Мусулмандын көз-карашында бул дүйнө жана андагы нерселер

Дүйнө, адам баласы үчүн чексиз аба мейкиндигинде өз жолу менен сапар таткан укмуштуудай зор саякат кемеси; биз ичинде жаралып, жаралганыбызды сезип, бизди жараткан, Улуу Жаратуучубузду тааныган жылуу уябыз; жандуу жансыз нерселери менен түрлөнгөн ажайып дүйнө; түрдүү тилдерде жазылган миллиондогон, миллиарддаган китептен турган өтө чоң китепкана; энелерибиздин ар дайым мээрим төгүлгөн бөлмөлөрүнөн дагы жылуу, алардын алдей айтып терметкен бешигинен дагы коопсуз бейиш бакчаларынын көчүрмөсү.

Бул жагынан алып караганда ал, эгин талаа, фабрика, акырет соодасына ачык соода борбору болуп саналат. Эгиле турган нерселер ушул жерде эгилет жана ушул жерде жыйналат. Тигил дүйнөнүн жол азыгы бул жерде табылат. Бейиштердин нурдуу көргөзмөлөрү бул жерде даярдалат, акырет жарманкесинде коюла турган буюмдар бул жердин өнөр жайында өндүрүлөт,-ошондой жаратып, башка дүйнөлөргө жеткирген Улуу Жаратуучуга жандарыбыз курбан болсун-ал жерде баарына көрсөтүлүп туруп, андан кийин түбөлүк бактылуулук сарайларында түбөлүккө момундарга сунулат.

Дүйнөдө кээде кооздуктардын жанында жагымсыз нерселер, жакшылыктардын арасында жамандыктар, жарыктын аркасында караңыгылыктар жана пайдалуулар менен бирге зыяндуулар дагы бар. Бирок, ар бир нерсенин жакшы жактарын көрө билип, жакшы ойлогондор үчүн булардын көңүлдү ачкан жана көздөрдү уялткан тарабы ар дайым күчтүү жана өзүнө тартып турат. Мунун тескерисинче, жагымсыз көрүнгөн, жийиркеничтүү нерселер болсо, натыйжасы жана башка тараптары жакшы жана кайырдуу. Булар суунун атомдору сыяктуу өзүнчө болгондо күйгүзүүчү болгондой сабыр, тобокел жана тагдырга ыраазы болуу менен башкача түзүлүшкө ээ болуп, тирүүлүк берген жашоонун мүрөгүнө айланат.

Алланын бүтүндөй ысымдарын жана сыпаттарын чагылдырып туруучу күзгүсү болуп эсептелген адам баласын бул дүйнө коноктоп, анын башка дүйнөлөргө көтөрүлүүсү үчүн жардамчы болуп келет.

Ооба, бул дүйнө убактылуу; конок болуп келгендер мөөнөтү бүткөндө артына бурулбастан кете беришет. Кеткендердин артынан жаңылар келет жана ал кадимки кербен сарай сыяктуу бир толуп, кайра артынан дароо бошойт. Бошоору менен кайра башка коноктор менен толуп, ташат. Келгендер, аскерге алынгандай келип, кеткендер өлүм билети менен өз өлкөлөрүнө кайтышат. Адамзат жаралгандан бери келген-кеткендердин арты үзүлбөдү. Ошондуктан, бул жерге эмнеге келгендигин жана кайсыл жакка бара тургандыгын билбеген бактысыздар ар дайым төрөлүү ырларын угуп кубанышып, ошол эле учурда өлүм кошокторун угуп коркушту. Бир жолу кубаныч менен толкушса, ар дайым кайгы тартышт.

Жаратылышка ыйман терезесинен карагандар үчүн абал башкача: Алар, өздөрүн бул жерге жиберген Улуу Затты билет, Ага жакын болууга аракет кылат. Бара турган жерлерин даярдоону ойлоо менен жашайт жана жашоосунда бейпилдикти сезет. Баардык нерсени Алладан деп билгенде жаратылыш жана анын ичиндеги нерселер дароо түс, түр, маани-маңызын өзгөртөт; таттуу, ылазаттуу, кызыктуу жана нурдуу болуп көрүнүп көңүл тойгузат.

Жаратылыш ичинде миллиондогон, миллиардаган китептери бар китепканага; баш айландырган кызыктуу, ажайып кооз дүйнөгө айланат жана көргөндүн баарын арбап алат.

Негизинде, ыйман нуру менен көрө албагандар үчүн бул кооздуктар Алланы таанытып турган далил; инсан болсо, ал далилдерди көрө билген, сезген, окуган, сүйлөттүргөн тилмеч.