Иш-аракет жана ой-пикир

Чындыгында, чыныгы бар болуунун жолу дагы өзүн жана башкаларды өзгөртө ала тургандай иш-аракет жана ой-пикирге негизделген.

Жашообуздун эң маанилүү жана зарыл нерсеси - иш аракет. Ошондуктан, көп нерседе жоготууга учурасак дагы, ар дайым иш-аракет жана ой-жүгүртүү менен бир топ жоопкерчиликтерди мойнубузга алып, бир топ мүшкүлдөргө көкүрөк тосуу менен алга жылуубуз зарыл. Эгерде андай кыймыл аракетте болбосок, башкалардын иш-аракети жана ой-пикир, пландарынын таасири астында калып, аларды туурап жашоого мажбур болобуз.

Ар дайым кыймыл-аракетсиз болуп калуу, чөйрөбүздө болуп жаткан нерселерге кийлигишпөө, суунун ичине түшкөн муз бөлүкчөсү сымал өзүбүздү ээрип жок болууга таштагандай болобуз. Өзүбүздү сактап кала албашыбыз, бизге терс болгон нерсенин пайда болушуна баш ийүү болуп саналат. Өздүк маңызын сактап калууну каалагандар чын дилден ага умтулуусу керек.

Өздүк түшүнүк, маданиятыбызды коргоо, өздүк каалоолорубузду ааламдын арзуусу абалына алып келүү, андан кийин жалпы жаратылыш ичинде өзүбүзгө жол табуу жана ааламдагы жалпы агымдын ичинде, өз нугубузда жүрүүбүз керек. Б.а. бир тараптан жалпы жаратылыш менен бирге болуп, башка тарабынан алганда, ар дайым өз багытыбызды коргошубуз шарт. Мына ушул ислам динине ылайыктуу иш-аракет жана ой жүгүртүү болуп саналат. Өз дүйнөсүн жалпы аалам менен байланыштыра албаган, жаратылышка болгон алакаларын билбеген, жеке каалоолору менен чектелип, дүйнөнү өз ичине камтыган акыйкаттардан кабарсыз абалда калган адам, өзүн ааламдан ажыратып, өзүмчүлдүктүн туткунунда жашайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.