Соодагерлик

Соодагерлик – акча жана буюм-тайымдын тили менен бардык нерсени колунда кармап турган Улуу Жаратуучуга ырыскы сурап кайрылуу. Мындай кайрылуу зарыл, бирок каалоолорду орундатуу Ага гана таандык экендигин да унутпоо керек.

* * *

Техника жана технология канчалык өнүксө да, келечекте сооданын ролу өтө чоң болот. Жадагалса, мамлекеттер анын ортомчулугу менен алдыга чыгып, анын колдоосу менен жашоосун улантат.

* * *

Бардык иштердегидей эле соода жана чеберчиликте илим жана адистик өтө зарыл болбогону менен, айрыкча, бул эки кесипти уста жана тажрыйбалуу адамдардан үйрөнүү керек.

* * *

Китептерде жазылган бир топ маселелер чебер устанын көрсөтмөсү менен гана жемишин берет.

* * *

Соодасында арам-адалга көңүл бурган соодагердин жумушундагы ар бир мүнөттөр ибадат болуп саналат.

* * *

Жумуш орду жана соода жайынын тазалыгы жана иреттүүлүгү, же кир жана башаламандыгы көпчүлүк учурда соодагердин, же ишкердин жан дүйнөсүн чагылдырып тургандыктан бул жагдай алармандарга да оң, же терс таасирин тийгизет.

* * *

Айлакер, митайым, куу соодагер, же ишкер өз кыймыл-аракети менен оболу Жаратуучу Эгесине, же өзүнүн ички дүйнөсүнө каршы чыккан болуп саналып, айла-амалдарынын элге ашкере болушу менен адамдардын арасындагы кадырынан ажырап, кирешеден кол жууйт.

* * *

Соодагер адам дурустугу, ишенимдүүлүгү, өзү жашап жаткан учурду жакшы талдай билиши менен аларманга өтө сылык жана адептүү мамиле жасоого тийиш. Бул сапаттардын биринде кемчилик кетирүү менен өзүнүн руханий дүйнөсүн кыйроого учуратып, кирешеден куру жалак калат.

* * *

Соодагерлер, кол чеберчилиги менен алек болгон адамдар, сылык, маанайы жарык, кичипейил, убадага бек, туруктуу болууга тийиш. Дээрлик бардык кесип ээлери үчүн өтө маанилүү болгон бул сапаттар эл менен дагы жакшы мамиле түзүү менен алардын пайда, зыяндарына тиешелүү болгондуктан, бул эки кесиптин ээлери үчүн дагы маанилүүрөөк.

* * *

Жумуш орундарын ар күнү бир саат мурда ачып, бир саат кийин жапкандардын айлары отуз беш күн, жылдары төрт жүз жыйырма күнгө жетет. Албетте, колдон келишинче чыныгы милдетти да кайдыгер калтырбоо керек...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.