Ажылык

Ажылык деген сөз арабчада бир тарапка жүздөнүү деген маанини берет. Ажылык – белгилүү бир убакыт ичинде, белгилүү бир жерлерди, өзгөчө шарттарды аткаруу менен зыярат кылуу. Жылдын белгилүү күндөрүндө ажылыкты ниет кылуу менен ихрамга кирип, Арафатта бир канча убакытка туруу жана Каабаны тооп кылуу, айлануу болуп саналат. Ихрам кийүү ажылыктын шарты, Арафатта туруу жана Каабаны айлануу ажылыктын парздары.

Ар жылы, төгөрөктүн төрт бурчунан жүз миңдеген инсандар Каабага бет алып, ыйык бир мезгилде Алла Таала тарабынан белгиленген кээ бир жерлерди өзгөчө шарттарды аткаруу менен зыярат кылышат, милдеттерин орундатышат жана күнөөлөрдөн арылышат. Мындай милдет “Каабага барууга күчү жеткен, мүмкүнчүлүгү бар адамдын Каабага зыярат кылуусу Алланын инсандардын үстүндөгү акысы” деген буйрук менен Исламдын беш негизи катары, күчү жеткен ар бир инсанга парз кылынган.

Ажылык, мусулмандардын ортосунда коомдук биримдикти негиздеген жана көрсөткөн өтө улуу ибадат.

Ар жылы жүз миңдеген инсандар Аллага карата пенделик жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн, Аллага эң жакын боло турган бир убакыт ичинде, ыйык жерде орундатыла турган ибадаттарынын терезесинен сезимдерин, ой-пикирлерин төгөт, убадаларын жаңыдан тастыктайт.. күнөөлөрүнөн арылышат, бири-бирлерине карата жоопкерчиликтерин эстешет жана эстетишет. Социалдык, экономикалык, башкаруу жана саясий иштерин, баардык жактары менен Аллага кулдукту элестетип турган ибадат чөйрөсүндө, жүрөктөр ээрип, сезимдер козголуп турган учурда, дагы бир жолу карап чыгып, андан кийин жаңы күч, жаңы дем менен өлкөлөрүнө кайтышат.

Бул ыйык сапар ар дайым жан дүйнөбүзгө башкача сезимдерди тартуулайт. Кээде кубаныч, кээде өзүңдү өзүң эсепке тартуу сезими менен ойго батып, өзүбүздү акыреттин коридорлорунда жүргөндөй сезебиз.

Кааба, көз карашы туура болгон адамдар үчүн бир бизге, бир акыретке караган, кээде кубанган, кээде кайгыга чөмүлгөн абалы бар.

Кааба – үйүбүздүн төрүндө отуруп, балдарынын, неберелеринин кубанычтарын бөлүшкөн, кайгыларын жүрөгү менен сезген эне сыяктуу. Турган жеринен айланасына көз чаптырат; кээде кайгы тартып, кыйналат, кээ кээде кубанычка бөлүнүп жүзүндө жылмаюу уялайт. Тоопто баары өзүн, энесинин колунан бекем кармап алган бала сыяктуу өзүн коопсуздукта сезет. Ооба инсан, ал миңдеген, жүз миңдеген инсандардын ичинде, руханий сезимдер менен анын айланасында айланып жатканда, Аллага багыт алып бара жаткандай ышкы менен жүрөт. Денесинин жарымынан көбү ачык, ихрам кийими ийнинде таскак менен жүрүп баратканда бир аз корккон, бирок, ошончолук үмүттүү. Инсан, ал ыйык көпчүлүктү көргөндө, тавафка кире электе эле башкача руханий сезимде болот. Бул эски бирок эскирбеген имараттын чөйрөсүндө ар бир көз ирмемде жаңы сезимдер менен толкуп кайтканда, кыялдарыбызга кирип келген сезимдерге, жүрөктөрүбүзгө кирген нурларга таңданабыз. Ар бир кадам коюшубузда, сырдуу бир эшик ачылып, бизди ичкериге чакыра тургандай сезим менен жүрүп отурабыз жана бизге белгисиз болгон бир ылаззатка карай бара жаткандай, жүрөгүбүз кабынан чыгып кетчүдөй толкундоо менен согуп жаткандыгын сезебиз. Ошол учурда турган жерибизден Каабанын жүрөгүбуздөн орун алган улуулугун, кереметин денебиздин баардык тарабы менен туябыз.

Бул ойлор менен кээде, бир канча себептерге байланыштырып ачыктоо мүмкүн болсо дагы, көпчүлүк сезимдерди сүрөттөй албай үнсүз отуруп калабыз. Албетте, Кааба жана анын чөйрөсү, материалдык шарттары жана сырткы көрүнүштөрүнүн өзүнчө мааниси болсо дагы, ички маңызы белгисиз, руханий болгондуктан баары эле аны түшүнө бербейт. Ошону менен бирге, катардагы инсандар, жан дүйнөсү терең адамдар, аалым-сабатсыз, жаш-улуу адамдардын баарын андан бир нерселерди сезип, бирок башкаларга айтып бере албай турган көп нерсе бар.

Каабадагы бул терең маани-маңыздын негизинде ал жердеги баардык нерсе, башка учурлардагыдан өзгөчө ажылык сезимине оролгондо, башкача ажайып көрүнүшкө ээ болот жана адам баласы анын бул кереметине арбалып, ушул сезим кучагында жогорулоо менен Жаратуучусуна жолугат. Бул деңгээлге жеткен рухтун таваф намазы, шүгүр саждасы, ичкен суусу бейиш каусары болот.

Каабанын айланасында таваф кылуу, тасаввуфчулар айткандай, ыйык сезим, ыйык ойдун айланасында жана өзүбүздүн жан дүйнөбүздө тереңдөөнү максат кылган бир саякат болуп эсептелген “Сайру филлахка” окшото турган болсок, калк арасынан Аллага, Алладан калктын арасына түшүп-чыгуу болгон “сайру илаллах”, “сайру миналлах” деген маанилер менен аныктама бере турган болсок туура болоор. Ооба, Сафа-Марва ортосундагы барып келүү учурунда ушундай ойлор келет.

Инсан чуркай турган жерге келгенде, чуркап издөөнүн, жардам суроонун көрүнүшүн жашайт. Ал жерде маанилүү бир нерсенин артынан чуркап жүргөндөй, токтобой изделет. Изделген нерсе табылганга чейин барып келүүлөр улана берет. Байтуллахтын айланасында руханий тереңдөө болсо, бул жерде бир сызыкта барып келет, пайгамбарларга ылайык сезим менен, башкалардын бактылуулугу үчүн жашоо, башкалар үчүн кубанып, башкалар үчүн ыйлоо, ал гана эмес, башкалар үчүн өлүү аракетинде болот.

Бирок, дагы эле баардык нерсе бүтө элек; Аллага жүздөнүп бара жаткан бул инсандарды күткөн узун сапар бар. “Мина” аларды күтүп жатат. Асман эшиктеринин ачылган үнү угулган “Арафат” алардын жолун карап, “Муздалифа” күтүп жатат.