Жүрөк тили жана кыймыл-аракет баяны

Баян ачкыч болсо, ал ачкыч менен ачылган нурдуу жарык дүйнөнүн аты көңүл. Ар бир сөздүн баасы анын чын көңүлдөн чыккандыгына байланыштуу болот. Менин оюмча тил менен айтылган сөздөрдү жүрөктөн айтылган сөздөр жүрөк баянынын бир көлөкөсү болуп эсептелет. Албетте, Алланын Сөзүнүн көчүрмөсү болуп саналган жүрөк тилин жүрөктөрү ошого ачык болгон инсандар гана түшүнөт. Ой-жүгүртүү, сөз сүйлөө эрежелерине көңүл буруу сөз берметинин маанилүү элементтеринен. Ооба, сөздү кооздогон метонимия, метафора, тамсил сыяктуу нерселер сөзгө терең маанилерди берет . Ар бири өз алдынча кооздоочу жана сөздү уккулуктуу кылган кыйыр маанилер, цитаталарды колдонуу, аллегория.. сыяктуу эрежелер дагы баянды кооздоору бышык. Эң негизгиси сөздү сөз кылган, анын чын дилден чыгышы.

Сөздөр маанилердин калыптары болгондуктан, белгилүү бир деңгээлге чейин риторика, просодия сыяктуу эрежелердин маанилүү экендигин айтууга болот, бирок, баяндагы чыныгы тереңдик жүрөк жана ички руханий дүйнөнүн түпкүрүнөн оргуштап чыгышы менен байланыштуу. Ыймандын негизинде келип чыккан толкун жүрөк кылдарына тийгенде анын анын кайрыктарын уккан адамда терең таасир калат жана бул таасир сүйүү жана алакага ортомчу болот.

Тескерисинче, көкүрөктөн чыкпаган, көңүл тили менен айтылбаган жана кыймыл-аракет менен кооздолбогон баардык сөз жана баяндар канчалык кооздолгон болсо дагы, адамдардын ички дүйнөсүнө терең таасир калтыра албайт. Адам баласынын ички дүйнөсү ар дайым терең жана таза, жогорудан келген нурларга ачык жана ар дайым Алла менен байланышта болуп, толкуп турса, андан чыккан маани жана мазмундардын чөйрөгө чагылышы дагы терең жана түбөлүктүү болот. Жүрөгүндө сезими жок, руханий дүйнөсү дене кумарынын жана арзууларынын тебелендисинде калган адамдын башкаларга айта ала турган нерсеси жок. Жашоолорунун ар бир көз ирмеминде Алланы көрүп тургандай, Ал тарабынан көзөмөлдөнүп тургандай сезим менен кыймыл-аракет жасаган, Курандын сөзү менен, кайда болсо дагы, Алла көзөмөлдөп тургандыгын сезген жана аны көрсөң Алланы эстеткен нурдуу жүздөр, ар дайым ишенгенине жараша ишендире алышкан. Алар акыйкаттарды жана “Акыйкаттардын Акыйкатын” сезе алгандыктарына жараша чөйрөлөрүнө дагы жар салып жана баардык жүрөктөрдө жаңырып турган үнгө айланышкан.

Ички маңызынын тереңдиктерине карата жат, Алла менен болгон байланышы алсыз инсан булбул сыяктуу сайрап, айлана-чөйрөсүнө дастандашкан нерселерди сунса дагы эч бир убакта башкалардын жүрөгүнөн орун ала албайт, эч бир адамга таасирдүү боло албайт. Ал өтө жакшы сүйлөшү мүмкүн, сүйлөө менен адамдардын көңүлүн өзүнө бурдура алышы дагы мүмкүн, бирок, маектештерине жана аны угуп жаткандарга түбөлүктүү таасир калтыра албайт жана аларды эч качан Аллага бура албайт. Алла Таала өзүнө багыт алдыруунун шифрдүү ачкычын жүрөк жана иш-аракетке сунган. Бүгүнкү күнгө чейин жүрөктөн чыкпаган жана инсандардын жан дүйнөсүнөн орун ала албаган куру маалыматтар, куру сөздөр, дене кумарын козгогон акылды уурдап, баш айландырган оюндар менен иш аткардык деп ойлогондор өздөрүн жооткотуп, башкаларды алдашты бирок, эч бир убакта көкүрөктө узакка жаңырып турган таасир калтыра алышкан жок. Үн-сөз, тил-эрин, калем жана манжалар ички сезимдерга баш ийгенде гана сөз чыныгы баалуулугун табат.

Ыкыластуу инсандар ар дайым сөздү чыныгы баалуугуна жеткирүү аракетинде болушат. Алар ар дайым ички сезимдерин жана жан дүйнөлөрүнөн оргуштаган терең маанилерди кармап калууга аракет кылышат. Жан дүйнөсүнөн жаңырбаган ойлорго маани беришпейт. Жүрөктөрүнөн оргуп чыкпаган үн-сөздөр булбул сайрагандай угулса дагы аны унутта калтырышып, андай ойлорго үнсүздүк менен мамиле кылышат. Жүрөктөрүнөн оргуштап чыкканына анык ишенген жана акыйкат, чындык деп ойлогон түшүнүктөр сыртынан караганда ачуу көрүнсө дагы аны чын жүрөктөн чыкпаган таттуу ойлордон жана кооз сөздөрдөн жогору коюп, баалашат. Себеби, алар напсинин жана дене кумарынын артынан чуркашпайт. Акыйкат жолунда көп нерселерден куру калышса дагы ар дайым жүрөк жебелери көрсөтүп турган багытка жүздөнүшүп, керек болсо өздөрүн унутууга жана инсандар тарабынан унутулууга даяр. Атак-даңк, байлык-бийлик артынан түшүшпөйт. Кылган жакшылык иштери үчүн ар дайым оопасыздык, кайрымсыздык көрүшсө же көп нерседен куру калтырылышса дагы ачууга алдырып, таарынышпайт жана эч кимди күнөөлөшпөйт. Ушундай кыймыл-аракетти ишенимдеринин талабы, жүргөн жолунун өзгөчөлүгү деп эсептешет. Мүшкүлдөргө кабылышса “аттиң ай” деп жолдорун улантып кете беришет пайгамбарлардын артында.

Тарыхтагы баардык Курандын окуучулары ушундай ойдо, ушул жолдо болушкан. Кечээ-бүгүн ал нурдуу жолун жолоочулары ал жолдо болууга ант беришип, ар дайым сүйүү дешип, башкаларга карата сүйүү менен мамиледе болушуп, баарына бир туугандык менен кучак жайышкан. Бадиуззаман баяндагандай, ааламды “бир туугандыктын бешиги” деп билет. Сүйлөгөндө чын дилден сүйлөп, айткандарын жашап көрсөтүшүп, инсандыктын туу чокусуна көтөрүлүшкөн.

Алар чөйрөлөрүндөгү кичинекей бир белгиден дагы жалпы жаратылыштын маани-маңызын сезе алат, сезгендерин жүздөрүндөгү белгилер, көздөрүндөгү маанилер менен көрсөтүшөт. Жаралуудагы терең сырларды ички туюу сезимдери менен сезишет жана жүрөк түпкүрүнө агып кирген маанилерди “асмандан түшүрүлгөн жайыл дасторкон” сыяктуу жолуккан баардык пенделерге таттырууга аракеттенишет. Өрөөн-өрөөн кыдырып, жүрөктөрүндө тамыр жайган жакшылыктарды сунууга инсандарды издейт жана андай инсандарды тапканда кубанышат. Сезимдери таза, жетишкен ийгиликтери менен мактанып, бирөөдөн бир нерсе күтүп, үмүт кылышпайт. Алар ар дайым кубанычтуу жана ар дайым маанайлары жарык.

Күн-түн ар дайым бир сырдын артында.Сырларын бөлүшүү алардын эң чоң үмүтү. Көкүрөктөрүндө сезген акыйкаттары менен жүрөктөрдү толкутуп, ойготууга аракет кылышат. Ышкылуу жүрөктөргө үн-сөзсүз нукура кайрыктарды сунушат. Аткарган иштери менен жүрөктөрү элеп-желеп болуп толкуп турат. Алар үмүтсүздүк, кайгы дегенди билишпейт. Иш-аракеттеринин ылаззаты менен ырахаттанышат бирок, башка руханий нерселерден кабарсыз инсандар сыяктуу башка эч кандай акы талап кылышпайт. Көңүлдөрүндө бапестеп өстүргөн маанини, сүйүүнү адамзатка тартуулашат. Эч ким бул сыйкырдуу үндөрдүн таасиринен кутула албайт. Жүрөктөргө кирип келип инсандын ички дүйнөсүндө жаңырып турган бул руханий маанинин өзүнө тартуучулугунан эч ким кутула албайт... Жогору жактардан келген маанилерди чагылдырып турга бул таасирдүү баяндарга карата эч ким кайдыгер болуп кала албайт. Биз бул таасирди дароо көрө албасак дагы бул жүрөктөн оргуп чыккан, иш-аракет, жашап көрсөтүү менен өзгөчө баалуулукка ээ болгон баян ээлери бүгүн болбосо дагы келечекте ага карата ачык болгон жүрөктөргө таасири болот жана ички дүйнөдөн орун алган бул нерсе, бир аз түрткү боло калса дароо байкалат жана башка инсандардын жүрөгүнө кирет.

Ооба, бүгүнкү күнүбүздө чын дилден айтылган сөздөр жана кыймыл-аракет менен коштолгон терең маанилер пайдасыз болгон жок. Азырынча зээндер аны жазып алып, акыл, сезимдер талдоо менен өнүктүрүп, жаңы калыптарга жаңы көрүнүштөргө салып, андан кийин аларды белгилүү бир учурга аманат калтырып жатат. Мезгили келгенде жүрөктүн сыйкырдуу баяндары, көңүлдөрдөгү өчпөс издери угуп, көрбөгөндөй жакшылыктарды берет..!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.