Адептен адабиятка карай кеткен жол

Адеп, сылыктык, төрөпейилдик, уялуу жана урмат көрсөтүү...сыяктуу маанилердин жалпы аталышы. Жакшы-жаман, ачуу-таттуу баардык окуяларда төрөпейилдик жана токтоолук кылуунун коомдо баардык инсандарга жылуу мамиле кылуу, башкаларды таарынтып алуудан сактануу, чөйрөнүн абалына жараша сөз айтуунун башка бир аталышы.

Адам баласынын, баардык жаман адаттардан алыс болуусу жана жашоосун улуу сапаттардын негизинде жашоосу адеп тууралуу башка бир аныктама:табигыйлыкты сактоо менен бирге сөз, жүрүм-турум жана кыймыл-аракеттердин сылыктыгы адептин дагы бир жоромолу. Кайсыл сөздү кандай жерде, кимден кимге карата кандай жол менен айтыла тургандыгы дагы адеп деген сөздүн адабиятка ачылган терезеси деп айтууга боло турган бир тарабы.

Кандай мааниде болсо дагы, урмат көрсөтүлө турган улуу адамдар деңгээлдерине карата түрдүү; Алланын алдындагы адеп, жүрөктүн Ага берилүүсү, ар дайым Аны көрүп тургандай же Ал тарабынан көрүлүп тургандыгын сезүү менен кыймыл-аракет жасоо, сезим жана эрктин ар дайым Алла ыраазычылыгы багытында болушу, Анын каарына калтыра турган кыймыл-аракеттерден мүмкүн болушунча алыс туруу керек. Адам баласы, ички дүйнөсүнө катылуу болгон сүйүү, урмат кылуу сезимдеринин Аллага багытталуусу деп аныктама берилген.

Пайгамбарыбыз Мухаммедге (с.а.в.) карата адеп, Анын бизди Аллага алып бара турган жалгыз жол башчы экендиги туура окулуп, жакшы изилдениши, Ал Затка баш ийүүнүн Аллага баш ийүү болуп эсептелгендигин билүү жана оболу Аллага, андан кийин Пайгамбарыбызга (с.а.в.) баш ийүү менен, ар бир иште анын жолунда болуу. Кененирээк ачыктай кетсек, Ал жоопкерчиликти сезе билген, руханий дүйнөсү терең, салабаттуу инсан эле. Ал ар бир кыймылы менен Алланы эстетип турчу, отуруп-турушу, күлгөнү, ыйлаганы менен башка ааламдардан көп нерселерди чагылдырып берип, инсандардын жүрөктөрүн толкутчу. Ал мойнуна жүктөлгөн милдетти жана өз ордунун талабын жакшы сезип-билчү. Аллага болгон кулчулугу жана ага карата оопалуулугу менен башка ааламдарда жетилбей турган бийиктиктерге жете алды, инсандык чекти ашып өттү, бирок башы айланып, көз-карашы өзгөрбөдү жана Аны багыт алды жана үммөтүнүн бактылуулугун тиледи.

Ал жаратылыштын мазмуну жана пайгамбарлардын улуусу болгондой эле, колундагы китеп дагы мурда түшүрүлгөн китептердин корутундусу сыяктуу.Ал улуу Зат өткөн пайгамбарлардын адеп, урматы менен Аллага дуба кылчу эле. Учуру келгенде, Азирети Масийх сыяктуу үн салып: “Эгерде аларды жазаласаң, алар Сенин кулдарың, эгер кечирсең Азиз жана Хакийм болгон Сенсиң” деп, учуру келсе, Азирети Ибрахийм сыяктуу кол жайып, жалбарат: “Раббим, ал буттар көптөгөн адамдарды жолдон азгырды. Демек, ким мени ээрчисе, дал ошол менде (тактап айтканда: менин динимде). Ким мага моюн сунбаса, дагы Өзүң Кечиримдүү, Мээримдүүсүң (тактап айтканда, андай адамдарды да Акыйкат жолго баштоого кудуретиң жетет). (Ибрахийм 36) жана Алланын алдында турганда адепке өтө көңүл бурчу.

Негизинде, эгер назар салынчу болсо, башка пайгамбарлардын дагы ошондой сылык экендиктерин көрүүгө болот. Алар дагы Аллага жүз бурууларында, ибадат, кулчулуктарында жана башка мамилелеринде өтө адептүү эле. Азирети Ибрахийм (а.с.) ооруларды берүүчү ким экендигин билип турса дагы, жагымсыз иштерди Алла Таалага таңуулоо сактануу ою менен: “Ооруганымда Ал мага шыпаа берет” деп, адеп менен айтуусу.. Азирети Мусанын (а.с.): ачка, суусаган абалда бир көлөкө жерде эс алып отуруп, “Жедирип, ичир, курсагымы тойгуз” деп айтуунун ордуна, “Раббим! Сен бере турган баардык неьматка муктажмын” деп айтуусу, урмат-сыйдын белгиси. Азирети Адам (а.с.) аябай оор тагдырга дуушар болгондо, “Мага ушундай тагдырды жаздың” деп айтуунун ордуна, “Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер, мээрим кылып, күнөөлөрүбүздү кечирбесең, анда жоготууга учураарыбыз анык!” деп сыздашы, анын тарбиясынан. Азирети Аййуб (а.с.) оор балээге дуушар болгондо “Ден соолук берип, мени бул кыйынчылыктардан куткар” деп айтуунун ордуна “Оо, Рабби! Мага оор зыян келди, Сен мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсүсүң” деп айтуусу, улуу адептүүлүгүнөн кабар берип турат.

Кыскасы, азирети Маулана айткандай, Куран толугу менен адеп болуп саналат: Аллага карата адеп, Пайгамбарга жана пайгамбарларга карата адеп, жана деңгээлине жараша баардык инсандарга карата адеп. Куран момундарга кайрылып: “Эй, момундар, силер Алла жана Анын пайгамбарынын алдында (тактап айтканда экөөнүн уруксатысыз кандайдыр сөз, же ишке) кадам баспагыла! Жана Алладан корккула! Албетте Алла Угуучу, Билүүчү. Эй, момундар, (кылган жакшы) иштериңер өзүңөр сезбеген абалыңарда бекер-бейпайда болуп калбастыгы үчүн силер (пайгамбар менен сүйлөшкөн учурларыңарда) үнүңөрдү пайгамбардын үнүнөн жогору көтөрбөгүлө, жана ага бири-бириңерге ачык (орой сөз) кылгандай ачык-орой сөз кылбагыла! (Хужурат-1-2) деген буйругу менен бирге, уруксат сурабастан жанынан кетпөө, Ага баш ийүүнү Аллага баш ийүү деп билүү, Алла сүйүүсүн Ага баш ийүү менен байланыштуу деп таануу сыяктуу сөздөр, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) карата адеп менен мамиле кылууга болгон чакырык. Курандын буйруктары жана туура жолго баштоолорунун негизинде, ар бир момун, адеп каарман жана ар бир инсанга бул чакырыктын тиешеси бар. Ата-энеге карата адеп, аалымдарга карата адеп андан кийин баардык мекендештерге жана жалпы адамзатка карата урмат-сый жана адеп, мусулмандыктын талабы болуп эсептелет. Куран жалпы бул адептердин туптунук жалгыз булагы, сөздөрү каухардан дагы баалуу болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын теңдешсиз жашап көрсөтүүчүсү. Ал, “Мен улуу адеп-ахлактарды толуктоо үчүн жиберилдим”, “Менин көз карашымда, силердин эң сүйүктүүңөр жана кыямат күнү мага жакын боло турганыңар, адеп-ахлагы эң жакшы болгонуңар”, “Ыйманы толук мусулман, адеп-ахлагы жакшы болгон мусулман” деген сыяктуу жүздөгөн нурдуу сөздөрү менен, бул нерсени ачыктайт жана бизге адептин эң улуу нерсе экендигин көрсөтөт.

Биз, жалпы адамзат, жакш-жаманды бири-биринен айырмалай алып жаткан болсок, бул дагы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге жол көрсөткөнүгүнүн арты менен болууда. Эгер, кимдир бирөөлөрдө адептин изи болсо, ал дагы Пайгамбарыбызга таандык. Чынчылдык, аманатты сактоо, моралдык тазалык жана оопалуу болуубузда Анын сөздөрүнүн таасирин байкоого болот. Жаман адаттардан алыс болуу, күнөөгө кирбөө дагы Анын ички дүйнөбүздө жаңырган нурдуу баяндарынын мөмөсү.

Бул таза булактардан оргуштаган адеп түшүнүгү, элибизге сиңип, адамдарыбыздын табиятына айланган. Отуруп-турушубузда, бири-бирибиз менен болгон мамилелерибизде, ой-пикирлерибизди билдирүүбүздө бул нерсе байкалат. Негизинде, ал, чыныгы инсан болуунун эң маанилүү ортомчусу жана Улуу Жаратуучунун адам баласына тартуулаган бааалуу белеги. Элибиз бул белекти баалай алды, кыймыл-аракеттерин ушул нерсеге негиздеди жана анын арты менен улуу маданиятка ээ болду. Андай адептин чөйрөсүндө бышып-жетилген адабият башкача болуусу мүмкүн эмес. Ал дагы адептин Алланы тааныткан тили болуп, уккан адамдарга Алланы сүйдүрүүсү керек эле. Адам баласынын көңүлүн жаратылыштагы кооздуктарга бурдуруп, жүрөктөрдү Сулуулардын Сулуусу болгон Улуу Жаратуучунун жамалын чагылдырып турган жаратылыш кооздуктары менен толкутуусу керек эле. Инсан, жаратылыш жана андагы нерселер Алланы чагылдырып турушу керек жана баардык нерсе Аны көрсөтүп тургандай, баардык сөз, баардык баяндамаларда Анын кошо кетүү зарыл. Анын мээриминин чексиздиги жүрөктөрдө сүйүү; улуулугу сүр; Анын жакындыгы жүрөктөрдөгү Ага болгон сүйүүлөрдү күүгө салмакчы эле. Биздин жетимсирегендей кайгыларыбыз келечекте Ага жолугуу жана Анын жамалын көрүү кубанычы менен жоюлуп, убактылуу кусалыктарыбыз түбөлүк кубанычтын кайрыктары менен үнгө салынышы керек…

Ал чөйрөнүн адамы, жаратылышка назар салганда, анын артындагы сырларды дагы сезип, жаратылышты бир китеп сыяктуу карап, талдоосу, андагы баардык нерсени дос, жолдошо сыяктуу кабыл алышы керек. Пайгамбар (а.с.) материалист дагы натуралист дагы эмес эле. Ой жүгүртүүсү жана жоромолдоолору, баардык нерсенин артында турган Кудурети Чексиз Зат үчүн болчу. Көргөндөрүн даана көрүп, баардык нерсени коштой Аллага карай багыт алчу. Ал убактылуу ылаззатка берилбей, кайгыларга алдырбай, бүгүнкү насиптерин эртеңкинин, берилгендерди бериле турган авансы катары кабыл алчу.

Биздин дүйнөбүздө адабият, баардык бул кооздуктардын сөз жана жазуу менен баяндалышы деп аныктама берилген. Узак убакыттар бою дастандар ушул туурасында айтылып, икая жана роман сыяктуу нерселер акыйкат менен алыстан, жакындан болгон байланыштарын сактоо менен өнүгүп, өскөн. Жалпы карапайым калк же жана эл жакшылары баяндоо усулу менен кылымдар бою өткөн муундардын адабий мурастары кийинки муундарга өткөрүлүп берилүү менен башка элдердин адабиятына муктаж кылбагандай байлык болуп берген.

Бирок биз ал байлыктын баалуулугун сезе алдыкпы же башаты адеп болгон бүгүнкү адабиятыбыз менен мамилебиз кандай? Мен бул маселени адабият таануучу илимпоздорго тапшыруу менен Бадиуззаман айткандай, “Адабиятчылар адептүү болушу керек”, деп бул теманын аягына чыгам.

Учурубуздун күйүмдүү инсандары

Улуу ой-максаттар жана долбоорлорду ар дайым бийик уча алган, жүргөн жолунда ылдамдыгын жоготпогон, турган ордунда туруктуу жана чечкиндүү турган, акырет ырахатына көңүлүн берген күйүмдүү азаматтар ишке ашыра алышат. Азыр биздин, бул деңгээлде ойлонгон, ишенген, ой-максаттарын жашап көрсөтүү менен оболу, өз элин, андан кийин жалпы адамзаттын жолун жаркыратып, алардын Алла жолуна түшүүлөрүнө ортомчу болгон, өзүн акыйкат жолуна арнаган инсандарга муктаждыгыбыз бар. Зарыл болгон нерселерди билген, билгендерин дароо иш жүзүнө ашырган жана баардык өлүк сезимдерди өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө чакыруу үчүн оозуна сурнайын кармап алган Исрафийл сыяктуу кыдырып, жалпыга тирүүлүк жеткирген, сөз сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар болсо, баяны менен, колу калем кармай алса, калеми менен эстетикалык илимдерден кабары бар болсо, кол чеберчилиги менен, акын болсо ырынын сыйкырдуулугу менен, музыкалык билими болсо түрдүү кайрыктардын керемети менен ар дайым заманына жараша акыйкаттарды сунган, ар кандай мүмкүнчүлүктө ички сезимдерин күүгө салган, тилинде айтылган акыйкаттар жүрөгүнөн чыккан, ыкыластуу азаматтарга муктаждыгыбыз бар...

Бул каармандар дүйнөнүн төрт бурчун кезип, жолуккан баардык адамдарга кыймыл-аракети жана сөздөрү менен сүйүү тартуулашат, жүрөктөргө сүйүү тактысын орнотушат. Сүйүүгө суусаган жүрөктөр алардын ортомчулугу менен тирилет. Бул сезим менен жер кезгендер жана алардын жолун кабылдагандар ар кандай дүйнөлүк нерселерден алыс болуп, ыкыластуулуктарын сакташат. Акыйкаттарды жеткирүүчүлөр менен ал акыйкаттарга кулак төшөгөн инсандардын ортосунда эч кандай материалдык кызыкчылыкты көздөө болбогондой эле, Алла ыраазычылыгынан башка эч кандай бир кызыкчылыкты көздөө жок. Чын дилден болгон мындай байланыштар, толугу менен жалпы инсандык улуу сапаттардын жана ал сапаттарга карата болгон урмат-сыйдан келип чыгат.

Биз жакынкы тарыхыбызда, руханий таза булактан азыктанып, тарыхта чоң-чоң маданияттарды курганыбызды унутуп, түпкүлүгү, өткөнү жок эл катары көрүнө баштадык. Ал гана эмес, өзүбүзчө кысынып, өткөн тарыхыбызды дагы кабыл албай четке кактык. Ушундайча, өз руханиятыбыздан жана маданиятыбыздан алыстап, бөтөн түшүнүктөргө байландык. Даңазалуу тарыхыбызда ар дайым өз алдынча ой жүгүртө алган, өз оюн билдире алган жана тарыхта жакшы сапаттары менен эскерилген улуу элдин белгисиз, сыйланбаган абалга түшүшү кандай аянычтуу!

Бул эл мындай аянычтуу абалга ылайык эмес жана бул жаман абал түбөлүк уланып кете албайт эле. Ал ушул убакытка чейин бир канча жолу өлүм чуңкурларын Алланын буйругу менен тирилүүгө айландырды. Бир канча жолу жок боло тургандай көрүнгөн абалдарды жаңыланууга себепчи катары баалап жана ар дайым укмуштуудай жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп, кээ бир жеке пайданы көздөгөндөр же улуттук жана диний баалуулуктарыбызды четке каккан динсиздер каалабаса дагы-жаркын келечекке карай жүрүү үчүн жаңы усулдарды өнүктүрүп, ар бир кыйын учурдан кийин дагы бир жолу “бисмилла” деп бутуна туруп, өзүнө таандык сезимдери жана ойлору менен кайрадан чар тарапка кадам шилтеген. Атак-даңктан, ар кандай мактануудан алыс болуп, кичипейил, чынчыл азаматтар, напсинин бузуку каалоолоруна каршы дагы туруктуу бул азаматтар, ата-бабаларынан мурас калган тарыхтын деми менен диний жана элдик баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытуунун каармандары болгон бул инсандар, оболкулар сыяктуу: “Ашыктык жолуна түштүк...” деп машакатты жыргалчылыктан жогору коюп, доордун эң маанилүү окуяларынын бирин ишке ашырышкан.

Бүгүнкү күнү дүйнөнүн төрт бурчунда жайнаган гүлдөр кооздуктарын ушул ай-жүздүүлөрдүн руханий дүйнөсүнүн тереңдиктеринен алууда. Коомчулук алардын ой-пикирлери менен заман талабына жооп берип, жалпы адамзат, алардын эзелки бирок, эскирбеген кайрыктарын созолонтууда. Бул туптунук сезимдердин жана ой-пикирлердин башаттарына бир тамчы сыяктуу кичинекей көрүнсө дагы, анын маңызын түшүнгөндөр үчүн, ар дайым толкуп турган деңиздер сымал көрүнөт.

Бул иштин талабына ылайык белгилүү бир убакытка чейин бир гана өз чөйрөлөрүнө акыйкат жеткирүү менен алек болгон сыяктуу көрүнгөн бул азаматтар, эми булуттар сыяктуу, дүйнөгө кубаныч, үмүт, сүйүү тартуулап, сүйүүгө, кең пейилдикке, толеранттуулукка суусаган жүрөктөрдү бейиш бакчаларына айлантууга белсенишүүдө. Жер жүзү бүгүнкү күнү алардын сепкен үрөндөрү менен жаңыдан жаздын келишин күтүүдө. Жалпы адамзат дагы ушундай кубанычтуу учур келээрин “алдын ала билүү” сезими менен сезип толкуп турган чагы. Үндөр, кайрыктар түрдүү-түрдүү болсо дагы, көкүрөктөрдө туюлган сезимдер бирдей жана таңкы соккон сыдырым жел менен бирге Аййубга жашоо өзөнүнүн шоокумун, Якубга Юсуфтун көйнөгүнүн жыты келгенсийт.

Бул биздин, акыркы дагы бир жолу артка кайрылып, чыныгы ордубузга багыт алуубуз болуп саналгандай эле, жалпы адамзатка тирилүүнүн кабарын берип жаткан болуп эсептелет. Негизинде бүгүн, түрдүү кыйынчылыктардын чеңгээлинде азап тарткан элдер дагы ушундай кубанычтуу кабарды күтүп жатышкан эле. Ушул кубанычтуу кабарды жакындата турган инсандар кандай бактылуу! Бул кубанычтуу кабарды күтүп алуучулар кандай кубанычтуу.

Биз сүйүү тартуулаган, өздөрүн инсандык улуу сапаттарды жаюуга тапшырган бул азаматтардын аракети менен сөзсүз түрдө бир күнү дүйнөнүн абалы өзгөрө тургандыгына ишенебиз. Келечекте инсандык көз караш жана ой-пикирлер алардын нуру менен дагы бир жолу жаркырайт. Адамзаттын үмүттөрү алардын ортомчулугу менен чындыкка айланып, бир топ кыялдарыбыз ишке ашат. Ооба, бир күн келгенде бүтүндөй булардын баары болот жана учуру келгенде ички дүйнөсү караңгы адамдар бул нурдуу инсандарга таазим кылып, кечирим сурашат жана жасаган иштери үчүн бушайман болуп ыйлашат. Албетте, колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрүн эч качан таба алышпайт. Ой-пикирлери жаман кыймыл-аракеттери орой ал инсандар, жакынкы келечекте жасагандары үчүн кыйналып азап тарта турган күн келбестен эле, туура, акыйкатты жандаган сезимдерге ээ болушуп, бир аз ынсаптуу боло алышса жана эртеңки күнүн караңгылатпаса, аттиң!

Учурубузда сахабалардай берилгендик менен дүйнөнүн төрт тарабына ат оозун кое берип, жакшы жашоо үчүн эмес, башкаларды түбөлүк бактылуулукка жеткирүү үчүн аракет кылып жана бул иш-аракеттеринде эч кандай эл көрсүндүк жана мактаныч оюна барбаган, ар бир кыймыл-аракеттери кичипейилдик менен жасалган бул улуу каармандар, баардык кыйынчылыктарга көкүрөк тосуп, ар дайым алга умтулуп, адамзатка кызмат кылуу ышкылары менен тарыхта сейрек кездеше турган баатырдыкты көрсөтүшүүдө. Жолуккан ар бир пендеге жүрөгүнөн чыккан акыйкаттарды жеткиришип, баардык жерге жаңы көчөт тигишип, чар тарапты Бейишке айлантышууда. Ар дайым жандуу, ар дайым ылдам, ар дайым укмуштуудай ийгиликтерди көрсөтүү менен өздөрүн тастыктап, албетте, баардык инсандарды ыймандуулук, эрктүүлүк, чечкиндүүлүк менен түбөлүктүү жашоо жолуна чакырышууда. Жүргөн жолдору аябай татаал, бирок, алар ал жолдун ошондой боло тургандыгын абалтадан эле билишет. Ооба алар бир күн жолдор тик болуп, көпүрөлөр бузула тургандыгын эске алышкан. Алар бул жолдордо коркунучтуу жырткычтарга жолуга тургандыктарын, чөйрөлөрүндө душмандык жек көрүүлөр боло тургандыгын дагы билишчү. Ооба, жолдорунун туура экендигин, бирок, ал жолдо ойго келбеген тоскоолдуктар бар экендигин дагы эстен чыгарышкан эмес. Ушул себептен алар, баардык болуп жаткан бул кыйынчылыктарды жана келечекте боло тургандарды Алланын жолуна таандык машакаттар деп эсептеп, эч качан ышкыларын жоготпостон ар дайым алдыга умтулушуп, тоскоолдуктарды Алланын жардамына ишенүү менен Алла ыраазылыгын көздөй жүрүштү.

Негизинде, акыл менен руху айкалышкан, жүрүм-турумдары, ички маңыздары, сөздөрү туура бул инсандарды ушул убакытка чейин ишенип келген акыйкаттардан баш тарттырууга эч кимдин күчү жетпегендей эле, аларды Алланын ыраазылыгы багытында жүрүүдөн, Жаратуучуну ааламга таанытууга болгон аракетинен эч ким тайдыра алмак эмес. Алар ушундай жоопкерчилик сезимдери менен ар дайым тоолордой туруктуу жана бекем туруп, ар кандай тоскоолдуктарга алдырбай, ар дайым ийгиликтерди жаратып турушкан.

Алардын кыймыл-аракеттери ар дайым жөндүү, сөздөрү орундуу жана жагымдуу. Жүрөктөрү периште жүрөгүндөй таза, тилдери ички дүйнөлөрүнүн чынчыл тилмечи сыяктуу. Ушул себептен алардын кыймыл-аракеттери, жүрүм-турумдар ар дайым суктанаарлык болуп, сөз жана баяндары сезимдерди козгоп келген. Алардын көңулүндө ар дайым Алла, баяндарында Аллага болгон терең сүйүү, инсандарга жана жалпы жаратылышка болгон сүйүү, мээрим, кеңпейилдүүлүк жана кечиримдүүлүк байкалат. Алардын жалгыз каалоосу Алла ыраазычылыгы. Жаратылыш китебин туура окуп, туура жоромолдоо алардын хоббиси. Инсандарды сүйүп, баарына кучак жаюулары табияттарынын чыныгы көркү.

Алар, ал терең сүйүүлөрүн Аллага арнагандай эле, ал сүйүүнүн сырдуу жана сыйкырдуу ачкычы менен эң катуу жүрөктөрдү ачып кирип, ал жүрөктөрдү жумшартуу менен Улуу Жаратуучунун сүйүүсүнө ээ болууга аракет кылышат. Сүйүктүү болушат, сүйүшөт, өтө ырайымсыз жана катаал соккуларга каршы дагы пайгамбарларга таандык туруктуулук менен жылбастан тоолор сыяктуу ордуларында турушат. Жамандык, душмандык менен келгендерди жакшылык жана достук менен тосуп алып, жакшылык тартуулоо менен узатат.

Бул азаматтар Алла ыраазылыгы деген эң улуу ишке көңүлүн бергендигин сезүү менен ага жетүү үчүн түрдүү кыйынчылыктарга төшүн тосууга даяр. Алар өтө жөнөкөй көрүнгөнү менен ар дайым канатын жайган куш сыяктуу периштелер менен дагы жарышууга даяр. Алар кыймылсыз көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө ар дайым жандуу, чечкиндүү жана ар дайым күйүп-жанып турат. Кээде деңиздер сыяктуу жакындарды сугарып, кээде алыстарды буусунан пайда болгон булуттар менен салкындатып турат. Алыс-жакын баардык жактарга жашоо суусун сунат жана канчалалаган жылдардан бери жансыз абалга келген денелерге тирүүлүк демин үйлөйт. Алар ар дайым чөйрөлөрүнө жан дүйнө кайрыктарын сунат жана ар кандай ушак-айың менне коомдо жек-көрүү, кек сактоону пайда кыла турган талаш-тартыштардан алыс болушат.

Алар ар дайым инсандарга пайдалуу болуу кыялдары менен жашашат. Адамзаттын руханий кыйналып, азап тартууларын жүрөгүнө жакын кабыл алып, аларга жакындагандарга ар дайым көкүрөк жайып, дарттарын угат, алардын кайгыларына тең ортоктош болот. Бузукулук, жаман иштерди жоюуга жан үрөйт.

Кээде катуу кайгыга түшөт, ыйлап-сыздайт, бирок, ага карабастан “Аллага тапшырдым” деп көздөгөн максатынан жазбастан алга карай жүрөт жана барган баардык жерлери Бейиш бакчалары сыяктуу жашарат. Кол сунгандарынын баарысы жашоо суусун ичкендей жанданат. Алар барган жерлерде динсиздик көз караштары жоюлат.

Алар ыйманга негизделген өтө баалуу байлыктарга ээ. Алардын бул байлыгынын жанында Карун байдын байлыктары сокур тыйынга арзыбай калат. Алардын өмүрлөрүнүн пайда табагы ар дайым толо, зыян табагы шайтандардын акылын аздыра тургандай абалда бош.

Алар өмүр деген байлыктарын кайсыл жерде пайдалана ала тургандыктарны өтө жакшы билишет жана убактылуу нерселерди түбөлүктүү нерселерге алмаштырууда өтө чебер. Убакыттарын эч бош өткөрбөйт. Иш жана кызматта артта калууну эч каалашпайт. Көздөгөн максаттары улуу, эрктери күчтүү. Ыйман жана иш-аракет алардын эн маанилүү өзгөчөлүктөрү. Алладан башка эч кимден коркушпайт. Алар ар дайым кичипейил жана негизги максаттары ааламды жаркыратуу. Иштеринин жакшы болбой калуусу, соодаларынын каатчылыкка кабылышы аларды үмүтсүздүккө сала албайт. Алла менен болгон байланыштарын ар дайым бекемдеп турат. Дин кайсыл жерде, Жаратуучунун ыраазылыгы кайда болсо ошол жерде болууга аракет кылат жана ар дайым Анын каалоолорун аткарууга шашылат. Муну жасоо менен бирге дүйнөлүк иштеринде ийгиликтерди жаратууга дагы катуу көңүл бурат. Дүйнөлүк иштерге мынчалык көңүл бурган жагын көргөндөр аларды бул дүйнө үчүн гана жашап жүргөн, акырет тууралуу кабары жок инсандар деп тааныйт. Алланын ыраазычылыгына болгон байланыштарын көрүшсө, алардын ышкына таң калышат жана аларды сахабалардын катарында жүргөндой ойлошот.

Алар бош отурууну жана максатсыз өмүр өткөрүүнү эч жактырышпайт. Алар ар дайым кыймылда жана ар дайым дин жана дүйнөнүн артынан чуркашат. Окуп, жазганды билишсе, бир нерселерди чиймелешип, билишпесе, билгендерге бир калем тартуулап, кандай болбосун кызмат кербенине кошулуп жүрүүлөрүн улантууга аракет кылышат. Алар ар дайым илимди сүйүшүп, аалымдарды сыйлашып, акылдуу жана жүрөгү толкуп турган инсандар менен отуруп, Алланын акыйкаттары тууралуу маек курушат.

Жер жүзүндө чыныгы инсан калбаса, төрт тараптан чаң уюлгуп, туман каптаса, көчөлөр булганса, түркөйлүк өкүм сүрүп, илимге урмат-сый калбай калса, адамзат кайрымсыздыктын чеңгээлинде калса, достук жоголуп, достор душманга айланса дагы алар жылбастан, тайбастан ордуларында туруп: “Баардык нерсе кулашы мүмкүн, бирок мен кулабай тик турамын го..! Баардык тарап какыраган чөлгө айланды, бирок, менин көз жаш деген булагым турганда эмне кайгы.! Басуу үчүн Алла мага эки бут берген, иш жасоо үчүн эки кол бериптир, ыйман деген байлыгым бар. Дүйнөнү курууга боло турганчалык мүмкүнчүлүктөр күтүүдө, Улуу Жаратуучума таянып булар менен ааламды Бейишке айландыра алам..топуракка ташталган ар бир урук бир канча баш чыгарып турса, келечек үчүн кандай кайгым болмок эле.! Ошондой эле Алла акыретте бирди миңге айландыра тургандыгына убада берип жатса..!” деп көздөгөн максатынан тайбай, жолдордун бузулгандыгына, көпүрөлөрдүн кулагандыгына карабастан бара берет. Дарыялар сыяктуу агып өткөн жерлердин баарына жашоо тартуулап, баарынын жалынын өчүрөт. От сыяктуу башкаларды жылытып, сууктан сактайт. Мум сыяктуу эрийт, бирок, канчалаган көздөргө жарык нур тартуулайт. Түнкүсүн Алланын мээриминен үмүт кылып, ыйык сааттарда дуба кылып жалбарат. Алардын баскан бул жолу, Алланын достору өткөн жол, бул багыттагылар эч качан жолдо калышкан эмес.

Алар ар дайым ыймандуу, үмүттүү, баардык нерсесин Алла жолунда сарптай ала турган жоомарт, бул дүйнөдө бир берип, о дүйнөдө ондогон эсе көбүнө ээ болуу үмүтү менен өмүрлөрүн ар дайым берүү менен өткөрүшөт. Алардын назарында динди коргоп, колдоо жана аны дүйнөнүн төрт тарабында суктанаарлык деңгээлде көрсөтүүдөн өткөн нерсе жок. Бул нерсеге ээ болууну жашоолорунун жалгыз максаты деп билишет жана жашоолорун бир гана ошого байланыштуу жашоого аракет кылышат. Ар дайым бул ойлорун ишке ашыруу үчүн жыйналышып, жыйналууларын Алланын акыйкаттарына байланыштыруу менен тереңдетишет. Аларды периштелер дагы алкыштайт.

Алар, эч качан өз жыргалчылыктарын ойлошпойт. Ар дайым “Алла” дешет, “инсандык улуулук”деп инсандык улуу сапаттардын артынан чуркашат, пайгамбарларга тиешелүү көрүнүштө баарына кучак жаят жана ар дайым башкалар үчүн жашайт. Алардын ушунчалык берилгендиктерине жараша Алла Таала дагы кол-бут пайда бербей турган катаал күндө, ал азаматтарга күтүлбөгөндөй тартууларды берет. Акыретте жамалын көрсөтөт, өзгөчө коноктой сыйлайт, андан кийин баардык бул тартууларына Өз ыраазычылыгын дагы кошот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.