Азрейил периште бирөө эле болуп туруп, бир эле учурда көптөгөн адамдардын рухун кантип алууда?

Бул суроодон адам баласынын өлчөмдөрү аны жаңылтканын кө­рүүдөбүз. Периште эч качан адам баласындай болбойт. Периштени адамга окшоштуруу таптакыр туура эмес. Оболу периште эмне, адам деген эмне, экөөнүн айырмаларын билип алганыбыз оң.

Периште – өзү таандык болгон ааламы менен бирге жаратылышы, жоопкерчилиги жана милдеттери жагынан алып караганда адамзаты­нан таптакыр башкача жаралган. Анын бул өзгөчөлүктөрүнө карабас­тан өкүм берүү жаңылыш. Ошондуктан эң оболу периштенин жого­руда айтылган өзгөчөлүктөрүн билүүнү зарыл деп эсептейбиз.

Периште (малак) – «күч-кубат» - деген мааниге келген «малк» - де­ген сөздөн, же болбосо, «элчи» - деген мааниге келген «мал’ак» - де­ген сөздөн алынган. Биринчи мааниси боюнча периште абдан күчтүү, ал эми экинчи мааниси боюнча Кудайдын буйруктарын алып, кулда­рына жеткирүүчү элчи дегенди билдирет.

Бул улуу сапаттар Алла Таала жараткан бардык периштелерде бар. Өзгөчө вахий алып келген периштелерде бул сапаттар өтө күчтүү. Бул улуу периштелер жашоого жана өлүмгө байланыштуу милдеттерден баштап Кудай Таала жүктөгөн баардык милдеттерди аткарышат.

Макро ааламдан микро ааламга чейин бардык өзгөрүүлөр, бүт­күл кубулуштар периштелердин көзөмөлүндө болгондой эле Кудай­дын «келам» сыпатынан адамзатка келген шарият амирлери да кай­ра эле ушул периштелер тарабынан көзөмөлгө алынууда. Бүткүл дүй­нөгө таандык тартылуу жана түртүлүү күчүнөн электрондордун яд­ролоруна чейинки баардык иштерди жөнгө салуу дагы периштелер­дин милдети.

Периштелер бул ааламда болуп жаткан бардык иштерди оурндатка­ны үчүн, аларсыз жамгырдын бир да тамчысын, же болбосо чагыл­гандын чартылдашын көз алдыга элестетүү мүмкүн эмес. Ааламда иштеген мыйзамдар бул аң-сезимдүү күчтөрдү «колунда кармаган» Алла Тааланын чексиз күчүнүн чагылышы болгон бул периштелер даражасы эң улуу болгон адамзаттын жашоо таризин жөнгө салуу үчүн вахий менен жоопкерчилик жана милдеттерди алып келген.

Ошондуктан, периштелерди адамзатка окшоштуруу – караңгылык­тын белгиси. Ырас, эгер периште да адамзат сыяктуу материалдык денеге ээ болуп, убакытка баш ийе тургандай болуп жаралганда, ан­да аны адамзат сыяктуу элестетүүбүз туура болмок. А бирок периште менен адамзаттын ортосу асман менен жердей.

Периштелер жаратылышынан эле адамзаттан айырмаланып турат. Бул айырма алардын абдан кенен алкактагы милдеттерине тиеше­лүү. Бир эле учурда көптөгөн рухка келүү, көптөгөн көздөр тарабы­нан байкалуу сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон периштелер Азирети Айша (РА) айткан бир хадис боюнча нурдан жаралган. Ошондуктан, периштелер нурдун өзгөчөлүктөрүнө да ээ.

Күн сыяктуу жаркырак нерселердин бир гана нерсе болсо да ар бир жалтырак нерселерде чагылып көрүнүшү, ар бир көзгө бир эле учур­да кириши сыяктуу нурдан жаралган периштелер да бир эле учурда көптөгөн рухка таасирин тийгизе алат.

Анан калса, ички жүзү латиф (материалдык болбогон, көзгө көрүн­бөгөн) болгон нерселер Күн сыяктуу материалдык нерселерден да башкача. Бул маселе тууралуу көп эле гезит-журналдарда жазылды. Кыскасы, маселе кандай болсо да, рух сыяктуу латиф макулуктардын материалдык денеге салыштырмалуу активдүүрөөк жана күчтүүрөөк экени чындык.

Жабрайил Периштенин (СА) түрдүү кейиптерде көрүнүшү жана окуяга жараша келиши, мисалы, вахий алып келген учурда элчилик милдетине ылайык түрдө, согуш учурунда согушчандын кейпин ки­йип келиши сөзүбүзгө мисал боло алат. Анын сахабалардан Азирети Дихьянын (РА) кейпинде көрүнгөндөй эле, биз ысмын билбеген да­гы бир периште «Ухуд» согушунда сахаба Мусаб бин Умайрдын кы­лыгына кирип Азирети Расулалланын (СА) алдында кечке чейин сал­гылашат. Дагы көптөгөн периштелер башка сахабалардын кейпинде «Бадр» согушунда келишип, мусулмандарга материалдык-моралдык күч болуп беришкен.

Натыйжа катары төмөнкүдөй демекчибиз: баардык нерсе көптөгөн күзгүлөрдө кейпи менен көрүнгөндөй эле, периште да өзүнө күзгү бо­ло турган бардык жерде көрүнүшү мүмкүн, болгондо да жалгыз сүрөт катары эмес, бардык функциялары менен бирге көрүнө алат.

Бул тууралуу анын бир гана нерсе болушу тоскоолдук кылалбайт. Турган жеринен нур сыяктуу чагылып, каалаган жерге колун сунуп, каалаган ишти кыла алат. Ага аралыктын узундугу, кишилердин көптүгү тоскоол болалбайт. Асмандагы Күндүн бир гана болгонуна кара­бастан бардык күзгүлөрдө көрүнгөнүнө караганда, нурдан жаратыл­ган периштелер бардык жерде өз иштерин аткара алышат.

Негизинде жандарды алуучу – Кудай Таала. Азрайил Периште бол­со рухтардын алынышында байкоочу катары кызмат кылат. Бүткүл жерде бар болгон Жаратуучу ойго келгис, эсепсиз көптөгөн иштер­ди бир эле убакта кыла алгандай, миллиарддаган жандарды бир эле убакта бар, же жок кыла алат. Мына ушул акылдарды айран-таң кал­тырган кудурет жана бардык дайыма көрүп билген чексиз илимдин ээси ааламда канча атом бар болсо ошончолук иштерди бир эле учур­да аткарып, бардык жерде өлгөндөрдүн рухтарын ала алат.

Бул тууралуу төмөнкү мисалды берсек маселе түшүнүктүүрөөк болот деген ойдобуз. Мисалы, бир эле толкунда миңдеген радиоп­риёмниктерди көз алдыбызга элестетели, бул толкунда иштеген ра­дио уктуруу кызматкерлери бир нерсе айтышты дейли, алардын сөз­дөрүн ошол учурда ошол толкунду угуп жаткан бардык радиоугуучу­лар угушат. Так эле ушул мисал сыяктуу, убактысы бүткөндө миңде­ген рухтарга бир эле учурда Алла Таала тарабынан «өлүм» сигналы келет жана бир эле учурда баары өлөт, тактап айтканда, Кудай тара­бынан бир эле учурда алынат. Алсыз адам баласы пульттук башкаруу аркылуу көптөгөн километрлик аралыктан башкара алгандан кийин, эмне үчүн биз ээ болгон бардык кемчиликтерден оолак болгон Азра­йил Периште кишилердин рухун ала албасын?

Башта айтып кеткенибиздей, бул суроонун жаралышы периште тууралуу болгон жаңылыш түшүнүктөн улам келип чыгууда. Тактап айтсак, периште менен адамзатын бири-бирине окшотуу катачылы­гы. Ал эми чынында периште адамзатынан жаратылышы жагынан айырмаланып турат.

Мындан башка рухтардын алынышы боюнча түрдүү түшүнүктөр бар:

1- Биз айтып кеткендей, ар бир жандууга жашоону берген Алла Таала болгондой эле, аны алган да Алла.

2- Алланын буйругу жана уруксаты менен ар бир рухту Азрайил­дин алышы боюнча, бир макулуктун жалгыз өзү мынчалык көп нер­сени орундатуусу мүмкүн экенине кээ бир мисалдарды келтирип, ма­селени ачыктоого аракет кылдык.

3- Ааламдык масштабдан болгон бардык иштерге бир өкүл башчы­лыгы алдында көптөгөн периштелер незарет кылгандай эле, рухтар­дын алынышы милдетинде да Азирети Азрайилге жардамчы катары көптөгөн периште бар жана алар топ топко бөлүнөт. Кээ бири пенде­нин жанын аны кыйнабастан алат, андан кийин алынган ал рухтарды булут сыяктуу асмандарда сүзүп, Алла Таалага жеткизет: Куран Ка­рим булардын бардыгына ишарат кылган.

«(Каапырлардын жандарын денелеринин) ич-ичинен катуу сууруп ала турган (периште) лерге жана (асмандар менен жер ортосунда) сы­лык сүзгөн (периштелер) ге ант болсун» (Наазиат/1-3)

Ушул себептен руху алына турган ар бир пендеге бөлөк бөлөк жө­нөтүлө турган көптөгөн периштелер бар жана алардын бардыгы Ази­рети Азрайилдин башчылыгы алдында. Ал Алланын буйругу менен жакшы жана жаман рухтарга карай түрдүү периштелерди жөнөтүп, рухтарды алдырат.

Жыйынтык катар айтыла турган нерсе, баштагы суроого түрткөн түшүнүк тардыгы. Б.а. периштелерди адамзатка окшотуу жаңылыш­тыгы. Бул нерсенин акыйкатына карап, периште жаратылышында жа­на аткарган иштеринде адам баласына эч окшошпогондугун көрдүк. Ал бир эле убакта бир канча көрүнүштө жана бир канча жерде боло алат. Учурубузда рух чакыруу, көрүнбөгөн нерселер менен байланыш түзүү, атүгүл спиритизм жана магнитизм сыяктуу нерселер, физика­лык мыйзамдардан ашып өткөн жана алардын аркы жагында адаттан сырткаркы иштерди жасап жаткандыгына күбө болуудабыз. Ошон­дуктан, ушулар сыяктуу руханий макулуктар болгон периштелер бу­лардан алда канча жогору турган иштерди аткара алат. Бардык нерсе­нин туурасын Ал билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.