Талкаланган табият

Табият толугу менен кереметтер дүйнөсү. Биз аны китеп сыяктуу окуп, китептеги көркөм сүрөттөрдү карап отургандай суктануу менен карайбыз. Аны ар күнү жаңыдан боёлгон, кооздолгон көз уялтуучу көрүнүшү менен көрүп, ырахаттанабыз.

Бир убактарда ушул жаратылыш китеби, түшкө кирбей тургандай кооз, кыялдарды уулоо үчүн коюлган тузак, сүйүү чөлкөмүнө багыт алган зор кеме, жарык шоолалары менен башка дүйнөгө ишаарат кылып турган чырак сыяктуу эле. Таштары баалуу тоолору, кулпурган кооз өрөөндөрү, ичинде миңдеген жандуу жашаган токойлору, бейиш бакчаларын элестеткен бактары, сайрап турган куштар, ызылдаган курт кумурскалары, көктөн агып келип турган берекети, бул берекеттерге жооп катары, жер жүзүндө таза көкүрөктөрдөн оргуштап, асманга көтөрүлгөн мактоолору менен акырет ааламынын бир четин көз алдыга алып келчү...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.