга түшкөн учурда, ыйман жана үмүт дастанга айланган учур келгенде, ишеним жана ыйман деңгээлине жараша, ага ээ болгон адам ааламдын чабуулуна дагы каршы туруп, туруштук берип, дүйнө огунан чыгып, тартип бузулса да кебелбестен жолун улантат.

Үмүт менен узак жолдор басылып өтүлөт, үмүт менен баардык кыйынчылыктар жеңилет. Үмүтсүздүккө түшкөн адамдар, иш жүзүндө дагы жеңилүүгө учурайт. Эр жүрөк адам болуп көрүнүп, мактаныч менен жолго чыккандар, ыйман жана үмүт алсыздыгынан жолдо калышкан. Бир аз солкулдоо, убактылуу соккон шамал, агып өткөн сел алардын эркин жоготот. Аларга ишенип, андан кийин алардын артынан үмүтсүздүккө түшкөндөрдүн абалы өтө аянычтуу.

Негизинде, акыйкатты таба албаган жана чын дилден бериле албагандардын мындан башкача абалда болушу дагы мүмкүн эмес эле. Бийлик-мансапка ишенип, мал-байлыкка берилген жана келип-кете турган убактылуу нерселер менен мактанган адамдардын эртеби-кечпи жоготууга учуроолору шексиз. Өчпөгөн жарык, батпаган күнгө чын дилинен берилген адамдардын түнү-күндүзгү күндөй жарык, күндүздөрү бейиш сыяктуу көркөм болот. Мындай адамдар, дарак сыяктуу учу көк тиреп, тамыры терең болуп, кар-мөндүр, бороон-чапкындан таасирленбейт. Кыш-жаз дебестен, ар дайым мөмө берип турушат.

Биз коомубуз менен туруктуулук кылып, тайбаган жана эч качан үмүтсүздүккө түшпөгөн жол башчыларга аба-сууга болгондой муктаждыгыбыз бар. Биз бир нерсеге кызыкдар болуп, жолго чыгып, издеген нерсесин таба албай калса, үмүтсүздүккө же жаратканы менен талаш-тартышка түшкөндөрдөн алыспыз. Албетте, планеталардын кең мейкиндикте айлануусу эч убакта, жердеги бул байкуштардын негизсиз философияларына жана бузук пландарына көз каранды эмес..!

Үмүт уругу жаздын келишин күтүп жаткан ушул күндөрдө үмүттөн куру болгон көңүлдөргө үмүт берилишин тилек кылуу менен...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.