Жан дүйнө жаңырыктары
Жан дүйнө жаңырыктары тамгасыз, сөзсүз, бирок, биз эң таасирдүү баяндарды, эң кереметтүү кайрыктарды ошондон угабыз. Жан дүйнө жаңырыктары тилдерде айтылбаган, кулактарга угулбаган, калемдер жана башка нерселер менен жазылбаган, бирок баардык жазылган нерселер жеткире баяндап бере албаган маанилерди баяндап берет. Аларга ээ болгон инсандар башка нерсе жазууга жана алардын тилин түшүнгөн адамдар андан дагы таасирдүү баяндоого муктаж болушпайт. Эгер адабият жана чечендик менен өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылган адабиятчылар жана түрдүү жолдор менен чоң чоң коомдордо таасир берүү үчүн демагогия кылып жүргөн адамдар жан дүйнө жаңырыгынын сыйкырдуу күчүн сезе алышканда, мындай алдамчы жана кооптуу жолдордо өмүрүн өткөрүүнүн ордуна өздөрүнүн ички дүйнөлөрүнө көңүл бурушуп, ой калчоо менен жүрөктөрүнүн кайрыктарын чертүүгө аракет кылышмак...
Бирок, бул башаламан ызы-чуулуу заманда инсандар дагы ошол замандын ызы-чуулуу тили менен сүйлөөгө аракет кылып жатышты. Ооба, бүгүн күнүбүздө дүйнө жүзү орунсуз ызы-чуулардын кучагында сыздайт. Өнүгүүнүн кереметтери катары бааланган автобустар, поезддер, үналгылар, сыналгылар... атмосферабызды кирдетип, бейпилдикти жана тынчтыкты бузуп, бизди дагы өздөрүнө окшотушту. Бүгүнкү күнү дээрлик көпчүлүгүбүздүн үнүбүз дагы ал ызы чуу арасында жарышка түшкөндөй катуу-катуу чыгат. Өлкөбүз дүлөйлөр өлкөсүнө айланып калгандай бири-бирибизге кыйкырып турабыз. Өктөм үндөрү менен бири-бирибизди бастырып турууга аракет кылгандай көрүнүшүбүз бар. Ой-пикир, көз караш жана инсандык сезимдерге сый-урмат деген калбай калды. Көп сүйлөө менен инсандардын көңүлүн бургандар бааланып, сыйлык алышууда. Айткандарынан пайда чыкпаса жана эч кандай акылга туура келбесе дагы үнү бийик чыгып, инсандарды ордуларынан козгой алса болгону болуп эсептелип калды...
Бир учурларда унчукпастык жана үнсүздүк биздин табигый абалыбыз эле. Балким азыркы учурдагы ызы-чууну сезе албагандай эле, ошол өткөн учурдагы бейпил жашоону көпчүлүк инсандар байкай алышпагандыр. Ал учурлардагы үнсүздүк өкүм сүргөн чөйрөдө табигый үндөр угулуп, алардын жагымдуу ыргактарына гана кулак төшөлчү эле. Бул абал ар күнү ошол табигый үндөрдүн ыргагында термелген инсандардын жан дүйнөлөрүнүн түпкүрүнөн орун алгандыктан, алардын чөйрөсүндө эч кандай ызы-чуу жана кыйкырык-өкүрүктөр угулчу эмес. Баардык жерде тынчтык жана үнсүздүк өкүм сүрүп тураар эле. Алардын чөйрөсүндө урмат-сый жана адептүүлүккө сугарылган бейпилдик болгондуктан, ал чөйрөгө бир жолу аралашып, бир азга тынчтык жана үнсүздүккө күбө болгондордун ал жерден кеткилери келбей калчу.
Ал учурдун адамдары өнүгүүнүн кереметтери менен тааныша элек болчу жана бул ызы-чуулуу чөйрө тууралуу кабары жок эле. Чөйрө тыптынч, жымжырттыкта эле. Алардын кыймыл-аракеттери дагы айлана менен айкалышып турчу. Алар жүргөн жерлерде тынчтык өкүм сүрүп турчу. Өмүрлөрүндө эч кандай орунсуздукка жол бербестен, руханий тереңдикте жашаган ал учурдун бактылуу инсандары ар дайым тынчтыкта жашап, сейрек болсо дагы сырттан келген ызы-чуулар алардын тынчтыгын буза алчу эмес.
Ал инсандар сүйлөө керек болгон жерде сүйлөшчү бирок, алардын сөздөрү жана баяндары көбүнчө кыймыл-аракеттери көрсөтүп турган терең маанилерди ачыктоого жана жалпы инсандарга акыйкаттарды түшүнүктүү кылып баяндап берүү максатында айтылчу. Алар көп сүйлөчү эмес, сүйлөсө дагы үнсүз учурларында ойлонуп, пикир жүргүзгөн нерселерин баяндап, аларга кулак төшөгөндөргө үнсүздүк учурларында зээндеринде пайда болгон даанышман ойлорун айтып беришчү.
Бул таза чөйрөдө орунсуз ызы-чуулар болчу эмес. Кээде гана ал чөйрөнүн тынчтыгын сырттан келген, бейтааныш бөтөн ызы-чуу бузса дагы ал инсандар жана алардын сыйкырдуу чөйрөсү дароо мурунку калыбына келип, үнсүздүк абалдары менен берген маанилер, периштелердин көктөн түшкөн илхамдары сыяктуу жеткен жүрөктөрдү мас кылат. Алар менен таанышуу бактылуулугуна жеткендер “уктум, кулак төшөдүм, окудум, билдим жана ишендим” дегендин ордуна “көрдүм, сездим, сыйкырландым жана кул болдум” деп айтышчу. Алардын абалы жана руханий тереңдиктерине байланышкан бул өзгөчөлүктөрүнүн негизинде алардын тилин билсе дагы билбесе дагы, эмне деп айткылары келгендигин баары түшүнө алчу жана ага сыйкырланчу. Ар дайым Хакк (Алла) менен байланышта болгон бул таза инсандардын үнсүздүгү, бизге белгисиз болгон бир сырдын себебинен руханий кыймылсыздыкка кабылган инсандарды жандандыруу багытында берилген буйрук сыяктуу эле. Алар көкүрөктөрүндөгү купуя казыналарды кыймыл-аракеттери менен ачыкка чыгарганда, акыйкаттарды кабылдоого даяр көңүлдөр арбалып, айланада толкундоолор башталат. Алардын үнсүздүгү жан дүйнөнү толкуткан кайрык болгондуктан, ал чөйрөдө жашаган баардык жандарды каалаган багытына сүрөп, аларга угуп көрбөгөндөй жагымдуу кайрыктарды тартуулайт жана укмуштуудай бактылуу учурларды сунар эле. Чөйрөлөрү алардын бул үнсүздүк менен кайрылууларынан көп маанилерди түшүнө алчу.
Ошол үнсүз инсандардын кээ бирлеринин көз караштарынан чачырап турган учкундарды, жүздөрүндөгү жана кыймыл-аракеттериндеги терең маанилерди байкап, көрө алгандар дароо сыйкырланып, алардын жанынан чыккылары келбей калчу. Ушундай үнсүз кайрыктарга жүрөктөрү карк болгон инсандар баардык нерсени башкача сезип, ырахаттанат.
Мен, көңүлдө из калтырган ал үнсүз улуу инсандарды жакындан тааный албадым. Ошондуктан алардан жетээринчелик пайдаландым деп айта албайм. Бирок, ошону менен бирге кабыл алуумдун начардыгына карабастан, алардын чөйрөсүндө болгонумда тамчы сыяктуу жан дүйнөмө агып кирген түшүнүксүз, бирок ар дайым арбап ала турган сырдуу нерселерди сезип келем. Арадан узак жылдар өткөндүгүнө карабастан аларды ар жолу эскергенимде титиреп кетем. Алардын арипсиз, сөзсүз баяндары баардык нерсеге карабастан, мени арбап, сыйкырлап алгандыктан, ал нурдуу жүздөрдү азыр эстесем дагы көздөрүм жашылданып, ички дүйнөмдө ал үнсүздүк кайрыктары угулгансыйт. Табиятымдын чегинен ашып-түшчүдөй толкуп, ал күндөрдү кайрадан жашоону кыялданам.
- Created on .