Руханий дүйнөсү бай адамды сүрөттөө

Руханий дүйнөсү бай адам, ишеними жана кыймыл-аракеттери менен чыныгы руханият каарманы болуп саналат. Анын жан дүйнөсүнүн тереңдиги илим-билими менен эмес, ички дүйнөсүнүн байлыгы, руханий дүйнөсүнүн тазалыгы жана Аллага жакындыгы менен бааланат. Анын көз карашында, илимдин баасы адам баласын акыйкатка жеткирүүдөгү жол башчылыгына жараша жана о.э. анын көз карашы боюнча жаратылыш, нерселер жана адам баласынын маңызын түшүнүүбүзгө жардамчы боло албаган маалыматтын жана практикада пайдасы тийбеген теориялык маалыматтардын эч кандай мааниси жок.

Ички дүйнөсү бай адам, руханий жашоону биринчи орунга койгон, материалдык жана руханий кирлерден оолак болууга бел байлаган, дене кумары, напсинин арзууларына каршы бекем турган; жек көрүү, кек сактоо, душмандык, өзүмчүлдүк сыяктуу оорулар менен күрөшүүгө даяр, кичипейил. Ал ар дайым акыйкатты жогору көтөрүүнүн артында жүргөн, материалдык жана руханий аалам менен байланышта болуп, сезген нерселери башкаларга жеткирүү ышкысы менен күйүп-жанган, башкаларга күйүмдүү, өтө сабырдуу, көп сүйлөп мактанбастан, ишеними, ыйманы жолунда жашаган, жашоосу менен башкаларга өрнөк болгон адам. Ал чарчоо, токтоо дегенди билбестен ар дайым алга умтулат. Алланын жолуна кадам койгондорго ал жолдо жүрүүнүн адебин үйрөтөт. Ички дүйнөсү ар дайым күйүп-жанып, бирок, ал күйүп жанганын эч кимге билдирбестен, ага жакындагандардын жүрөктөрүнө жылуулук тартуулайт.

Руханий дүйнөсү терең инсандын оюнда ар дайым жогорку аалам. Ал Алланын ыраазычылыгын максат кылып, ар дайым алга умтулат жана максат кылганына жеткенге чейин токтобостон аргымак сыяктуу арыш керип чуркайт.

Ички дүйнөсү терең инсан ар дайым акыйкатты орнотууну ойлойт жана анын кадыры үчүн баардык каалоолорунан жана арзууларынан баш тарта алат. Ал баарына кучак жаят, баарына мээрим көрсөтөт жана коомчулук ичиндеги бир коргоочу периштедей көрүнөт. Ал Алладан башка эч кимден бир нерсе үмүт кылбайт. Кыймыл-аракеттери, жүрүм-турумдарында баардык инсандар менен жакшы мамиледе. Эч ким менен талаш-тартышка түшпөйт. Эч кимге каршы душмандык кылбайт. Кээ-кээде өздүк изденүүлөрү, ой-пикирлери жана өз кесибине жараша бир иштерди тандап алса дагы, эч убакта башкалар менен атаандаштыкка, карама-каршылыкка барбайт. Тескерисинче, дини, өлкөсү, эли үчүн кызмат кылгандардын баарын жакшы көрөт. Жакшы иштери үчүн баардык адамдарды алкыштайт жана алардын түшүнүктөрүн жана орундарын сыйлай билүүгө өтө көңүл бурат.

Руханий дүйнөсү бай адам, өзүнүн иш-аракеттери жана активдүүлүгү менен бирге Алла Тааланын жардамына дагы чоң маани берет. Куранда Алланын жардамына ортомчу болоору айтылган биримдик жана ынтымакка катуу көңүл бурат. Багыты туура болгон адамдардын баары менен бирге иш алып барууга умтулат. Баардык адамдар менен түшүнүшүп, бир пикирде болууга аракеттенет. Биримдикте берекет болоорун, талашып-тартышуу жана бөлүнүп жарылуулар менен эч ийгиликке жетилбей тургандыгын ойлоп, баары менен ынтымакта болууга маани берет.

Жан дүйнөсү бай адам, Алланы сүйөт жана Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн жанын үрөйт. Кайсыл жерде жана кандай шарттарда болсо дагы баардык аракеттерин Анын ыраазычылыгына байланыштырат. Аны ыраазы кылууга катуу аракет кылат жана мындай максатка жетүү үчүн болгон күчүн жумшайт, бул дүйнө жана акыреттик баардык байлыктардан баш тарта алат. Алланын акыйкатын жогору көтөрүү үчүн жанын үрөгөн азаматтын оюнда “мен аткарганым”, “менин ийигилигим”, “менин аяктоом”.. сыяктуу туура эмес ойлорго орун жок. Ал аткарыла турган иштерди ким аткарса дагы, өзү жасагандай кубанат, алардын ийгиликтерин өзүнүн ийгиликтери деп билет жана аларды колдоп, жардам берип алардын артында жүрөт.. алдыда болуу сыймыгын аларга калтырат. Тактап айтканда, ыйман жана адамзат үчүн кызмат кылуу жолунда башкалардүн андан дагы ийгиликтүү, дагы ылайыктуу боло тургандыктарын ойлоп, алардын иштеринин жеңилдешине көмөк көрсөтөт андан кийин катардагы инсандардан болуусун улантат.

Жан дүйнөсү бай адам ар дайым өз кемчиликтерин көзөмөлдөгөндүктөн, башкалардын кемчиликтерин издөө менен убараланбайт. Башкалар менен убаралануу мындай турсун, ар бир мүмкүнчүлүгүн жакшы инсан болуу үлгүсүн көрсөтүп, аларды улуу даражаларга багыттайт жана баарына жакшы өрнөк болот. Адамдардын кемчиликтерине, жаңылыштыктарына көз жумат. Алардын терс кыймыл-аракеттерине жылмаюу менен жооп берип, жамандыктарына карата жакшылык кылат жана көп жолу көңүлү калтырылса дагы, ал эч кимдин көңүлүн калтырууну ойлобойт.

Жан дүйнөсү бай адам, жашоосунда инсандык улуу сапаттарга ээ болуу багытында жашап, жашоосунда ыкыластуу болууну биринчи орунга коюп, сезимдери, көз караштары жана кыймыл-аракеттеринде Алланын ыраазычылыгына жараша жөнгө салган азамат. Бүткүл дүйнөнү жана Алла ыраазычылыгынан башка баардык нерсени ага ыйгарсаң дагы анын багытын өзгөртө албайсың. Ал гана эмес, бейиштерди убада кылуу менен дагы аларды максатынан кайтара албайсың.

Алла жолунда кызмат кылган азамат, ал жолдо жүрүп, бир ойду бөлүшкөн инсандар менен эч атаандашдыкка кирбейт. Аларга карата эч качан көралбастык мамиле жасабайт, тескерисинче, алардын кемчиликтерин толуктайт жана алар менен болгон мамилелеринде бир дененин мүчөлөрүнүн бири-бири менен болгон байланыштарындай мамиледе болот. Башкалардын кызыкчылыктарын жана бактылуулуктарын өзүнүкүнөн жогору коюп, бийлик, мансап, атак-даңк сыяктуу материалдык-руханий баардык маселеде бир багыттагы жолдошторун алдыга чыгарып, алардын ийгиликтерин даңазалоочусу катары жашайт жана алардын ийгиликтерин алкышка алып, алардын ийгиликке жетүүлөрүн майрам сыяктуу кубануу менен кабыл алат.

Жан дүйнөсү бай адам, көбүнчө өз жолу жана багытын бекем карманып, баардык иш-аракеттерин жеке табиятына жана табитине карата алып барса дагы, башкалардын ой-пикир жана иш-аракеттерине карата сый мамиле жасоого аракет кылат. Ар дайым башкалар менен ой-пикир бөлүшүүгө даяр. Ар дайым бир максатта иш алып барып жаткан инсандар менен бирге иш-аракетте болуу жолдорун издейт.. шериктештикте пландарды түзөт жана “мен” дегендин ордуна “биз” деген түшүнүктү орнотууга аракет жасайт, б.а. башкалардын кубанычы үчүн өзүнүн бактылуулугунан кече алат жана буларды жасап жатканда эч кимдин алкышын, мактоолорун күтпөйт. Ал гана эмес башкалардын алкышын күтүүнү моралдык жактан төмөн карай кулоо деп эсептейт жана алдыда жүргөндой болуп көрүнүүдөн, атак-даңктан жаа бою качат жана инсандар тарабынан унутулууну каалайт.

Руханий дүйнөсү таза адам, эч кимге жабыр көрсөтпөйт, зулумга зулум менен жооп бербейт. Эң кыйын абалдарда дагы токтоолук менен жан дүйнөсү терең инсан болуунун талабына жараша кыймыл-аракет жасайт. Ар дайым жамандыкка жакшылык менен жооп кылат, жамандыктарды пас адамдардын иши деп билет жана ар дайым жакшылыктын артында болот.

Жан дүйнөсү бай адам жашоосун Куран жана сүннөттүн чегинде, Аллага жакындык, такыбалык сезими менен жашайт, менменсинүү, текебердик, атак-даңк сыяктуу жүрөктү өлтүргөн сезимдерге карата ар дайым даяр турат. Ага ыйгарылган баардык жакшылыктарды “Баардык нерсе Алладан” деп чыныгы Ээсине ыйгарат. Иштердин аткарылышында “мен” дебейт, “биз” дейт.

Жан дүйнөсү терең адам, эч кимден коркпойт. Эч бир окуяда өзүн жоготпойт; “Аллага таянат, алга умтулат жана даанышмандыкка моюн сунат” жана туура деп санаган нерселерден эч артка кайтпайт..

Жан дүйнөсү бай адам эч кимге, айрыкча Аллага берилген адамдарга эч таарынбайт. Бир багыттагы жолдошторун жагымсыз иштер жасап жаткандыгын көрсө да алардан алыстабайт. Туура эмес иштеринин бетин ачпайт. Аларды уялтпайт, андай бир жагымсыз ишти көрүп калгандыгы үчүн, жаңылыштык кетиргендей өзүн-өзү айыптайт.

Жан дүйнөсү бай адам момундардын түрдүү жоромолдоруна даяр болгондуктан, алар тууралуу жаман ойго түшүүдөн сактанат. Көргөн-билгендерин жакшы жагына жорууга аракет кылат жана эч качан терс ойлорго барбайт.

Жан дүйнөсү бай адам, иш-аракеттерин бул дүйнөнүн бир сооп жери эмес, кызмат кылына турган дүйнө экендигин ойлойт жана ар дайым ага жүктөлгөн жоопкерчиликтерди кылдаттык менен орундатат. Жыйынтык тууралуу кам көрүүнү Алланы сыйлабастык деп билет. Ал, динге, ыйманга жана адамзатка кызмат кылууну, Алла ыраазычылыгына жетүү жолунда эң улуу бир милдет деп тааныйт жана канчалык улуу иштерди жасаса дагы, булардын эч бирин өзүнө ыйгарбайт.

Жан дүйнөсү бай адам, пландаган иштеринин ордунан чыкпай калгандыгы үчүн үмүтсүздүккө түшпөйт жана баардык инсандар ага каршы болуусу себептүү өзүн жоготпойт. “Бул дүйнө таарыныч дүйнөсү эмес, чыдоо керек болгон дүйнө” деп, белин бекем бууп, сабыр кылат. Дуушар болгон кыйын абалдарынан чыгуу үчүн түрдүү башка жолдорду издейт жана эң катаал учурларда дагы түрдүү чараларды табуу менен ар дайым алдыга умтулат.

Инсандык баалуулуктар тебеленип, диний көз караштар баркталбай калган, чөйрө ээнбаштардын ызы-чуусу менен тынчтыгы бузулуп турганда, башка нерсеге эмес, ушундай инсандарга аба, сууга болгондой муктаждыгыбыз бар экендигин дагы бир жолу баса белгилеп, бул теманы аяктайм.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.