Жүрөк жана Рух
Жүрөк дегенде эң оболу ойго келе турган нерсе, көкүрөктүн сол тарабында, нерв тамырлары жана булчуңдардан турган, адам баласынын мүчөлөрүнүн ичинен өзү кыймылда болгон, вена жана артериялардын түбү, борбордук чекити; дем алуу органдары жана өпкөнүн кыймыл-аракеттери менен дагы байланышы болгон, балатынын тобурчагынын түзүлүшүндөгү баарыбызга тааныш орган. Бирок, биз бул жерде жүрөктүн материалдык жагын эмес, көңүл деп аталган, жан дүйнөнүн негизги төрт элеменинин бир, бүтүндөй сезим, ой-пикир жана руханий дүйнөбүздүн чордону болгон жүрөк туурасында токтоло кетмекчибиз. Биздин билишибизче акыйкаттын маңызы, негизи дагы ушул жүрөк.
Биз көңүл деп атаган бул нерсе, инсандык улуулукка алып чыга турган баскыч, материалдык ааламда руханий дүйнөнүн көчүрмөсү, инсандын организминде руханий ааламдарга ачылган кең дарбаза, инсандык маңызыбыздын калыптануусунда жалгыз лаборатория жана жакшылык, жамандыкты текшерүүдөн өткөрө турган борбор. Биздин рух менен болгон байланыштарбыз, акылды оң багытта колдонуубуз, инсандык каалоолорубузду сынга алуубуз ушул борбор менен болгон байланышыбызга жараша жүрүп турат.
Бул руханий жүрөктүн азыктануучу булагы ыйман, анын бейпилдикке жете турган жолу ар дайым Алланы эстөө. Ооба, “ Жүрөктөр бир гана Алланы эстөө менен тынчтанат.” Бейпилдикке жетет жана анын арты менен рухтагы баардык оорулар басылып, кыжаалаттануулар кетет. Сезимдерибизде бейпилдик өкүм сүрө баштайт. Себеби, баардык нерсе Алладан башталат. Ал ошондой баардык нерсенин Башаты, баардык себептер Аллага барып такалат. Баардык каалоо, арзуулар үмүттүү ойлор Аллага барып аяктайт. Анын башталышы жана аягы жок. Ал сезиле баштаганда, инсандык ой жүгүртүү бүтүндөй үмүттөр ишке аша турган, баардык дүйнө кыжаалатчылыктары жоюлуп, себептер иштен чыгып калган чекке жеткен болуп саналат.
Бул деңгээлге чейин, адам баласынын баардык арзуу, каалоолору аяктайт.
Инсан маңызындагы бул руханий жүрөктүн, материалдык жүрөк менен дене жана рухтун бири-бири менен болгон байланышына окшогон сырдуу байланышы бар. Бирок, ушул убакытка чейин бул эки байланыш тууралуу бир нерсе айтуу мүмкүн эмес.
Руханий жашоо жана руханияттын рух менен байланышы ачык-айкын. Курани Карим: “Рух жалгыз Раббим биле турган иштерден” деп айтат. Бул баяндоодо, рух акыйкатынын, Раббибизге маалым нерсе экендигине жана Алладан башка бэч кимдин анын акыйкатын биле албай тургандыгын баса белгилейт.
Негизинде, Алла баардык ишти, белгилүү бир себеп, шарт жана материалга муктаждыгы болбостон, “Бол!” деп коюусу менен болот. Анын ушундай бир буйругу, ар кандай бир нерсенин жаралып, сырткы көрүнүнүшкө ээ болуусу үчүн жетиштүү. Б.а., Алланын каалоосу бир заттын кандайдыр бир көрүнүштө пайда болуусу үчүн жетиштүү болот. Ушундай жаралуу сыртынан караганда “жөнөкөй иш” катары бааланса дагы, бул сыяктуу окуялардын укмуш керемет экендиги айкын жана чыныгы Буйрук Ээси болгон Улуу Жаратуучудан деп билбестен туруп, аны ачыктап берүү дагы мүмкүн эмес.
Кээде биз, рух дегенибизде, толук маанидеги Улуу Жаратуучунун деми “Рух-у Азам” оюбузга келет. Себеби, Алладан келген, Аллага эң жакын болгон жана руханий ааламдын сырларын камтыган рух ушул. Адам баласынын Аллага халифа болушу дагы ушундай рухка ээ болгондугу үчүн. Инсан денесиндеги бул рух; материалдык нерсе болбогон руханий ааламдан физикалык ааламга берилген бир белек. Ошондой эле ал руханий түшүнүктөрдүн ачыктоочусу сыяктуу. Эгерде адам баласы руханий ааламдын сырларын билгиси келсе, бул нерсе бир гана жүрөк жана рух менен мүмкүн болот. Ооба, руханий сырларды жүрөк менен гана сезүүгө болот.
- Created on .