Куран болгон жана боло турган баардык нерсе тууралуу баяндайт дешет, бул туурабы? Туура болсо, учурдагы кээ бир илим жана техникага байланышкан маселелерди буга кошууга болобу?

Улуу Жаратуучунун адам баласынын үйрөнүшүнө уруксат берген жана материалдык-руханий өсүп өнүгүшүнө ортомчу кылган бар­дык нерсе тууралуу кыскача айтканы чын. Бирок Кудай жол бербе­ген, адам баласынын бул жана тигил дүйнөлүк жашоосуна пайдасы тийбеген нерселер тууралуу айтышы мүмкүн эмес. Анткени мындай маанисиз нерселер тууралуу айтуу Куран сыяктуу улуу китепке жа­рашпайт, Куран баштан аяк пайдасыз жана бош нерселерден оолак!

Курандын колго алган маселелерин талдоодо, өзүнө таандык бир жолу бар, бул жол тууралуу маалымат болбосо, анализдеп, изилдөөчү адам үмүтсүздүккө түшүп калышы ыктымал.

Курандын эң биринчи максаты – бул, аалам көргөзмөсүндөгү сөз­дөр, саптар, параграф жана китептер аркылуу Көргөзмөнүн Ээсин таанытуу, ыйман жана ибадат жолун ачуу жекече жана коомдук тур­мушту тартипке келтирүү, дүйнөлүк бакубат турмуштун акыретте да уланышына шарт түзүп, адам баласын чексиз бактылуулукка жетки­рүү.

Ошондуктан Ал (Куран) бул улуу максатты жүзөгө ашыруу үчүн бардык нерсе тууралуу айтат. Колго алган маселелерин ушул максат­ка ылайык баяндайт. Баардык нерселер тууралуу ордуна жана дара­жаларына жараша кеп салат.

Мындай кылбастан, жалгыз XX-кылымдын кээ бир укмуштары тууралуу айтса, баяндала турган көп нерсе баяндалбай, бир топ акый­каттар, өзгөчө инсан кайдыгер ташталып калмак. Бул болсо Куран­дын негизги максатына туура келбейт.

Адам баласы үчүн түшүрүлгөн жана анын Жаратуучусу менен бол­гон байланышын, анын түбөлүктүү жыргалчылыгын көздөгөн Куран максат кылган нерсесинин улуулугу, кеңдиги жана зарылдыгына жа­раша көп кырдуулукка ээ. Анын бул көп кырдуулугун толук сүрөт­төш үчүн китепканаларды толтурган китептер жана тафсирлер жа­

зылган.

Адабияттын «дөө-шаалары» анын кереметтүү баянына айран-таң калышкан, объективдүү жана субъективдүү нерселерге (аалам жана анын ичиндеги окуялар менен кишинин напсиси, ички дүйнөсү жа­на жеке турмушу) назар салган илимпоздор анын нуру астында нер­се менен окуялардын чыныгы жүзүн көрүп түшүнө алуу бактысына жетишкен. Психологдор, социологдор адам баласынын рухуна байла­ныштуу татаал маселелерди анын жардамы менен чечишүүдө, адеп -ахлак жактан тарбиялоочулар болсо Куранды бүтпөс-түгөнбөс булак сыяктуу көрүп, муундарды тарбиялоодо пайдаланууда.

Сөздү бул кенен жана бай китептин адистеринин баянына таштап, окурманга бул тууралуу жазылган тафсир китептерди сунуш кыла­быз. Антпесе, бир жылда араң кээ бир чындыктары түшүнүлгөн Ку­ранды бардык тарабынан суроо-жооп менен баяндап берүү мүмкүн эмес экендигин урматтуу окурмандарыбыз дагы түшүнөөр.

Бирок Курандын бир жагы бар, жаштар ошол тарабына көбүрөөк кызыгат, ал – Курандын позитивдүү илим-билимге тиешелүү жагы. Суроодо ушул нерсе максат кылынгандыгы үчүн биз ушул жагына басым жасайлы.

Чындыгында, Курандын бул тарабын дагы куру деп айта албайбыз. Бул темада жүздөгөн чыгармалар жарык көрдү. Бирок көбү доордун илим-билими жана маданиятынын таасиринде калып, жазылган чы­гармалар окурман тарабынан дайыма шек-күмөндүү түрдө каралган. Али тактала элек теорияларды илимий чындык катары кабыл кылып, Курандын чындыктарын алар менен чаташтырып, Куранды бурма­лап, даражасын төмөн түшүрө турган көрүнүштө болгон. Негизин­де болсо, Курандын ошол маселелерге тиешелүү баяны ачык-айкын айтылган жана бир аз изденүү менен баардык деңгээлдеги инсандар­га түшүнүктүү боло тургандай көрүнүштө. Куранды аны алып келген периште менен тоодо кой баккан койчу бирдей түшүнөт, айырма бол­со деле абдан аз.

Эми ушул айткандарыбызга далил катары Курандын кээ бир аятта­рынан мисал келтирели:

1. Эзелтеден түбөлүккө карай бардык нерсени көргөн жана билген Улук Жаратуучу оболу жалпы мааниде келечектин илим-билим жана анын натыйжасы катары ыйман доору боло турганына көңүлдү бу­рууда: «Аларга (ушул Куран чын эле Алла тарабынан түшүрүл­гөн) Туура (Китеп) экендиги анык маалым болмоюнча, албетте, Биз аларга тегеректин төрт бурчундагы жана өз тулку-бойлорун­

дагы (Биздин бардыгыбызды жана кудуретибизди далилдей тур­ган) аян-белгилерибизди көрсөтө беребиз.» (Фуссилат/53) Алгач­кы доорлордон бүгүнкү күнүбүзгө чейин баардык суфийлердин «мав­рид» (далилүү күчтүү негиз) катары билинген бул аят илимий жактан изилденгенде өзүнчө бир мужиза экени байкалат.

Макро ааламдан микро ааламга чейин, адам баласынын изилдөө жана ой жүгүртүү алкагына кирген баардык нерсе келечекте илимий изилденген натыйжалары менен Куранды тастыктап, Жараткандын бар жана бир экенин көрсөтөт. Азыркы учурда китепканалардын ки­теп текчелеринен орун алган, бул темага байланышкан жүздөгөн ки­тептерди карап көргөнүбүздө, Кудайдын баянынын тездик менен жү­зөгө ашып баратканына күбө болуп, азыртан эле келечекте сырлары ачыла турган табиятка тиешелүү миңдеген тилдин Ага тасбих айтып жаткандыгын уккандай болобуз. Чындыгында азыркы күндө көптө­гөн кубулуш, окуялардын тили менен “жети асман, жер жана алардын ичиндегилер Ага тасбих айтышат. Ага мактоолор жана тасбих айт­паган эч нерсе жок. Бирок силер, алардын тасбихтерин түшүнбөйсү­ңөр” (Исраа/44) акыйкаты тууралуу биз түшүнгөн нерселер аз эмес. Ооба, атомдордун кыймылынан баштап, жылдыздардын чыгарган добуштарына чейин бир топ нерселерди түшүнүп жатабыз. Бирок, ааламдагы тасбихтерди сезип, түшүнө тургандардын саны аз, аны дүйнөгө жар сала турган Куран жамааты алсыз болууда.

2. Эне курсагындагы түйүлдүктүн өөрчүшү тууралуу Куран­дын баяны абдан кызыктуу: «Эй, инсандар, эгер силер кайра ти­рилүүдөн күмөндө болсоңор, анда (карагыла), Биз силерге (Ал­ланын кудуретин) баян кылуу үчүн силердин (атаңар Адамды) топурактан, кийин (бардык жандууну алгач) нутфа-белсуудан (спермадан), кийин уюган кандан, кийин жаралып бүткөн-бүт­пөгөн (инсан келбетине келип бүткөн-бүтпөгөн) бир кесим эттен жараттык.» (Хаж/5)

Башка жерде эне курсагында түйүлдүктүн өөрчүү этаптары бөлү­нүп тууралуу айтылат: «(Ант болсун) Биз инсанды ылайдын ма­ңызынан жараттык. (Түшүндүрмө: «Ылайдын маңызы» - дегени – ылай жер жынсындагы бардык заттар) Андан соң аны (бардык адамзатты) алгач нутфа-бел сууну бекем жайга (жатынга) орнот­тук. Андан соң бул нутфадан коюу канды жаратып, коюу кандан бир кесим этти жаратып, бир кесим эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан соң (ага жан киргизип, алгачкы бир тамчы суу-нутфадан бүтүндөй) башка бир жандуу абалында пайда кылдык. Эң көркөм жаратуучу (жоктон бар кылуучу бол­гон) Алла берекеттүү улук.» (Момундар/12-13-14).

Дагы бир аятта эне курсагындагы башка бир нерсе тууралуу баян­дайт: «Ал силерди энеңердин курсагында үч (кабат) караңгылык ичинде акырындап (сперма, коюу кан, бир кесим эт) пайда кы­лып жаратат…» (Зумар/6). Биз билгендей, жатын тышынан ичти көздөй үч кабаттан турат – параметрий, миометрий, эндометрий. Бу­лар суу, жылуулук жана жарык өткөрбөс чел кабыктан турат. Куран буларды «караңгылык» деп атап, адам баласынын ушул үч караңгы­лыктын ичинде жаратылганын түшүндүрүүдө.

Эми заманбап анатомияга жол көрсөтө турган бул аяттардагы нус­калу баяндарды доктурларыбызга калтырып, башка бир нерсе туура­луу айталы.

3. Куран сүттүн пайда болушу тууралуу ачык жана даана баян­доодо: «Айтмакчы, силер үчүн үй айбандарында да бир өрнөк бар. Биз силерди алардын курсактарындагы нажасат (ыпылас нерселер, жарым сиңирилген азыктар) жана кан араларынан ичүүчүлөр үчүн өтүмдүү, даамдуу болуп чыккан нерсе таза сүт менен сугарабыз.» (Нахл/66) Жеп-ичилген азык заттардын оболу жарым сиңирилиши, андан кийин сиңирилген азыктардын сүт бездеринде экинчи жолу процедурадан өтүшүн Куран дапдаана айтууда.

4. Курандын дагы бир мужиза-керемет баяны – бардык нерсенин эркек-ургаачы жуп болуп жаратылышы тууралуу. «Жер өндүрө тур­ган нерселерден, (адамдардын) өздөрүнөн да, алар билбей турган нерселерден да болгон бардык жуптарды жараткан аруу Зат.» (Йа­син/36). Жандуулардын эркек-ургаачы болуп бөлүнгөнү мурдатан эле белгилүү болчу, бирок чөптөрдүн, дарактардын жана «жана алар билбей турган канчалаган нерселер.» - деген сөзү менен атомдорго, булуттарга чейин оң жана терс жуптарга бөлүү – чынында эле аб­дан ойлондурат жана таң калтырат. Куран дагы башка аяттары менен бардык нерсенин жуп болуусу туурасында терең токтолууда. Жого­руда айтылгандар жетиштүү болот ко деген ой менен башка бир аят­ка өтөм.

5. Куран ааламдын жаратылышы тууралуу өзүнө таандык та­риз менен баяндайт: «Каапыр болгон адамдар асмандар да жер да (башында) тосулган (асмандардан жамгыр жаабас жерден бол­со бир да чөп өнбөс, тактап айтканда асмандар менен жер бири- бирине жабышык болчу) болгондугун, ана, Биз аларды ачып жи­бергенибизди (тактап айтканда асмандан жамгыр жаадырып, жерден чөп өстүргөнүбүздү) жана бардык жандууну суудан (пай­да) кылганыбызды көрүшпөдүбү?!» (Анбия/30).

Жаратылыштын алгачкы элементи «эфир» болсун, же жашоого ба­шат болгон суу болсун, же жер шарынан жогору көтөрүлгөн газ жа­на буулардын кайра жамгыр түрүндө жерге түшүп, деңиздерди пай­да кылуу менен, жандууларга ыңгай шарт түзө турган негиз болсун, же башкача түрдө пайда болсун… Жаратылыштын бир бүтүндүн бө­лүкчөлөрү экендиги баяндалууда жана чынар теректерден адамдарга чейин денесинин төрттөн үчүн түзгөн суунун жашоого абдан зарыл­дуулугу баса белгиленүүдө.

6. Бүткүл ааламдын ичинде жылдызыбыз болгон Күндүн өзгөчө мааниси бар. Куран анын эң маанилүү жагын бир ооз сөз менен тө­мөнкүчө баяндайт: «Күн (бир да секунд токтобой) өз мустакарры (тактап айтканда, өзүнө белгиленген сызыкта жана айланада) ичинде жүрөт.» (Йасин/38).

Бул баян Күндүн өзүнө бөлүнүп берилген орбитада айланганын айткандай эле, башка оордук борборун көздөй жылып баратканын да түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда милдетин бүтүргөндөн кийин бир жерге барып токтой тургандыгына көңүлдү бурат.

Ушул бир ооз сөз менен көптөгөн чындыктарды айтуу Курандын тилинин байлыгынан. Ушундай кереметтүү жана жеткиликтүү дагы бир баян ааламдын кеңейүүсү тууралуу аят болуп саналат.

7. «Асманды Биз кудурет менен тургуздук. Биз аны дайыма ке­ңейтип баратабыз.» (Ваззарийат/47). Дагы бир ооз сөз менен чоң бир чындыкка көңүлүбүздү бурат. Асмандагы планеталардын бири- биринен барган сайын алыстап баратканын айткан аят кандай айтса да туура айтат.

8. Дагы бир аятта бул жакындоо, алыстоо жана бири-бири ичинде айлануудагы мыйзамга көңүлдү бурууда. «Алла асмандарды силер көргүдөй устундарсыз көтөрүп койгон…» (Раад/2). Бир мыйзам ичинде кыймылдаган системалар, жылдыздар жана спутниктер бел­гилүү бир эреже менен «устундардын» үстүндө айланууда, бирок ал «устундар» жөнөкөй көзгө көрүнбөйт. Бул «устун» - планеталардын ортосундагы түртүлүү күчү. Хаж/65те асмандагы планеталардын жер бетине түшө турган абалда экендигин, бирок Улуу Жаратуучунун бу­га жол бербегендиги тууралуу айтылууда, бул болсо планеталардын тартылуу күчү.

Бул теманы Ньютондун мыйзамы менен болсун, Эйнштейндин мыйзамы менен болсун, кандай карасаңар да дапдаана түшүнүктүү болуп турат.

9. Учурдун актуалдуу маселелеринин арасында маанилүү жерди ээлеген Айга саякаттоо темасы бир ишаарат менен өзүнүн шыбага­сын алууда деген ойдобуз. «Толгон айга ант болсун, албетте, силер (эй, инсандар), кабаттан кабатка минерсиңер.» (Иншикак/18-19). Мурдагы тафсирчилер «абалдан абалга, кейиптен кейипке киреси­ңер.» - деп тафсир кылышса да, биз Айга ант кылынгандан кийин жо­горуда айтылган маани дагы ылайыгыраак деген ойдобуз.

10. Жер шарынын өзгөрүшүнө тиешелүү баяны да көңүлдү бурбай койбойт: «Биздин жерге келип, аны учтарынан кемиткенибизди көр­бөй жатышабы жеңишке жеткен аларбы, же бизби?» (Анбия/44)

Жердин учтарынын кемигени – жамгыр, сел жана шамалдар аркы­луу тоолордун коррозияга учурашынан дагы көбүрөөк уюлдардын өзгөрүүгө дуушар болуусу тууралуу айтылса керек

11. Акыркы мисал катары Ай менен Күндүн окшоштуктары туура­луу айталы: «Биз түн менен күндүздү эки белги-аян кылдык. Түндүн аян-белгисин өчүрдүк, күндүздүн аян-белгисин нурдандыруучу кыл­дык.» (Ал-Исра/12).

Ибни Аббас түндүн белгиси – Ай, күндүздүн белгиси – Күн дейт. Ошондуктан, «түндүн аян-белгисин өчүрдүк.» сүйлөмү аркылуу эзелки өткөн замандарда Ай дагы Күн сыяктуу жарык чачкан планета болгонун, ысыктыгы болгону, анан кийин Улук Жаратуучунун анын жарыгы менен ысыктыгын өчүргөнүн айтат, бир жактан алып кара­ганда Айдын өткөн чагын баяндап, бир жактан жылдыздардын таг­дыры жана акыбети тууралуу сөз жүрүүдө.

Ишаарат кылынган бир нече мисалдар сыяктуу Куранда дагы бир топ аяттар бар, адамзатка байланыштуу баардык нерсе тууралуу жал­пысынан болсо дагы Куранда баяндалгандыгын жана бул маселе­лер тууралуу Курандын кереметтүү баяндоосун жана адам баласы­нын бул маселелерди ушундай кереметтүү көрүнүштө баяндай алуу­су мүмкүн эмес экендигин көрсөтүп турат.

Келечекте күчү жеткен бирөөнүн Курандын ушуга окшош аятта­рын жогоруда айтылган өлчөмдөр ичинде тафсир кылат деген үмүт менен бул теманы аяктагыбыз келет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.