Жан дүйнө жаңырыктары деген эмне?

Урматтуу Фетхуллах Гүлендин ай сайын, квартал сайын жарыяланып турган журналдардын алгачкы беттери үчүн жазган макалаларынын, 30 жылдык тарыхы бар. Бир гана ушул макалалардан азыркы күнгө чейин 12 китеп жарыка чыкты.

Адабий жана философиялык мазмундагы жазуулардан диний, илимий, адеп-ахлак тууралуу маселелерге чейинки ой-толгоолорду билдирген бул макалалар, жашоодо иш жүзүнө ашырылган руханий, социалдык тажрыйбаларды дагы сунууда. Сериянын алгачкы китептеринде өткөн тарыхын, ким экендигин, ишеничин жана дээрлик баардык нерсесин жоготкон муунду, ичине түшүп чабалактап жаткан айлампадан куткарып, жаңыдан үмүт берүү жана ага багыт көрсөтүү аракети басымдуулук кылат. Алгачкы макалаларда “Кайдасың” жана “Кел” деген чакырыктар болсо, бүгүнкү күнгө жакындаганда чакырыкка жооп кылып, чуркап келген “Аллага жана Анын жолуна жана Аны таанытууга ашык болгондор” жана “Алланы таанытууга жан дили менен берилгендер” менен жолугуунун кубанычы байкалат. Бул жагынан алганда мурдагы чыгармаларда издөө жана дуба кылып, жалынып-жалбаруу кайрыктары, кийинкилерде болсо жолугуу жана шүгүрчүлүктү көрүүгө болот.

Бирок баарынын эле жана каалаган учурда бул таттуу булактан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жете албагандыгы чын. Өзгөчө Фетхуллах Гүлендин ой-пикирин изилдеп-талдоону каалаган илимпоз инсандар жана убактылары чектелүү болгон учурубуздун адамдарына аз убакыттын ичинде кеңири маалыматка ээ болууну каалагандыктары “Жан дүйнө жаңырыктары” аттуу бир гүлдесте даярдоого түрткү берди. Жүрөктөн чыккан нерселерге муктаждык күчтүү болгон бул учурда “Жан дүйнө жаңырыктары” нын келечекке карай үмүттүү кадам таштаган адамдарыбызга жакшы багыт көрсөтөт деген үмүттөбүз. Чындыгында, жогоруда айтылган жыйнактардан өтө нускалуу жана көңүл бурдура тургандары тандалууга аракет кылынса дагы бул макалалардын, Фетхуллах Гүлендин бүтүндөй пикирин камтый албай тургандыгы анык. Бирок, бул тандалманын, урматтуу Фетхуллах Гүлендин пикир дүйнөсүнө баш багууга бир ортомчу боло тургандыгына, натыйжасында анын пикир дүйнөсү тууралуу жалпы маалымат бере тургандыгынан үмүтүбүз зор.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.