Султан Сулайман мечити
Султан Сулайман мечити, салтанаттуу күндөрдөн эстелик болуп калган ажайып көрүнүштөгү мечит. Ал Мехмет Акиф жана Яхйа Кемал сыяктуу эки улуу акындын сезимдерин саптарга төккөн бир сөз жана салтанаттуу күндөрүбүздүн кабарчысы.
1550-жылдарда Синандын, исскуство дүйнөсүнө эки белеги бар: Стамбул Сулаймания Университети, Шам Сулаймания Университети. Экөө тең наамына коюлган Кереметтүү Сулайманиянын ажайып кооздугун чагылдыра турган деңгээлде. Барака өзөнүнүн жээгинде ажылык сапарындагы адамдарга кызмат көрсөтүү максатында негизделген Шам Сулаймания Университети; мечити, ашканасы жана кербенсарайлары менен укмуштуудай курулуш.
Биздин азыркы темабыз Стамбулдагы Султан Сулайман мечити. Кеңири университет абалындагы камтуулары менен Сулаймания, жергиликтүү өлкө курулуштарынын эң кооз үлгүсүнүн бири, балким биринчиси. Ал, Фатих Университетинин өнүктүрүлгөн, толукталган өрнөгү сыяктуу. Албетте ошол максат көздөлүп курулган эле.
“Акыркы диндин эң кооз мечити болсун деп,
Куруучусу кылган экен ушундай бир тилек.
(Я. Кемал)
Башталгыч мектептен жогорку билим бере турган медреселерге, мончолорго, ооруканалардан медициналык борборлорго чейинки нерселерди камтыган Сулаймания Университети, кенен чөйрөсү жана бул чөйрөнүн чынжырдын шакекчелери сыяктуу бири-бири менен байланышы тегеренип отуруп алып зикир кылып жаткандардын тобундай, мечит бул топтун башчысындай көрүнөт.
Султан Сулайман мечити турган орду менен, өзгөчө Жаңы Мечит, Галата көпүрөсү жана Ункапаны тарабынан карасаң, жалпы Стамбулдун өкүмдары жана айлананы көзөмөлдөй турган жай сыяктуу көрүнөт.
Ал, ички көрүнүшүн жакшылап көңүл коюп караган ар бир адамга, бир салтанаттуу учурдун даңазалуу устасынын колу менен курулгандыгын жана бир улуу өкүмдардын аракети экендигин шыбырагансыйт.
Бул ыйык мечит, сырткы-ички көрүнүшү менен салабаттуу көрүнөт. Ооба, кээ бир мечиттердегидей көп кооздук, оймо-чийме жок бул жерде. Акыркы саптардын тушунда терезелердин үстү жагындагы ток көк жерге ак боёк менен жазылган жазуулар жана михрабдын эки жагын кооздоп турган жазуулар эске алынбаганда, Султан Сулайман мечити Синандын сырткы кооздоого маани бербегендиги жана чеберчилик өнөрүнүн кереметин көрсөткүсү келгендиги дароо байкалат.
Инсан, мечиттин алдыңкы эшигинен, даарат ала турган жай тарабына кадам койоору менен ал жердин эс алдыра турган өзгөчө атмосферасын сезет. Даарат алчу жай адам баласынын жан дүйнөсүнө катуу таасир берет, анын ички дүйнөсүн ибадатка даярдап туруп, мечитти көздөй “Жөнө!” дейт.
Мечиттин ичине киргенде, биринчи болуп, көркөмдүү төрт устундун үстүндө турган купол көзгө урунат жана аны Ислам дининин символу болгон беш кичинекей куполдор курчап турат. Негизги ортоңку купол айланасындагы беш кубба менен кошулуп, ыймандын алты негизин эске салып турса керек деп ойлойм.
Мечиттин дагы бир өзүнө тартуучу жагы, күндүн ар кандай сааттарында ар башка терезелерден ичкериге түшүп турган күндүн шоолалары. Ооба, туптуура жети кабатка жайгаштырылган эки жүз тогуз терезеден ар дайым мечиттин ичине жарык түшүп турат.. бул түстүү терезелерден ичкериге түшүп турган жарык нурлары, адам баласынын жан дүйнөсүнө кандай кыялдуу ойлорду салат. Эгер кийин дагы кошумчаланган бир канча кооздоолордун жарашыксыздыгы болбогондо, биздин жан дүйнөлөрүбүз дагы кандай нерселерди сезе алат эле!
Жер жүзүндө жашап жаткан биз, көккө жана көктүн тереңдигиндеги руханий ааламдарга көтөрүлүү арзуусу менен, көктүн тереңдиктерин, жогорку ааламдардын олуттуулугун сездире турган бир үнгө муктаж болобуз.
Ооба, инсан, биздин шаңдуу жана даңазалуу доорубуздун ал ажайып эстелигин, анын айланасындагы нерселер, мечитти карай шашып бара жаткандай көрүнгөн медреселерди, ооруканаларды, дарылоо борборлорун, Куран үйрөтүүчү жайларды, сырттагы намаз окула турган орундары менен баарын бирге кабыл ала алса, мечиттин ичине кадам койоору менен руханий таасирге кабылат.
Султан Сулайман мечитине, Аллага көтөрүлүүнүн жана жетүүнүн жолдорун көрсөткөн сыяктуу түрдүү эшиктерден кирилет. Бул кириштер кээ бир жактарынан түз эле, кээ бир эшиктерине бир аз тепкич менен көтөрүлүп чыгып андан кийин кирилет.
Бир салтанаттуу жана даңазалуу доордон калган көптөгөн эстеликтер бар. Бирок, ал эстеликтердин ичинен эң баалуусу болгон Султан Сулайман мечити өткөндү көрүп-сезүү өзгөчө. Салтанаттуу доордун бир учуру өтүп бара жатып, ушул жерде токтоп, калып калып, Султан Сулайман мечити менен үн салып жаткандай туюлат.
- Created on .