Өткөндү эскерүү
Эсте калган окуялардын ачуусу да бар таттуусу да бар. Ачуу эскерүүлөр, убакыттын өтүшү менен жагымдуу икаяга айланат жана ар бир жолу эскерилгенде адам баласына өтө жагымдуу учурлар тартуулайт. Таттуулары болсо, бизди нур-караңгылык учурларда, биз жашаган түрдүү жайларда жана эски дос жана жолдошторубуз менен чогуу өткөргөн күндөрдө саякаттатат.
Азыр артка кайрылып карап, кээ-кээде токтоп турган суулар сыяктуу жашоомдун кыймыл-аракетсиз учурларын максатсыз өткөн күндөрүн, бала кыялдыкка курмандыкка чабылган түндөрдү эстеп, ал күнкү зээниме оор жоопкерчиликтерди жүктөөнү кыялданам. Кээ бир иштерде шашып кеттимби деп ойлоп, ылдамдыгымды текшерем. Кээде убакытты артка кайрып, жаңылыштыктарды түзөтүүгө аракеттенем.
Туулуп өскөн жерим, көчөлөрү, кой-козулардын маараганы, куштардын сайраганы, кичинекей балдардын кыйкырыктары, окуган мектебим, мугалимдерим жана алардык сылык-сыпаа мамилелери күнү-бүгүнкүдөй эсимде. Мечиттин бир бурчунда өткөргөн күндөрүмдүн Мурад-ы Шааний аймагындагы имамчылыктын,диним үчүн кызмат кылуу ышкысынын ой-сезимимде калтырган терең изи бар жана булардын эч бирин унута албайм...
Коркунучтуу төңкөрүштө баары сыяктуу менин дагы катуу таасирленгендигимди, негизсиз коркутуп-үркүтүүлөрдү, кайрадан оңолуп-түзөлүү учурун, андан кийин кайрадан болгон төнкөрүш аракеттеринин оорулардын жана аба алмашуулар болгон, окуяларга бай элге кызматымды; аба алмаштыруу үчүн туурган айылыма барып, ата-энем менен бирге өткөргөн Рамазан күндөрүн, Эрзурумдун мечиттериндеги кутпа, баяндарды; мен ылайык болбогон деңгээлде мага жасалган жакшы мамилелерди, ачуу-таттуусу аралаш окуяларды унутуум мүмкүн эмес эле.
Күтүлбөгөн уруксат алууну, Эрзурумда бир аз сагыныч тараткандан кийин суунун аркы өйүзүндөгү өткөргөн ачуу-таттуу күндөрдү; анын артынан башка жерге жиберилгендигимди, ал жерден Измирге келип, Измирдин кызматка ылайыктуулугун, мечит терезесинин ордуна көп жылдар бою жыгач кепеде, дүйнө өкүмдарлыгына алмашылгыс, бирок кыйынчылыктуу, бирок нурдуу күндөрдү унутуум мүмкүн эмес. Ооба, жалпысынан болсо дагы булардын баарын кечээ эле жашап өткөндөй эстеп, артта калтырган берекеттүү күндөрдү, кызмат менен жүргөн жерлерим кыялымда жанданып, дагы бир жолу ошол күндөрдү жашап жатам.
Бул өткөн узак убакыт ичинде маанилүү иш жасадым деп айта албайм, Кудайдын жардамы менен болгон ошончо иштерди көрмөксөн боло албайм. Берилген кеңештерге жана алга сүрөөлөргө “Ооба!” деген бир топ кызмат азаматтарды жакшылыктары менен эскерем. Жакындан тааныган жана тааныбаган, көңүлүмдүн түпкүрүндө сакталган бул нур жүздүү инсандарды, аял-эркеги менен Алланын жолуна өз өмүрлөрүн арнаган бул адамдарды учурдун ыйык инсандары деп эскерем. Ал кызматка ылайыктуу жер жана кызматка чын көңүлдөн берилген оопалуу азаматтарга туура багыт берүү мүмкүн болдубу, жокпу, ачык эч нерсе айта албайм, айтуум дагы мүмкүн эмес. Албетте, жеке жеткиликсиздигимди, кээ бир дос кейпиндеги адамдардын кайрымсыздыгын, оопасыздыгын жаап ар дайым душмандай мамиле жасагандардын дагы бузуп-жарып, кыйратууларын эске алган дагы башкача бир көрүнүштүн болушу мүмкүн эместей көрүнөт.
Мен ар күнү өзүмө карап, өзүмдү күнөөлүдөй сезип, бушайманданам. Мен, жеңип чыга албай тургандай канчалаган оор абалдарга дуушар болгондугумду баары билишет. Мен аларды азыр бир жагымдуу икая сыяктуу эскерсем дагы, ал күндөрдөгү оопасыздыкдыктарды жана зулумдарды дагы бир жолу жан дүйнөмдө сезип, көкүрөгүмдөн жараат алгандай сыздайм.
Негизинде, ошол күндөрдөн бери кыйынчылыктар токтободу. Ошондой эле кээ бир чөйрөлөрдүн жек көрүү, душмандыктары, аткарылган жакшы иштер менен бирдей өстү. Алланын жардамы менен жакшы иштер жайылган сайын, динге жана биздин даңктуу тарыхыбызга душмандардын кастыктары күчөп, ар тарапта өрт чыгара баштады. Жалаа жабуу, каралоолорду, укуктардын тебеленгендигин, динсиздик жана динсиздердин ээнбаштыгын, чектен чыгууларын унута албайм.
Каршы чыгуулар, бут тосуулар, ыймандуу инсандардын эркин майтара албады; ар бир жолу үзгүлтүккө учурагандан кийин алар кайрадан “бисмилла” дешип, дагы күчтүүрөөк аракет менен диндерине кызмат кылууга чуркашты жана Алла ыраазычылыгы жолунда токтобостон жүрүштү. Жек көрүүлөр каршы чыгуулар, кысымдар эч токтогон жок, бирок, буга карабастан, ыйман келтирип, ишенген нерселери үчүн чуркагандар дагы токтоо дегенди билишпеди. Бул аракеттер текке кетпеди, учуру келип, Алланын жардамы менен баардык тарап жазга айланды жана бизге сүйүү жана мээрим сезимдерибизди билдирүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Канчалаган жылдар бою бири-бирине таарынып, душман болгон адамдар бул жаңы сүйүү чөлкөмүнө чуркай башташты. Бул, алардын өздүк маңызына багыт алышы жана дагы бир жолу өздүк маңыздарына ачылыш жасоолору эле. Биринчи жолукканда, бири-бирине шектенүү менен саламдашкан адамдар, бир аз отуруп сүйлөшкөндөн кийин “Көз караштарыбыз бирдей турбайбы!, Бири-бирибизге аябай эле жакын экенбиз!” деп айтышкандары эсимде. Булар, Алла Тааланын бизге берген мүмкүнчүлүктөрү болчу, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана алдыкпы, жокпу билбейм. Пайдалана алсак кана! Ооба, бир учурда, бөлүнүп, жарылган, ынтымагы ыдырай баштаган түрдүү тайпалар биримдикке, ынтымакка келишкен ал күндөр берекеттүү күндөр эле. Бирок, көкүрөктү өрттөгөн нерсе, ошончолук аткарылган жакшы иштердин көз жаздымда калышы, бааланбашы мындай турсун, ал багытта аткарылган иш-аракеттер кылмыш сыяктуу көрсөтүлүүгө аракет кылынгандыгы эле.
Азыр ошондогу өтө керемет жана үмүт коштогон күндөрдү, сааттарды ойлосом, сүйүү жана диалогдун жолу тосулбаганда, аттиң! деп сыздайм. Ошол жылуу саламдашуулар, ошол чын жүрөктөн болгон мамилелердин уланышын аябай каалар элем. Ал жылуу сезимдердин чын дилден айтылган сөздөрдүн жан дүйнөбүздү толкуткан учурун эч унута албайм. Ортобузду шайтан аралабаганда жана душмандык сезимдерди козгобогондо, кармашкан колдор үзүлбөй, баары бир ой-пикирди бөлүшүшүп, бири-бирин урматтап-сыйлоо уланып кете бермекчи эле.
Ал күндөргө байланыштуу көрүп-билгендерим, ачуу-таттуусу менен баардык башыман өткөргөндөрүм, биз менен бирдей сезимдерди бөлүшө албаган тайыз зээндерден өчүп кетсе жана жансыз тарыхка айланса дагы, алар мен үчүн жакшылыктарды эске салуусу жана келечектен үмүттөндүргөн нерселери менен дагы эле кыялымдын төрүндө кайра-кайра жанданып, мага өтө жагымдуу жана сүйкүмдүү учурларды тартуулап турат. Окуяларга ар дайым бир тарабынан карап, аларды ошондой талкууласам, ал жандуу көрүнүштөр кыялдарымы ар дайым кооздоп тураарына ишенем. Ошол себептен, качан кыйынчылыктарга дуушар болсом, дароо үнсүз отуруп, ошол күндөрдүн үнүнө кулак төшөп, аны менен өзүмдү сооротууга аракет кылам. Ар бир жолку кыялдануумда ошол алгачкы жолу таанышканымдагы нурдуу жүздөрдү көргөндөй болуп, жан дүйнөмдү каптаган кара булуттан кутулам.
Жакынкы тарыхыбызга чейин уланып келген үмүт менен коштолгон ал чогулуп-тароолор башкача бир көрүнүштө дагы эле уланып жаткандыгы оюма келет. Шарттарга жараша өзгөчөлөнүп турса дагы, миңдеген, жүзмиңдеген инсандардын ошол эле негизинен ошол эле жол, ошол эле көрүнүш, ошол эле көз караш жана ойлорго ээ экендигине ишенем. Бирок менен өткөн учурларда кызматка өтө берилгендиктен, өзүмү дүйнө чегинен чыгып, Алланын ыраазычылыгына жеткен ыйык инсандардын жетегинде жүргөндөй сезчүмүн. Ушул ойлор менен ким билет канча жолу, өзүмдү “Асхаабул кахфтин” Кытмыйрына окшотуп, өзүмдү өзүм сооротчумун.
Мен башымдан өткөргөн ал учурда, диалогго ачык жана сүйүү деп соккон жүрөктөрдүн толкуусу жан дүйнөмдү ээлеп алгандыктан, ар күнү күбө болгон ал кооз көрүнүштөр зээнимде терең из калтыргандыктан, арадан көптөгөн жылдар өткөндүгүнө карабастан дагы эле аларды ошол жандуулугу менен ички дүйнөмдө сезе алам. Ал күндөрдө уккан үндөр, сөздөрдү дагы эле жан дүйнөмдө туюп, тез-тез жан дүйнөмдү ээлеген кусалыкты аны менен кетирүүгө аракет кылам.
Ким билет, балким ушул учурда, ал кайгысы, азабы кеткен жана толугу менен ылаззатка айланган эскерүүлөр ичиндеги жандуу, үмүттүү, өткөнгө таандык эскерүүлөрдү көкүрөктө сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн, каралоочу дептер сыяктуу капкара жана булганган саптарым менен байкоостон карартып жаткандаймын...
Ошол күндөргө тиешелүү, баардык жерлерде өкүм сүргөн руханий абалдын ошол тар убакыт чегинде калуусуна, сүйүү деп сүйлөгөн, толеранттуулук деп күбүрөгөн ооздордун үнсүздүккө түшүшүнө, бири-бирине жеткен жүрөктөрдө жалындаган сүйүү жана алакалардын өчүшүнө, мээрим менен жайнаган көздөрдүн түбөлүк жумулуп кетишине, диалогго ачык рухтардын мезгилсиз кирип келген күзгө калып, кыйрап кетишине көңүлүм ыраазы болбоду.
Бир топ ыкыластуу жана Аллага берилген рух, адамзатты чыныгы инсандыкка чыгаруу максатында жолго чыгышып, колдорунда өчпөс чырактары менен төгөрөктүн төрт бурчуна сапар тартышты. Адамзатка айта турган көп сөздөрү бар эле жана аны сөзсүз түрдө айтуулары керек болчу. Мына ошондуктан, баарынын көкүрөгү улуу ойлорго, улуулардын улуусу болгон Аллага карай бет алуу менен толкуп турчу. Инсандардын баары болбосо дагы, көпчүлүгү руханий дүйнөсү толуп-ташып турган эле. Бул нерсе жалпы адамзаттын өз ара ынтымакташтыгы, инсандардын укугунун сакталышы үчүн алып барылып, аманатка бекем инсандарга тапшырылышы керек эле. Элинин тагдырына кайдыгер карабаган инсандар бекем ынтымак, биримдикке келген, ыймандуу жүрөктөр толкуп турган, баардык жерлерде инсандар өз ара келишимге келе баштаган, бир канча кылымдардан берки кыялдарыбыз орундалып жаткан ал доордогу кызматтар эч токтобошу керек. Эл жеринин кызматына өзүн арнаган азаматтар чарчоого, бул дүйнө жыргалчылыгына алдырбай, ар дайым нурдуу болушуп, “Алла ыраазычылыгы биздин максатыбыз, Алланын акыйкаттарын жаюу максатка жетүү үчүн ортомчу” деген адамдардын биримдиги эч качан бузулбашы зарыл. Күн өткөн сайын көбөйгөн бул азаматтардын кыймылы, сахабалардыкындай ыкыластуулугун сактап, адамзатка кучагын жайышы керек.
Мен азыр дагы эле зээнимде жандуу бойдон сактоону каалаган, ал учурдагы кызматтардын жана иш-аракеттердин, бүгүнкү күнү шарттардын талабына жараша так ошол учурдагыдай болбосо дагы, ошол багытта уланып жатат деген үмүт жана кыялдар менен жашап келем. Дагы эле ошол берекеттүү кечелерди ойлоп, сүйүү деп жанган инсандардын үндөрүн уккандай болуп, жан дүйнөмдө жаңырган ал сезимдер менен соороном. Өмүр бою ушул кыялдар менен жашайм.
- Created on .