Алланы сүйүү

Жүрөктөрдү душмандык сезими ээлеп, өч алуу, жек көрүү баардык жерде өкүм сүрүп, баардык адамдар бири-бирине душман болгон бул күндөрдө, биздин суу жана абага караганда сүйүүгө дагы көбүрөөк муктаждыгыбыз бар. Азыркы учурда сүйүүнү унутуп койгон сыяктанабыз. Мээрим деген сөз сөздүктөрдө гана жазылган бойдон калды. Бири-бирибизге мээримибиз, инсандарга сүйүүбүз жок. Аёо сезимдерибиз жоголуп, таш боор болуп калдык.

Жеке адамдардын жана элдердин ортосунда коркунучтуу бөлүнүп-жарылуулар бар. Сөздү “биз”, “силер”, “алар” деп баштайбыз. Бөлп-жаруу аракеттери токтобойт. Бири-бирибиз менен ынтымак жана биримдигибиз жок, жиби үзүлгөн таспинин таштары сыяктуу ар тарапка чачылдык, каапырлардан дагы көрбөгөн жамандыкты бири-бирибизден көрүп жатабыз.

Негизинде, биз Алладан алыстадык, Алла дагы бизи бири-бирибизден алыстатты. Аллага ишенип, Аны сүйө албадык, ал биздин жүрөктөрүбүздөн сүйүү сезимдерин алып койду. Аллага карата сүйүүдөн куру жүрөктөрүбүздү ар дайым өзүмчүлдүк, менменсинүү жана бөлүнүп-жарылуу сезимдери ээледи. Баарыбыздын каргышка калгандай түрүбүз бар, мээрим, ырайым жана адамгерчиликке муктаж. Азыркы учурда болсо дагы, кайрылып Алланы сүйө алсак, Алла дагы бири-бирибизди сүйдүрөт. Бирок, сүйүүнүн негизги булагынан алыспыз. Жүргөн жолдорубуз бизди Аллага алып барбай, тескерисинче, Андан алыстатууда. Узак жылдар бою, ички дүйнөбүздө сүйүү жамгырлары жаабай, жүрөктөрүбүз жылан, чаян ийиндерине толгон какыраган чөлгө айланды. Баардык бул мүшкүлдөрдүн чечиле турган жолу бар, ал Алланы сүйүү.

Алланы сүйүү баардык нерсенин башаты жана бүтүндөй сүйүүлөрдүн эң таза жана тунук булагы. Көкүрөктөрүбүзгө сүйүү жана мээрим Андан агып келет. Аны менен болгон байланышыбыздын негизинде баарды инсандык байланыштар бекемделет. Алланы сүйүү биздин динибиз, ыйманыбыз жана денедеги жаныбыз. Жашообузда аны менен жашадык. Учурубузда дагы эгер жашоону кааласак бир гана Алланы сүйүү менен жашай алабыз. Жаратылыштын өзөгү, маңызы жана негизи-Аны сүйүү, натыйжасы болсо, бейиш. Жараткан баардык нерсесин ошол сүйүүгө байланыштуу кылып жараткан. Жаратылыш жана инсандар менен болгон байланышты сүйүктүү болуу руханий ылаззатына байлаган. Сүйүүнүн мекени рух, биз аны кайда багыттасак дагы ал ар дайым Аллага жүздөнүп турат. Жүрөктөгү сүйүүнүн чаржайыттыгы жана көп нерсеге арналышы биздин напсибизге тиешелүү. Баардык нерсеге карат болгон сүйүүнү Аллага арнасак жана аны чыныгы баалуулугуна чыгара алсак, чаржайыттыктан кутулуп, сыртынан сүйүлгөн нерселердин негизинде ширкке кирүүдөн сактана алабыз жана жалпы жаратылышка карата болгон сүйүүбүздө жана байланыштарда туура жолдо болобуз.

Буддар, аларга сыйынылгандыгы үчүн бутпарастарда кудай деп эсептелип келген. Алла Алла болгондугу үчүн сыйыныла турган жана Сүйүктүү Зат. Биз ар дайым Аллага кулчулукта болобуз. Аны сүйгөндүгүбүздү билдирип, кыймыл-аракеттерибиздин шүгүрүн келтирип, ар кандай абалыбызда Ага карата болгон байланыштарыбызды чагылдырууга аракет кылабыз.

Мажазий сүйүүлөрдө сулуулук, улуулук, байлык, атак-даңк, бийлик-мансап, үй-бүлө, бала-чака, урук-тууган сыяктуу нерселер бир сүйүүнүн себепчиси катары кабыл алынган. Кээде буларга карата болгон ашыкча сүйүүнүн себебинен ширкке киргендер дагы болгон жана көпчүлүк бутпарастык ушундай адашуулардын негизинде келип чыгышы мүмкүн. Андай адамдар көп жолу сулуулукка кызыгат, улуулуктун жанында чарк айланат, байлык жана бийликке жетүү үчүн инсандык абройлорун курмандыкка чалат, бийлик-мансап үчүн ар түрдүү адамдарга жагынууга аракет кылат. Ар дайым түрдүү ырыскы, неъматтары менен бизге өзүн тааныткан улуулуктун жалгыз ээси болгон Аллага карата арналышы керек болгон сүйүүнү, алсыз макулуктарга арнап, ал баалуу каухарды текке кетирүү менен, көпчүлүк учурда ашык болгон адамынан же буюмунан жооп ала албаштыгы анын оопасыздыгы. Бул арзыбаган нерселер аны кул кылып алуусу менен ал кайра-кайра өлүп тирилет.

Момундар болсо, жалгыз Алланы сүйүшөт жана башкаларды дагы Алла жараткандыгы үчүн сүйүшөт. Жаратуучунун ыраазычылыгына жана сүйүүсүнө ээ болуу үчүн баардык нерсе жана баардык инсандар менен байланышта болот, Анын атына аларды барктап, даңазалайт жана аларга сүйүүсүн жарыя кылат.

Негизинде, Алланы эске албастан, башка нерселерге карата болгон байланыш чаржайыт, келечектен үмүттөндүрбөгөн, натыйжасыз сүйүү болуп саналат. Момун-мусулман оболу Алланы сүйүп, башка баардык сүйүктүү нерселерге Анын сыпаттарынын түрдүү күзгүсү катары карап мамиле кылуусу шарт. Жаратылышка ушундайча баа берүү үчүн, ар дайым таза бойдон сакталган жүрөк керек. Негизинде, окуй алгандар үчүн жаратылыш, айрыкча инсандын жүзү Алланы чагылдырып турган, жаркылдаган күзгү жана өзүнчө бир улуу дастан болуп саналат. Ушундайча адам баласы ал купуя сулуулуктун күзгүсү болгондуктан, чын дили менен Ага жүздөнүп, ар дайым Аны көрүүгө аракет кылышы керек. Ар дайым Ага жетүү, Анын сүйүктүүлөрүнүн арасына кошулууга аракет кылышы зарыл. Ушундай көрүнүштө гана Алланын сүйүүсү анын жүрөгүнөн орун алат.

Алла сүйүүсү пенденин жүрөгүнөн орун алгандан кийин ал ар дайым Аны ойлойт, Анын жакындыгын сезип жашайт. Кээде Аллага болгон сүйүүсү менен жүрөгү алоолонот. Аллага болгон сүйүүнү Анын ага бир белеги, тартуусу катары кабыл алат. Ичтен күйөт, бирок, абалды түшүнбөгөн наадандарга сыр билгизбейт.

Бул жол баардык пенделерге ачык болсо дагы, бул жолдун жолоочусу ыкыластуу жана чечкиндүү болушу керек. Ар бир момун-мусулман сулуулуктардын, улуулуктардын Ага таандык экендигин көрүп, сезе алгандыгына жараша бүтүндөй бул ортомчу нерселер жүрөктө пайда кылган сүйүү менен Ага жүздөнөт жана Анын затына ылайык сүйүү менен сүйөт. Албетте, Жаратуучуну Жалгыз деп тааныган жана ислам негиздерине баш ийген жүрөктө сүйүүнүн адашуусу болбойт. Андай жүрөктүн ээси болгон инсан Алланы Алла болгондугу үчүн сүйөт жана сүйүүсүн башка нерселерге арнабайт. Ал ар дайым жүрөгүнөн оргуштап турган сүйүүнү Куран жана Сүннөт койгон эрежелер менен сыноодон өткөрүп, буларды инсандык толкуу менен жүргөн жолдорунда жол жээгин тоскон тосмо сыяктуу колдонуп, Аллага болгон сүйүү менен жалындаганда дагы ар дайым туура жолдо болот; Аны баардык нерсенин чыныгы ээси, көзөмөлдөөчүсү, ысымдары менен белгилүү Зат болгондугун, Өзүнө тиешелүү улуулугуна жараша терең сүйүү менен сүйөт.

Жаратуучуну Жалгыз деп тааныган момун-мусулман, ар кандай абалда, ар кандай жерде Аллага көңүлүн берип, ар бир кыймыл-аракети менен Анын кулу экендигин жар салат жана Алла үчүн эң башта адамзаттын сыймыгы болгон жана Алланын Заты, сыпаты жана ысымдарын туура тааныткан Мухаммед Мустафаны (а.с.), бүтүндөй жалпы пайгамбарларды (а.с.), олуяларды, Алланы чагылдырып турган тунук күзгүлөрү, Анын тандалган пенделери болгондуктары жана Анын буйруктарын аткаргандыктары үчүн; жаштыкты, ушул убактылуу жашоону талдап, пайдалуу өткөрүү үчүн Алла тарабынан берилген тартуу болгондугу үчүн; бул ааламды Улуу Жаратуучунун ысымдарынын күзгүсү, акыреттин эгин талаасы болгондугу үчүн; ата-энелерди мээримдүүлүктүн каармандары катары балдарын өстүрүп-чоңойтуу милдеттерин моюндарына алгандыктары үчүн, балдарды ата-энелерине жакшы мамиле кылуу менен карап, аларга мээрим көрсөткөндүктөрү үчүн сүйөт. Бул нерсе Аллага карата ыкыластуулук жана жаратылышты Алла үчүн сүйүү болуп саналат.

Мушриктер сүйгөн нерселерин Алланын ордуна коюп, сүйүшөт, момундар болсо Алла үчүн башка макулуктарды сүйүшөт. Алланы сүйгөндөй сүйүү менен Алла үчүн сүйүү бири-биринен өтө чоң айырмачылык менен айырмаланып турган нерселер. Алла үчүн болгон мындай сүйүү, ыйманга негизделген, ибада сыяктуу болгон ыйык сүйүү жана чыныгы момундардын белгиси. Тулку бой жана напсинин арзууларына негизделген сүйүү кумары инсан табиятында бар болгон моралдык бузулуштун кайрыктары болсо, Аллага карата болгон сүйүүдөн башталып, ааламдагы баардык нерселерди камтыган сүйүү жана ошол сүйүү менен жашаган адамдар, көктөгү периштелердин ыйык азыгынын деңгээлинде. Ошондой эле сүйүү, материалдык-руханий баардык нерсени сүйүктүүсүнө арнаса, бүтүндөй сезимдер ошол сүйүүнүн кайрыктарына термелет. Мажазий сүйүүгө кабылгандар, көчө кыдырып сүйүүсүн жар салат. Алланы сүйгөндөр сүйүүсүн жүрөгүндө купуя сактап, ички сезимин Аллага билдирет.

Алланы сүйүүдө эч качан башка бир пайда көздөп эмес, Алла Алла болгондугу үчүн сүйүшөт. Рабиятул Адавия сыяктуу: “Сенин Затыңа касам ичүү менен айтамын, Сага бейишке кирүү үчүн кулдук кылбадым, Сени сүйдүм жана кулдугумду ошого байладым” деп жакындайт жана ар дайым Анын берген ырыскы, тартууларын эскерет. Жүрөктөрү менен ар дайым Аллага жакын болууга аракет кылат, акыл, ой-пикири менен Анын ысымдар чагылып турган жаратылышта кезип, баардык нерседе сүйүүнүн кайрыктарын угуп, ар бир гүлдө сүйүүнүн жытына мас болот.

Сүйүү ушунчалык деңгээлде жүрөктөн орун алганда, баардык карама-каршылыктар келишимге айлангандай сезилет. Көрүнгөн-көрүнбөгөн нерселер, жакшылык-кырсык, ачуу-таттуу, ырахат-машакат бирдей көрүнөт.

Жүрөгү ар дайым Аллага кулдук сезими менен согот жана сүйүктүүсүнүн каалоосуна каршы чыгып калуудан коркуп титиреп, кулап калбаш үчүн жалгыз таянычка таянат. Анын ушунчалык деңгээлде ар дайым сүйүктүүсү менен мамилени бекемдөөгө умтулуп, аракет кылуусу, бара-бара аны көктөгүлөр жана жердегилерге сүйдүрөт. Анын оюнда бир гана Алла бар, башка бир нерсеге көңүл бурууну Аллага болгон сүйүүго кыянаттык деп эсептейт. Бирок, өзүнөн-өзү келген тартууларды кайтарууну сыйлабастык деп билип, эмне келсе, аны барктай билет жана “Булардын истидраж болуп калышынан сакта” деп дуба кылат. Сүйгөн адам үчүн ашыктык өтө улуу насип, сүйүктүүсүн арзуу, каалоолорунда эрип кетүү кол жеткис бакыт. Сүйүүнүн башатында тооба, инааба, ауба, таяккуз, сабыр сыяктуу сүйүүгө алып баруучу нерселер. Жыйынтыгында ашыктык, шаук, иштияк, унс, ыраазычылык, тамкийн сыяктуу баскычтарды басып өтүү керек. Сүйөм деп айтуу үчүн жеке каалоолорунан арылуу шарт. Жогорудагы абалдардын бирөөнүн инсандын жүрөгүнө толук өкүм жүргүзгөндүгүнө жараша анын кыймыл-аракетинде дагы бир топ өзгөрүүлөр болот. Кээде барып бугун чыгара ыйлай турган ээн жерлерди издейт жана көкүрөгүндөгү ыйын Аллага төгөт.

Сүйүү маърифаттын (Алланы таануу) чөлкөмүндө өсүп жетилет. Маърифат илим жана ар түрдүү сезимдер менен азыктанат. Алланы тааный билбеген, Аны сүйө албайт. Сезими сокур билимсиздер Алланы тааный албайт. Кээде сүйүү Алла Таала тарабынан жүрөккө коюлуп, ички сезимдерди козгойт. Баарыбыз ушундай кошумча тартууларды күтөбүз, бирок пландарын адаттан тышкаркы нерселерге куруу менен күтүү башка, машакат, кыйынчылык тартып, Алла сүйүүсүнө жетүү үчүн умтулуу башка.

Сүйүү алардын жаны. Алар денесиз туруулары мүмкүн, бирок жансыз тура алышпайт. Алардын көз карашы боюнча денеге жан өкүм жүргүзүп турган болсо, ал денеде бир гана Алла сүйүүсүнөн башка эч нерсе болбойт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.