Адамзатты сүйүү

Адамзатты сүйүүСүйүү жашоо тартуулайт. Адам баласы сүйүү менен жашайт, сүйүү менен бактылуу болот, сүйүү менен чөйрөсүн бактылуу кылат. Алла Таала инсандардын ортолоруна койгон эң бекем жана күчтүү байланыш-сүйүү. Негизинде, дүйнө кунарсыз уранды, анын жандуу кылып турган нерсе сүйүү.

Жиндердин, инсандардын султандары, арылардын, кумурскалардын дагы ханышалары жана ал ханышалардын өздөрүнө таандык тактылары бар. Хандар жана ханышалар, белгилүү жол жана усулдар менен тандалып алынып, такка отурушат. Эч кимдин шайлоосуна жана тандоосуна муктаж болбостон биздин жүрөктөрүбүзгө тагын курган падыша, сүйүү болуп саналат. Ооз, көз, кулактарыбыз аны даңазалаганда гана баалуу болушат. Ал эми сүйүү болсо өзү баалуу.

Сүйүүнүн турагы болгон жүрөк, анын арты менен баалуулукка ээ болот. Алгач сүйүү желеги алдына барып сайылган чептер, кан төгүүсүз ачылган. Сүйүү аскерлери барган жердеги султандар, сүйүү аскерлеринин арасындагы катардагы бир жоокерге айланган.

Биз көздөрүбүз сүйүүнүн жеңиштерин көрүп, кулактарыбызга анын добулбасынын үнүн угулган чөйрөдө өстүк. Жүрөктөрүбүз анын желегинин желбиреши менен толкуп турду.Сүйүүгө баардык өмүрүбүздү арнадык. Эми биз жашасак сүйүү менен жашап, өлсөк, сүйүү менен өлөбүз. Ар бир демде аны сезебиз, суукта аны менен жылынабыз, ысыкта аны менен салкындайбыз. Миңдеген балээлер өкүм сүрүп турган ушул кирдеген дүйнөдө ар дайым таза бойдон калган нерсе, ал сүйүү. Баардык гүлдөр саргарып, соолсо дагы, соолбостон сакталган нерсе- сүйүү. Дүйнөдө эч бир элде жана эч бир коомдо, андан дагы түбөлүктүү нерсе жок. Анын “алдейден” дагы жумшак үнү угулган жерде, баардык үндөр өчөт, баардык аспаптар үн чыгарбай калат. Аалам, сүйүү ыры, жер шаары анын бир сабы. Табиятта ар дайым сүйүүнүн үнү угулуп турат. Адамдардын ортосундагы байланыш жана келишимдерде ар дайым сүйүүнүн желеги желбирейт. Сүйүү эң таза алтын менен тартылса, ал оор чыгат. Алтын жана күмүш дагы түрдүү соода майдандарында баасы түшүшү ыктымал, бирок, сүйүү андай эмес, ага эч кандай сырткы себептер таасир бере албайт. Бүгүнкү күнгө чейин, жүрөгүн душмандык жана жек көрүү сезимдери бийлеп алган адамдардан башкалар ага каршы күрөшүүнү ойлогон эмес. Мээримсиз, таш боор адамдарды жоошутуунун жалгыз жолу дагы сүйүү болуп саналат. Дүйнө баалуулуктары таасир бере албаган канчалаган мүшкүлдөр, сүйүүнүн сыйкырдуу ачкычы менен ачылган. Чындыгында, дүйнөдө эч бир нерсенин сүйүүгө каршы тура алуусу жана аны менен атаандаша алуусу мүмкүн эмес. Алтын-күмүш жана башка материалдык байлыктардын ээлери, сүйүү каармандарына каршы туралган эмес.

Өмүрүн сүйүү менен кооздогон жана толугу менен сүйүүгө арнаган азаматтардын жашоосунда кек, жек көрүү, душмандык деген түшүнүктөр орун ала алган эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин шайтандык эң коркунучтуу оюндарын жокко чыгарган сыйкыр сүйүү сезими. Пайгамбарлар; фараондордун, намруттардын ачууларын сүйүүнүн Каусар суусу менен өчүргөн. Алланын баардык достору, башаламан чачылган адамдарды сүйүү менен жыйнаган жана инсандык мамилелердин аймагында табыштырган. Сүйүүнүн күчү ар дайым, Харут жана Маруттун сыйкырын буза тургандай жана тозок отун өчүрө тургандай таасирдүү. Ошондуктан, сүйүү куралына ээ болгон адамдын башка бир куралга муктаждыгы жок. Ооба, сүйүү атылган окту дагы таасирсиз абалга келтире турганчалык күчтүү.

Инсандын инсандарды сүйүп, чөйрөсү менен алака түзүүсү, ал гана эмес жалпы ааламды мээрим менен кучагына алуусу, өздүк маңызын таанып, Жаратуучусу менен болгон байланышын сезүүсүнө жараша болот. Ал өздүк маңызын таанып-билүүсүнө жараша, ошол өзгөчөлүктөрдүн башкалардын дагы бар экендигин ойлойт, Жаратканы менен болгон байланышынын урматына жана өздүк маңызындагы өзгөчөлүктөр жана баалуулуктарга карата сый мамиле кылуу сезими менен баардык макулуктарды дагы өзгөчө баалайт. Негизинде, биз бири-бирибиздин кадырыбызды билип, бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле кылуубуз, ар бирибизде сакталган өзгөчөлүктөрдүн билинүүсү менен тыгыз байланышы бар. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) “Момун, момундун күзгүсү” деген сөздү дагы кеңейтүү менен, “инсан, инсандын күзгүсү” деген соз менен айтып бул акыркы ойду ал сөзгө байланыштырсак болот. Бул маанини сезе алган адам, Маулана сыяктуу: “Кел, келип, бизге кошул; биз Аллага чын дилден берилген адамдарбыз! Кел, келип, бизге кошулуп, сүйүү эшигинен ичкери кир, ичкери кирип биз менен бирге бол... Кел бири-бирибиз менен чын дилден маектешели... Гүлдөр сыяктуу эрин кыбыратпастан, үнсүз күлүшөлү. Кадимки ой-пикир сыяктуу тилсиз жолугушалы. Баарыбыз бир болгон болсок, бири-бирибиз менен эрин кыбыратпастан жүрөктөрүбүз сүйлөшсүн...деп, жүрөк тили менен бизге дастан айтат.

Биздеги бул сезимдердин тереңдигин, бул инсандык алака-байланыштын байлыгын Грек жана Батыш философиясында жолуктуруу мүмкүн эмес. Ислам көз карашы, жалпыбызды бир нерсенин түрдүү көрүнүштөрү катары көрөт жана ар бирибизди бир акыйкаттын ар түрдүү жүздөрү катарында кабыл алат. Негизинде, Алла бирдиги, Пайгамбар бирдиги, дин, тил бирдиги, өлкө бирдиги, эл бирдиги...сыяктуу нерселердин айланасында чогулган инсандар-хадисте баяндалгандай-бир дененин башка башка мүчөлөрү сыяктуу. Кол, бутка каршы болбойт..тил эринди айыптабайт. Көз, кулактын кемчилигин көрө албайт..жүрөк акыл менен талаша албайт. Дүйнөбүздүн бейишке айланышы жана бейиштин эшиктеринин аркасына чейин ачылышынын, ачылып, бизге: “киргиле!”деп сунушталышынын маанилүү ортомчусу болуп эсептелген ортобуздагы ынтымакты эмне үчүн бузуп жатабыз..! Биримдик жана теңдештик, Алланын ийгиликке жеткирүүсүнүн бир жолу болсо, эмне үчүн талаш-тартыш, карама-каршылыктар болуп жатат? Качан бизди бири-бирибизден алыстаткан сезимдерди ички дүйнөбүздөн алып таштап, бири-бирибизге кучак жаюу үчүн жолго чыгабыз!

Башка-башка табият сыяктуу Аллага алып бара турган жолдор дагы көп. Ар ким, ар түрдүү түшүнүккө ээ жана ар ким ар түрдүү жолдор менен жүрөт, бирок, баары тең Алланы ыраазы кылуу жана дүйнөнү бейишке айлантуу аракетинде. Жолдор ушунчалык көп жана кенендигине карабастан душмандыктар жана көрө албастыктар эмнеге болот? Душмандарыбыз болсо, бул ич ара талаш-тартыштарыбызды биздин зыяныбыз үчүн колдонуп жатат...

Тема менен байланыштуу пикирлерими бир акыныбыздын ушул көркөм сөздөрү менен аяктайм:

“Аял эркекке, жаш карыга, кыяк жаасына муктаж
Ааламда баардык нерсе бири-бирине муктаж.”

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.