Өздөрүн акыйкат жолунаарнаган азаматтар

Жашоолорун Алланын ыраазычылыгына жетүү жолунда, Аны сүйүп, Ага сүйүктүү пенде болуу максатына арнаган инсандардын эң белгилүү өзгөчөлүктөрү, эң маанилүү күчтөрү, материалдык жана руханий үмүттөнүүлөргө түшпөгөндүктөрүндө. Алардын көз карашында, акырет түшүнүгү жок адамдардын оюн бийлеген мал-байлык, жеке пайда табуу сыяктуу түшүнүктөрдүн эч кандай мааниси жок.

Алла ыраазычылыгына жашоосун арнаган инсандын багытын өзгөртүү кыйын, башка бир багытка буруу эч мүмкүн эмес. Ал өзүн толугу менен инсандарга Аланы сүйдүрүү жана Аллага сүйүктүү кул болуу максатын ишке ашыруу үчүн арнап жана жашоосун башкаларды бактылуулукка жеткирүү жолуна атагандыгы жана убактылуу нерселерден үмүт кылбай, багыт алган тарабын өзгөртпөгөндүгү үчүн, коомчулуктагы “алар” жана “биз”, “тигилер” жана “биздикилер” сыяктуу бөлүп-жара турган түшүнүктөрдөн алыс болушуп, эч ким менен талашып тартышпайт. Ал ар дайым чөйрөсүнө пайдалуу болуу ою менен жүрөт жана ичинде жашап жаткан коомчулук менен келишпестикте болбоого тырышат. Коомчулукта кемчилик, мүшкүлдөргө күбө болсо, элге ал мүшкүлдөрдүн туура чечилиш жолун көрсөтөт жана элдерди улуу адеп-ахлакка үндөйт. Ал саясаттан жана элдерге башчылык кылуу пикиринен ардайым алыс.

Билим алуу, алынган билимдин пайдаланылышы, жакшы адеп-ахлак жана аны жашоонун баардык тармактарында өкүм сүрүүсү, ыймандуу жана улуу сапаттарга ээ болуп жашоо сыяктуу нерселер өзүн акыйкат жолуна арнаган адамдардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнөн. Алар акыретке пайдасы болбогон, бийлик-мансап жана жеке дүйнөлүк пайдалар, эл көрсүндүк сыяктуу нерселерден алыс.

Илим жана илимди пайдалануу, жакшы адеп-ахлак жана анын жашоонун баардык учурунда өкүм сүрүшү, ыймандуулук жана андан айрылбоо сыяктуу нерселер Аллага берилген инсандардын эң маанилүү жактарын түзүп турат. Алар, акырети үчүн пайдалуу болбогон атак-даңк, жеке кызыкчылык көздөп эл алдына чыгуудан алыс турушат. Алар илим жана көз караштарын жашап көрсөтүү менен, алардан үлгү алып, алардай жашоону каалагандарды улуу максаттарга карай жетелөө үчүн жан үрөп, аракет кылышат. Бул ишти аткарууда жеке пайда көздөөдөн жаа бою качып турушат. Айрыкча, алардын жан дүйнөсүнөн сыртка оргуштап чыгып турган балдай таттуу мамилелери, аны бааалай билгендерди өзүнө тартат.

Ошондуктан алар, өздөрүн көрсөтүүнү оюна дагы алышпайт. Анын ордуна руханий дүйнөлөрү байытышып, ыкыластуулукка жетип, жалгыз гана Алланын ыраазычылыгын табууга аракет кылышат.

Учурубузда, түздөн-түз ыйман, ислам жана Куран сынга алынып, жерилип жатат. Ошондуктан, болгон күч-аракеттер, инсандардын диний түшүнүктөрүн бекемдеп, элдерди максатсыз жашоодон куткаруу үчүн жумшалуусу зарыл. Адамдардын руханий дүйнөсүн тойгузуп, алардын башка изденүүлөргө кирбеши үчүн, ыймандын өзүнө таандык кооздуктары, алардын жүрөктөрүнөн орун алуусу керек. Кээ бир адамдардын көз карашы боюнча, баардык нерселерди, коомдук түзүлүштүн өзгөртүлүп, жаңы калыптарга түшүрүлүшүнө байланыштуу деп таанылып жаткан учурда, жогорудагыдай пикир өтө маанилүү. Себеби, экинчи көз караштын жүзөгө ашырылышы менен, коомдо бир топ кагылышуу, келишпестиктер келип чыгышы ыктымал. Ал эми, биринчи көз караштын натыйжасында ар дайым, жакшы мамилелешүүлөр жана келишимдер түзүлөт.

Аллага берилген инсандардын ой-пикир, көз караштарында эч кандай боштук болбойт. Тескерисинче, алар ар дайым, ой жүгүртүү жана илим-билимдерге карата, ачык болуп, аны чыныгы ыймандын талабы деп тааныйт. Алардын дүйнөгө кызыгуулары жана напсилеринин каалоолорунун ордун, Алла ыраазычылыгына жетүү ылаззаты ээлеген. Ошондуктан, Алланын ыраазычылыгын гана көздөгөн адамдар, руханий жашоонун туу чокуларында, периштелер менен бирге болушуп, ошол эле учурда, инсандар менен дагы бирге болушуп, дүйнөлүк жашоонун баардык туура талаптарын аткарышат. Бул жагынан алып караганда, алар дүйнөлүк жана ошол эле учурда акыреттик болуп эсептелишет. Алар бул дүйнөлүк, анткени себептердин чөйрөсүндө экендиктерин жана себептерге көңүл буруу жоопкерчилигин сезе билишет жана алар акыреттик, анткени баардык маселени ички руханий сезимдери менен баалашат.

Негизинде, денени өзүнүн орду менен, рухту өз улуулук деңгээлинде тутуунун, же жашоону, жүрөк жана рухтун өкүмдарлыгы астында жашоонун жолу ушул болсо керек. Дене жашоосунун чеги тулку бойдун тардыгына жараша, ал эми, ар дайым түбөлүктүүлүккө ачык болгон рухтун жашоосу чексиз. Адам баласы, ушундай деңгээлдеги жашоодо, ар дайым улуу ой-максаттар менен жашаса, жашоосу ал жашоону тартуулаган Затка жакындыкта болот жана башкаларды бактылуу жашоого жеткирүүнү жашоонун маңызы деп билет. Андай адамдар, сөзсүз түрдө, улуу иштерди аткарат жана жеке өзүнүн ырахатынан четтей алат.

Албетте, жашоону мындай деңгээлде жашоо кыйын. Бирок, бул кыйын иш Аллага берилген, Аны пенделерге таанытууну жашоосунун негизги максаты деп тааныган адамдар үчүн оңой.

Негизинде, ар дайым көкүрөгүндө Жаратканга ыймандын жылуулугун сезген, кээде коркуу, кээде сүйүү менен чөйрөсүнө жүрөк тили менен бир нерселерди айтып, түшүндүрүүгө аракет кылган адамдар үчүн, эч бир маселе оор эмес. Андай адам, Аллага гана берилип, Аны менен байланышта болуу жолун издеп, ар кандай мүмкүнчүлүгүн Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн колдонот. Алла Таала дагы ага өзгөчө көңүл бурат жана анын Өзүнүн алдындагы ордун белгилеп, баарынын ага урмат көрсөтүүсү керектигин эскертет жана анын кылган иштерине чоң соопторду берет. Ошондой адамдар тууралуу Курандын баяны төмөндөгүчө: “Эртели-кеч Раббилеринин жүзүн эңсеп, Ага жалбара турган заттарды (алдыңдан) айдабагын! Сенин мойнуңда алардын эсеп-китебинен, алардын мойнунда сенин эсеп-китебиңден эч нерсе жок...” деп айтылган бул адамдар, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) баяндарына ар дайым катышып жүргон жана өздөрүн Алла ыраазычылыгына жетүүгө арнаган инсандар эле.

Аллага берилүүнүн чын дилден жана ыкыластуу болгондугуна жараша ар дайым, андай адамдарга Алла Таала тарабынан өзгөчө көңүл бурулаары чындык. Ооби, инсан, чын дилден Аллага берилүүсү жана Аны ыраазы кылууну жашоосунун башкы максатына айландыруусуна жараша мамиле көрөт, бааланат жана периштелердин маегинин каарманы болот. Андай бир адамдын бул дүйнөдөгү ар бир жакшы ою жана кыймыл аракети, жогорку ааламда жакшы бааланат. Ушундай бактылуу пенде Аллага берилүүсүнө жараша Алла дагы ага көңүл буруп, ал эч нерсеге такалбастан Жаратуучусуна багыт алат. Андайлар тууралуу Куран эң жакшы көрүнүштө мындай деп баяндайт: “Алар аябай бактылуу. Аларды Алланы зикир кылуудан, намаз окуп, зекет берүүдөн соодагерлик жана алып-сатуу алаксыта албайт. Алар көздөр жана дилдер калтырап кала турган (Кыямат) Күндөн коркушат. Алла дагы аларга бул абалдарына жараша тартууларынын эң жакшысын берет жана каалаганына дагы көбүрөөгүн берет.” (Нур сүрөсү 37-38-аяттар.)

Аллага тобокел кылуу менен баардык кайгыдан кутулган мындай адамдардын башка издей турган эч нерсеси жок. Себеби, аларга насип болгон руханий тартуулардын жанында бүтүндөй баардык убактылуу нерселер сокур тыйынга арзыбайт. Алардын ички дүйнөсүндө жанданган кооздуктардын жанында, бул дүйнө жана андагы нерселер жалган уламыш, икаялардан айырмасы жок. Албетте, жазда жашарып, жайда соолуп, куураган нерселердин башкача болушу дагы мүмкүн эмес. Ар дайым ушундай сезимде болгон, түбөлүктүү нерселерди гана каалаган инсандар, түбөлүк жандоочу боло албаган нерселердин баарын четке кагып, арттарына карабастан түбөлүктүүлүккө багыт алышат. Дүйнөгө жана дүйнөгө тиешелүү нерселерге карманышпайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.