Өлүмдүн экинчи жүзү

Көпчүлүк адамдар өлүмдү баардык нерсенин аякташы, жок болуу, кыйроо жана топуракка айлануу деп билишет жана эч качан ага жолугууну каалашпайт. Оору, карылык, согуш, жол кырсыктары жана жер титирөө сыяктуу өлүмгө себеп боло турган окуялар болгондо катуу коркуп, кабырдын жалгыздык жана ээндигин ойлоп коркот жана жашоосун жан чыдагыс азапка айлантат. Ооба, мындай адамдардын ою боюнча, адам баласы өлгөндө баары бүтөт. Дене топуракка айлануу менен түбөлүк уйкуга кетет. Баардык нерсе жана баардык жер жоктуктун караңгылыгына көмүлөт; акын айткандай: “Эми күндү көрө албайсың, керилип жатып уктайсың.” Түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүк жашоону каалаган инсандын мындай бир ой менен канчалык кыйналып, азап тартаары белгилүү.

Чындыгында өлүм, жок болуу, бүтүп-түгөнүү болбогондой эле, кабыр дагы топуракка айлануу чуңкуру, жалгыздыкта боло турган жана ээн бөлмө эмес. Өлүм – жаратылганда белгилүү бир максат менен жаратылган адам баласынын дагы бир белгилүү план жана программага байланыштуу бир ааламдан башка бир ааламга көчүшү, абалынын өзгөрүшү, жасаган иштерине жараша өзгөчө бир этапты жашап, аягында чыныгы өлкөсүнө кайтуу менен Жаратуучусуна жолугуу үчүн сапар тартуусу жана Жаратуучунун тартууларына ыраазы болуусу. О.э. кабыр дагы көпчүлүгү ойлогондой караңгы чукур, ээн бөлмө эмес, тескерисинче, жарыктыкка ачылган бир эшик, адам баласын нурдуу ааламдарга алып бара турган коридор жана рухтарды жогоруга көтөрө турган жардамчы нерсе.

Ооба өлүм, биз үчүн ар дайым рух кезип жүргөн бир жайга жана убакытка кулдук милдетинен бошотулуп, Улуу Жаратуучунун “Кел эми, Мага кел!”деп айтуусу. Аны таанып, чын көңүлү менен сүйгөндөр үчүн бул “Кел!” деген сөз өтө терең маанидеги чакырык болуп эсептелет. “Эй, жайбаракат-бейпил жан. Сен (Алла тартуу эткен жыргалчылыктардан) ыраазы болгон (жана Алла Таала тарабынан сенин иштериңден) ыраазы болунган абалда Раббиң алдына кайткын!. Анан, (саалих-жакшы) пенделерим катарына киргин. Жана Менин бейишиме киргин!” деген чакырыкты уккан инсан бул жерде токтоп тургусу келбейт. Себеби бул чакырыктын мааниси бул дүйнөнүн кыйноо салган чөйрөсүнөн кутул! Жоготкон бейишиңе жана рухтун чыныгы журтуна кайт, дегендик. Өлүмдү бул маанидеги бир чакырык катары кабыл алгандар, бул дүйнөгө келүүнү аскерге кабыл алуу, андан кайтууну аскердик милдетинен кайтуу, экинчи жолу төрөлүү жана түбөлүк жашоого жетүү маанисинде түшүнөт жана кабырды көздөй кылчактабастан кадам ташташат. Азраилге жолдош болууну, Исрафийлге дос болуудай кабыл алышат, Алланын алдына баруу учурунун ар бир көз ирмемин Жабраилдин коштоосунда миражга көтөрүлүп жаткандай сезет. Негизинде момун адам, өлүп, мазарга көмүлүүнү, өнүп чыгуусу үчүн топурактын астына ташталган урук жана инсан болуу сапарына чыккан бир уруктук сыяктуу кабыл алат.

Кайсыл урук топуракка ташталып, өнүп чыккан жок! Кайсыл уруктук эне жатынынын ичине түшүп, ал жерде жок болуп кетти эле! Дене чирип жок болсо дагы рух Алланын көлөкөсүндө түбөлүк жашай бермекчи. Чындыгында жанды, жандын Ээси алгандыгын билгендер үчүн өлүм бал сыяктуу таттуу. Алар үчүн өлүм жана мазар парда. Бул дүйнөдө жашап жаткандарында эле алар, ыймандары, ишенимдери жана Алланы тааныгандыктарына жараша, ички дүйнөсүндө Наийм Бейиштеринин төрүндө отургандай сезимде. Алардын айланасында колдоруна каусар куюлган идиштерин кармап жаштар жүрөт. Алардын баштары дагы оорубайт, мас дагы болушпайт жана баштарынын үстүндө шактарда түрдүү мөмөлөр болот, алар каалаганын тандап жешет. Түрдүү куштардын даамдуу эттери, седеп ичиндеги маржандар сыяктуу кара көздүү үр кыздары, шиңгил-шиңгил банандар, көлөкөлүү салкын жайлар, шарылдап аккан суулар, чексиз, ченемсиз мөмөлөр... (Бул жакындаштырылган маанилер, Вакия сүрөсүнөн)

Ар дайым жакшылыкты гана ойлогон бул инсандар, “Күндүн ысыгы жана катуу суук тийбеген орун жайларга отурушат. Бейиш дарактары баардык жактарынан көлөкө кылып турат жана мөмөлөрү үзүлүүгө даяр болупл, аларга жакын турат” (Инсан сүрөсүнүн маанисинен)

“Ал күнү бактылуу жадыраган жүздөр бар, алар кылган эмгектери үчүн сыйлангандыктары үчүн ал бийик бейиште кубанычтуу жана алар турган жерде бекер маанисиз сөздөрдү угушпайт... Ал жерде оргуштап турган булактар, (отурууга ыңгайлуу жана жайлуу) бийик отургучтар, ичүүгө даярдалган (толо) кеселер, сүйөнүлө турган жаздыктар жана кооз төшөнчүлөр бар.” (Гашия сүрөсүнүн маанисинен)

“Алардын Жараткан даргөйүндөгү сыйлыктары астынан дарыялар агып турган түбөлүк бейиштер. Алар ошол жайда түбөлүккө калуучулар. Алла алардан ыраазы болду, алар (Алладан) ыраазы болушту. Бул (сыйлык) Раббисинен корккон киши үчүн” (Баййина сүрөөсүнүн меалынан).

Ооба, “Алардын алтын билериктер жана шуру-мончоктор менен жасанып түбөлүк (тура турган) бейиштерге киришет. Ал жайда алардын кийимдери жибектен болот. Алар (бейишке кирген учурда) айтышты: “Бизден кам-кайгыны кетирген Зат-Аллага алкоо-мактоо болсун.Чындыгында, Жаратуучубуз Кечиримдүү жана өтө шүгүр кылуучу.” (Фатир сүрөсүнүн маанисинен)

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.