Көз жаштары

Көз жаш – Алла Тааланын мээриминин инсан көзүндөгү тамчы абалы.

Көз жаш – тил, сезим жана жүрөктүн биригишинен пайда болгон гүлдүн жалбырагындагы шүүдүрүм тамчысы.

Бейиш үрлөрүнүн кулагындагы сыргалар. Көз жашынын жанында топурак сыяктуу баасыз болуп калат.

Көз жаштар айбат, коркунуч, урмат жана сүйүү сыяктуу адам баласынын жүрөгүн толкуткан жана көкүрөктөн жаман арзууларды алып таштаган, улуу сезимдердин руханий дүйнөнү кучагына алып тургандагы учурдун баяны.

Эне чын дили менен ыйлайт, анда эч кандай жасалмалуулук жок. Анын ар бир ыйында миңдеген кайгы бар. Бала жарык дүйнөгө келээри менен ыйлайт... Жакшы күндөрдү көрүп, бактылуу болушуна сүйүнүп, же башына келе турган азап, кыйынчылыктарга кайгырып ыйлайт, кайдыгер калтырылышына, балким аталарынын күнөөлөрүнө жана чөйрөсүнүн сокурдугуна...

Ак шөкүлөлүү келинге эненин эң кымбат белеги коштошуу көз жашы. Келин, жашоосунун аягына чейин ал тунук көз жаштарды унута албайт. Аны унутса, энесин дагы унутат, атаны да...

Алла Таала элчисинин тилинде; ыйлаган көздү, элдин, мамлекеттин намысын коргоп, көзөмөлдөгөн көз менен бирдей баалайт.

Жан дүйнөсү тереңдеген адамдын көз карашында көз жаштары, бейиш булактарынан дагы баалуу. Себеби ал тамчылар Алланын алдында тозок отун өчүрө турган нерсе болуп саналат.

Алланын пайгамбары Адам (а.с.), бактылуулук кесесине көз жашын толтуруп ичпеди беле?..

Дарттуу пайгамбар, Топон суу пайгамбары (а.с.) ал тамчылар менен дүйнөнү топон сууга көмбөдү беле? Жаратылыш сырларын алгачкы болуп ачкан, Алланын Халили көз жаштары менен оттон сактанбады беле?

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (а.с.) келишин сүйүнчүлөп келген Рухулланын өмүрү ыйлоо менен өтпөдүбү?

Дауд (а.с.) Забурду окуп жатканда ыйлачу.

Акыркы пайгамбар (а.с.) энесинин кучагында “Үммөтүм, Үммөтүм...” деп айткандан баштап, өмүрүнүн аягына чейин үммөтү үчүн ыйлабадыбы?

Шааир Икбал, бир чоң жыйында Пайгамбарыбызга (с.а.в.): “Эң баалуу белек” деп, бир кесе шейит канын сунган эле. Мен ал улуу жыйынга чакырылсам, күнөөсүнө ыйлаган адамдардын көз жаштарын алып бармакмын.

Жолугууну самап ыйлоо жана жолукканда кубанычтан ыйлоо...

Бул ыйлоо бир жетимдин, бир үмүтсүз адамдын ыйлоосу дагы эмес... Бул ыйлоо толук биле албагандыктан, өздүк маңызын таба албоодон же жолугуунун кубанычынан, Алланын сүрүнүн таасиринен пайда болгон ыйлоо. Соңунда Алланын мээрими болгондугу үчүн жагымдуу ыйлоо.

“Суулар сыяктуу туйласаң, Аййуб сыяктуу ыйласаң
Жүрөгүңдү куйкаласаң, абалыңды сурабайбы?”

Анатолиянын адамы ушул үчүн ыйлады. Курган цивилизациясынын ылайын көз жаштары менен жууруду.

Көз жаштары жан дүйнө тереңдигин көрсөтүп турат. Ичи сыздап, көзүнө жаш келбегендер бактысыз адамдар. Баатырдык жана эр жүрөктүк талап кылынган жерде ал жеңилбес баатырга айланчу. Бул темада эң жакшы мисал боло алган халифа Умар (р.а.) ачуулуулугу, катуулугу менен бирге кайгылуу инсандын жанында отуруп, бала сыяктуу ыйлап, айланасындагыларды дагы ыйлатчу эле.

Пайгамбарыбыздын сахабаларынын ичинде канчалаган арстандары бар эле, бир күркүрөгөндө миндеген душмандын жүрөгүнүн үшүн алчу. Бирок, Алланын алдында, өзүн-өзү эсепке тартып жаткан учурунда өтө жумшачу. Узак жылдардан бери көз жаштарына куса болдук. Аны бул мамлекеттин ташынан, топурагынан, үйүнөн, мечитинен, бул тоо-таштын үстүндө айланып учуп жүргөн куштарынан суроо керек... Канча жылдан бери көз жашка куса болгондугун мечиттердеги устундардан, куполдордон, дубалдардан суроо керек. Канча жолу көз жаштар менен нымдалгандыгын жайнамаздардан суроо керек. Ушунчалык руханияттан алыстаган экинчи бир доор көрсөтүүгө болобу...?

Эй бүтүндөй тарых бою ыйлоону унуткандар! Дарты, камы жоктор жана ыйлай турган абалдарына күлгөндөр! Келгиле, кам санабай өткөргөн жылдарыбыздын аякташы үчүн бирге ыйлайлы! Наадандыгыбызга, түркөйлүгүбүзгө ыйлайлы! Колдон чыгаргандарыбызды байкай албагандыгыбыз үчүн ыйлайлы! Кемчилик, күнөөлөрдөн тургузулган айкелге айланган абалыбызга, сезимдерибиздин кыйроого учураганына ыйлайлы! Ушундай абалда өлө тургандыгыбызга, өлгөнүбүздөй тириле тургандыгыбызга, кыямат күнү салтанаттуу шаңдуу бара жаткандардын катарынан орун таба албашыбызга ыйлайлы! Бутактан үзүлгөн бир мөмө сыяктуу, жалгыз үзүлүп түшүп, тамандардын алдында эзилишибизге, мээримден куржалак калышыбызга ыйлайлы!

Жогоруларда көгүчкөн сыяктуу канат кагып өтө бийиктиктерде “ах” дейли, үнүбүз, көз жаштарынан пайда болгон булуттарды козгосун. Андан кийин жалындарыбызды өчүрө турган ал тамчылар, жамгырлар сыяктуу башыбыздан ылдый агып, жалыныбызды өчүрсүн! Жек көрүү, кек сактоо отун, бүтүн дүйнө жана акырет отун өчүрсүн...

Аллахым! Көздөрүбүзгө жаш берип, бизди ыйлат! Мээрим кылууң үчүн, Сенден алыс калуу кусалыкты сезе албагандыгызга ыйлат!.

Мени дагы ыйлат, түн сыяктуу капкараңгы болгон рухума мээрим кылып, ыйлат!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.