Бейпилдик

Адам баласы жер жүзүнө аяк баскан күндөн бери ар дайым бейпилдикти издөөнүн артында жана бейпилдикке жетүү үчүн көптөгөн күрөштөрдү жүргүздү. Кээде аны көп иштеп, көп байлык табууда жана материалдык жетишкендикте; кээде өзүнө жаккандай жашоодо жана чексиз эркиндикте; кээде технологиялык кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда; кээде жеп-ичүү жана жыныстык каалоолорун канааттандырууда жана жашоосун буларга ээ болууга байланыштырган. Ушундай тумандуу жолдо кээде үмүттөнүп, кээде үмүтсүздүккө түшүп, бирок эч качан ал арзуу кылган нерсесине жете албады. Албетте, жете албайт эле, себеби анын издеген бейпилдиги, ыймандуулуктун мөмөсү эле жана аны бир гана толук ыйман менен таба алмак. Бул ошол эле учурда, пайгамбарлардын чакыруусунун негизин түзөт.

Мына ушул бейпилдик чакырыгынын маани-маңызы, өзөгү-инсандын чын дили менен Аллага жүздөнүп, Ага берилүүсү. Ушул деңгээлге жеткен момун-мусулман, ар дайым напсинин каалоолорунун кулу болуп калуусу жана Алладан башка нерседен коркуусу мүмкүн эмес. Себеби ал сүйүп, дилин бере турган сүйүктүүсүн таап алгандай эле, ар дайым Аны сыйлоо менен Андан корко турган Кудурети Чексиз Заттын коргоосуна алынгандыгы үчүн бейпилдик жана көңүл тынчтыгында жашайт. Себеби ал, Чексиз Кудуреттүү Алла, Өзүнө жүздөнгөрдү эч качан жаман абалга түшүрбөстүгүн билет.

Ошондуктан момун-мусулман ар дайым бейпил жана көңүлү тынч. Баардык нерсени Алладан деп билсе, көздөгөн максатына жете тургандыгынан, ал жолдо ар дайым коопсуздукта боло тургандыгынан жана башка ааламдарда кайра-кайра “үйлөнүү кечесин” өткөрө тургандыгынан, жүрөгүндө ыймандын негизинде пайда болгон көңүл тынчтыгы, сезиминде моюн сунуу белгилери, Алланын колдоосу менен эрки бекемделип, напсинин каалоолорун жеңип чыгат жана Курандын жол башчылыгы астында жаратылыштын максатын көздөй бет алат. Ооба, Курандын чөйрөсүнө кирип Анын жол көрсөтүүсүнө моюн сунгандар, ар дайым ички дүйнөлөрүндө коопсуздук жана ишенимди сезип, ар дайым ишеним сунат. Ички сезимине кулак төшөп, жаратылышка назар салып, алыскы-жакынкы келечекти ойлогондо, ал гана эмес кабыр жашоосун, махшар майданын, Сират көпүрөсүн, тозокту, бейишти эстегенде өтө терең жоопкерчилик менен бирге үмүт кылуу сезимдерине ээ болуулары жүрөктөрүндөгү ыймандарынын бекемдигине, ишенимдеринин тереңдигине жараша, баардык нерсени өтө башкача көрүнүштө көрөт. Эгер парда ачылып кетсе, башка ааламда көрө турган нерселери менен бул дүйнөдө сезгендеринин ортосунда чоң окшоштуктар көрүлөт же бул дүйнөнүн тардыгына жараша жалпысынан көрүлгөн нерселерди бөлөк-бөлөк, өз алдынча көрүп, уурттарында жылмаюу уялайт.

Ооба, ыйман, дүйнө-акырет бактылуулугунун сыйкырдуу ачкычы жана өмүрүн анын көлөкөсүндө өткөргөн баардык инсандарга кабыр, махшар, мийзан (тараза), Сират көпүрөсү, бейиш, Алланын жамалын көрүү сыяктуу тартууларга эшик ачат жана эң кыйынчылыктуу, азаптуу учурларыбызды дагы унуттура турганчалык деңгээлде бейиш бактылуулугун бизге сүйүнчүлөйт.

Негизинде, момун-мусулман чын дилинен Аллага берилип, Ага жүздөнсө, Андан башка баардык нерсе анын көзүнө көрүнбөй калат. Баардык жалганчы күчтөр, кудуреттер жели чыккан шар сыяктуу кичирейип кетет. Кээде жалган жарыктары менен көздөрүбүздү уялткан баардык убактылуу чырактар, жүрөгүбүзгө кирип келген Алланын нурунун жанында жоголуп, баардык жакта “Бүгүн мүлк Алланын колунда” деген үндөр угула баштайт. Мындай деңгээлге жеткен жүрөк, баардык жалган күчтөрдүн, мээримдердин, жардамдардын жалган убадаларынан кутулат; бир гана Аллага жүздөнөт жана жардамды дагы Андан күтөт. Кыйын абалда калганда, кырсык-балээлерге дуушар болгондо Аллага ишенет, Ага таянат... ар түрдүү коркунучтарда бүтүндөй ааламды камтыган Анын камкордугуна, жардамына, мээримине корголойт.... Капыстан жасап койгон күнөөлөр менен кирдегенде, дароо Анын кечирим көлмөсүндө жуунуп, кирден арылууга шашылат. Бат-бат жолун каптаган тумандарды Ага болгон ыйман, ишеним жана тобокелдик менен таратат. Ошондуктан эч кандай кыйынчылыктарга алдырбастан келечекке карай жолун улайт. Жеке, үй-бүлөлүк, коомдук баардык мүшкүлдөрдү Алла менен болгон байланыштын жардамы менен чечет жана эч качан жалгыз калбайт. Кээде калк арасында убактылуу жалгыз калса дагы, ыйманы жана Аллага берилгендиги менен ар дайым досу менен бирге болгондугун сезет; башына келген балээлерди Алла тарабынан эскертүү үчүн ыргытылган таш сыяктуу кабыл алат жана аны ыраазычылык жана сабыр менен тосуп алат.

Аллага ыйман жана Алланы таануусу ага, баардык нерсе менен таанышып, мамиле түзүү жолун көрсөтөт жана ал анын арты менен жандуу-жансыз баардык нерселерди бир туугандары сыяктуу көрөт, алар менен байланышын түзөт, нерселерге кийлигише алат жана жүрөгүндө өзүнө тартуу кылынган нерселерди толук сезет. Баардык нерсенин өзү үчүн жаратылгандыгын билип, карыздар болуу сезими менен Аллага таазим кылат. Буту баскан жерди, ичинде кезип жүргөн өрөөндү өз үйүндөй жылуу сезип, энесинин кучагында жүргөндөй жайбарак жүрөт. Жаратылышты материалист жана натуралисттердин көз карашы менен эмес, баардык нерсени Алладан деп билген момун-мусулмандын көз карашы менен карап баалайт жана баары менен таанышып, мамиле курат. Мамилелешкен баары тарабынан коопсуздукта болот жана аларга дагы коопсуздук тартуулайт. Эч кимден чоочулабайт жана эч кимди чоочутпайт. Баарына бир тууганындай кучак жаят. Баардык нерселерди, сууну, абаны жана башка түрдүү тартууларды Алла тарабынан берилген бир белек катары кабыл алат. Бак-дарак, тоо-таш, өсүмдүк, гүлдөр менен жандуулар сыяктуу жүрөгү менен саламдашат. Жолунан чыккан жаныбарларды бул мейманканада чогуу жашап жаткан жолдоштору сыяктуу көрөт. Жана ар бир кыймыл-аракети менен бул дүйнөгө тынчтык келишими үчүн, тынчтыкты орнотуу үчүн келгендигин көрсөтөт.

Мына ушундайча баарын жана баардык нерсени терең ыйманы менен ушундай көрүнүштө көргөн момун адам ар дайым өзүн башка инсандар суктана турганчалык деңгээлде бейпилдикте сезет жана ыймандуу жашоонун сөз менен баяндоо мүмкүн болбогон ылаззаты менен ырахаттанып, магдырайт. Ооба, ал эч кандай талаш-тартыш, уруш-жаңжал менен убараланбастан, болгон күчүн, даамын таткан нерселерин башкаларга дагы таттыруу үчүн жумшайт жана инсандарды бул ылаззатка жеткирүү үчүн аракет кылат.

Ооба ал, бир тараптан өзүнүн күчүн Алланын Кудурети менен азыктандырып; экинчи тараптан момундардын колдоолоруна ээ болуунун кайдыгер калтырбайт жана өзүнө каршы чыгуусу ыктымал болгон баардык күчтөрдү өзүнүн пайдасына айлантып, эч нерсеге такалып калбастан ыйман менен бейпилдикке жетүү, элдерди ыйманга чакырып, Алланын ыраазычылыгын көздөгөн максатына бет алат.

Чындыгында, адамдары ушундай деңгээлге жеткен, бири-бирин урматтап-сыйлаган жана бири-бири менен чын дилден байланышта болгон мындай коом бактылуулукка талапкер. Себеби, ал коомдун мүчөлөрүнүн арасында коомчулуктун бейпилдигин бузуп, элдерди бөлүп-жара турган себептер жоюлган. Албетте, алардын ортосунда айырмалоочу аксөөктүк, уруучулдук, аймак, чөйрө айырмачылыктары сыяктуу нерселер болбойт. Баарын жана баардык нерсени бир башаттан келгендигине ынанган инсандар түздөн-түз толук мааниде бири-бири менен бир тууган. Куран, “Момундар, башка эмес, бири-бирилеринин бир тууганы” деп айтуу менен ушул акыйкатты эске салат. Ошол эле учурда бул убактылуу эмес түбөлүктүү бир туугандык экендигин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бири-бирлерине карата сүйүүдө, мээримде чын дилден мамиле кылууда бир дененин мүчөлөрү сыяктуу тыгыз байланышта жана ар дайым бири-бирлеринин кыйынчылыктарын сезишет, кубанычтарын жана кайгыларын тең бөлүшүшөт.

Ооба, алар бири-биринин көзү-кулагы, колу-буту сыяктуу. Бул коомдо ар бир адам, жашоосун башкалардын бактылуулугуна байланыштырган. Ошондуктан, алардын ичинде жалгызсыроо жана кайгыруу болбойт. Биринин жаны ооруса, башкасынын боору тыз дейт. Биринин кубанчына баары кубануу менен ортоктош болот. Мындай коомдо аталар-энелер сый-урмат көрөт. Наристелер болсо, гүл челектеги гүлдөрдөй бапестелип чоңоет. Жубайлар, тигил дүйнөдөгү бирге болуу ою менен, картайып калганда дагы бири-бирине карата биринчи баш-кошкондогудай мамиледе болушат. Үй-бүлөдөгү бул ымала чоң үй-бүлө болуп эсептелген коомго дагы тиешелүү. Мындай үй-бүлөдөн түзүлгон коомдо баары бири-бирине мээрим кылат. Баарына жакшылык ойлойт жана колдон келишинче жамандыктарды алыстатууга аракет кылат. Башка бирөө тууралуу жаман ойдо болбойт. Эч кимдин намысына тийбейт. Негизсиз шектенүү менен инсандарды аңдыбайт жана инсандарды бири-биринин артынан тыңчы кылып койбойт. Ал коомдогу бир топ башка бир тайпаны кыйратууга аракет кылбайт. Ал коомдо эч ким, кээ бир начар адамдардын иши болгон башкага чуңкур казуу, жалган, жалаа жабуу сыяктуу иштерге барбайт. Себеби, бул коомдо ар бир адам, инсандык баалуулуктарды сактоого ант бергендей, баардык жамандыктар менен күрөшөт жана ал коомдо бейпилдик өкүм сүрөт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.