Өздүк маңызыбызга карай

Бир канча кылымдардан бери өз жолунан адашкан ушул дүйнөдө баары түрдүү максаттын артынан чуркоодо, биз дагы өздүк маңызыбызды издеп жатабыз. Биз издөөнү уланта алсак, өздүк маңызыбызга жете турган күндөрдүн өтө жакын экендигин айта алабыз. Ооба, инсандарыбыз өздүк маңыздарына жана маданиятына багыт ала турган күндөр жакындап калды. Бул бактысыз учурда, өзүнүн дүйнөсүн таштап, таңкалыштуу изденүүлөргө кирген акыркы муундар материализмге корголоп же түрдүү фантазияларды ээрчиди же түрдүү бейбаштыктарды жасап, чектен чыкты. Кээде жырткычка айланып, кан төктү, кан төгүүнү гана ойлоду жана канкор сыяктуу жашады. Анын бул чаржайыт жашоосу, бул ырайымсыз чөйрөнүн кылган иштерине жан чыдагыс абалга келген ушул учурубузга чейин уланып келди.

Бирок азыр, аз болсо дагы боштукта жашап жаткандыгын сезип, башка көз караштарга баш багууга, ыйман тууралуу сүйлөп, өткөнгө баа бере баштады...Ооба, кечээги эле күнгө чейин Алланы, Пайгамбарды (с.а.в) оозуна албай, элди басынтып, тарыхый баалуулуктарыбызга тил узатып жаткан болсо, бүгүнкү күндө ал көз караш, ой жүгүртүүлөрүн, руханий терең маани менен кооздоодо. Биздин руханий баалуулуктарыбызды көкөлөтө турган бул куттуу күндөр, үзгүлтүккө учурабастан дагы чейрек кылымга созулса, мамлекеттер аралык теңдештикте элибиз улуу ийгиликтерге жетээри анык.

Бүгүнкү күнгө чейин руханий күчтөрүн жоготкондор, арзыбаган нерселер үчүн, өнүмсүз топуракта чирип калган уруктар сыяктуу жок болуп кете беришти. Ооба, бүгүнкү күнгө чейин болоору болду жана тарыхый жаңылыш жоромолдордун жазасы катары, көп курбандыктар берилди, намыс тебеленди, элдик моралдык тазалыгыбыз бир канча ирет ылайланды. Мындан кийин, ниеттерибизди дагы бир жолу изилдеп чыгып, келечегибиз көз жаш менен канга жуулбашы үчүн сезим, көз караш жана кызматта боштук калтырбай, ар дайым сергек болушубуз керек. Катуу куюн, шамалдар токтоп, келечектен үмүттөндүргөн белгилер биринин артынан бири көрүнө баштаган ушул доордо колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, учурду жандандыруу менен аны өз пайдабызга колдонушубуз керек. Сырлары, маани-маңызы, мазмуну жана чексиздиги тууралуу жаңыдан гана бир нерселерди сезе баштаган ушул жаратылыш китеби өз үнүн жана сырларын биздин жүрөктөрүбүзгө угуза турган күнгө чейин сабыр менен күтөлү жана элибиздин келечегинин жакшы болушун каалабаган сырткы душмандарыбыз менен ымала түзүп, жакынды алыстатып, ийгиликке жете турган учурубузда, жоготууга учурабайлы.

Ооба, келечектен үмүттөндүргөн, миңдеген белгилери байкалып жаткан ушул доордо, келечекти кура турган азаматтардын руханий дүйнөсүнө өз жолубуз менен багыт берсек, элибиз эзелтеден берки келген руханий жана тарыхый баалуулуктарыбыз менен жандуу абалда жаркын жашоого кадам таштасын. Биз коомубуз менен биргеликте бул өтө маанилүү ишти жүзөгө ашырууга аракеттенип жатканда, билип же билбей, бул маанилүү иш-аракеттерге каршы чыгууну каалагандар, ага маани бербегендер, ал гана эмес аларды жаңылыш деп баалагандар дагы чыгат. Бүтүндөй буларга каршы биз дагы бир тараптан эрктерибизди жакшы иштерди аткарууга карай ийилген тараптарды бекемдеп, бир тараптан, баардык иш аракеттерибизди ыкыластуулук менен аткарып, жаңылыш пландоолорго жол бербешибиз шарт. Максатыбыз Алланын ыраазычылыгы, жол азыгыбыз ыйман жана ыкылас болсо, бизге ар дайым Алланын жардамы болушуна ишенебиз. Аллага карата болгон кулдугубуз менен дүйнөнүн төрт бурчуна сепкен үрөнүбүз Анын жардамы менен өнүп-өсүп, мезгили келгенде жетиден, жетимиштен түшүм берет.

Биздин келечекке карай таштаган кадамыбызда ыйман, илим, пикир, ибадат айкалышып, аны себептерге көңүл буруу жана тобокел коштоп, үмүтүбүз бизди алга сүрөп, сабырыбыз бизди туруктуу кылып жандап барат. Биз жолго чыксак, Алла Таала көздөрүбүзгө жогорку ааламдардан келген жарык нурларды көрүү, кулактарыбызга сөздөрдүн эң туураларын угуу жөндөмдүүлүгүн жана көкүрөктөрүбүзгө даанышмандыкты берип, колдоого алуу менен бул ыйык жолдо жалгыз таштабайт. Эң негизгиси, Алла менен болгон байланышыбызды бузбашыбыз керек. Учурубузда кыймылсыз абалга келген инсандар тобунан, дүйнөнү жаңы нерселерден үмүттөндүргөн азаматтарды таап чыгууга аракет кылышыбыз зарыл. Бул аракетибизде эч кимди каралабастан, эч кимди жек көрбөстөн, жолдогу кыйынчылыктарга такалып калбастан жүрүшүбүз керек. Аны менен бирге, миңдеген кылмыш, зордук-зомбулуктарды кечиребиз деп айта албайбыз. Жалпы элдин укугу тебеленсе кечиримдүүлүк сезими калыстыкка алмашат. Ооба, жакшы иштерди жасоо үчүн жан-алакетке түшүп чуркап жүргөндөрдү алкыштоо инсандыкка урмат-сый болуп саналгандай эле, жамандыктардын жана жаман жолдо жүргөндөрдүн алдын тороо инсандыкты, адамзатты сыйлоонун белгиси. Ооба, инсандар ар дайым жакшылыктарга үндөлүк жамандыктарга карата эскертилиши керек. Ушундайча эч ким: “Күнөө бизде эмес, биз бул жолго түртүлдүк” дебесин.

Негизинде, мындай ойлонгондор жоопкерчиликтерден кутулуу үчүн негизсиз шылтоолорду издешет. Тактап айтканда, андайлар инсан болуу өзгөчөлүгү түшүнө албаган бузулган адамдар. Ооба, чыныгы инсандар, өзү өсүп, чоңойгон коомуна тиешелүү кээ бир жоопкерчиликтерди моюнга алышы шарт. Мындай жоопкерчилик сезими, инсандык ой-пикирдин талабы: инсанды бул улуу өзгөчөлүктөр менен камсыздаган Улуу Заттын буйругу жана каалоосу. Көкүрөгү бузулбаган, сезимдери кыйрабаган жана сокурлашпаган инсан мындай жоопкерчиликке кайдыгер кароосу мүмкүн эмес.

Биз, чыныгы инсан болуу ою менен өзүбүздү учурда болуп жаткан мүшкүлдөрдөн жооптуу деп билебиз жана эртеңки күндүн бейпилдиги, коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн акыркы жолу “инсан” жана “маданият” деп, рухубуздагы чыныгы азаттыктын алгачкы баскычы жана акыркы чекке жетүүнүн жалгыз жол көрсөтүүчү жарыгы болгон ыймандын өзгөчөлүнө дагы бир жолу баса белгилеп кеткибиз келет.

Ооба, чектен чыккан муундарды кайрадан инсандыкка чыгарууда биринчи этапта аткарыла турган иш, алардын ыймандарынын жана ыйман алып келе турган сапаттардын инсандык табиятына айландырылышы. Жаштарга ыйман түшүнүгүн сиңдирүү менен алардын ыймандын арты менен баардык нерселерге сүйүү тартуулоосун камсыздообуз керек. Бул жакынкы тарыхыбызда биз жөнгө сала албаган жана бир нукка түшүрө албаган муундарга эликсир болуп калат. Ыйман менен ушундай аруулукка жете албаган инсан, жырткычтыктан толук кутула албайт жана адамдарга кордук көрсөтө берет. Андай жандар, инсандарды сүйө албайт жана ынтымакка келе алышпайт. Алар өмүрүн бирөөнү жек көрүү, бирөөгө кек сактоо менен өткөрөт жана алардын сезимдери сокурлашып, оройлук пайда болот. Ооба, ыйман, адам баласына жаратылышты дагы башкачараак, өзгөчө сезе билүүсүн камсыздап, ага акыретти таанытып, сүйдүрөт, жаратылыш менен бириктирип, көралбастык, жек көрүү сыяктуу жаман сезимдерден алыстатып, башаламан, жөнсүз жашоодон пайда болгон миңдеген кыйынчылык, азаптардан куткарат.

Учурубузда, ыйман менен ушундай улуулукка жеткен жаш муундарга сөзсүз түрдө акыйкат жолдо кызмат кылуунун даамын сездирип, жеке кызыкчылык, атак-даңк, бийлик, мансапка жетүүнү көздөбөгөн милдеттүүлүк жана жоопкерчилик сезимдери өнүктүрүлүп, мамлекеттен дагы, элден дагы колдоо алууну ойлобостон баардык жерде коомубуздун ой пикирин жайылта турган илим борборлору негизделип, бул кызматтагы азаматтар ар бир ишти Алланын ыраазычылыгына жетүү жана бул ыйык кызматта кызматкер катары колдонулуп жаткан сезими менен аткарышып, ар дайым руханий аруулук, башкаларын бактылуулукка жеткирүү сезиминде болушсун. Бул багытта, акыйкатка жетүү ышкысынын дагы маанилүү ордун белгилеп айтып кетүү керек. Окуу, ойлонуу, изилдөө; акыйкатка акыйкат болгондугу үчүн берилүү сүйүүсү менен коштолгондо дүйнөгө өкүм жүргүзө турган күчкө айланат деп ойлойм. Акыйкатты сүйүү кылымдардан бери, белгилүү маселелерде гана болсо дагы, кээ бир элдерди көкөлөтүп турса да, биз бул абалды, сезимдери, ой-пикирлери туткундалган адамдар сыяктуу кээде суктанып, кээде кайгылуу абалда алыстан карап турчубуз. Азыркы учурда, бул маанилүү нерсенин белгилүү топтор тарабынан изилденип жаткандыгын баа берүү менен кабыл алсак дагы, олуттуу түрдө бул нерсени илимий талдоого алынгандыгын айтуу кыйын. Биз жүрөктөрдө материалдык-руханий өнүгүүнүн жана бийиктөө пикирин пайда кыла турган, ыймандуу, адеп-ахлактуу, маданияттуу, билимдүү адамдарга муктаждыгыбыз бар. Маалыматтын иш-жүзүнө ашырылышы жана өнүгүш ушундай илимий түшүнүктүн түрткүсү менен аткарылган. Илимий түшүнүк негиз, илим жана технология болсо, анын эки кичинекей мөмөсү. Бир учурларда бизде, азыркы учурда кээ бир бөлүктөрү менен Батыш өлкөлөрүндө бар болгон бул деңгээлдеги илим түшүнүгүнө, ушул күнгө чейин ээ чыгып келген канчалаган улуу инсандардын өткөндүгүнө күбө болобуз!

Келечекти жаңыдан кура тургандар дагы ушул азаматтардын арасынан чыгат. Аларга акыйкат, илим, сүйүүсүн, изилдөө жана жаңылануунун жакшы үйрөтө албагандыгыбыз жана аларды өздүк маани, маңыздарына тиешелүү болгон жана болбогон нерселерди бири-биринен айырмалай биле турган деңгээлге чыгарышыбызга жараша, бул тар, кирдеген дүйнө ичинде кенен, таза жана акырет кооздуктарын эске сала турган дүйнөнү курушат.

Демек, акыйкат жолуна түшкөн муундар өз элинин каармандары болушса, мунун тескерисинче, акыйкаттан алыстагандар элинин келечегин кыйратат.

Келечеке мөөрлөрүн баса турган даражада турган интеллигенттерибиздин колдорундагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен келечек муундарды, руханий жактан дагы тарбиялоолорунан үмүтүбүз бар.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.