Күч-кубат ташкыны

Жарык-караңгы менен, адеп-ахлак жана улуу сапаттар адепсиздиктер менен бирдей орунда, инсандык аруулук булганыч нерселердин селине дуушар болуп турган дүйнөдө жашап жатабыз. Ооба, эч бир доордо, бул учурда болгондой мындай коркунучтуу көрүнүштө кыйроо жана өнүгүү бирдей жүргөн эмес. Баардык нерсе чагылгандай тездик менен, күндүн күркүрөгөнүндөй айбаттуу жана коркунучтуу абалда болуп жаткандыктан, бири-бирине карама-каршы көз-карашта болгондор, үмүт же үмүтсүздүктөрүн, кабылдоо же четке кагууларын билдирүү мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ боло албай калышууда.

Күч-кубатка ээ болгондор, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жек көрүү, душмандык менен, мурунку доорлордо бир кылым ичинде болуп көрбөгөн кыйратып-жоюулардын эң коркунучтуусун бир канча күндүн ичинде жасап, бир аракет менен өтө бекем түзүлүштөгү системаларды жер менен жексен кылууда. Бир демде коомдук түзүлүштөрдү кыйратып, анын ордуна жаңы түзүлүштөрдү орнотуп, элдердин түпкүлүктүү маданий баалуулуктарын талкалап, ишенимдерди жана көз караштарды чектеп, айрыкча акыркы учурларда массалык маалымат каражаттарынын күчү менен акыйкаттарды жалганга чыгарып, жалган негизсиз нерселерди акыйкат деп көрсөтүп, коомдук деңгээлде башаламандыкты пайда кылууда.

Дүйнө жаралгандан бери, эч бир доордо инсан укугу, инсан аброю, коомчулук, үй-бүлө, адеп-ахлак деген түшүнүктөргө мынчалык кайдыгер мамиле жасалган эмес.

Бүтүндөй бул нерселер менен бирге миңдеген жаңылыш нерселер өкүм сүрүп турган бул доордун эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү укуктардын күч алдында курмандыкка чалынуусу, пайда көздөөнүн баардык баалулуктардын алдына өтүүсү, улутчулдук жана текчилдиктин башка жалпы баалуулуктардын ордун ээлеши, коомдук жана коомдордун ортосундагы проблемалардын күч колдонулуу менен чечүүгө болгон аракеттер сыяктуу нерселер. Чындыгында, күч-кубаттын бар болушунда дагы өзүнчө даанышман сырлар бар. Бирок, ага таянуу менен чечүүгө аракет кылынган проблемаларда акыл, ой-пикирге баа берилбегендиги жана кайдыгер калтырылгандыгы чындык. Мына ошондуктан, дүйнөдө күч колдонуу менен ишке ашкан бир топ төңкөрүш жана өзгөртүүлөрдүн, кайрадан акылга туура келген абалга алынып келиниши үчүн жылдар бою аракет кылынса дагы ийгиликке жетилген эмес.

Ооба, күч-кубат, акыйкатты колдогон адамдардын колунда болсо, ой-жүгүртүү жол башчылыгында бир топ мүшкүлдөрдү чече ала турган күч болуп эсептелсе, сезим бийлеген орой ой-пикирдин өкүмү алдында ар дайым кыйраткыч курал болуп келген.

Ооба, Александр Македонскийдин башын айландырып, көз-карашын бузган, Наполеондун генийлигинин таш-талканын чыгарган, Гитлердин акылын аздырган нерсе ушул күч-кубат кутуртуусу. Учурубузда акыйкаттар, ой-жүгүртүүлөр, акылмандуулук бул кутурган күч-кубатка жеңилип, анын туткунунда жаткандыгы аянычтуу.

Бүгүнкү күнүбүздөгү башаламандыктардын жана карама-каршылыктардын артында дагы ушул кутурган күч-кубат бар деп ойлойм. Күч кубаттуу адамдардын акыйкатка моюн сунуулары, аларды ээрчиген топтордун күнүмдүк кыжаалаттануулардын айлампасынан чыгып, жашаган дүйнөлөрүнүн дагы жаңылышсыз көрө ала турган учурга чейин бул башаламандыктар өкүм сүрө берээри анык.

Өтө жакынкы келечекте, өз талабы жана мыйзамдары менен бизди дагы кучагына ала турган бул ааламдашуу доорунда ойгонуп, өзүбүзгө келбесек жана биз башкалар менен бирге жашообуз талап кылынган бул дүйнөнүн, укук-күч-акыл-ой жүгүртүүгө негизделген жана жаңылбай турган абалга келбесек, дагы бир топ убакыт башкалардын көргөзмөсү менен жашашыбыз анык.

Ооба, көздөрүбүз ар дайым өткөндүн көзөмөлдөө жерлеринен колдонуу менен келечекке үмүттүү карашы керек. Андай болбостон, бул кыйшаюулар ушундайча улана берсе, канчалаган жылдар бою ичинен чыга албай жаткан айлампаларды жолдо калтыра турган чоң өзгөрүш жана каргашалардын толкуну бизди кайра ордубуздан тура алгыс кылып, ыргытып салат. Жолубузду тоскон бул бөгөттөрдөн өтүүбүз үчүн, башкалардын бактылуулугун ойлогон адамдарга муктаждыгыбыз бар. Ооба, бүгүнкү коомчулук башкалардын бактысын ойлогон жана башкалар үчүн жашаган адамдарга муктаждыгы бар.

Бул азаматтардын сүйүүгө толгон ой-пикирлери көпчүлүктүн жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк тапканда, адамзат тайпасындагы баардык мүшкүлдөр чечилет.

Коомдук деңгээлдеги каатчылыктарыбыз жана эл аралык байланыштардагы зор мүшкүлдөрүбүз бир-бирден чечилет.

Эң оболу, өз элибиз, андан кийин жалпы адамзаттын пайдасына ушундай деңгээлге чыгуу аракети, дүйнөлүк келишим, дүйнө тынчтыгы жана тартиби үчүн маанилүү негиздер жана адамзаттын үмүтү болуп саналат. Бул үмүттөрдү ишке ашыруу үчүн жасалган ар бир аракет, акыйкатты жогору көтөрүү багытындагы ар бир аракет Аллага карай ташталган туура кадам болуп саналат. Бул багытта ташталган ар бир кадам, кичине болсо дагы, күтүлгөн чоң нерсенин бир бөлүгүн түзүп турат. Ооба,бул кошумча аракеттер толугу менен бактылуу келечектин көлмөсүн толтурган булак болуп эсептелет. Биз анын сызып агып көл боло турган, агып-агып нукка түшө турган күндөрүн кыялдануу менен жашап жатабыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.