Кайыптын акыркы Кабарчысы

Алла Таала, жаратылыш жана инсан жөнүндөгү акыркы сөздү, алаамдын өзөгү, жаратылыш китебинин жаратылышынын негизги себепчиси жана Аллага чакырыктын эң бийик үнү болгон Азирети Мухаммед (с.а.в.) сүйлөгөн. Ал, “Кайыптын акыркы кабарчысы”, нерселер жана окуялардын эң туура жоромолдоочусу, инсан менен Жаратуучунун байланышынын ачыктоочусу.

Периштелер Анын күтүүчүсү, пайгамбарлар анын келиши тууралуу жакшы кабардын сүйүнчүлөөчүлөрү, окуялар Андан жарык алган Анын мөмөлөрү. Эң алгачкы жаратылган нур Анын нуру, экинчи жолу жарык чачкан нур Анын бул дүйнөгө жаралышы. Бир жагынан алып караганда Ал, жаратылыш жана руханий ааламдын мазмуну, маңызы, жаратылыш дарагынын эң сонун мөмөсү, Алланын атынан бүтүндөй адамзат жана жиндердин мырзасы. Анын наамы Адам пайгамбардан (а.с.) мурдагы учурлардан бери даңазаланып келген. Нуру Өзүнүн келишинен мурда тилдерде дастан болуп айтылган. Анын келиши-аягы башыбыздын таажысы-жалпы адамзатка белек. Анын Заты жаратылыштын эң тазасы, алып келген кабары жалпыга тиешелүү. Илими баардык илимдердин өзөгү, маңызы, айланасында эң нурдуу инсандар чогулган туптунук булак. Көздөр Анын ар тарапка чачкан нурларынын арты менен ааламдагы нерселерди туура көрө алган. Кулактар Анын оозунан ошол күнгө чейин угулбаган сөз берметтерине күбө болгон. Анын чөйрөсүндө канчалаган купуя нерселер ачык-айкын болуп, киргилт ойлор тунуктукка жеткен. Аны көргөн жана Анын сөзүн уккандардын рухтарындагы дат жоголуп, көздөрү ачылган. Эзелкинин эң эзелкиси, акыркынын эң аягы тууралуу берген кабарлары менен адамзаттын акылы жетпеген баардык белгисиздиктер өзүнчө бир маани берип, бүтүндөй ааламдын жаратылуу максаты билинип, окуп, талдай турган бир китепке айланган.

Баардык илимдер Анын маалымат дарыясынын, баардык даанышман ойлор Анын илиминин бир тамчысы.

Ал бизге Алла Тааланы тааныткан жана Ага карата бизде жоопкерчилик сезимин ойготкон. Ушул жагынан Ал, бизге билинбеген нерселерди билгизген, түшүнө албаган нерселерибизди жан дүйнөбүзго сездирген баяндоочу жана улуу мугалим. Дини өкүмдөрдү жеткирген, инсандык баалуулуктарды үйрөткөн жана адеп-ахлактын негиздерин жашап көрсөткөн. Ал акыйкаттардын ачыктоочусу.

Пайгамбарлык жана алардын артында олуялар сырткы нерселерди талдап беришкендей эле, ички руханий сырлардын дагы сыр кутуларынын капкагын ачкан.

Жаратылыштын сырткы көрүнүшү болгондой эле, ички тарабы дагы бар. Сырткы тарабы көз менен көрүлгөндөй, сезим органдары менен сезилип, акыл жана ой жүгүртүүлөр менен талданат. Ички тарабы болсо бир гана аны сезе билүү жөндөмү менен жаратылган Алла тарабынан ачылат жана сырткы көрүнүштөн дагы тереңирээк маанилерди берет жана кайрыктарды созолонтот. Пайгамбарлар мына ушул кайрыктарды башка бир жыштыкта өмүр бою угат.

Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнө таандык өзгөчө ордуна жараша, өзгөчө жөндөмү жагынан бул маселеде теңдешсиз улуулуктун символу. Ал Алланын угузуусу менен угулбай турган нерселерди угат, көрүлбөй турган нерселерди көрөт. Кээде руху убакыт жана орунга көз карандылыктан чыгып, периштелердин алдына өтөт “Каабу каусайни ау аднаа” даражасына көтөрүлөт. Анын Алланын алдында болгондой эле, инсандардын арасында дагы өтө бийик кадыр баркы бар. Ал өмүр бою туура жолдон ажырабай, дос-душман баарына ишенимдүү болгон. Ал Алладан алган кабарларын ал кереметтүү өзгөчөлүгү менен бирге инсандарга сунган.

Ага чейин өткөн баардык пайгамбарлар Анын айткандарын айтып келишкен, Андан кийин келген баардык олуялар, асфиялар Аны тастыктап, жеткен даражаларынын дагы Анын ортомчулугу менен берилгендигин моюндарына алышкан.. Ооба Ал, “Алла” деп назарларды таухидке бурса, баардык пайгамбарлардын жана олуя, асфиялардын көрө алган нерселери жана кереметтери Аны тастыктап турат.

Айткандарын Ал Өзү дагы так аткарчу. Кыймыл-аракеттери, жүрүм турумдары акыретке ыйманга жараша болчу жана жашоосун, Алланы көрүп тургандай жана Алла тарабынан көрүлүп тургандай абалда жашачу. Баардык инсандардан дагы кылдат эле. Ар бир кыймыл аракетинде жоопкерчиликтүүлүктү көрсөтчү. Ар дайым жакшылыктын артынан чуркап, бир көз ирмем дагы көзүн андан айрыбастан максат кылган багытынан жазбай чуркачу жана баарына Алладан алган кабарларды сунчу.

Жаратылыштын маанисин ачыктоо менен аны чыныгы ээсине ыйгарган, нерселердин маңызындагы даанышман сырларды жана пайдаларды түшүндүргөн, бизге бул жерде жалгыз эмес экендигибизди тез-тез эстетип турган, көзөмөлдөнүп тургандыгыбызды жан дүйнөбүзгө сездирүү менен жүрөгүбүздү ачкан инсан Ал Өзү болчу.

Ал кечээ, бүгүн жана эртеңи менен адамзатты жаңыдан бутуна тургузган. Өз доорунда инсандардын табияттарына сиңип калган миңдеген жылдык туура эмес пикирлерди, инсандыкка жарашпаган кыймыл-аракеттерди, жаман адат жана жол бузуктугун бир демде өзгөрткөндөй, толугу менен чектен чыккан учурубуздун адамдарына дагы сөзүн угузуп, эртеби кечпи аларды дагы жөнгө салып, алып келген кабарынын күчүн көрсөтө тургандыгына толук ишенебиз. Силер бул нерсеге инсан, жаратылыш жана Алла акыйкатынын жаңыдан дагы бир жолу туура окулуп, туура жоромолдонушу жана адам баласынын жаратылыштагы ордуна жараша бир абалга кириши деп айтсаңар дагы болот.

Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) баарына жана баардык нерсеге тиешелүү бир кабар менен келген эле жана милдети дагы жүрөктөрдү, көздөрдү тойгуза турган терең мааниге ээ эле. Бул көз уялткан сырткы көрүнүштүн артында, ушул күнгө чейин эч кимге насип болбогон, Куранда “хулукун азийм” деп аталган улуу адеп-ахлакка ээ болчу. Бир жолу болсо дагы Анын чөйрөсүнө кирген, Анын таасиринен чыга албайт эле. Бул улуулугу менен бирге сөзгө чечен адабиятчылар дагы Ал сүйлөгөндө телмирип, үнсүз тиктеп отуруп кала тургандаай кереметтүү баяны бар болчу.

Эми жогорудагы маселени дагы бир ачыктайлы: Алла Азирети Пайгамбарыбызга, ички жана сырткы табиятында укмуштуудай жараткан. Ал өтө кичипейил болуусу менен бирге өтө сүрдүү эле. Анын жанына келген өтө текебер адамдар дагы Анын сүрүнөн титиреп, ой-пикир жана ниеттерине карама-каршы абалга түшүп калышчу. Кисранын текеберденген элчилери, ал сүрдүү инсанга жолукканда турган жерлеринен жыла албай, айта турган нерселерин унутуп салышкан. Ошол эле учурда ушундай сүрү менен бирге баарын өзүнө тарткан жумшактыгы бар эле. Аны жакшы тааныгандар бала-чака, ата-эне жана жакшы көргөндөрүнөн дагы жакын көрүп, Анын жанынан чыккылары келбей калчу. Ал ар бир кыймыл-аракети менен чөйрөсүнө ишенимдүүлүктү, коопсуздукту камсыздап, сөз, кыймыл-аракеттери менен ар дайым Раббисинин алдында тургандыгын көрсөтүп турчу. Ал чынчыл жана аманатка бек болуп таанылган. Анын сөздөрү дагы ар дайым чындык болуп, аманаттык тууралуу эле. Анын жалпы кыймыл-аракеттери менен акылы, сезими, ой жүгүртүүсү бирдей деңгээлде болуп, бири-бири менен барабар эле. Акылынын курчтугу, парасаты, чечкиндүүлүгү, эң зор окуяларга күбө болгондо дагы эч кайтпоосу. Кыйынчылыктарды күлө багып, тосуп алуусу жана балээлерди жакшы талдап, алардан сабак алына турган нерселерди чыгаруусу, ачууландыра турган туура эмес кыймыл-аракеттерге карата токтоолук менен мамиле кылуусу Анын теңдешсиз жакшы мүнөзүн, өз ордуна жараша жүрүм-турумун чагылдырып турган сапаттардын бир канчасы гана болуп эсептелет. Баардык инсандар дүрбөлөңгө түшүп калган учурларда Ал өтө токтоолуктү көрсөтчү. Анын бул токтоолугу менен жеңилүүлөр жеңишке айланчу.

Үй-бүлөдө Ал, теңдеши жок бир үй-бүлө башчысы эле. Жолдошторунун арасында, бир тууганча, жумшак кыймыл-аракеттери менен көңүлдөрдөн орун алууну эң жакшы билген жол башчы жана мугалим болчу. Артындагыларды эч бир убакта жаңылтпаган жана үмүтсүздүккө түшүрбөгөн теңдешсиз жол башчы эле. Сөзгө чечен, такыба, даанышман, улуу мамлекет башчысы жана жеңилүүнү жеңишке айландырган эр жүрөк. Бул улуу сапаттар Анда өтө жогорку деңгээлде эле бирок, бүтүндөй буларган карабастан Ал ар дайым катардагы инсан сыяктуу жүрүм-турумда болуп, озүн инсандардын катарындагы бир инсан деп эсептечү. Ал татыктуу болгон улуу наамдарды Ага ыйгарышканда, ал аябай ыңгайсызданчу жана өтө жакшы көргөн жолдошторун дагы ушул себептен эскертип турчу.

Ал ааламдын жаратылышынын себепчиси болчу, бирок, ага кымындай дагы көңүл буруп койчу эмес. Улуу орундарга татыктуу болгондугуна карабастан өтө карапайым жана жупуну жашачу. Өзү жебей, башкаларга жедирчү, өзү кийбей, башкаларга кийдирчү. Бир тамчы неьмат-ырыскы үчүн миң жолу шүгүр кылчу жана ар дайым Улуу Ырыскы берүүчү Затка карыздар болгон сезими менен жашачу. Алланы сүйүүдө жана Андан коркууда периштелер менен бирдей эле. Бул дүйнөдө жашап жатса дагы бул дүйнөгө карманчу эмес. Акырет жолунда эле, бирок түздөн-түз анын бактылуулуктарын арзуулоочу эмес эле. Анын көңүлү ар дайым Раббисинде болуп, көзү Аны чагылдырып турган Ал жараткан жаратылышта болчу. Бул дүйнөнү акыреттин эгин талаасы деп билип, эгип, жыйып, алган түшүмүн акыретке арначу. Шамалдардын уруктарды чөйрөгө чачып, өсүп-өнүшүнө өбөлгө түзгөндөй Ал дагы колунда жок инсандардын муктаждыгын карап, ач болгондорун тойгузуп, бирок Өзү көпчүлүк учурда ач жүрчү. Эки дүйнөнүн Султаны болгон абалда, бул дүйнөдөн өтүп, Жаратуучусунун жанына барганда сарайы, кабат-кабат үйү, мал-байлыгы жок эле. Жупуну жашап, бул дүйнөдөн Өзүнө жарашкан абалда көчүп кетти. Ал “тарикуд дуня” эмес эле, бирок, бул дүйнөгө ушул дүйнөгө ылайык өлчөмдө, акыретке дагы баасына жараша көңүл бурду.

Асылжандыгына жана Алла Таала менен болгон байланышынын негизинде пайда болгон сүрүнө, айбатына карабастан, өтө кичипейил, кушпейил болгондуктан, жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрүн, Анын ордун билбеген инсандар, Аны катардагы адамдардан деп ойлочу. Жолдошторунун Ага карата болгон сый-урматын, таазимин көңүлгө албастан, алар менен бирдей жерде, бир дасторкондо отуруп тамактанчу. Өзгөчөлүгүн жана айырмачылыгын намыстуу жери сыяктуу жаап-жашырып, жанында болгон адамдарды табиятындагы сүрү менен сүрдөтпөш үчүн кээ-кээде, үлгү, сабак алына турган тамашаларды айтып, сүрүн мээримге алмаштырчу.

Ал ар дайым жумшак болчу. Жек көрүү, кек сактоо жана ачуулануу сезимдерди козгой турган учурларда дагы жумшак мамиледе болуп, ачууга тутуккан, каарданган инсандардын ачууларын таратчу. Эң ырайымсыз душмандарын бир демде жумшартып, көкүрөк тирешип, талашка түшө турган учурларда дагы, калыстык кылчу. Жалпы укук тебеленбеген, Алланын укугуна сыйлабастык болбогон баардык жерде Ал кечиримдүү жана толеранттуу мамиле кылчу, Анын өмүр таржымалында Анын кечиримдүүлүгүнүн жүздөгөн мисалдарын көрүүгө жана көрсөтүүгө болот.

Убаданы бек сактоодо дагы Ал теңдешсиз инсан. Бир жолу дагы убадасынан кайткандыгына күбө болунган эмес. Пайгамбарлыгына чейин жана пайгамбарлык келгенден кийин дагы эч бир убакта айткан убадасынан кайткан эмес жана эч качан чындыкка терс сөздөрдү сүйлөгөн эмес. Ал ар дайым чынчыл жана оопалуу эле.

Ал сөздүн чечени эле, сөз берметтери чыныгы баасын Анда тапкан. Ал колуна калем кармаган эмес, эч бир китепти окубай, эч кимден таалим дагы алган эмес. Бул Алла Тааланын буйруктарын ачыктоодо, башка ойлор, башка маалыматтар аралашып, булгабашы, башка бир калыпка салынбашы, Алланын түздөн-түз Өз буйруктарын, экинчи пайгамбарыбыздын (с.а.в.) табигый сезгендерин сырткы таасирлерден, ойлордон коргоо болуп саналат.

Ал өтө тунук маалымат деңизи эле. Анын мурдагы замандарда болуп өткөн окуялар тууралуу берген кабарлары жана ислам тарыхынан мурда түрдүү элдердин дин, мазхаб, маданият, үрп-адаттары тууралуу айткандарын жокко чыгарган каршы сөздөр айтылган эмес, айтылуусу мүмкүн дагы эмес эле, себеби Ал, Алланын элчиси болчу жана Ага маалыматтар Алладан келчү.

Ар дайым ага жүз жактан жүз түрдүү суроолор келчү. Суралган суроолордун баарына, эки анжы болуп калбастан, шыр жооп берип, сүйлөгөндө көпчүлүк түшүнө ала тургандай кылып сүйлөчү. Ал аалым, сабатсыз, акылдуу, акмак, маалыматы аз болгон, терең билимдүу, жаш-кары, аял-эркектин баары пайда ала тургандай деңгээлде сүйлөчү жана Анын маектештеринин жүрөгүндө бейпилдик орноп калчу.

Ал көп кутпаларындагы баяндарда түрдүү маселелерди колго алган. Бирок, ар дайым чындыкты айткан. Ал өтө чынчыл болгондуктан, ар дайым көлөкөдөй ээрчип, мүмкүнчүлүк болсо жанын кыюуга аракет кылып жүргөн душмандары дагы Аны эч качан жалганчыга чыгара алышкан эмес.

Негизинде, балалыгынын өспүрүм учуруна, андан пайгамбарлык берилген кырк жашына чейин башка кыймыл-аракеттери сыяктуу тилин дагы этият сактаган бир инсан жашынын үчтөн эки бөлүгү өтүп кеткенден кийин жалган жерден пайгамбармын деп айтып жатат деген ойго кетүү жеткен каапырдык түркөйлүк, акылга, ой жүгүртүүгө сый көрсөтпөө болуп саналат. Анын айткан сөздөрү, койгон өкүмдөрү кечээ-бүгүн жана эртеңди камтый ала турганчалык деңгээлде болчу. Ал ишеним тууралуу сүйлөп, ибадатка тиешелүү өкүмдөрдү берген, коомдук, экономикалык, аскердик жана башкаруу тууралуу сөздөрдү айтып, айткан сөздөрүн аткарып; жасаган иштеринен натыйжа чыгарып, алып келген негиздеринин тууралыгын тарыхка жаздырып, жүрөгү ачык инсандарга аманат калтырып жатты. Анын артынан миңдеген ойчулдар жана жүздөгөн философтор жана ар бири бир канча илим тармагында тереңдеген илимпоздор жана он миңдеген исскуство адамдары Ал айтып кеткен сөздөргө жана алып келген коомдук, экономикалык негиздерди, аскердик жана башкаруу дисциплиналарды, тарбиялык эрежелерди бир добуштан “ооба” деп кабыл алышып келген. Айрыкча булар менен бирге миллиондогон олуя жана асфиялар дагы Аны ар бир өкүмдө жана баянда тастыкташып, Анын жолбашчылыгында бул даражаларга жеткендигин жар салышчу. Ошондуктан, Ага “жок!” деп айткан адам же эмне деп жатканын билбеген акылсыз же башы айланган бир бактысыз болушу керек. Себеби, ушул убакытка чейин эч бир адам бири-биринен өтө айырмаланып турган мынчалык көп маселе туурасында жаңы бойдон кала турган сөз айтып, өзгөрбөгөн өкүмдөрдү бере алган эмес. Бадиуззаман дагы айткандай, бир инсан канчалык жөндөмдүү болсо дагы, бир канча илим тармагында туура сөз айта алышы мүмкүн. Ал эми бул Зат болсо, бүтүндөй баардык нерселерге байланышкан, баардык орун жана убакыттарга тиешелүү нерселер туурасында айкан жана айткандарын чебердик жана даанышмандык менен жеткирип, Аны көрүп, тааныган жана Анын сөздөрүнө кулак төшөгөн баардык инсандар “ыйман келтирдик, ишендик” дедирткен.

Ал ыйман жана иш-аракеттерде өрнөк инсан болчу

Адамзаттын тарыхында ыйман жана аткарган иш-аракеттеринде теңдешсиз инсан Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) эле. Ал ар дайым чыныгы ишеним менен Аллага берилип, чын жүрөгүнөн Анын элчиси экендигине ишенген, Ага толук баш ийген. Ал ар дайым чыныгы жоопкерчилик сезими менен жашап, ишениминде, милдетинде, жүргөн жолунун тууралыгында, Алла ийгилик бере тургандыгында күмөнү жок болчу. Ушул себептен Аны таануу бактылуулугуна жеткендер Ага ишенген, Ага таянган жана Анын артында жүрүүнү Алланын берген насиби деп билчү.

Андагы бул ишенимдүүлүк, алып келген жалпы негиздердеги ыйыктык, жашоосундагы олуттуулук жана тууралык Ал үчүн чоң жардам болчу. Миңдеген, жүз миңдеген инсандар, кандарынан сиңип калган адат-салттарын таштоо керек болсо дагы, эч токтобостон Аны көздөй чуркашчу. Бул тарыхта теңдеши жок, өтө маанилүү окуя болчу жана Анын Алла элчиси экендигин көрсөтүп турган. Учурубуздун, ушунчалык күчтүү тарбия мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, төрт-беш баланы бир-эки кичинекей адатынан баш тарттыра албаган психологдор жана педагогдор ал Заттын дүйнө деңгээлинде пайда кылган ал улуу төңкөрүштөрүнүн негиздерин изилдеп, билим жана ой-пикирлерин дагы бир жолу карап чыгуулары керек.

Бийлик үчүн жанын берген жана ар дайым жырткычтык ойлору менен жашаган, талоончулукту жөндөмдүүлүк деп эсептеген, атак-даңктын артынан чуркаган, жыргал жашоону жашоосунун жалгыз максаты деп билген, чектен чыккан, зулум, түркөй, менменсинген, көралбастык сезими менен жашаган жана дене кумарынын кулу болгон бир чөйрөдө өстү. Ал өскөн чөйрөдө зулумдардын кыйкырыгы, кордук көргөн байкуштардын онтоосу гана угулуп турчу. Мехмет Акиф айткандай:

Дүйнө кайрадан курула турган ал учур
Руханий каатчылыкта, бүгүнкү күндөн бетер эле,
Жырткычтыкта инсан чөөлөрдөн озуп,
Тишсиз болсо бир инсан аны бир туугандары жээр эле.
Каргашалар жер бетин толук каптап,
Бүгүн Чыгышты каптаган бөлүнүү оорусу жайылган эле.

Башкаларга кордук көрсөтүүнү, башкалардан өч алууну гана ойлогондор, бийликке жетип, башкарууну көздөгөндөр, зулумдардын башкаруусу алдында болууну баш ийүү деп эсептегендер; баскынчы жана “айтканым айткан, дегеним деген болот” деп күчүнө гана ишенгендер; ахлаксыздыкка, уятсыздыкка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү бергендер, инсандык улуу сапаттар жана жалпы инсандык баалуулуктарга карата ар дайым коркутуп, үркүтүүлөрдү жүргүзгөндөр; кенен-кесир баскандар, Аллага кулчулугун пенделер койгон чектин ичинде орундатууга мажбурланган байкуштар, дагы башка ар түрдүү абалдагы инсандар. Ооба, баардык жерде абал ушундай эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ушундай чаржайыт, жан дүйнөсү бош инсандардан адамзат тарыхынын эң улуу, өзгөчө жана керемет коомчулугун пайда кылды.

Инсандар Анын ал сырдуу чөйрөсүндө табият мыйзамдары менен коюндаш жана алар менен айкалышып жашап, ошол эле учурда дин жана руханий маселелерди бирге сезип, жашап келишкен. Анын алып келген кабарларында жана ал кабарларды жүзөгө ашырышында жаратылыш менен карама-каршылык болбогондой эле, инсандардын материалдык жана руханий жактары дагы кайдыгер калтырылган эмес.

Анын алып келген кабарлары, ишеним маселелеринен ибадатка андан өз ара мамилелешүүлөргө албетте, бул негиздерге көз каранды абалда экономика, башкаруу, укук, мамлекеттер аралык байланыштар, согуш-келишим эрежелери, таалим-тарбия негиздери, жан дүйнөнү тазалоочу усулдар сыяктуу көптөгөн маселелерди камтыйт. Ал бул негиздерди катардагы бир адам түшүнө ала тургандай жеңил жол менен түшүндүрүп бергендей эле, бүтүндөй бул нерселердин оңой эле аткарыла тургандыгын өзү жашап, эң жакшы жол башчылыгын көрсөткөн.

Андан кийин, бул негиздерди бекем кармануу менен ондогон мамлекеттер курулду, жүз түрдүү эл башкарылды. Душмандардын жек көрүү, көралбастык, кыйратууну максат кылган аракеттерине карабастан миллиондогон ойчулдар, улуу аалымдар тарбияланды. Ал ыйык милдет болгон пайгамбарлык жүктөлгөн күндөн баштап, алыскы, жакынкы душмандарынын жек көрүү, кек сактоо жана душмандыктарына кабылды, бирок, эч качан үмүтсүздүккө түшкөн жок. Тескерисинче, эч нерсе болбогондой, Ага түшүрүлгөн динди жашай турган коомчулукту негиздөөгө аракет кылуу менен бирге ага каршы турган душмандарга каршы бекем тура алды. Коркуп, кыжаалаттанып, дүрбөлөңгө түшпөгөндөй эле эч качан жаңылыштыктарга дагы түшкөн жок.

Жалпы дүйнө жүзүнө каршы, жаратылышты жаңыдан талдоого, диний жана диний болбогон бир топ системалар туурасындагы коз караштарын ортого салып, экономикалык, саясый, аскердик, маданий маселелерди талкуулап, учуру келгенде бул маселелерди сынга алгандыгына карабастан эч бир убакта каршылык көрөм деп коркподу.

Ал милдетине байланышкан, Меккедеги динди жеткирүүдөгү кыйынчылыктарга, каршы тараптын кысымдарына, коркутуп-үркүтүүлөрүнө алдырбады. Жалгыз башы менен эскиден мурас болуп калган туура эмес пикир, ишеним, түзүмдөрдү кыйраткан учурунда катуу каршылыктарга кабылды, түрдүү коркутууларга дуушар болду. Бирок, булардын баары Аны жүргөн жолунан кайтара алчудай эмес эле, канкор жаналгычтардын арасынан чыгып, Мадинаны көздөй сапар тартканда; Савр үнкүрүндө душмандары тарабынан курчалганда; жүргөн жолунда бир канча ирэт жолу тосулганда; Бадрда согушууга мажбурланганда, Ухудда кан төккөнү келгендер менен бетме-бет келгенде, Хандакта кырып-жоюуну каалагандардын курчоосунда калганда; Хунайнда көзгө атар мергендердин окторуна төш тоскон учурунда ар дайым эр жүрөктүүлүк кылды жана баардык тайсалдагандарга коркпостуктун, эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү боло алды жана эрктүүлүгү менен баардык эрки бошторду алга сүрөдү.

Ал өтө эр жүрөк жана ошончолук этият эле. Учуру келгенде өлүмгө тик карап, учуру келгенде баардыгын таң калтырган этияттыгын көрсөтчү. Негизинде Ал жашоого, Аллага кызмат кылуунун жылоосундагы экинчи бир маселе катары карачу. Алланын динин жогору көтөрүү жана Аллага кызмат кылуу бар болсо, жашоонун баасы бар, тескерисинче, бул жашоонун эч кандай мааниси жок эле. Анын ою боюнча бул жердеги жашоо, түбөлүк ааламдарга алып өтүүчү көпүрө эле жана бул бир киреше табуу жолу сыяктуу пайдаланыла турган нерсе болчу.

Ооба Ал, жашоону ушундай ойдо жашап, ар дайым башкаларды бактылуу кылуу максатын көздөп, башкалардын кубанычы менен кубанып; колуна тийген баардык нерсени таратуу менен башкаларды кубандырып, өзү карапайым, жупуну, таза жашоого каниет кылган. Жупуну кийинип, жөнөкөй тамактарды жеп-ичип, ар бир кыймыл-аракети алсыздыгын, кедейлигин, муктаждыгын көрсөтүп турган жашоо жашаган жана бул оюн жашоосунун эч бир бөлүгүндө өзгөрткөн эмес. Ага башкалардын жакшы жашоосуна себепчи болуу, өзү жашоодон дагы ырахаттуу болуп, башкаларды жедирип-ичирүүдө өзү жеп-ичкендегиден дагы көбүрөөк ылаззат алчу. Ошондуктан Ал тапкан нерсесинин баарын муктаждарга берип, колунда жок болуп калган учурларда аларга тапканда берүүнү убада кылып, кубандырчу. Баардык кайгылууларга кол узатып, мойнунда карызы бар адамдардын карыздарын төлөп, ар дайым колундагыны берүү менен жүрөгүндө кири бар адамдардын дагы кирин кетирип, караңгы көкүрөктөрүн жарытчу.

Жашоосун миллиондогон адамдардын жашоосунан дагы берекетүү кылууну билген бул Улуу Зат, тигил дүйнөгө сапар тарткан учурунда ыйык калканы, бир аз акча үчүн күрөөдө болчу.

Кыскасы эгерде инсан Анын жашоосуна жакшылап назар сала турган болсо, ыйманы, билими, сабыры, жумшактыгы, оопасы-кайрымы, такыбалыгы, эр жүрөктүүлүгү, жоомарттыгы, чынчылдыгы, кичипейилдүүлүгү, сүрү, баяндары, отуруп-турушу жана баардык жеке, үй-бүлөлүк, коомдук, экономикалык, аскердик, тарбиялык иштеринде инсандыктан жогору турган бирөө менен жолуккандай болушчу.

Анын мындай сапаттарга ээ болушу демейдеги көрүнүш, Ал:

Өткөн пайгамбарлардын (а.с.) мурасчысы. Алла жиберген пайгамбарлардын ар биринен, Аны кабылдоосу тууралуу убада алган. Албетте, бул негизинен үммөтөрүнүн атынан убада алуу эле.

Анын пайгамбарлыгы башка пайгамбарлар сыяктуу бир гана коомго, белгилүү бир аймакка гана тиешелүү эмес, жалпыга жана түбөлүк болчу.

Ал Алланын адамзатка берген мээрим белеги жана эң акыркы жол башчысы, Курандын аяттары, Анын жашоо таржымалы дагы Анын айдан ачык далили эле.

Ал мээрим ортомчусу, үммөтү үчүн балээлерден коргой турган калканчы эле. Анын артындагылар өткөн пайгамбарлардын үммөттөрү сыяктуу жалпынын башына келе турган кырсыктарга дуушар болбойт.

Бул улуу инсан, пайгамбарлардин ичинен Алла Таала анын аты менен ант ичкен инсан эле.

Анын дагы бир өзгөчөлүгү Алла Таала, баардык пайгамбарларга ысымдарын айтып кайрылса, Ага ар дайым пайгамбарлык наамы менен кайрылчу. Бул ошол эле учурда момун-мусулмандарга дагы адеп сабагы болуп саналган.

Ага “Жаваамиул калим” деп аталган кыска, нуска терең маанини камтыган сөз сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилгендигин мурда дагы айтып өткөн элек..

Белгилүү бир аралык алыстыктан душмандарынын жүрөгүнө коркунуч салуусу дагы Анын орду жана даражасына Алла Тааланын өзгөчө көңүл бурушу эле.

Ал, үммөтүнүн күнөөлөргө каршы тообо эшиктеринин ар дайым ачык туруусуна себепчи болгондой эле, күнөө жолдору дагы Ага жабык кылынган.

Ага берилген китеп, бир канча өзгөчө шарттар менен коргоого алынган жана кыяматка чейин башка китептердей өзгөртүүлөргө учурабайт.

Айрыкча Ал, бул дүйнөдө жашап жатканда эле акыретти көрүп келген эле.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) көп өзгөчөлүктөрүнүн жанында Ал, Куран муъжизасы жана жаратылыш кереметтери сыяктуу өтө көп насиптерге ээ болгон, буларды эсептеп чыгуу үчүн дагы бир канча томдуктар керек болот. Негизинде Андагы бул өзгөчөлүктөр Анын руханий тарабына тиешелүү улуулугунан болчу. Ал баардык жагынан теңдешсиз Зат эле. Ооба, Анын табияты периштелерден дагы улуу. Ал алгачкы жаралган нур эле. Алла Тааланы алгачкы болуп чагылдырган Зат ошол. Алланын сыпаттары Анда эң жакшы көрүнүштө чагылып турат. Аны менен Алланын сырлары ачылган. Аны менен дүйнө нурга бөлөнгөн жана жаратылыштын жүзүнө чүмбөттөлгөн туман тараган. Аны менен жаратылыштын артындагы акыйкаттар ачык айкын көрүнүп, Адамга (а.с.) жалпысынан билинген баардык нерсе Анда өз алдынча ачыкталган.

Бизди жаңылтпастан түздөн-түз Аллага алып бара турган ортомчу Ал өзү. Алланын сырлары сакталган казынанын ачкычы Анын колунда. Ааламдын башталыш жана акырынын сыры дагы Ага аманат кылынган.

Ал эң мыкты улуу Зат, Алла Таала Пайгамбарга (с.а.в.) баш ийүүнү Өзүнө баш ийүү деп кабыл алган. Ал жайган нурлар менен жаратылыш бир китепке, бир сарайга айланды жана эбегейсиз зор караңгы дүйнө жарыды. Анын арты менен караңгы жерлер жарыкка бөлөндү.

Ооба, Ал Алланын ысымдар жана сыпаттарынын борбордук чекити. Ал пайгамбарлыктын чолпон жылдызы. Алланын Ага жүктөгөн милдети баардык пайгамбарлардыкынан өзгөчөлөнүп турат. Раббиси Аны менен сүйлөшүп жатканда Ага урматын көрсөтөт жана бизди дагы ошондой адепке үндөйт. Ал жаратылыш китебин жазган калемдин сыясы, жаратылыш китебинин саптары. Ал, “Айткын: Эй, инсандар! Эгер Алланы сүйсөңөр, келгиле мени ээрчигиле, Алла дагы силерди сүйсүн жана күнөөлөрүңөрдү кечирсин” (Ал Имран-31) деп айтылган даражанын эң тандалма инсаны; “Эй, Мухаммед), чындыгында сага ант бере тургандар эч шек күмөнсүз Аллага ант беришет...” (Фатх-10), “Жакында Раббиң сага (ушундай нематтар) тартуу кылат, сен (ал илахий берешендик жоомарттыктан) ыраазы болоорсуң.” (Духа-93) деп айтылгандай, ыраазычылык мартабасынын эң жогорку даражадагы адамы, жолдогулардын жол башчысы. “(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени баардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик”деп айтылгандай Ал, бул дүйнөдө ыйман менен, о дүйнөдө Бейиш жана Алланын Жамалы менен кулпурган ааламдардын сырдуу ачкычы, эшиги, ал эшиктин аркы тарабындагы кереметтердин шооласы, Кудайды жалгыз деп тааныгандардын жол башчысы, Аллага чын дилден берилгендердин кайрымдуу жана оопалуу досу, шайтандын жана динсиздиктин душманы, момундардын акыреттеги шапаатчысы.

Дүйнөдө орундатуу мүмкүн болбогондой көрүнгөн оор милдеттер Аны менен жеңилдеди. Анын арты менен үммөт жаңылыштыктардан алыс болду. Анын арты менен баардык жүрөктөрдө кечириле тургандыгынан үмүттөнө башташты.

Эй ааламдын маңызы жана өзөгү, жаратылыш дарагынын мөмөсү, таухийд акыйкатынын бийик үнү! Эгер Сен болбогонуңда биздин жана ааламдын кандай мааниси болот эле.! Биз Сенин ортомчулугун менен өздүк маңызыбызды биле алдык жана ордубузга ылайык туура абалга өттүк. Белгисиз, бүдөмүк көрүнгөн аалам жана жаратылыш Сенин келишиң менен нурга бөлөндү. Сенин келишиң менен айлана кулпуруп, көркүнө чыкты жана баардык нерсе жаратылыштын парда артындагы дүйнө тууралуу баян курду. Сенин артың менен түбөлүк жок болуп кетүүдөн кутулдук. Жаратылыш табышмагын чечмелеп, талдоо милдети эзелтеден эле Сага берилген болчу. Сенден мурда келгендер бул табышмактын жалпы маанисин гана кайталап турушту. Ал табышмакты Сен чечмеледиң. Эки дүйнөнүн ачкычтары Сага берилген эле. Дүйнө эшигин ачкан Сенсиң, акырет жолун көрсөткөн дагы Сенсиң.

Сен келип дүйнөнү жаркыратып, нурландырганыңа чейин тавхидди жүздөп, миңдеген нурдуу инсандар жеткирди, бирок эч бири Сенин деңгээлиңе жете алышкан эмес. Алар өз жөндөмдөрүнүн чегине көз каранды эле; аны ашып өтүп Сенин даражаңа жете алышмак эмес. Жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн катуу аракет кылышты. Канчалаган кыйынчылыктарды жеңип өтүштү. Кээ биринин жолу тосулуп, кээ биринин баштары кесилди. Кээ бири иштин башында о дүйнө аттанды. Кээ бири жолдун жарымында. Кээ бири өтө кежир адамдарга жолукту. Кээ бири баардык жерде ташбараңга алынды. Ар дайым ышкылуу алга умтулушту, канчалаган жолу өлүп-өлүп тирилишти. Булардын ичинен бир тобу издегенин тапты жана алардын арты менен жүздөгөн, миңдеген адамдардан динсиздиктен, тозок отунан кутулушту. Алардын баарынын ичинен түрдүү материктерге үнүн угузган жана тайбастан тик турган Сен гана болдуң. Үч-төрт кемакылдан башка Сени ээрчигендердин эч бири жолдо адашып калган жок. Аткарыла турган көп иштер бар эле жана Сенин артыңдагылар жан үрөп аракет кылып жатышты. Алардын баары токтобостон чуркап кызмат кылышты бирок, эч кимиси чарчап, жолдо калган жок.

Алар Сага, Сен дагы аларга ылайыктуу элең. Сен аларды жакшы көрчүсүң, албетте алар дагы Сени жакшы көрүшчү. Алла Таала аларды Сага жолдош болууга даярдап койгондой эле андай бирге болуунун кубанчын Алла биздин жүрөктөрүбүзгө дагы сездирсин Сага жолдоштук кылып жатышты жана алар буга ылайыктуу эле. Мираж Сенден мурун эч кимге насип болгон эмес эле. Парда артындагы баардык ааламды кыдырып көрүп чыктың, көздөрдү уялткан акырет кооздугу арасында жүргөнүңдө дагы ар дайым Сен артыңдагыларды ойлодуң. Көңүлүңдө ар дайым көргөндөрүңдү аларга дагы көргөзүү, сезгендериңди аларга дагы сездирүүнү кааладың.

Эй бийиктиктерде обологон куттуу Пайгамбар! Сен биздин жаныбыздын жанысың, алып келген кабарларың ооруларыбыздын шыпаасы. Бир жолу дагы кел, бизди жансыз абалда таштаба.! Акыркы жолу дагы бир сүйлө, бизди оору бойдон калтырып кыйнаба! Биз жүргөн жолубузда эч нерсеге карабастан жыгылып-туруп алга жылууга аракет кылып жатабыз. Эгер бизде дагы эле жашоонун жышааны бар болгон болсо, ал дагы Сенин бизге ичирген жашоо мүрөгүңдүн таасири. Жүрөктөрүбүз дагы эле Сага ачык болуп турган болсо, бул дагы Сенин бизге сунган кабарыңдын керемети.

Сен жансыз жүрөктөргө жашоо үйлөө үчүн келген элең жана Сен муну Алланын жардамы менен жүзөгө ашырдың. Эми карасаң бир убактарда Ирам бактары сыяктуу кулпуруп турган ал жерлерде жандуу өлүктөр басып жүрөт. Булбулдар менен атаандашып, сагызгандар сайрап жатат жана баардык жерде зулум өкүм сүрөт. Биздин абалыбызга боор ооруп кел жана тирилүүгө аракет кылгандарды колдон ал. Бир убактарда Сенин атың даңазаланып турган жерлерде азыр шайтандар шапар тээп сайрандап жүрүшөт. Баардык жакта эки жүздүүлүк шамалы согуп турат.

Канчалаган жолу какыраган чөлдөр Сенин демиң менен Бейиш бакчаларына айланды. Дагы бир жолу кел!

Бул дүйнө Сенин дүйнөң; Сенин дүйнөңдө башкалардын сөзүнүн канчалык мааниси болмок эле!

Алла ааламды жарыта турган жарыкты Сага берген. Дүйнөнү жарыта турган чыракты Сен күйгүзөсүң. Сен кааласаң Алла буйрат. Сен сүйлөсөң, баарыбыз кулак төшөп, угабыз.

Сен Алланын алдында дагы, инсандардын алдында дагы баардык нерседен баалуу, барктуусуң. Сен биздин жашоо суубузсуң. Азирети Масийх өлгөндордү тирилтчү; Сен жүз миңдеген өлүк жүрөктөргө рух үйлөгөн Исрафийл болдуң. Эми келип, үнүңдү бүтүндөй дүйнөгө угуз, баардык эки жүздүүлүк, бузукулук оттору өчсүн, айлана кулпуруп көрктөнсүн.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.