Филипинден Ф.Гүленге тынчтыка кошкон салымы үчүн сыйлык

Филипинден Ф.Гүленге тынчтыка кошкон салымы үчүн сыйлык.

Өткөн айда түштүк Кореянын дүйнөгө белгилүү “Манхае” тынчык сыйлыгынын лауреаты М.Ф.Гүлен болду. Көп өтпөй эле ыраакы чыгыш өлкөлөрүнөн дагы бир сыйлыкка татыктуу болду. Филипин башкы штаб башкармасы “Кызмат кыймылы”нын ийгиликтери жана эл аралык тынчытыка кошкон салымы үчүн Филипин башкы штабынын башкармасы генерал Леанардо Б. Гуерерро Ф.Гүленге өзгөчө сыйын тапшырды. Ал өз сөзүндө Ф.Гүленге адамзатка кылган кызматы үчүн “кызмат кыймылына” ыраазычылыгын айтты.

Сыйлык тапшыруу аземине 100дөн ашык жогорку даражадагы аскердик өкүлдөр жана көптөгөн түрк коноктор катышты. Манила шаарында Филипин соода палатасы, башкы штаб башкармасы жана түрк мектептери уюштурган жардам берүү акциясында Ф. Гүлен мырзага (өзү барып катышпаса да) эл аралык тынчытыка кошкон салымы үчүн сыйлык беришти.

Сыйлык тапшыруу аземине башкы штабдын башчысы генерал Леонардо Б. Гуерреро, жандармериядан полковниги Арнулфо Марчелло Б. Бургос, армиянын полковниги Рамиро Мануез А. Рей жана Эл аралык фоундейшн түрк лицейлеринин жетекчиси Малик Генжер, Филипин “тынч океан диалог фонду”нун башкармасы Ферхат Казконду, Вендека Маалымат Технология мекемесинин генералдык директору Баки Куран да катышты.

Жогорку даражадагы аскердик командачылар өз сөздөрүндө Түрк мекемелеринин филипин эли тарабынан жактырылгандыгын айтып Фетхуллах Гүлен мырзанын адамзатка кылган жакшылыгына толеранттуулугуна жогору баа беришкендиктерин айтышты.

Полковник Арнулфо Марчелло Б. Бургос өз сөзүндө “эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо биз үчүн сыймык” деди.

Филипиндик жардамга мукаж адамдарга жардам берилет

Филипин соода палатасынын төрагасы Ирфан Карабулут үч динди карманган бул өлкөдөгү тынчтыктын сакталышы үчүн бардык аракеттер жасалаарын айтты. 15-октябрда курман айтка байланыштуу союла турган малдын этин филипиндик муктаж адамдарга таркатаарын айтышты.

Түркиялык демөөрчүлөр Филипиндиктерге курмандык үчүн 600 малды сатып алуу үчүн купондорун тапшырышты. Союлган малдын эти жардамга муктаж адамдарга таркатылмакчы.

Ф.Гүленге ыраазычылык билдиребиз ал элдерди жакындатууда

Аземдин аягында Генерал, жихан агенствосуна маек берди ал, түрк ишкерлерине ыраазычылык билдирип, Фетхуллах Гүлендин берешендикти, жардам берүүнү жана эки өлкөнүн адамдарын жакындатуу боюнча эң жакшы үлгү болуп атканын кубануу менен айтты.

Эл аралык Фоундейшн түрк мектептеринин директору мындан мурун Филипин парламентинин төрагасы эми болсо генералдын жолугуушусу жана кабыл алуусун жогору баалады. Билим берүү жана жардамдашуу иштери Гүлендин демилгеси аркылуу болуп аткандыгын кубануу менен билдирди.

Буга кошумча катары Түштүк Кореянын Манхае тынчтык сыйлыгын бергенин жана 28 миң долларды сыйлык иретинде берип ал каражатты жазуучулар жана журналистер фондуна кайрымдуулук иштери үчүн өткөрүп бергенин айтты.