Өрнөктөрү өзүнөн табылган кыймыл

Бул жазууда баяндалуусу моюндагы милдет, баяндоо өтө оор болгон бир маселе тууралуу айткым келет. Дүйнөгө кучак жайган маанилүү бир кыймыл тууралуу ушундай бир макала менен сүрөттөй алуу мүмкүнбү, биле албайм?...

Бул темадагы маалыматым видео тасмалардан көргөндөрүмө жараша, окуяларга күбө болушум, уккандарым менен чектелген, калемим ой жүгүртүүмө туткун, болуп жаткан ийгиликтер тууралуу уккандарым кайсыл заманга таандык билбейм...мына ушундай шарттарда эмне айтып бере алам. Ошондуктан, менин бул темада айта тургандарым, бир гүл менен жалпы гүлдөрдү сүрөттөп, айтып берүүгө аракеттенүү сыяктуу гана болушу мүмкүн. Бул болсо, бир гүлдүн жансыз сүрөтү менен эбегейсиз зор гүлзарды жана андагы ар бир гүлдү өзүнө таандык кооздугу жана өзгөчөлүгү менен сүрөттөө. Албетте бул сүрөттөө менен ал чоң гүлзар тууралуу толук баяндап берүүгө мүмкүн эместиги айкын. Ошондой болсо да, учурдун бул дастандашкан окуясын баяндоо үчүн ички дүйнөсү кенен, калеми курч инсандарды үндөө максатында ушул жазууну калемге алууга батына алдым...

Демек, баяндообуз кандай деңгээлде болсо дагы, учурдун бул маанилүү окуясы, сөзсүз түрдө жазылышы керек. Эң негизгиси, тарых барактарына жазып калтыруу жана бул каармандыктардын ээлери болгон азаматтарга оопа карызыбызды өтөө үчүн калемге алынышы шарт.

Тескерисинче, өтө кыска убакыттын ичинде, дүйнөнүн төрт тарабына тараган бул ыйык агым, бул туптунук ой-максат жана сүйүү, толеранттуулук баяндалбаса, оопа, жоомарттык, башкалардын бактылуулугун ойлоо сыяктуу улуу сапаттарга карата дагы сыйлабастык болот.

Бул кыймыл жазыла турган жана өзгөчө маани бериле турган нерсе. Бир канча азамат эч ким элестете албай турган бир учурда, мусаапырлык, кусалык, бөтөн эл, бөтөн жер дебестен, Алла ыраазычылыгын көздөшүп, эрктүүлүк, чечкиндүүлүк жана ишенимдүүлүктө кызмат кылуу ышкы менен дүйнөнүн төрт бурчуна сапар тартышты. Алла жолундагы, пайгамбарлардын хаварийлери сыяктуу “Түштүк ашыктык жолуна..” дешип, батыш-чыгыштарга карай жол алышты. Жаштык арзуулары, тулку бойдун инсандык сезимдерге өкүм жүргүзүп тургандыгына алдырбастан, сахабалардыкындай улуу сезимдер жана күчтүү дем менен чар тарапка учуп кетишти. Алардын сапары, бактысыз бир учурда, түштөрүнө жалган дүйнө сулуусунун артынан түшүп, өмүр бою куру кыялдануу менен кусалыктын сары оорусуна чалдыккан жана өздүк маңызынан алыстап, бирок, эч качан көздөгөн жерине жете албаган адамдардын сапарына окшобойт эле. Бул сапар, сезим жана эрктүүлүк, ыкылас жана берилгендик менен коштолгон болчу. Силер муну ыйман алардын ар дайым таянган күчү, бул кызматка болгон ышкысы алардын табигый абалы, берилгендик алардын негизги ойлору, Чексиз Нур алардын жол башчылары болгон инсандардын өз ой-максаттарын дүйнөгө жеткирүү аракети деп дагы айтсак болот. Ооба, алар эч кандай тоскоолдук, кыйынчылыктарга жеңилген жок. Алардын жүрөктөрүндө жалгыз гана Алла ыраазычылыгы жана алар Алланын ыраазычылыгына ээ болуу арзуусу менен дүйнөнүн булуң-бурчтарына чейин барышты. Алар сапар тарткан жолдор алар менен сыймыктанышты. Периштелер сүйүндү, шайтандар кайгырды...Алардын болгон күч булагы, көкүрөктөрүндө ар дайым магмалар сыяктуу көбүрүп турган ыйман, ойлорунда адамзаттын бактылуулугу жана албетте, эң башта Алла ыраазычылыгы. Бактылары сахабалардын бактыларына тең болгон, руханий тазалыктарында периштелер менен бирдей деңгээлге жетип, чоң дастандардын каарманына айланышты.

Баардык барган жерлерине нур жайышты. Караңгылык, зулумдук жоюлду. Динсиздик, атеизм каршы турууга аракеттенди. Жалган-жалаа, түркөйлүктүн каршы аракеттери текке кетти. Ыйман, ишенимге тузактар коюлду. Бирок, булардын баары бекер эле. Себеби, ааламга жарык нур чачырай баштаган болчу. Эми доор көкүрөгү ыйман менен жарыган инсандардын доору болду. Дүйнө ыйман нуруна бөлөндү. Чындыгында, бир аз туман, чаң-тозоң көрүнгөнсүйт, бирок, караңгылык тараган эле.

Сөз эми, ыймандуу адамдарда эле.Адамзат алардын ортомчулугу менен жаңыдан өздүк маңызын билип, жаратылышта өзүнүн ордуна ээ болмокчу. Ошондуктан, аларды жалпы инсандар күтүп жатышты. Жерде адамзат аларды сыйлап, алар болсо кичипейилдүүлүк менен Аллага таазим, адамзатка урмат кылышкан абалда, көздөрү Мээрими Чексиз Заттын эшигинин аралыгынан нурдун жаай турган учурун күтүп жатты. Учурубуздун инсандары кандай ойлойт, бирок, алар келечектин адамдары эле. Ар бири өз алдынча тирилүү хаварийси болуп саналган бул куттуу адамдардын колдорунда достук гүлдестеси, ооздорунда бир туугандыктын кайрыктары созолонот. Алардын таасирдүү сөздөрү Курандан агып чыккан мүрөк эле. Бул сөздөр, караңгылыкты таратып, кулактарга Каусар булагынын жагымдуу шылдыр үнүн угузду. Негизинде, алар сөз сүйлөбөсө дагы, нурдуу жүздөрү инсандарды өзүнө тартып турат. Алардын нурлары, алардын чөлкөмүнө баш баккан адамдардын көздөрүн уялтчу. Алар ар дайым туура маалыматтарды жеткирчү эле. Жер жүзүндө көптөгөн жакшы жамааттар жашап өткөн, бирок, бул акыркылар өзгөчө болчу. Аларды теңдеши жок деп айта албайм, бирок, “аларга тең адамдарды көрсөт” десе, дароо көрсөтө албайм. Булар, “периштелерге окшойт” деп гана тим болом.

Бур нурдуу инсандарды кимге окшотсок, окшотолу, алардын жайган нурларынын арты менен какыраган чөлдөр Ирам бактарына, көптөгөн көмүрлөр алмазга айланды, таш-топурак алтын-күмүш деңгээлине көтөрүлдү. Азыр баардык инсандар алар тууралуу сөз кылышат, алар убада берген сүйүү, бир туугандык жана кеңпейилдүүлүктүн жаралышын күтүшүүдө. Бүгүнкү күнү, бир гана караңгы мене жарыкты айырмалай албагандар, жашоолорун тулку бой, дене кумарына кул болуу менен өткөргөндөр, алар тууралуу өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөшөт. Мен бул нерселерди табигый көрүнүш деп кабыл алып, “Ар ким өздүк маңызын жана мүнөзүн көрсөтөт” деп айтам. Кандай болгон менен, ал жер, бул жерде кээ бир адамдар жарык өчүрүүнү каалап жатса, алар баардык барган жерлерин нурдантып, бузулбаган жүрөктөргө инсандык баалуу сапатттарды жеткиришүүдө. Бир убактарда, Курандын арты менен, материктер аралык тоскоолдуктар өтүлүп, узун мөөнөттүү сүйүү, урмат-сый жана алакалар орногондой, азыр дагы бул куттуу адамдардын аракеттери менен кайра жаңыдан келишим жана диалогдордун түзүлүшүнө ишенемин. Адамзат тарыхта, биздин элди кеңпейил жана жарык жүздүү катары тааныгат, бул нерсе бүгүнкү күнү эмнеге кайталанбасын! Азыр, бул улуу максат менен жер кезген адамдар барган жерлерде сүйүү агымы толуп-таша баштады.

Жакынкы келечекте, өзүн башкаларды бактылуулукка жеткирүү жолуна арнаган бул инсандардын арты менен, жүрөк-акыл бири-бири менен айкалышып, баардык жакшылыктарды өз тили менен баяндоо мүмкүнчүлүгүнө жетет, шарият буйруктары менен жаратылыш негиздеринин айкаштыгы дагы бир жолу кайрадан каралып чыгат. Инсандар, бири-бири менен керексиз талаш-тартыштарды үчүн өкүнүп, бушайман болушат. Көчөдө-базарда, үй-бүлөдө, мектепте ушул күнгө чейин орнобогон бейпилдик орноп, ар-намыс, жүрөктөрдө урмат-сый пайда болот. Эч ким бирөөнүн мал-байлыгына, ар-намысына жаман ниетте көз артпайт. Күчтүүлөр калыс болуп, алсыздар адамча жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетет. Эч ким күмөн менен жазаланып, абакка отургузулбайт. Эч кимдин үйү, жумуш орду баскынга учурабайт. Эч бир бейкүнөө адамдын каны акпайт жана эч бир адам жабыр тартып, ыйлабайт жана баары Алланы урмат кылып, инсандарды сүйөт. Мына ошондо, бул дүйнө Фирдаус бейишине айланат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.