Аллага арналган күндөр

Качан Улуу Жаратуучунун чексиз кудуретине ишеним менен, пайгамбарлар убада кылган, олуялардын эскерген сакталган күндөрдү, келечектен туура кабар берген булактарына карасак, келечекти өзүнө таандык кооздугу менен көргөндөй болуп, үмүттөрүбүз дагы бир жолу жандангандыгын сезебиз жана бир убактарда колдон чыгарган бейишке карай канат кагып учкандай болобуз. Биздин бар болушубуз табият менен айкалышып, жүрөктөрүбүз диндин жылуулугу менен бирге болгон абалда учкандай сезебиз.

Ооба, ар күнү бирден белгилери көрүнгөндөй, алдыбыздан келе турган жылдар ушул убакытка чейин өткөн күндөрдөн дагы маанилүү жана руханий тереңдиктерге ээ боло турган окшойт.Эгер туура эмес иштер болуп кетпесе жана келечектен кабар берип турган жаркын белгилер биздин жаңылыш иш алып баруубуздун негизинде кыйрабаса, келечекте өлкөбүздө чоң өсүп-өнүгүүлөр болуп жашоо кереметтүү жана бүтүндөй жаратылыш руханий ааламды чагылдырат. Тарыхта кээде кайталанып туруучу, ал куттуу учур жан дүйнөбүзгө толук ачылыш алып келет жана жүрөктөрүбүзгө түбөлүктүүлүк сезимдерин бере тургандыгын үмүт кылабыз.

Өткөнгө жана келечекке терең назар таштасак, кайрадан жаңыланган эл болуунун белгилерин, өткөн замандагы улуу маданияттардын салтанатын кайрадан кайтарып алууну көздөгөн коомдук аброюбузду, мамлекеттер аралык сүйлөшүүнүн негизин түзүп турган маселелерди көрүп, угуп тургандай болобуз. Муну силер жүрөктөрүбүзгө акырындап келип, жайгашкан жана кээде толкуп турган ыймандын, үмүттүн, эрктин жана сезимдин үнү, кыйкырыгы деп айтсаңар дагы болот.

Жаз келгенде, жер бетинде түркүн-түстүү гүлдөр жайнап, ал гүлдөрдүн аңкыган жыпар жыты жер жүзүндөгү жалпы жаз мезгилинин маани-маңызын өз ичине камтый келип, аны биздин жан дүйнөбүзгө салат. Ошондой эле, сезим, көз караш жана кыймыл-аракеттерибиз менен азыктанган келечегибиз дагы бизге баардык таттуулугун сунат жана бизди кыялдагыдай дүйнөлөрдө саякаттатат.

Ал ыйык күндөрдүн улуулугу ыйманда, үмүттөн, эркте жана ал күндөрдөгү биз тарткан кыйынчылыктарда. Келечек, ошол күндөр менен курулуп, ошолор менен эскерилет. Ооба, эртеңки күндүн сүйүнүчү, кубанычы, өткөндүн кыйынчылыгынын, азабынын үстүндө акырындык менен баш чыгарып, бой керип өскөн урук сыяктуу эскерилет.

Көкүрөктөрүбүздө мындай жаздын илеби менен, эмитеден эле аны, руханий дүйнөбүздүн тереңдигинде сезип, жүрөктөрүбүздү ышкылуу козгогон бул сезимдери менен эң катаал окуялар болуп жатканда дагы ар дайым кубаныч сезебиз. Улуу Жаратуучунун ысымдарын чагылдырып турган жана түбөлүк ааламдын коридору болуп саналган, бул кулпурган дүйнөнүн кооздуктарын сезип жашай албайбыз, түбөлүк аны менен бирге боло албайбыз, айрыкча анын салтанаттуу жакшы доорлорун көрө албайбыз; бирок, өмүрүбүздү, түбөлүктүү жашоого болгон ыйманыбыз, үмүтүбүз менен түбөлүктүүлүккө карай учуп, бир жолу жоготкон түбөлүгүбүздү жүз жолу , миң жолу жашай алабыз. Акыретке болгон ыйманыбыздын арты менен элдик ой-максаттарыбызды жүзөгө ашыруу үчүн колдонгон чараларыбызды, өмүрүбүздү арнаган идеялогиябызды, ар дайым күткөн бактылуулугубузду, ылаззаттарыбызды бир канча эсеси менен сезип жашайбыз. Келечекте жетээрибиз анык болгон бактылуулукту, көңүлдөрүбүздүн төрүндөгү бейиштин элеси катары сезип жашайбыз, бизге андан башка эмне керек? Кыялыбыздагы андай бактылуулуктар үчүн учурдагы баардык ылаззаттар жана бактылуулуктар курмандыкка чабылса татыйт деп ойлойм.

Негизинде, Анын ышкысы жана Анын дарты менен жашагандар, башка баардык дарттарын унутуп, жүрөктөрүн Ага жолугуу арзуусуна толтура алышса, жан дүйнөлөрүнүн түпкүрүндө түбөлүктүүлүк сезимдерин сезе алышат, руханий ылаззаттарды татып, “Мындай ылаззатка бир өмүр жетпейт” деп айтат.

Ооба, Ага болгон сүйүүбүз баардык жерде жана баардык заманда Аны издөөбүз жана чөйрөбүзгө дагы ушул көз карашыбыз менен жылуулук тартуулап, баардык нерселерге ушул сезим менен кучак жаюубуз, чын дилден сүйүүбүз, ушул деңгээлдеги инсан болууга таандык таттуу нерселер. Муну сезе билгендер эч кандай арзуулары болбосо керек деп ойлойм.

Азыркы учурда болуп жаткан окуялардын жалпы көрүнүшү жана жашоонун өткөн заманга салыштырмалуу өзгөрүшү менен ыймандуу жүрөктөрдөн ашып-ташкан сүйүү менен ар бир жан дүйнөдө сезилген тирилүү аракети баардык жерде жанаша. Төгөрөктүн төрт бурчунда жылуу демдери менен жансыз ой-пикирлерге жашоо тартуулап, бүтүндөй дүйнө жүзү нурдуу чөлкөмдөрдү көздөй умтулууда. Ушундай инсандардын чөйрөлөрүнө жашоо тартуулап, жолун улап турушканда, жарыкты эңсеген жүрөктөр бул жаркыраган жүздөрдү жана аларга таандык сөздөрдү эртели-кеч көрүп, сезишет жана караңгыда жүрүп, жарыкты көргөндө дароо аны көздөй бет алган көпөлөктөр сыяктуу же күнгө карай жүзүн бурган күн карама сыяктуу, ал жарыкты көздөй чуркашат, жана көкүрөктөр дагы бир жолу тирилет.

Ошол доордун адамдары бизде болгондон дагы күчтүү сезим менен бири-бирине жүздөнөт, дагы бийик үндөр менен бири-бирлерине кайрылат жана ар дайым сүйүү деп турушат. Чындыгында, өткөн доорлордогу ушундай ыйык күндөрдө сүйгөндөр жана сүйүлгөндөр жашап келишкен. Сүйгөндөрдүн баары Мажнун, сүйүлгөндөрдүн баары Лейла болгон ушундай доорлордогу баардык ашыктыктар, сулуулуктар, кооздуктар Сулуулугу Чексиз Заттын канчалаган пардалардын артынан көрүнгөн карааны болгондуктан, эң башта баардык нерсенин асыл башаты болгон Ал, андан кийин деңгээлине жараша баардык нерсе сүйүлгөн, көкүрөктөргө кысылган жана Анын мөөрү катары ыйык деп бааланып келген. Ушундай доорлордун бактылуу адамдары дагы ар дайым сүйүү жана сүйүлүү менен жашап, тартылган кыйынчылыктарды түбөлүк бактылуулук жолунда чыдоо керек болгон сыноолор катары кабылдоо менен ар дайым кубанычтуу жашашкан. Ошондой эле бул инсандардын көкүрөктөрүндө ойгонгон Алланы таануу, Аллага болгон сүйүүнү күчөтө турган кээ бир себептер пайда болгондо, алардын руханий дүйнөсү чексиздикке жол тарткандай обологон жана толкуп:

“Миң жан бар болсо мен байкушта,
Ар бирин курбандык чалмакмын Сага.”

деп айтышкан жана ошондой деп айтуулары керек болчу... Себеби, белгилүү бир деңгээлден кийин өз күчү менен бутуна турган, ойлорун эркин билдирүү деңгээлине жеткен, жаратылышты түрдүү жагынан Алланы чагылдырган күзгү сыяктуу көрө алган инсандар үчүн материалдык нерселер руханиятка парда болбой калат. Бул жерде дарыядан бир тамчыдай деңгээлде айтууга аракет кылынган сезимдер, ойлор, үмүттөр, кубанычтар, ырахаттануулар көптөгөн элдик ой-максаттарыбыздын жүзөгө ашырыла турган, ыймандардын Алланы таануу менен тереңдеп, Алланы таануунун Аны сүйүүгө алмаша турган жаркын доордун бир канча тамчысы гана болуп эсептелет. Азырынча узактай көрүнгөн ал доор, ар бир адамдын жөндөмүнө жараша ар кандай көрүлсө дагы, баардык нерсенин орток сезим менен сезиле тургандыгына күмөн жок. Баары ушундай нерсени өздүк сезими жана көңүлүнүн тереңдигине жараша уланта беришсин; ыйман жана эрктин мүмкүн болбогон нерселерди боло турган абалга алып келишине жакын калды.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.