Биздин элибиз
Kелечектин жоопсуз жана бейпил болушу өткөн тарыхтын жакшы изилденип чыгышына жана көкүрөктө бекем сакталышына байланыштуу. Өткөн тарыхыбызды эң жакшы көрүнүштө биздин эсибизге сала тургандардын башында мечиттерибиз, азандарыбыз, Алланы жана динди даңктаган ырларыбыз жана ал булактардан оргуп чыккан көркөм чыгармачылык жана адабияттарыбыз турат. Бүгүнкү күнү ар улуу тарыхыбыз булардын ичине сиңип кеткен сыяктуу. Мечиттер, азандар, Алланы жана динди даңктаган ырларды карасак, алардын маңызында өткөндүн изи байкалат. Булар биз менен ата-бабаларыбыздын жүрөктөрүндөгү орток сезимдердин белгиси, өткөнгө таандык ышкылардын булагы жан көкүрөгүбүздө сакталган, каныбызга сиңген баалуулуктар эле. Өздүк маңызыбызды терең изилдөө менен көкүрөктөрүбүздө сакталган бейиштерди көрө билүүбүз түбөлүк Алла менен бирге болууга даярдык эле.
Өткөн тарыхтын жаңырыгын угуу, ал үндөр таңшып турган жана акырет дүйнөсүнүн коридору болуп эсептелген мечиттер, дербиштердин ибадат кылчу орун жайларында руханий дүйнөнүн эшигин каккылоо, ибадаттын ылаззатка айлануусу эле. Ооба, ыймандуу жүрөктөр бул жерлерде, Аллага болгон сүйүүнүн, ыймандын даамын татышат жана жүрөктөрүндө тигил дүйнөнүн чагылып тургандыгын сезишчү.
Мунаралардан чыккан үндөр чар тараптан угулганда, азан жүрөктөргө сиңип, аны угуп, толкундаган адамдар Аллага карай жүз буруп, Ага чын дилдеринен берилишчү. Дүйнө толугу менен алар уккан үндөргө, алар умтулган жарык нурга, аларды толкунданткан сезимдердин кучагына бөлөнгөндөй болот. Бул үндөр, бул кайрыктарга кулак төшөгөн миңдеген инсандардын үнсүздүгү, ыймандуу жүрөктөрдөгү сүйүү толгон сезимдерди дагы чагылдырып турчу.
Азан үндөрү мечиттен зикирлер сырдуу ачкычтар сыяктуу уйкудагы баардык жүрөктөрдүн эшигин ачат жана бул кереметтүү үндөргө жан дили менен берилгендер, бул үндөр менен өздөрүнүн сезимдеринен чыккан кайрыктарды угушат. Ага жүздөнгөндө жан дүйнөсүн тереңдетишип, дуа менен, Ага жалынып-жалбаруу менен кайрылгандар ыйманы, сүйүүсү толуп-ташып, руханий, купуя сезимдерин, азандан табат жана мунун арты менен күнүнө бир канча жолу толуп, төгүлчү.
Мечиттерде, жүрөк тилге киргендей, анын кенен чөлкөмүндө баары, Улуу Жаратуучуга кайрылуу деңгээлине жетет, Ага кайрылуунун ылаззатын сезет жана Ага карат болгон сүйүүсүн жүрөктөрдөн оргуштаган абалда тартуулайт. Ибадаткана ар дайым, бирдей ыргакта ыйман, үмүт менен бирдей мааниге келген сүйүүнү жар салып тургансыйт. Ооба, андагы кайгынын дагы өзүнчө бир таттуулугу бар эле. Ал жердеги кусалык жана кайгы бир жагынан алып караганда табыпка оорусун айтып жаткандай жана жараны дарыгер бычагы менен кесүү маанисине келгендиктен, анын маңызында ылаззат бар.
Бүтүндөй өмүр бою, көкүрөктөрүбүздө жыйналган түштөрдүн, арзуулардын, анын ичинде ишке ашаарын биз үмүт кылган ибадат, баардык дарттарга дабаа сыяктуу болуп, руханий дүйнөбүздү мээрим менен кучагына алып жана бактылуулуктан үмүттөндүрүп, ишеничтин пардасынын артындагы бейишти көрсөтчү. Ибадаттардагы рухтардын Сүйүктүү затка жетүү арзуусу, түбөлүктүүлүккө жетүү каалоосу Алланы сүйүү жана Алла тарабынан сүйүлүү каалоосу. Ибадат, Алла Таала тарабынан берилген баардык муктаждыктарды канааттандыра ала турган дасторкон. Ал дасторкондон пайдалана ала тургандар, ар күнү бир канча жолу жөндөмдөрүнө жараша Алла менен бирге боло алчу.
Зикирканалар, жүрөктөрдөгү сүйүү сезимдерин ойготот, баардык рухтарды кучагына алып, баардык инсандардын ички дүйнөсүнө чок салып, жалындатчу. Миңдеген кирдеген рухтар ал жерлерге киргенде аруулукка жетип, тазаланып калчу. Баары сүйүү оорусуна чалдыгып, эр жүрөктүүлүккө жеткендей менен инсандык чегине жетип, дененин чегинен сыртка ташып, чексиздикке карай багыт алгандай, түбөлүктүүлүккө, чексиздикке карай толкундануу менен жол алчу.
Руханий бийиктиктерге чыгара турган зикирканалар, акыретке тиешелүү кыялдар аткарыла турган жана баарынын сүйүүнү, сүйүлүүнү каалоолору; бактылуулукка жетүү үмүттөрүн жүзөгө ашыра турган жүрөктөрдүн жолугушуп, сырдаша турган жайлары болчу.
Жер жүзүндө Алланын үйү болууга ылайыктуу болгон бул ыйык жерлер, биз үчүн мүмкүн болбогондой көрүнгөн нерселерге мүмкүнчүлүк эшигин ачат, ашып өтүүгө болбойт деген тоскоолдуктарды кулатат, инсандардын Аллага жакындоосун жеңилдетет.
Бул жаркын чөйрөдө коом мүчөлөрү бири-бирине сүйүү менен кучак жайчу. Анын баардык жеринде жагымдуу жаздын илеби сезилип, баардык тарабында Бейиштин жыты аңкып турчу. Ал гана эмес, материалдык нерселердин чеңгээлинен чыга албаган, тулку боюнун каалоолорунун кулу болгон адамдар дагы , бул ыйман доорунда жашоонун ырахатын көрүшчү. Ооба, катардагы инсандар дагы азыркыдан өзгөчө эле. Эң эле жок дегенде инсандык баалуулуктардын эң улуулары тууралуу маалыматы бар эле. Ал учурда мечиттер дагы баарына түшүнүктүү бир тил колдонгондой эле, үрп-адат жана элдик маданият дагы коргоого алынып, ар бир адамга бир нерселер түшүндүрө ала турган көрүнүштө болчу. Коомчулукту баардык жагынан кучагына алган руханий атмосфера баарына бактылуулук тартуулап турчу.
Ооба, түрдүү кесиптеги инсандар, катардагы жарандар, аскерлер, башчылар, койчулар, жалпы коомчулук миңдеген ой пикирлер биригип, пайда кылган ыйык ишеним дарыясында сүзүп бара жаткандай бактылуу жашап, келечекке ар дайым үмүт менен карашчу. Бул инсандар курган цивилизация, бул дүйнө жана акыретке бирдей карап, ар бир ишин Алла үчүн жасоого аракет кылчу.
- Created on .