Сыр сактоо

Сыр эч бир нерсе каршы тура албаган күч жана жеңилбес кошуун сыяктуу.

* * *

Сыр – адамдын намысы. Аны сактаган адам өзүнүн же башка бирөөнүн намысын сактап калат. Аны ашкерелеп салган адам өз ар-намысына да кайдыгер мамиле жасаган болуп саналат.

* * *

Кээ бир иштерде сыр Кызырга окшойт. Купуя сакталса жардамчы болот.

* * *

Унчукпастык да даанышмандык болуп саналат. Бирок андай даанышмандык кылган адамдар өтө аз же жок сыяктуу.

* * *

Сырды аманат кыла турган киши, аманатка бек, бирөөнүн сырын өз намысындай сактай ала турган адам болушу керек. Аманатка бек болбогон адамга аманат, сырды намыс деп эсептебеген адамга сыр берүүнүн кереги жок.

* * *

Тилин тыя алган адам сөзүнүн туткуну болбойт.

* * *

Сыр сактоо жана башкалардын сырын баалай билүү толугу менен эрктүүлүк жана түшүнүктүүлүккө байланышкан адамдык сапат. Эрки бош адамдарды сыр сактай алат деп күтүүгө болбойт. Ошондой эле жасаган иши менен айткан сөзү эмнеге алып бараарын байкабаган ишенчээк кишилерди да сыр сактай албайт деп айтканга болбойт.

* * *

Аманат кылган сырын кайра-кайра ашкере кыла берген бирөөгө дагы эле сыр айта берүү адамдын акылсыздыгынын жана сырдаш тандай албагандыгынын белгиси. Ыймандуу адам өмүрүндө анча көп алданбашы керек.

* * *

Адам айтылышы зарыл болгон сөздөрдү орду-орду менен сүйлөөгө тийиш. Зарылдыгы жок сөздөрдү айтып, ички сырларын ашкере кылуудан сактануу керек. Ар жерде купуя сырларын ача берген адам учуру келгенде өзүн жана өзү ичинде жүргөн жамаатты өлүмгө түртөөрүн эстен чыгарбоосу зарыл.

* * *

Адам, өзүнө тиешелүү купуя сырларды, айрыкча ал нерселер жагымсыз жана натыйжада эч кандай пайда бербеген нерселер болсо, ар жерде айта бергенден сактанышы керек. Себеби бул нерсе көбүнчөсү досторду уялтып, душманды кубанта турган абалга алып келет.

* * *

Көкүрөктөр сырлардын сандыгы сыяктуу жаратылган. Акыл алардын кулпусу, эрк анын ачкычы. Кулпу же ачкыч бузук болбосо сандыктын ичиндеги жакутту эч ким ала албайт...

* * *

Башканын сырын сага айткан адам, сенин сырыңды да башкаларга айтып салышы мүмкүн. Мына ошондуктан андай адамдарга эң жөнөкөй сырларды да айтпаш керек.

* * *

Акмактын жүрөгү тилинин учунда, акылдуунун тили көңүлүнүн тээ бурчунда болот.

* * *

Акмак менен сырдаш болуудан сактаныш керек. Атайын жамандык кылганынан дагы, кээде жакшылык кылам деген ойдо жамандык кылып коюшу мүмкүн.

* * *

Жеке адамга, бир үй-бүлөгө, бүтүндөй жамаатка жана жалпы элге таандык сырлар болот. Жеке адамдын сырынын ачылып калышы менен жеке намыс, үй-бүлөлүк сырдын ачылышы менен үй-булөлүк намыс, элдин сыры ачылып калышы менен элдик намыс кетет. Себеби сыр көкүрөктө сакталып турганда гана ээси үчүн күч-кубат боло алат. Ал эми башкалардын колуна өтүп кеткенде ээсине каршы колдонула турган куралга айланат. Ошондуктан ата-бабаларыбыз “сырың сенин туткунуң. Сырыңды ачтың дегиче сен анын туткуну болосуң” дешкен.

* * *

Купуялыкты талап кылган канчалаган улуу иштер аны орундатчу адамдардын сыр сактай албагандыгынан алга жылган эмес. Жадагалса ошол орундатчу адамдарга да зыян алып келген учурлар болгон.

* * *

Мамлекет мамлекеттик сырларын душманга билдирсе, аскер аскердик айла-амалдарын жоого алдырса, ишкер ишине таандык сырларын атаандаштарына билдирип койсо анда ал мамлекеттин өсүп-өнүгүшү, ал аскердин жеңиши жана ал ишкердин ийгиликке жетиши мүмкүн эмес.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.