Мээрим жана ырайым

Мээрим жана ырайым жаратылыштын уюткусу. Ансыз баардык нерсе башаламан. Баардык нерсе ырайым жана мээрим менен жашоосун улантууда.

Көктөн келген ырайымдын негизинде, жер, асман тартипке салынган. Чоң телолордон кичинекей бөлүкчөлөр жана жандыктарга чейинки баардык нерсе, таң калтырган бул айкаштыкка жана укмуштуудай көрүнүшкө мээримдин негизинде жеткен.

Бул кыймыл-аракет жана жаратылышта болуп жаткан кубулуштар түбөлүк жашоонун көнүгүүсү болуп саналат. Ар бир кыймыл-аракетте тартип бар.

Биз дем алып жаткан абада, бурала бийлеген суулардын агышында жана чөйрөбүздөгү ырайым жана мээримди көрбөй коюу мүмкүнбү?

Булут мээрим канаттарын жайып, башыбыздын үстүндө айланып турат. Жамгыр, атчан аскер сыяктуу андан чыгып, бизге жардамга келет. Чагылган жана күндүн күркүрөөлөрү ал купуя мээримден сүйүнүчтүү кабарлар алып келет. Аалам баардык нерсеси менен Мээрими Чексиз Жаратуучуну даңктап ырдайт. Кургактар жана деңиздер, дарактар, чөптөр өздөрүнө таандык тилдери менен мээрим кайрыктарын созолонтушат.

Ушул сойлоп жүргөн сөөлжанды кара! Буттардын астында жана өзү мээримге муктаж; бирок, ошол абалына карабастан көп нерселерге мээрим тартуулоо жолунда чарчап-чаалыкпаган жолоочу. Мээримдүү топурак ага көкүрөгүн ачат. Ал топурактын ичинде миңдеген ийиндерди казат. Топурак бул ийиндердин ортомчулугу менен дем алат. Топурак сөөлжанга, сөөлжан топуракка жардамчы; жер семирткич болот деп чөптөрдү өрттөгөн наадандарга эмне деп айтыш керек! Кайран инсан! Топуракка дагы сөөлжанга дагы мээримсиздик кылып жаткандыгын билеби...!

Миңдеген гүлдөрдү кыдырган аарыны жана буланын ичине өзүн камаган жибек куртту карасаңар! Мээрим кайрыгына кошулуу үчүн кандай кыйынчылыктарга чыдайт. Адам баласына бал жедирүү жана жибек кийгизүү үчүн, бул азаматтардын тартып жаткан кыйынчылыктарын көрмөксөн болуп коюу мүмкүнбү?

Жөжөсүн куткаруу үчүн, башын итке жулдурган тоок, кандай мээримдүүлүк каарманы; ач экендигин унутуп, тапкан жемин баласына жедирген жаныбардын кандай камкор мээримдүү азамат экендигин эч ойлоп көрдүңөрбү...!

Бул ааламда баардык нерсе мээрим жана ырайым тууралуу ойлонот жана мээрим көрсөтүүнү убада кылат. Ошондуктан, жаратылышка мээрим симфониясы катары кароого болот. Түрдүү-түрдүү кайрыктар жана обондор өтө кереметтүү ыргактар менен созолонот жана аны байкабай калуу мүмкүн эмес. Ааламдагы баардык мээрим жана боорукердик сезимдерине өкүм жүргүзүп турган анын артындагы улуу мээримдүүлүктү байкабай калууга болобу?

Ушул нерселерди түшүнө албаган бактысыздарга азап болсун..!

Баардык бул болуп жаткандарга күбө болгон инсан, сезимталдыгы жана эрки менен бул улуу мээримди түшүнө алуу жана ал ыргакка өзүнүн кайрыктарын кошуу жоопкерчилиге алдында.

Ичинде жашап жаткан коомго, жалпы адамзатка, ал гана эмес баардык жан-жаныбарларга, инсандык карызы катары мээрим көрсөтүүгө милдеттүү. Ал бул жолдо мээрим көрсөткөндүгүнө жараша даражасы жогорулайт, башкаларга зыян келтирип, жабыр бергендигине жана зулумдук кылгандыгына жараша даражасы түшөт.

Бир зынаакор аялдын, суусап кыйналган бир байкуш итке суу бергендиги үчүн бейишке кирүү даражасына көтөрүлгөндүгү жана үйүндөгү мышыкты ачка коюп, анын өлүмүно себепчи болгон башка бир адамдын тозокко кулагандыгы тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) баян кылат.

Башкага мээрим кылган адам мээрим көрөт! Жерде мээрим кылган адамга, жогорку ааламдардан миң сүйүнүчтүү кабар келет.

Бул сырды түшүнгөн ата-бабаларыбыз, баардык жерде, мээрим очокторун жагышты. Инсандарды гана эмес, башка жаныбарларды дагы коргоп, камкордук кыла турган уюмдарды түзүштү. Бул саамалык, алардагы мээрим түшүнүгүнүн, алардын табиятына айлангандыгынын белгиси.

Буту сынган куш, канаты жараланган илегилек, кайсыл мээримдүүлүк каарманынын ички дүйнөсун дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды экен билбейм, алар, көздөгөн жерлерине жете албай калган куштар үчүн кайрымдууулук үйлөрү сыяктуу айбандарга дагы баш калкалай турган жайларды даярдап беришкен.

Аттиң! Биз алардын айбандарга мээрим көрсөткөнчөлүк, инсандарыбызга мээрим көрсөтө алсак...Өзүбүзгө боорубуз оорубагандай эле, жаш муундарыбызды дагы кайдыгерлик жана мээримсиздик менен жок кылдык. Ооба,ушул коркунучтуу окуялардын жана жан чыдагыс абалга келген коомдук чөйрөнүн негизги себепчиси бизбиз.

Мээримдүүлүк сезиминин, өлчөмсүз ашыкча колдонулуусу жана туура эмес колдонулуусу, ырайымсызчалык, балким, андан дагы жагымсыз жана зыяндуу. Орундуу колдонулган мээрим, жашоо суусундугу болсо, анын туура эмес жана орунсуз жерде колдонулуусу уудай зыяндуу.

Суутек жана кычкылтектин белгилүү өлчөмдө аралашуусу, жашоого эң эле керектүү элементти пайда кылат. Өлчөмү бузулса же экөө өз алдынча болсо, анда күйө турган жана күйгүзө турган өзгөчөлүктөргө ээ болот. Ушул сыяктуу мээримдин дагы өлчөмү жана кимге карата көрсөтүлүшү өтө маанилүү. Чектен чыккан адамга мээрим көрсөтүү башкаларга зулум жана кордук көрсөтүүгө үндөйт. Жыландай ууландыруудан ырахат алган адамга мээрим көрсөтүлбөйт. Ага мээрим көрсөтүү дүйнөнүн өкүмдарлыгын кобраларга таштоо деген мааниге келет...

Колу кандуу канкорлорго мээрим көрсөтүү, баардык кордук көрүп, жабыр тарткан байкуштарга карата мээримсиздик кылуу болуп саналат. Мындай мамиле, карышкырга боор ооруп, козулардын укуктарын тебелөө дегендик. Бул карышкырларды күлдүрсө дагы, бүтүн ааламды ыйлатып, сыздатат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.