Жан жыргалчылыгы

Бардык улуу максат, иш-аракеттер аны аткарган адамдардын чечкиндүүлүгү, дурустугу менен уланат жана дүйнөгө кучак жаят. Бул иш-аракетте душмандардын бат-бат чабуулуна каршы ишенимдүү достордон колдоо таппаса, эртеби-кечпи токтоп, унутулуп калат.

* * *

Акпай туруп калган суулар сасып, балчыкка айланган сыяктуу, жалкоолукка берилип, куурай башын сындырбай жатып алган адамдардын да бузулушу анык. Адам баласынын жан жыргалчылыгын көздөп калышы – өлүмдүн алгачкы белгиси жана жышааны. Адам баласынын сезимдери өлгөн болсо, бул белгини да түшүнө албайт.

* * *

Жалкоолук жана жатып ичерлик - кор болуунун жана кең ырыскыдан куру калуунун эң башкы себептеринен. Жалкоолукка берилген адамдар эң зарыл муктаждыктарын да башкалар тарабынан камсыздалышын күтө турган абалга келе тургандыгында шек жок.

* * *

Мындай жан жыргалчылыгын үй-бүлөгө үйрүлүп түшүү сезими коштоп калганда жоокердик сезим жоголуп, адамдын ички дүйнөсү өлүмгө учурашы анык. Мындай артка кетүүнүн сезилбей калышы, толугу менен бир балээ болуп саналат.

* * *

Эл бактысы үчүн күрөшүүнүн натыйжасында, кичинекей уруудан чоң бир империя пайда болгон. Бул максаттын ордун үй-бүлөгө үйрүлүп түшүү сезими гана ээлеп калганда ошол зор мамлекет жер менен жексен болгон.

* * *

Үй-бүлөсүнө үйрүлүп түшүп, күзөт ордун таштап кеткендер, көбүнчөсү, көздөгөн максаттарынын тескерисинче абалга кабылып, жылуу үйлөрүнөн, сүйүктүү балдарынан айрылышкан. Согушушу зарыл болгон учурда эркекче согуша албаган андалустук бир аскер башчыга энесинин айткан бул сөзү өтө зор маанин: и камтыйт: “Эл четинде эркекче согушпадың, эми барып, аялдар сыяктуу ыйла!”

* * *

Адам баласынын моралдык жактан бузулушу акырындык менен болот. Жадагалса, кээде бир аз солгундоо, жамааттан бөлүнүү руханий кыйроого себеп болуп калышы ыктымал. Бирок, алар ар дайым туура жолдо баратам деп ойлогондуктан, көпчүлүк учурда мунаранын башынан кудуктун түбүнө түшүп калгандыгын байкай албай калышат.

* * *

Күрөш майданын таштап качкандар бардык качкындар сыяктуу эле, күнөөкөрдүктү сезип, актанып, жолдошторун сынга алуу оюна берилгендиктен алардын мындай адашуудан кутулуп, кайрадан түз жолго түшүшү мүмкүн эместей көрүнөт. Адам (алейхи салам) жаза баскан күнөөнү моюнга алуу менен бир демде кайрадан өз ордун ээлесе, Ибилис шайтан чоң катачылык кетиргендигине карабастан актанууга аракет кылгандыктан оор жоготууга учураган...

* * *

Эрки, каалоосу жана сезимдери өчкөн адамдар кээде айланасындагылардын эр жүрөктүүлүгүнө жана ыймандарынын күчүнө да терс таасири тийип калгандыгын көрүүгө болот. Жадагалса, мындай эрки бош адамдын кетенчиктеши жүз адамдын өлүмүндөй таасир берип, үмүтсүздүккө себеп болгон учурлар бар. Бул абал эл душмандарын шыктандырып, бизге кол салууга шарт түзөт.

* * *

Дүйнөнүн азгырыктуу кооздугу, мал-байлык, бала-чака да бир сыноо. Бул сыноонун эң ийгиликтүү окуучулары – дили менен берилген акыйкатты ар дайым бекем тутунган туруктуу азаматтар.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.