Адамдардын бактылуулугун ойлоо

Бүгүнкү күнгө чейин эч бир идеология адамдардын биримдигин узак убакытка сактап кала албады. Биримдигин сактоо, бул бирге жашоонун негиздерин дагы түзө алган жок. Жакынкы тарыхта дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн башкара турган күчкө ээ болгон Батыш өлкөлөрү чыгыштагы социалисттик мамлекеттер жана коммунисттик өлкөлөр жана бары-жогу бирдей болгондор дагы, ошончолук убадаларына карабастан, алардын эч бири бул дүйнөгө узак мөөнөттүү бейпилдик жана коопсуздук алып келе албады. Убада кылынган нерселердин аткарыла албай калышы аны күткөн адамдардын убада кылгандарга карата ишенимин алсыздатты. Азыркы күндө адамзат, ага сунулган ар кандай системага карата шектенүү жана шылдың менен карай баштады. Себеби, адамзат ушул күнгө чейинки мажбурлоо менен киргизилген системалардын эч биринин толук кандуу иштей албагандыгына ишенет. Демек, бул системалардын баарында чоң жаңылыштыктар бар жана ал системалардын жаңылыштыктары, жараткан ийгиликтерин жоюп салып жатты. Ал системалар инсандардын эсинде түш сыяктуу гана сакталып калды.

Механикалык системада кичинекей бир тетиктин кем болуп калышы, ал укмуштуудай системаны керексиз темир үймөгүнө айланткандай, улуу иштерди аткарууга убада берген идеологиялар инсан табиятына терс болуулары баардык тайпаларды камтый албоолору, убада кылган нерселерин аткара албоолору, адамзат муктаждыктарын канааттандыра албашы бир топ инсандык баалуулуктарды кайдыгер калтырышы жана кээ бирлери адамдардын ортосунда жек көрүү, өч алуу сезимдерин козгоолору жагынан алганда, учурубуздагы идеологиялардын баары ой-пикир урандысына айланган жана элдер дагы ошондой кабыл алышууда. Ошондуктан, аз эле адамдардан башкасы баары үмүтсүз, кыжаалат абалда күтүүдө жана себептерге таасир эте ала турган күчтү издешүүдө.

Ошондуктан, оболу биздин коомубуздун андан кийин жалпы адамзаттын көздөрүбүзгө нур, көңүлдөрүбүзгө үмүт бере турган жана бизди кайрадан кайгыга салбай турган улуу идеяларга муктажбыз. Акылы жетик жана жогоруда айтылган жаман нерселерге карата жабык болгон, мүмкүнчүлүк боло калганда ишке ашырыла турган ой-максаттарга муктаждыгыбыз бар. Биз азыр ой-пикир, көз караштар адашкан, инсандарды мындан кийинки кадамдарында өтө кылдат болуусу керектигин талап кылган доордо жашап жатабыз. Ушул убакта коомчулукка туура багыт көрсөтүлсө, учурда болбосо дагы жакынкы келечекте инсандар ошол багытка түшүшөт.

Албетте, эң оболу, ал улуу максат белгилүү болушу керек. Ушул күнгө чейин ошондой болгондой эле, азыр дагы көп өлкөлөрдүн саясаттарын туура идеяга негиздей алышпагандыктан мамлекет туруктуулугу болбой келет жана ал саясат инсандардын көңүлүнөн түнөк таба алган жок. Бул абал артта калган жана демократиядан алыс мамлекеттерде дагы көбүрөөк болсо да, өздөрүн өнүгүүдө жана демократияда жол көрсөтүүчү деп эсептеген өлкөлөргө дагы тиешелүү. Сыртынан караганда өтө керемет көрүнгөн мамлекеттер дагы, инсандарга жакшы келечек жана жакшы жашоо тартуулай алышпай, тескерисинче убактылуу жалган убадалары менен инсандарды алаксытууда жана эң өкүнүчтүүсү жүрөк жана руханий дүйнөлөрдү ач калтырууда.

Эми биз бул терс жактарды эске алуу менен, өз баалуулуктарыбыздын негизинде, келечекке тиешелүү саясатты пландообуз зарыл. Ушундайча келечекке тиешелүү саясатыбызда туруктуулук болот. План жана долбоорлордо акыл, ой жүгүртүү маанилүү болгондой эле, ошол пландалган иштерди туура аткаруу дагы өтө маанилүү. Кээде өз алдынча жакшы деп эсептелинген иштер дагы, бир ишти аткарып жаткандардын максаттарынын түрдүү жана бири-бирине каршы болгондугунан эч бир натыйжага ээ боло алышпайт. Ошондуктан ар бир иште максаттын бирдиги өтө маанилүү.

Элдик күрөш учурунда баардык кыймыл-аракеттер, эркин жана суверендүү Туркияны куруу багытында болгон. Өтө жөнөкөй бирок, баардык топтогу адамдар тарабынан бааланган бул идея акыл, ой-пикирлердин баардык боштуктарын толуктап жана бүтүндөй аракет, умтулууларды бир чекитке топтой ала турганчалык күчтө эле жана бул күч жөнөкөй шарттарда максат кылынган иштерди жүзөгө ашырууга жетиштүү болду. Бирок, баардык жеңиш жана ийгилик өзү менен кошо бошоңдоо алып келгендиктен, ар кандай идея ар дайым жандуулугун сактап кала алуусу кыйын эле. Биз бул оор иште канчалык ийгиликке жеткендигибизди талкуулоо тарыхтын иши. Эгер чоң жеңиш жана ийгиликтерге жетишкен коомду улуу идеяларга, ой-максаттарга түртө турган жаңы себептер менен камсыз кылбасаңар, руханиятынын бошоңдошу анык. Чындыгында, руханияттын бошоңдоосу, бир гана жеңиш жана ийгиликке жетүү маскатынын негизинде пайда болот деп айтуу туура болбой калышы ыктымал. Себеби, кээде ишеничсиз жол башчылардын чечкинсиз, шек туудурган кыймыл аракеттер, кээде алардын жөндөмсүздүктөрү, кээде интеллигенттердин идеясыздыктары, кээде коомубуздун абалын аңдай албоосу, кээде макиавалисттик жана прагматисттик көз караштардын диний жана коомдук баалуулуктардын алдына өтүшү сыяктуу себептер ой-жүгүртүүбүзгө жана кыймыл-аракеттерибизге зыян келтириши мүмкүн. Бүгүн биз бул себептердин баары өкүм сүрүп турган чөйрөдө жашап жатабыз. Ар дайым өзүбүздө бошоңдук жана башаламандык бар. Мындай абал душмандарды кубандырып, досторду кайгыга салат. Эгерде коомдук жашообузда акыл-ой, аң-сезимибиздин боштугуна жол берсек, кудай сактасын, кыйрап, жок болушубуз ыктымал. Коомубуз андай кыйроого учурабашы үчүн, “үчүнчү сорттогу” өлкөлөргө таандык болгон, ой-максатсыз, башкалардын өкүмү алдында жашай берүү түшүнүгүнөн кутулуп, Аллага таянуубуз, Алла тарабынан бериле турган ийгиликтин ортомчулугун, коомдук ынтымак жана биримдикте деп билип, өзүбүздүн улуу ой-максаттарыбыздын артынан чуркоого мажбурбуз. Алдыбызда түпсүз туңгуюк, көпүрөлөр бузулуп, жолдордо жүрүүгө мүмкүн болбой калган абалга келгенде жана коомубуз тарыхында сейрек кездешкен түрдүү сыноолор менен кыйналып турган бороондуу учурларда адаттагы пландоолор менен бул мүшкүлдөрдү жеңип чыгуу мүмкүн эместиги анык. Мындай кыйын абалдар, өтө чоң кайрат жана иш-аракетти талап кылат. Албетте, бул иштерди пландуу аткара турган азаматтар керек. Мындай тарыхый зор сыноолорду жеңип чыгуу кээ бир элдер үчүн жаңыдан төрөлүү дагы болуп эсептелет.

Ошондуктан, улуу бир эл болууну кыялданган ушул күндөрдө, план жана долбоорлорду түзүү зарылдыгына ишенүүдөн мурда улуу бир эл болуу ою менен жүргөн идеалдуу жаштардын тарбиялануу зарылдыгына ишенебиз...

Бүгүн, дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттерин түрдүү лоббилик иш аракеттери жана өздөрүн дүйнөгө таанытуу максатында миллиарддаган акчаларды сарптоо менен дагы чече албаган көп мүшкүлдөрдү бул ыкыластуу азаматтар кээде ач калып, бирок ар дайым ишенимдүү, үмүттүү, чечкиндүү кадам ташташып, Аллага таянуу менен бир аракет, бир демде чечип жатышат. Мына ушундай кыймылдарга маани берүү керек. Бул зор кыймылдагы сыр, ыкыластуу жүрөктөрдүн Аллага жүздөнүүсүндө жана улуулуктары эзелки тарыхынан бери уланып келе жаткан элдерге Алла Тааланын тартуусу деп билүү керек. Ооба, баардык ийгиликтерде болгондой эле, бул иште дагы аракет ыкыластуу жүрөктөрдөн, оопалуулук элден, ийгилик берүү Алладан. Тарыхтын эң кыйын учурларында, каатчылыкка туруштук берүү менен каршы турган аракеттер сыяктуу, бүгүнкү күнүбүздө дагы, көптөгөн кысымдарга, жалааларга, каралоолорго карабастан, аскердик кошуундар элдик марш ырларынын коштоосунда өлүмгө тике, күлө карап бара жатканындай, бул элдин азамат уулдары дагы, колдорунда илим-билим чырактары менен кыйынчылыктарга карабастан келечек үчүн алган карай бара жатышат. Канчалаган жылдардан бери тыным албастан, элибиз жана өлкөбүз үчүн маанилүү милдетти аркалап жүргөн бул инсандардын түгөнбөгөн булагы ыйман, эч өчпөгөн ышкылары элдик баалуулуктар.

Бул укмуштуудай кереметтүү кыймыл-аракеттин сыры, ыкыластуу инсандардын Аллага жүздөнүүсүндө жана улуулугу эзелтеден келген өлкөлөрдө Алланын кошумча тартууларында жатат. Ооба, баардык ийгиликтерде болгондой эле, мында дагы аракет ыкыластуу адамдардан, ийгилик берүү Алладан.

Тарыхтын эң оор учурларында чарасыздыктарга карабастан жасалган аракеттер сыяктуу, бүгүнкү күнүбүздө дагы көптөгөн кысым, жалаа жана ынсапсызча каралоолорго карабастан, аскердик уюмдардын мамлекеттик марштар менен өлүм жүзүнө күлө карап барууларындай, бул оопалуу элдин ага жарашкан чын дилден берилген уулдары дагы колдорунда илим-билим чырактары, келечектин улуу өлкөсү үчүн өтө маанилүү тапшырмаларды аткаруучу инсандардын күч булактары-алардын ыймандары, эч өчпөгөн ышкыларынын башаты элдик көз караш, ой пикирлери болуп саналат.

Бул эки күч өтө маанилүү экендигин билбегендер, ишеним жана ой-пикирдин адам баласына кандай иштерди аткарта ала тургандыгына акылы жетпегендиктен кээде өч алуу, жек көрүү аралашкан кыжаалат ой менен кээде бул ийгиликтерди жаратып жаткандарга көралбастык кылышып, “Бул иштерди эмнеге аткарып жатышат? Бул иштен алар кандай пайда көрүшөт?” деп, ой пикирсиздиктерин көрсөтүшөт.

Баарынан мурда улуу ой пикир, жаш муундарды алга сүрөп, алардын энергиясын камсыздаган жана ышкыларына башат болгон туптунук булак болуп эсептелет. Мындай бир ой пикирдин арты менен жеке аракеттер биригип, күчкө ээ болуу менен кыйынчылыктарды жеңип, өзүнө жол салат.

Адамзат караңгылыкта кайсалап жол таппай калган учурда чөлдүн боорунан оргуштап чыккан жана бир аракет менен дүйнөнүн бактысыз тагдырын өзгөрткөн, бир демде үч континенттин үмүтү болгон ал аз сандагы азаматтардын күч булагы ыймандары жана ал ыймандары менен жүрөктөрүндөгү илхамдарын башка инсандардын көкүрөктөрүнө өткөрүп берүү ойлору эле. Азиянын талааларынан чыгып, Анатолияга бет алган жана бир уруудан бир чоң мамлекетти пайда кылган Осмон падышалыгынын артында дагы ушул күч бар эле. Жыйырманчы кылымдын ортолорунда эч кандай жашоо белгиси жок индиялык коомчулукту дагы эркиндикке жана суверендүүлүккө кадам таштаткан улуу толкундун негизинде дагы ал элдин ишеними, үмүтү жана өз алдынча жашоо пикири бар эле.

Адамдардын көкүрөгүндө мындай сезимди ойготуп, аларды кыймылга келтире турган идеянын бир тартипке жана мыйзамга баш ийүүсү керек. Зор бир системаны негизделишинен мурда анын курамын түзүүчү элементтердин тазалыгы жана алардын бири-бири менен айкалышып туруусу өтө маанилүү. Бир бүтүндү түзүп турган бөлүкчөлөрдө бири-бири менен айкалыштык, бири-бирине туура келүүсү эске алынбастан, түзүлгөн нерсе жакшы болбойт. Ооба, жеке аракеттер, шериктеш аракеттерге карата болбосо жана аны менен айкалышып турбаса, жеке инсандардын арасында карама-каршылыктын болушу анык. Жана анын жыйынтыгында тартип бузулат жана ар бир аракет өз алдынча болуп, эч кандай натыйжа жакшы натыйжа бербейт. Ушул себептен жогоруда айтылгандай, зыян келтирет деген ой менен жеке энергиялар жок кылынбастан, көздөлгөн максатка карай буруу керек жана карама-каршылыктар жоюлуп, анын ордуна бир пикирге келүү жана бир максатты көздөө түшүнүгү ойготулушу зарыл.

Баардык диндер ушул түшүнүктү негиздөө үчүн келген деп айтууга болот. Ооба, баардык диндер, жеке энергияларды жөнгө салып, баардык күчтү жаңы маданиятты курууга багыттаган. Ар бир инсан диндин жол башчылыгы астында эркиндик жана жеке иш-аракеттерин, коомдук кыймылга карата жөнгө салуу менен, бир жагынан өз каалоосунун талабын, экинчи жактан башкалар менен болгон кыймыл бүтүндүгүн сактап, эки аракетти бирдей жүзөгө ашырган. Эгер уюмдуулук болбосо, жеке аракеттер канчалык күчтүү болсо дагы жакшы натыйжа алып келе албайт. Кыскасы, аракетсиздик менен аракеттердин чаржайыттыгы экөө тең өлүм менен барабар. Мүчөлөрү ушундай өлүмгө дуушар болгон элдердин бөлүнүп, четке чыгып калуулары анык.

Инсандарда өз алдынча аракет кылуу сезими, менменсинүүдөн, баарынын өздөрүнө ишенүүсүнөн жана мүмкүнчүлүгүнүн чегин билбештигинен, коллективдүү иш аракеттердин, ынтымактын кандай күч экендигин билбегендигинен келип чыгат. Бүтүндөй буларга кошумча кээде атак-даңк, жеке кызыкчылыкты көздөө сыяктуу сезимдер дагы жеке ой пикирлерди биринчи орунга коюшу мүмкүн. Мындай ойдо жүрүп, бир учур келгенде “сүйүү жолу” деп Алла ыраазычылыгы үчүн чуркап жүргөн кызмат сабынан бөлүнүп, жеп-ичип, жатуу жыргалчылыгына берилген жана чөйрөсүн, ой-максатын унуткан бактысыздар дагы чыгып калышы мүмкүн. Көздөлгөн максат унутулуп калса, ким болсо дагы өзүмчүлдүктүн тузагына илинип, кызмат кылуу ышкысынын ордун дене жана тулку бойдун арзуулары ээлеп, башкаларды бактылуулукка жеткирүү сезиминин өчүшү анык.

Бул жагынан алганда, учурда биздин эң негизги маселебиз, коом мүчөлөрүнүн көкүрөгүндө дагы бир жолу башкаларга бактылуу жашоонун шартын түзүп берүү сезимин ойготуп, аларды туура эмес ойлордон куткаруу менен, анын пассивдешкен абалдагы энергиясын жандандырып, аны дагы бир жолу улуу максатка багыттоо керек. Мындай кыймылда, айылдык-шаардык, илимпоз-ишкер, окуучу-мугалим, жамаат-хатип баардык мүчөлөрү менен коомдун бул шериктештик кыймылынын негизги көздөгөн максаты белгилениши шарт. Алдыга коюлган максат элибизди дүйнөлүк мамлекеттер аралык теңдештикте маанилүү орунга чыгаруу болушу, бул максатты ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жумшоо, бул багытта акылмандуулук жана көрөгөчтүк менен кадам таштоо, акыйкатты сүйүүнү, илим жана изилдөөнү Алланын алдында даражанын көтөрүлүшүнүн ортомчусу деп эсептеп, коомго ар дайым ушул түшүнүктү берүү сыяктуу нерселер деп айтсак болот.

Ушундай аныктама берүү менен, бул максатты бирге аркалаган инсандардын ар дайым жандуу болушуна, шериктеш иштерде пикир бир пикирде болуп, тез көнүгүү менен убакыт жана мүмкүнчүлүктөрдүн эң пайдалуу көрүнүштө колдонулушуна, ой-пикир эркиндигине жол берилгендиги үчүн ар дайым жаңыланууга боло тургандыгына ишенебиз.

Бүтүндөй буларды жүзөгө ашыруу үчүн, мусулман адамга жаңы бир дин түшүнүгүн берүүгө жана жалпыга мусулмандыкты жаңы баштан үйрөтүүгө зарылдык жок. Аткарылышы керектүү болгон бир гана нерсе, ага бүгүнкү күнгө чейин үйрөнгөндөрүнүн маанилүүлүгүн, таасирин түшүндүрүү болушу керек. Өкүнүчтүүсү бул маселеде дагы риваяттар баш айландыра турганчалык түрдүү арзуу жана каалоолор акылдын алдында, сезимдер ой жүгүртүүнүн ордун ээлеген. Бул адашууну жана динсиздикти кесип кылып алган жана ар дайым динге чабуул жасаган атеисттерде көрүү мүмкүн болгондой эле, бир гана өзүн динчил деп эсептеп, руханий сезимдерден алыс калган адамдарда дагы көрө алабыз. Бул эки түрдөгү адамдар сыртынан караганда бири-биринен айырмаланып турса дагы, өлкөгө, коомчулукка, динге зыян берүүдө бирдей.

Бул эки тайпа тең динди сыйлабаган, эркин ой жүгүртүүгө карата ырайымсыз. Жалаа жабуу, каралоо булардын жалгыз байлыктары жана өздөрүнөн деп санабаган инсандардын артынан тыңчылык кылуу алардын эң чоң жөндөмдүүлүктөрү.

Албетте, мындай караңгылык чөйрөдө жана ушунчалык деңгээлде ой жүгүртө албаган, көрбөс, билбестердин аренасында ой жүгүртүү, акыйкатка умтулуу, илим жана изилдөө арзуусу болбойт, болсо дагы өнүкпөйт, өнүксө дагы кыялдануу менен гана чектелет. Албетте, аянычтуу абалыбыз дагы муну көрсөтүп турбайбы?

Негизинде, коом катары биздин ой-пикирибиз коомду куруу болушу керек жана бир канча кылымдан бери ичинен чыга албай келе жаткан ой-пикир каатчылыгынан, жардылыгынан сөзсүз түрдө кутулуубуз керек. Бүгүн биз, балким баардык нерседен мурда өз маданиятыбызды терең түшүнүшүбүз зарыл жана улуу ой-максатка муктаждыгыбыз бар. Ооба, жакынкы келечекте, элибиздин тарыхый баалуулуктары менен жогорулап өнүгүүсү үчүн коом катары дагы көп түйшүк тартууга жана жакшы учурдун келишин күтүүдө убакыттын өтүшүнө карата сабырдуу болушубуз зарыл. Окуялардын өзүнө таандык мүнөздө өтүү мөөнөтүнө карата түшүнүктүүлүк жана токтоолук менен мамиле кылуу бул кубулушту өтө жакшы тааный билүү менен байланыштуу. Куран, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) “Эгер барыла турган жер жакын болгондо, алар сени ээрчийт эле” деп айтуу менен Аны сооротуп, жолдо калгандарды эскертти.

Мусулмандык көз караш боюнча, ар бир аракеттеги негизги максат Алла ыраазычылыгын тапкандан кийин коомго кылынган кызматтардын, өлкөбүздү мамлекетттер аралык теңдештикте эң сыйлуу орунга алып келсе же алып келбесе дагы негизги коздөлгөн максат ишке ашты дегендик. Албетте, момун адам ар бир кызматында жана ар бир иш-аракетинде Анын ыраазычылыгына жетүүнү максат кылат. Ушундайча, Алла ыраазычылыгынын сыртындагы максаттар, чыныгы максаттын жанында ортомчуга гана айланат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.