Менменсинүү айлампасы

Адам баласына аманат катары берилген эго - улуу акыйкатты таанып-билиши үчүн ага берилген жана кызматы бүтөөрү менен жерге чаап сындырыла турган белек. Андай болбосо, эго чоңойгондон чоңоюп отуруп өз ээсин жутуп кете турган желмогузга айланат. Адам анын ортомчулугу менен Улуу Жаратуучуну таанып, Анын кудуретинин, илиминин, эркинин чексиздигин жана Ал кемчиликсиз экендигин түшүнүп, Аны тааныганда чын дилинен Ага берилет.

* * *

Өзүмчүлдүк – Улуу Алла Тааланы тааныбагандыктын белгиси. Менменсинген адамдар канчалык аракет кылышса да, руханий жактан бийиктей алышпайт.

* * *

Аткарылган иштер өтө оор болуп, адамды чарчатса да, менменсинүү менен аткарылган болсо эч нерсеге татыбайт. Аны Алла кабыл кылбайт. Напсилерин жеңе албаган, сезими сокур адамдардын аракети өзүн-өзү алдоо менен бирге акылсыздык болуп саналат.

* * *

Менменсинүү шайтан сыпаттарынан болгондуктан, ага алдырып койгондор шайтан кейпине түшөөрү шексиз. Шайтандын шылтоосунда жана актанышында да менменсинүү бар. Адам (алейхи салам) жаза басып алганда, көз жашы менен көөдөнүндө жанган отту өчүрүүгө аракет кылган. Ал эми Ибилис шайтан менменсинүү, кээжирлик менен актанып жатты...

* * *

Менменсинүү жана мактанычтын илим, бийлик-байлыкка манчыркоо, акылга, сулуулукка ишенүүгө байланышкан бир топ түрлөрү бар. Бул сыпаттардын эч бири адам баласынын жеке өзүнө таандык болбогондуктан, буларга ээ чыгуу ал сыпаттардын чыныгы Ээсинин каарына себеп болуп, бул менменсинген адамдардын кыйроого учурашы менен аяктаган.

* * *

Жеке адамдын жан дүйнөсүн бийлеп алган эго бир жамааттын мактанычы жана менменсиниши менен бириккенде чоңоюп отуруп, коркунучтуу желмогузга айланат. Мындай чектен чыккан адамдын колунда эң жакшы иштер да кара булутка айланып, чөйрөсүнө зыян келтирет. Ооба, мындай адамдардын илими жалган жарык, байлыгы мактанууга жана менменсинүүгө себеп, жүрөгү чаяндын уюгу, сулуулугу айланага заар чачып, акылдуулугу башкаларды тоотпогондой мамиле жасоого себеп болот.

* * *

Илгертеден бери материалисттик көз караш менменсинүүнү, текебердикти, ал эми пайгамбарлык акыйкатты жана кичипейилдикти көрсөтүп келет. Материалисттерде шек күмөндөр, жалгандар, катаалдыктар өкүм сүрөт. Ал эми мусулмандардын жолу жарык, көңүлү ачык, бири-бирине жардамдашып, бири-бирин колдоп турушат.

* * *

Мүмкүнчүлүк боло калса эле, өзүн көрсөтүүнү каалоо - ал адамдын кемчилиги жана басынгандыктын белгиси. Андай адамдар жүрөгү менен Аллага берилгенге чейин ушундай абалда кала берет. Алардын бардык иши мактаныч, ар бир сөзү менменсинүү, кичипейил болуп көрүнгөн кыймыл-аракеттери эл көрсүндүк, же башкаларга өзүн көрсөтүү болуп саналат. Акыйкатты билбеген өзүмчүлдөргө наалат!

* * *

Өзүмчүлдүн чыныгы досу болбогондой эле, көңүлү да тынч болбойт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.