Бейпил түндөр

Күн уясына жашынганда айланада жымжырттык өкүм сүрүп, баардык нерсе үнсүз, бир гана түн тилге кирет. Ооба ал, өз кайрыктарын созолонто баштаганда, биз кыялдарга чөмүлөбүз. Ар түндө баардык нерсе орду-ордунда тургандыгына карабастан, биз үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрүн, үйдүн ички жана сырткы эмеректерин дагы башкача көрүп, үйүбүздү биринчи жолу көрүп жаткан бейиш бакчасы сыяктуу сезип, Алла менен болгон байланышыбыздын, жан дүйнөбүзгө берген таасирине таңдануу менен карайбыз.

Ар күнү кечинде түн чөйрөнү кучагына алып, горизонтторубузду караңгылатканына кайгыруу менен бирге, ал жылуу уяларыбыздын бейиштерге ачык терезелеринен башка ааламдарга кыялдануу, ал гана эмес деңгээлдерибизге жараша көрүп күбө боло алганыбызча ички дүйнөбүзгө акырет ылаззаттары киргендигин сезгендей болуп, тиги дүйнө башыбыздын үстүндө айланып тургандай ойлойбуз. Биз ушундай кыялдын кучагында жүргөнүбүздө мунаралардан таңшыган үн угулат жана баардык тарапты титиретет. Алардан чыккан үндөр биздин үйлөрүбүз, уйку бөлмөлөрүбүзгө чейин кирип келип, өз кайрыктарын төгүп берет жана бизге эң таттуу шербетин сунат. Биз дагы чын дилден ага жооп кылып куптан намазынын артынан жаздыкка баш коюп, дүйнө менен акыретти байланыштырып, уйку менен өлүмдү бир тууган катары көрүп, жүрөгүбүз, сезимдерибиз Аллага берилип, Анын алдында бейпилдик издөө менен ал күнкү баштан өткөргөндөрүбүздүн эсебин беребиз. Истигфар, тоболорубуз менне жаман ой-пикирлерди четтетебиз. Жалбарып дуба кылуу менен жакшы жактарыбызды күчөйтүп, жүрөктөрүбүздү кирлерден тазалап, Алла менен болгон жолугууга даярдайбыз. Ушундайча, уйку жана эс алуубузду дагы ибадат менен кооздоого аракет кылабыз. Бул даярдыгыбызга жараша жан дүйнөбүздү каптаган караңгылыктан кутулуп, бейпилдикке жетебиз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.