Кыялыбыздагы келечек

Келечекти өзүнө таандык терең маанилери менен сезе билүү, аңдоо азыркы учурда куру кыял сыяктуу көрүнсө дагы, негизинде ишеним, үмүт, эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк менен камсыздалган акыйкат. Кыялдарыбыздагы бул акыйкаттын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү, бир канча жылдан бери колубуздан чыгарган бейпилдик, тынчтыктын кайтып келиши. Буларды “келечектин көрүнүктүү өзгөчөлүктөрү” деп атадым. Себеби, бүгүнкү күнүбүздө баарын эң көп сагындырган нерселер, ошолор. Ооба, бул өлкөдө мотор үнү, ж.б. үндөрдүн тынчсызданган, мылтык үндөрү менен коркутулган жүрөктөрүбүздүн каалаганы тынчтык жана бейпилдик. Узак жылдар бою, арзуу жана кыялдарыбыз, алар менен жолугуу учурунун таттуу кыялдарын жыпар жыт жана жагымдуу кайрыктар сыяктуу кабыл алып ырахатка бөлөнөбүз.

Биз менен бирген бир булактан суу ичкендердин баарынын кээде жагымдуу мелодия ыргактарынан дагы тереңирээк таасир калтыра турган мындай тынчтык жана бейпилдикти күтүп жатат деп ойлойм. Учурда, бир бакчага, ал гана эмес Фирдаус бейишине кирүүгө тең келе турган мындай мүмкүнчүлүктүн болушуна ишене албасак да, келечекте, бул биздин демейдеги жашообуз боло тургандыгындай күмөнүм жок. Учурубуздун караңгы чөйрөсүндө буларды куру кыял деп санагандар, ошол тынчтыкта жана бейпилдикте жашай турган күн келсе дагы, балким, булар дагы эле караңгы көрүп, караңгы ойлоп жана руханий дүйнөсү караңгы бойдон акыретке жол алышат.

Негизинде, бейпилдик жана коопсуздукта жашоонун сезилиши, биз ичинде жашап жаткан ызы-чуу, жек көрүү, душмандык көз жаштары менен бизди курчап турган чөйрөдөн чыгышыбыз менен байланыштуу. Ооба, учурдагы абалыбыз бейпилдик, коопсуздук жана тынчтыктан куру жалак болгондуктан, жылдын бир канча айын бир корукта, бир булуңда, бир аралда өткөрбөсөк, аны сезип, туюбуз мүмкүн эмес. Ал гана эмес, кээде четтөө дагы чыныгы бейпилдикти сезүүгө жетпеши мүмкүн. Аны толук сезип, сагыныш үчүн, инсандык сезимдерибизди толкута турган, оболотуп, учура турган чөйрөгө муктаждык бар деп ойлойм. Кээде, мындай четтөө менен дагы чыныгы бейпилдикти сезе албашыбыз мүмкүн. Аны толук сезип, арзуу кылуу үчүн, дагы олуттуу четтөөлөргө жана инсандык ой-пикирин толкута турган, оболото турган чөйрөлөргө муктаждыгыбыз бар деп ойлойм. Көптөгөн жылдар бою, бул өлкөдө ушундай руханий бейпилдик өкүм сүрүп турган.

Чындыгында, кемчиликтүү жана оңоп-түзөөгө муктаждыгы бар бир топ жактарыбыз бар эле. Бирок, жашоонун ар бир бөлүмү; айыл-шаар, аскер-жаран, жаш-кары, илимпоз-карапайым эл баары биргеликте эрктүү, үмүттүү бейпил жана коопсуз бир өлкөнүн жараны, бир элдин мүчөсү болуп көрүнчү. Эч кандай ызы-чуу, кыйкырык, чектен чыккан толкун, бул элдин тынчын буза албайт. Эч кандай жат үн анын бейпил чөйрөсүнө кире албай, баардык жакта элдик маданият коштогон тынчтык өкүм сүрүп турчу.

Ошондуктан, бактылуу келечек, өткөндөн мурас болуп калган бейпил турмуш менен коштолуп, өткөн күндөрдү дагы бир жолу жашообуз мүмкүн. Ал бактылуу учурда, коомчулуктун түрдүү тайпалары ортосунда кагылышуулар жана уруш-талаштар, зулумдун айкырыгы кордук көргөн адамдын онтогону, көңүлдөрдү ирээнжиткен кыйкырык, ыйлап-сыздоо, коомчулукту ар күнү кайгыга салган терроризм жана анархия болбойт. Андай өлкөнүн адамдары, жогорулардан келген жүрөгүнө кирген сүйүү менен бактылуулукта жашайт.

Ооба, ошол күн келгенде, жек көрүү, душмандыктар жоюлуп, басаңдап, биз күбө болгон ар бир көз кооз чөйрөдөн уккан ар бир мукам үндөрдөн, жүрөгүбүзгө башка ааламдан келген сезимдер орноп, бүтүндөй жаратылыш өз кайрыктарын созолонтконун кулак төшөп магдырайбыз. Ички дүйнөбүздү толугу менен бийлеп алган кооздуктардын көлөкөсүндө жакшы нерселерди ойлоп, ырахаттана жашоо менен баардык нерсени ички сезимдерибизге жараша жоромолдоп, ыймандуу болуунун баардык жакшылыктарынан пайдалануу жана убактылуу жашообузду түбөлүктүүлүккө карата жөнгө салабыз. Ким билет, балким, жүрөктөрүбүзгө өтө терең, сөз менен айтып жеткире алгыс маанилерди салып, чыныгы адамдык сапаттарыбыз менен көркөмдөгөн сырдуу учур жана чөйрөгө ээ жетип, баардык инсандарды ал гана эмес жалпы жаратылышты, жүрөктөрүбүздү толтурган ылаззат менен сезип, инсандык табиятка тиешелүү болгон бир топ жагымсыз сөз жана көрүнүштөргө дагы алдырбастан, өмүрүбүздү бейиш дализинде сейилдеп жүргөндөй абалга алып келебиз. Себеби, бул бейпилдик жана тынчтык биздин өткөнүбүздөн мурас калган маданиятыбыздын ар бир бөлүкчөсүндө бар жана коомдук мүнөзүбүздүн маанилүү бөлүгүн түзүп турат.

Ооба, ар бир доордо, ал доорду жогорулаткан баалуулуктардын, ийгиликтердин, ал бактылуулуктарды алып жүргөн инсандардын ой жүгүртүүлөрүнүн деңгээлине жараша жаратылыштын маани-маңызынын жана бул маанилерди түрдүү талдоо менен тереңдеткен көз караштардын көкүрөктөрүбүзгө сиңген таттуу эскерүүлөрү бар. Биз алардын баарын сезип турабыз. Б.а. кайрадан дагы бир жолу ички дүйнөбүздө тынчтык жана бейпилдик орноп, нерселердин парда аркасындагы маанилерине көкүрөгүбүз ачылып, жалаң акыйкаттар себептердин алдына өтүү менен бизге ушул убакытка чейин болгондон дагы көбүрөөк нерселерди кабар бере тургандыгына ишенебиз. Жакынкы келечекте, баары тынчтык, бейпилдиктин артынан чуркашат. Себеби, адамзат жаралган күндөн бери, ар кандай жардылык жана жокчулукка карабастан, жашоосун улантып келген, бирок, бейпилдик, тынчтык жана сүйүүсүз жашай алган эмес. Ааламдашуу учурунда дагы инсандар мындан муктаж болбой калуулары мүмкүн эмес.

Албетте, бул ой-сезимдер кээ бирлерибиздин жүрөктөрүндө кеңири тамыр жайган. Келечекте алар өсүп-өнүгөт. Бул маанилер жүрөктөрүбүзгө бекем орногондуктан, биз аны сезе баштадык. Биз азыр үмүт кылган бул нерселер, келечекте жүрөктөрүбүздү сүйүү жана толеранттуулук өсүп-өнгөн алтын өрөөнгө айлантат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.