Рамазан

Жүрөктөрүбүздө кайгы менен ылаззатты бирдей сезип жашаган учурда көздөрүбүздү жумуп, ички дүйнөбүздө жаңыдан бир кечирим айын өткөрөбүз.

Ар дайым Рамазандын наздуу күндөрү нур сыяктуу бизди курчайт жана ал алып келген кыялдары, арзуулары, сүйүнүчтөрү, жайылган сый дасторкондору жана түрлөнүп турган көрүнүштөрү менен бизге Бейишти элестетип турат.

Ар дайым мээримге суусаганын сезген жүрөктөргө Рамазан, топуракка жааган жамгыр сыяктуу, алардын баштарынан ылдый төккөн сезимдер менен жүрөктөрдүн куурай баштаган төрлөрүн сугарат, сезимдердин тереңине түшүп, инсандын жан дүйнөсүн жаңы сезимдер менен жашыл бакчага айландырат.

Чыгыштан белгилери байкалганда эле, ага толкундануу менен даярдана баштайбыз. Күндөр, апталар мурда тамак-аштар Рамазанга таандык жоомарттык менен ашканаларга кирип, бизди Рамазандын жагымдуу чөйрөсүндө кездирет.

Мына ошентип, баары чыдамсыздык менен күткөн мээрим, кечирим айы кирип келет. Анын келиши менен баары өздөрүн жогору карай көтөрүлгөн нурдуу баскычтардын үстүндө тургандыгын көрөт жана күндүздөрдү жана түндөрдү башкача сезишет. Рамазандын сүйкүмдүү түндөрү баардык рухтарга, жүрөктөргө өз тактысын тургузуу үчүн терең маанилер менен келет. Ар дайым жакшылык кылуу сезими бийлеп, жаман ойлор жана сезимдер өчүрүлөт жана баардык инсандар деңгээлине жараша руханий аруулуктарга ээ болот.

Чындыгында, Рамазан айында инсандар, Алла менен бекем байланышта, Ага чын көңүлдөн кулчулук кылып, инсандар менен болгон мамилелеринде ошончолук кылдат аракет кылат жана аны байкабай, сезбей калуу мүмкүн эмес.

Ооба, бул жан дүйнөсү байып, бейпилдикке жеткен инсандар, жашалган бул жашоонун бир күнү сөзсүз түбөлүк бактылуулукка алмаша тургандыгын, бул жерде Алланын ыраазычылыгы үчүн жан үрөөнүн, тартылган кыйынчылыктардын, ал гана эмес булардын эң кичинекейи дагы акыретте өтө бийик бааланарын билишкендиктен ачка болуу, суусоо, напсинин арзууларына каршы күрөштү жана дене кумарын тизгиндөөнү ибадат кылуу кубанчы менен аткарышат. Алардын пикирлеринде, ооз ачарлар ибадат сыяктуу орундалып, таравих намаздары менен бир бүтүнгө айланат, сахурлар (ооз бекитүүлөр) тахажжуд менен биригип, Аллага жакындоодон өз үлүшүн алат. Көчөлөр мечитке карай агылган инсандарга толуп-ташат. Мечиттерде Каабадагы сыяктуу такбирлер угулат. Көчөлөр, базарлар мечитке айланат. Мечиттер Кааба менен бир бүтүн абалга келет.

Ушундайча, бул жашоосу чектелүү адамдар, түбөлүк жашай турган жана руханий жандыктын даражасына чыгат. Алардын ибадатка карата жөнгө салынган ар бир кыймыл-аракети дагы ибадатка айланат.

Рамазандын ар бир түнү башка түндөргө салыштырмалуу маани-маңызынын тереңдиги менен айырмаланып турат. Күндүздөр дагы ошол өзгөчөлөнгөн көрүнүшү менен эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк атмосферасы сыяктуу сезилет. Орозо кармаган инсандар ар бир түнү жаңы жолугууларга даярданып жаткандай толкунданып турушат. Ар таңда, жаңы бир сынакка чакырылып жаткандай коркуу жана үмүт менен ойгонушат. Алардын ар бир иш-аракеттеринде Аллага таянуунун негизинде пайда болгон көңүл тынчтыгы, ал гана эмес сыймыктануу жана кубаныч, Куран дарыясында жуунган тазалык, тунуктук, назиктик байкалат. Баары нурдан жаратылгандай көрүнсө дагы көлөкөлөрдү элестетип турат жана эч кимдин тынчын бузбайт. Руханий тарбия алардын жан дүйнөсүнө өтө терең сиңгендиктен, узун бир күндү ачкалыкта жана суусоо менен өткөргөндүгүно карабастан периштелер сыяктуу сылык жана ыкыластуу. Коркуу-сыйлоо, тартип-эркинче болуу, сылыктык-салабаттуулуктун ортосундагы бир абал алардын өзгөчөлөнүп турган сапаттарынын бири. Аллага алдында ар дайым корккон абалда жана сылык, бири-бирине карата сыйлоо жана урматтоо менен жасалма эмес, чын дилден мамиле жасашат.

Рамазанда, толук дити менен Аллага жүздөнгөн бул ажайып жүздөрдүн жана руханий ааламды чагылдырып турган сырдуу көздөр белгисиз ааламдын нуру менен жанып турат. Өзгөчө дүйнөлөрдөн, өзгөчө чөйрөлөрдөн, башкача көз караштардан таасирленген бул инсандар, ала көөдөнү-акылдуусу, түз жүргөнү-чаржайыт жашаганы, баардык нерсени байкап турганы-эч бир нерсени аңдай албаганы, элине пайдалуу болуш үчүн аракет кылганы-пайдалуу болууну ойлобогону, сезимталы-сезимсизи, бактылуу өмүр сүргөнү-бактылуулук издегени, ооруп кыйналганы-дени соо болгону үчүн эсиргени, мактанып, текеберденгени-кичипейили анда бирге болот, түндү бирдей сезим менен өткөрөт, сахурга бирге турат, азанды бирге угат, намазды бирге окуйт, ооз ачарда бирге болуп, балким, орозо кармаган адам үчүн ар кечеде сүйүнчүлөнгөн эки кубанычтын экинчисин жан дүйнөлөрүндө бирге сезишет.

Ооба, жалпы баардык мусулмандар; жаш-карысы, аял-эркеги, бай-кедейи, дени соосу-оорулуусу, башчысы-кызматчысы, мамлекеттик кызматкери жана жеке ишкери Рамазандын эриткен, жумшарткан, жууруп, калыпка салган сыйкырдуу аймагында жыйналып, жүрөктөргө тунуктук арнап, ыкылас менен, бир гана периштелер сезе ала турган кубанычты тең бөлүшүшөт. Ал гана эмес, көбүнчө бактысыздай көрүнгөн кедей-кембагал инсандарда дагы өтө терең таасирлерди калтыргандыгына күбө болобуз.

Баардык нерсени ушундай кооздуктары, жагымдуулуктары менен кучагына алган Рамазан өтө жагымдуу. Таравих намаздары өтө таасирдүү, Рамазанга көкүрөктөрү ачылган инсандар сезимтал, көктөгү жарык булактарынан мунараларга тагылган чырактарга чейинки баардык жарыктар сезим козгоочу жана баардык жакта ар башка кооздугу менен жүрөктөрүбүзгө ажайып сезимдерди берген Улуу Жаратуучу өтө мээримдүү эле, бүтүндөй буларды сезбей калуу мүмкүн эмес.

Рамазандагы белгиленген ибадаттар, биздин жан дүйнөбүздү козгоо үчүн коюлгандай, андагы ар бир үн жүрөгүбүздүн кылдарын чертип, күүгө салат. Андагы мунаралардын тили болуп эсептелген азандар, салаваттар, Аллага мактоолор, пенде жүрөгүн ибадатка даярдагандай, угулат. Рамазан, өзгөчө түбөлүктүүлүккө ачык жүрөктөргө таасир берет. Алар ар дайым аны сезет, аны ойлонот. Ооба, көчөдөгү инсандардын жанга жагымдуу, сүйкүмдүү жүздөрүнөн ак жоолукчан энелерибиздин жарык жүздөрүнө, жашаган жерибиздин Рамазан нуру менен жарыганынан көчөлөрдөгү чырактардын жарыгына, даарат алына турган жайлардын баштарына илинген чырактардан, мунараларга тагылган чырактардан асмандагы жылдыздарга чейинки баардык нерселердин Рамазандашуусун сезип жашайбыз.

Электр жарыгы жок, мечиттердин чырактарын дагы май менен жаркыратууга аракет кылынган учурларда мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр намазга бара жатышканда, ошол убактарда мыкты болуп саналган жаңы лампаларын ала барышчу. Биз алардын көчөдөн өткөн добушун укканда, Рамазан мыкты лампалардын жарыгында көчөлөрдү аралап жүргөндөй элестетчүбүз. Ошол күндөрдө дагы Рамазандын мындай ажайып керемети менен биздин зээнибизде из калтырган терең маанини ойлогондо бул берекеттүү айдын эч бүтпөшүн каалар элек.

Бирок, ага карабастан, ал сызып өтү, анын артынан салтанаттуу майрам кирип келчү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.