Намаз

Намаз-момундун миражы, миражга болгон сапардагы минген бурагы, жолдогу момундардын кемеси-учагы, Аллага жакын болуу жолундагы жолоочунун башка ааламдарга эң жакын аялдамасы, максатка жеткире турган эң улуу ортомчулардын бири.

Кыямат күнү ак жүздүү, жарык маанайда, сажда жана даарат мүчөлөрүндөгү белгилери менен эң алдыңкы сапта, колдору, жүздөрү таптаза, көкүрөктөрү көктөгүлөрдүн ички дүйнөсүндөй таза болушу дагы намаз жана намазга чейин аткарыла турган жакшы иштерге байланыштуу. О.э. учурда Аллаган жакындыктын дагы башка бир маанисин берген жана өзгөчө терең маани-маңызга ээ болгон намаз ибадатын, кулдук кылууга гана берилип, өмүрүн Аллага ибадат менен өткөрүү маанисинде “рибат” деп айтсак болот.

Даарат-намаз жолунда алгачкы эскертүү жана даярдыктын башы, азан болсо экинчи эскертүү. Даарат менен денесин таза болбогон булганыч жана билинген жана билинбеген жаман нерселерден арылткан инсан азан менен жан дүйнө жаңырыгына кулак төшөйт жана жамаат менен гана жүзөгө ашырыла турган зор кыймылга баштоо буйругун күтөт.

Инсанды чексиз мейкиндиктеринде саякаттаткан жана алып барып, периштелердин ааламына жеткирген мираждай бул улуу ибадат, күндө беш жолу түшүп жуунган өзөндөй, ар бир чумкуганыбызда күнөөлөрүбүздөн дагы бир жолу арылтат, бул руханий жашоонун көнүгүүсү сыяктуу.

Намаз менен күн-түн сырдуу убакыттарга бөлүнөт. Жашоо, ибадатка негизделген убакыт боюнча белгиленип, тартипке салынат жана анын арты менен кыймыл-аракеттерибиздин Алланын көзөмөлүндө жакшы ыңгайда жүрүшүнө алып келет. Ошентип, ибадаттын сыртындагы кыймыл-аракеттерибиз дагы ибадаттын кооздугун алат жана жер жүзүндөгү жөнөкөй жашоо руханий мааниге ээ болот.

Дүйнөдөгү ызы-чуулуу үндөр же жалпы үнсүздүк азан угула турган учурда, сааттардын жебелери, күндүн бир орундан башка бир орунга жылышы, мечиттин айланасында инсандардын көбөйүшү, баардык жерде руханий атмосферманын өкүм сүрүүсү, азанчылардын тамагын оңдоолору жана микрофондордун кырылдаган үндөрү менен белгилүү болгондо, жүрөктөрдүн үнсүз сүйлөшүүлөрү, уйкудан жаңы эле туруп жаткан адамдардын уйкусуроосу, бул дүйнө жана акыреттин ортосундагы барзах жашоосу жашалып жаткандай табышмактуу сөздөр угула баштайт.

Мечитке карай бет алуу, ойлуу жолдо жүрүү, даарат менен башталган руханий тереңдөө бир даярдык болуп саналат. Азан, өзгөчө чөйрөгө чакырык, рухубуздун тереңдигинде оюбузду бир жерге топтоого даярдаган башкача үн жана сезимдерибизди күүгө салган бир таасир сыяктуу. Ар күнү кайталанып тургандыктан кулактарыбызга көнүмүш үнгө айланса да, азан, ар дайым тоолордун артынан чыккан ай сыяктуу дароо чыга келет. Күндүн күркүрөшү сыяктуу күркүрөйт жана назарларыбызды бийиктиктерге бурат. Ошол учурда, суулардын шылдыры өзгөчө мукам үндү пайда кылат. Убакытка көз каранды болбогон кыялдарыбызды, тарыхтын түрдүү доорлорунда жоготкон нерселерибизди таап, кайтарып берүү менен биздин көңүлдөрүбүздү толкутат жана ар бир жолкусунда бизге жаңы бизге жаңы үн, жаңы кайрыктарды сунат. Биз азанды ар дайым чын дилибиз менен бериле угуп, ар бир угушубузда бизге белгилүү болбогон өзгөчө ылаззатты сезебиз. Бул сезимдер менен биз бийиктиктерге көтөрүлүп оболоп учуп жүргөндөй болобуз. Адам баласы ал көз ирмемдерде жан дүйнөсүн тыңшай алса, купуя маанилердин ички дүйнөсүнө агып киргендигин угат!

Ар дайым жаңыланып, руханий дүйнөсү жандуу бойдон сакталган инсандар, ар бир азан убактысында, анын алгачкы көктөн түшүрүлгөн учурундагыдай асыл ылаззат, маңызын сезе алат жана мунаралардан таңшыган үндөн пайгамбарлардын (а.с.) чакырыгын, периштелердин такбир, тахмид, күбөлүк берген хорун угат жана Жебирейилдин, Исрафийлдин (а.с.) тирүүлүк берген демдерин сезгендей болот.

Азан менен намаздын алдындагы руханий даярдык бүткөндө, алгачкы нафил намаз жана коомат менен, ал учурга чейин акырындык менен барган руханий даярдык дагы бир жолу текшерүүдөн өтөт жана миражга багыт алынгандай намазга кадам ташталат. Ошол учурга чейин жүрөгүбүзгө таасир берген жана инсандыгыбызды козгогон жана бизди түбөлүктүү багытыбызга бурган үн, сөз жана кыймыл-аракеттер, жүрөк кылдарында чыныгы көңүл кайрыктарын табуу үчүн акорддоо сыяктуу. Ибадатта негизги үн, ал жалгыз михрабдын алдында ой жана сезим бирдигине ээ болгон жана бир имамдын артында турган, ийилип, урмат-сыйын билдирген, Алланын алдында тикесинен тик туруп, саждага барып, баш жана бутун бир чекитте бириктирип, Аллага багыт алган жамааттын шериктеш кыймыл-аракеттери менен башталат. Биз жамаат сезимин көкүрөктөрүбүздө сезгендигибизге жараша, пайгамбарлар менен өткөн жаркын доорду баардык сулуулук жана кооздугу менен сезгендей болобуз.

Ооба, намазды чыныгы маңызына жараша орундата алгандар үчүн имамдын артындагы ар бир кыймыл-аракет, ар бир сөз, жоголгон бейишке болгон кусалыкты билдирет, үмүт жана Аллага жолугуу сезими менен өзгөчө абалга ээ болот. Биз руханий дүйнөбүздүн тереңдигине жараша, ар бир жолу намазга турганыбызда, бейиш кооздуктарынын биздин чагыбызга карай созулган бир шооласына күбө болгондой болобуз. Ошонун арты менен, дүйнөнүн миңдеген ызы-чуусу менен чаржайыттыкка учураган ойлорубуз бир жерге топтолот. Рухтарыбыз дененин катаал чөйрөсүнөн чыгат жана жан дүйнөбүз дагы бир жолу Алла менен бирге болуу ою менен толкуйт. Ар бир намаз убактысы жана ар бир парздардын аткарылышында болбосо дагы, руханий дүйнөсү терең адам ар күнү бир канча жолу тез-тез өткөндү жана келечекти ой элегинен өткөрөт жана өтүп кеткендей сезилген замандын алтын чактарын, келечектин үмүт берген учурлары менен бирге көрөт жана башкалар жашаган жашоо менен биздин жашообузду бир учурда сезет жана жашайт, каусар булагын ичип жаткандай миңдеген ылаззаттарды татат.

Күндө бир канча жолу, ой-пикир жана кыялдарыбызды азыктандырган намаздын сырдуу жана сыйкырдуу кыймыл-аракеттери, ар дайым бизди руханий ааламдарга алып бара турган бир жол, бир эшик табат.

Намазда, сүрөттөп, айтып берүү мүмкүн болбогон нерселер сезимибизди ээлейт. Ушул себептен, пенде үчүн намаздан өткөн улуу ибадат, намаздагы абалынан дагы жакшыраак абалы жок.

Ажылыкта жана башка сапарларда, дөбөлөргө чыкканда жана дөбөлөрдөн ылдый түшүүлөрүндө такбирлер айтылгандай эле, намаз атындагы рухтун мираж сапары дагы, бир бөлүмдөн кийинки бөлүмгө өтүшүндө ушул сезим, ушул ой жана ушул сөздөр менен болот. Дээрлик ар бир парзда Аллага урмат көрсөтүшүбүз керектигин эң жакшы көрүнүштө сөз менен билдирүү үчүн айтылган бул такбирлер менен, тахмиддер менен жана бул сөздөрдүн эске салган ойлор менен улуу Затка кайрылабыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.