Эскирбөө жана жаңылануу аракети

Бул дүйнөдө жеке адамдар сыяктуу эле, коомдор дагы жандуулугун сактап калуу аракети менен топурактын өнүмдүүлүгүнүн, абанын, суунун күн нурунун ортомчулугу менен өнүп чыгып, баш алган уруктар сымал, өнүп-өсүп, учуру келгенде кайрадан топуракка салам берип, анын кучагына оюн таштайт. Белгилүү система, көз караш, философия ээлеринин дагы тагдыры мындан өзгөчөлөнбөйт. Жашоолорунун жазында дүркүрөп өсүп, айланасын гүлдөтөт, күзү келгенде саргарып, куурап жок болот. Жөндөмдөрүн колдоно билгендигине жараша, кээ бирлери узак өмүр сүрүп, кээ бирлери кыска жашап бул дүйнөдөн өтүшөт.

Күндөр өтүп, алга умтулуунун ордун артка чегинүү ээлегенде, баардык жашоо кыймылдары токтоп, тамыр согуусу солгундап, түстөр оңуп, күзгү жалбырактай саргарат, толкуган сезимдер өчүп, чөйрө өлүм кайрыктары менен сыздайт. Мындай кыйроонун себебин кээде “борбордон тараган” толкундун күчсүздүгүнө, кээде ал ишти алып баруучулардын ой жүгүртүү алсыздыктарынан, кээде, бет алган жолунда туруксуздуктарынан, кээде дүйнөгө болгон кызыгууларынан, кээде, алгачкы кадамдарындагы ыкыластуулукту сактай албагандыктарынан издейбиз, бирок, ким билет, балким, чыныгы себеп, ушулардын бири, балким баары, балким, Улуу Алланын баардык себептерден жогору турган каалоосудур. Булардын кайсынысы болсо дагы, адам баласы Улуу Жаратуучуга дуба кылып, көздөгөн максатында туруктуу болуп, ар дайым алга умтулуп, жогорулап турбаса, саргарып, соолуп, ал гана эмес, чирип жок болуп, өз урандысында астында калып эзилиши анык.

Ооба, ар дайым бийиктиктерге умтулуу, канат кагып оболоп, алдыга чоң максаттар коюлса, туу чокуларга чыгылат. Куран: “Ыйман келтирген заттар үчүн көңүлдөрү Алланы эсте тутуу жана түшүрүлгөн Чындык-Куранга кунт коюу (убагы) келбедиби?..!” (Хадид, 16) деп айтуу менен кайрадан тирилүүгө чакырат. Бул чакырыкка моюн сунган момун-мусулман жандуулугун сактоо үчүн, ар дайым жогорулоонун аракетинде болуп, бийиктиктерге жетүүнү максат кылып, жашашы керек. Мына ушундай жол менен ал жандуу жана сергек жашайт.

Себеби, ар дайым жаңы бойдон кала алгандар кайсыл доордо жашашса дагы, ислам динин көктөн жаңы түшүрүлгөн учурундагыдай сезе алат жана кандай бийиктиктерде жүрсө дагы ал бийиктикти акыркы чек деп эсептебейт. Ал барып, бир күн периштелердин чөйрөсүндө кезсе дагы ар дайым кичипейилдик менен туруп, дагы жогоруларга канат кагып бийиктөөгө аракет кылат жана жер жүзүндөгү инсандарга көктөгүлөр тууралуу баяндап берет.

Дене кумарларына жана каалоолоруна жеңилген адамдар, жашоо жана жашоодон ылаззат алууну арзуу кылгандыктарына карабастан, эскирип, жок болушса, эрктүү инсандар өмүр бою тирүүлүгүн жана жандуулугун сактап кала алышат. Нерселердин жана окуялардын тилин пайгамбарлардай окуп, үйрөнүп, талкуулашат. Жогорулагандан жогорулай беришет. Алланын жолунда сахабалар сыяктуу жүрүшөт. Ыйман кубанычына, Алланы таануу ылаззатына эч тоюшпайт. Алла ыраазычылыгына жеткендерди көрүп, сезүү, алардын жүрөгүн толкутат, жолдо калгандарды көрүп, дагы чын дилден берилип, Аллага жүз бурушат. Алардын бүгүнү, эртеңи жана акырети нурдуу жана жарык.

Ар бир күндү кайрадан тирилүү деп кабыл албагандар, жаратылышты өз доорунун талабына жараша талдай албагандар, ар күнү жаңы дүйнөгө ачылыш жасап жаткандай, өздүк маңызын жана ички дүйнөсүн изилдей албагандар жана инсан, жаратылыш, Алла Таала туурасында баардык учурларды жана доорлорду камтый ала турган көз караш менен карай албагандардын убакыттын өтүшү менен, картайышып, сергектигин, жандуулугун жоготуп, жүрөктөрүндө алга умтулуу сезимдери өчөөрү анык. Андай адамдар жаңылып, өздөрүн сергек жана жандуу көрүшсө дагы ар дайым түгөнүүгө бара жаткан болуп эсептелишет. Алар бул кыйроого бара жатышкандыктарын сезе алышпайт.

Мындай жаман абал, жеке адамдарда болгондой эле, коомдордо дагы болот. Ооба, жеке адамдардай эле коомдор дагы туулуп, өсүп-өнүгөт жана кээде түбөлүк калчудай көрүнүшөт жана “кол менен көрсөтүлө турган” болушат. Кээде баштапкы жашоо негиздери так ошондой пайдалана алынбай, өздүк маңыздан алыстай баштайт, өздүк маңызын сактоо менен бирге жаңыланууга аракет кылынбаса, акырындык менен кыйроолор башталат жана тескери соккон шамалга кулайт. Тескерисинче, андай коом, ордун билип, турган жеринде бекем турса, өздүк жашоосунун негизи менен тыгыз байланышта болсо жана ар дайым жаңыланып турса, кудайдын буйругу менен өмүрүн узарта алат жана жашоосунда ар дайым жаштыктын жаңы деми менен жашайт.

Негизинде ислам, мусулмандарга сергектик сунуп турат жана буга ээ болгон инсан эч качан кыйроого учурабайт. Бир момун-мусулман үчүн ыйман баардык күчтөрдүн үстүндө турган, Алла тарабынан берилген күч булагы, ислам инсандык улуулуктун акыркы аялдамасы, Алланын ыраазычылыгы бул сергектиктин баа жеткис белеги. Бул жөндөм жана колдоолорго ээ болгон момундун кыйынчылыктарга жеңилип кыйроого учурашы кыйыныраак.

Ата-бабаларыбыз бул кубаныч жана бактылуулук сезими менен типтирүү жана ар дайым жогорулоо аракетинде болушчу. Турган жерлеринде туруктуу, руханий сезимдеринде ар дайым “ кайра тирилүү” бар болчу. Ар күнү жаңы сезимдер, руханий аалам жана биз күбө болуп турган ааламга тиешелүү жаңы ачылыштар менен ыймандарын жаңылап, Алланын жардамына таянуу менен ишенимдерин бекемдеп, илимдеринин тереңдигине жараша иш-аракет, алга умтулууну көрсөтүп жатышты. Ар дайым Алланы эстеп коркуп, жаратылыш жана шарият мыйзамдарынын өкүмдөрүн жакшылап түшүнүп, оболоп учушчу.

Алар ошондой эле, биз болсо мындай, ойгонуубуз сурнайдын үнүно көз каранды болбогон болсо, бир күн биздин дагы тирилишибиз ыктымал...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.