Тарыхый кайталануулардан үмүттөнүү

Адамзат жаралгандан бери, күндүздөрдүн жанында түндөр, жарыктын жанында караңгылыктар болуп келди. Жер бетинде жарык жана караңгылык алмашып тургандай, ар дайым бактылуу учурлар кетип, кыйынчылыктуу, машакаттуу күндөр өкүм сүрдү. Учур-учуру менен дүйнөнүн төрт бурчун динсиздик жана эки жүздүүлүк караңгылыгы каптады. Жолдор караңгы. Баардык жерлерде көз караштары белгисиз адамдар өкүмдарлык кылып, дүйнө алардын жаман, жагымсыз үндөрү менен онтой баштады. Коомчулук булардын ызы-чуусуна үнсүз карап турду. Барктуу сөздөр бааланбай калды. Буйрук жана өкүмдарлык кулдардын колуна өттү. Коомдор куру сөздүн куурчагына айланды. Каалаган учурда бүтүндөй коомчулук уктатылып, каалаган учурда ойготулду. Жөндөмсүз, иш аткара албаган адамдар даңкталып, жөндөмдүүлөр жерге урулду. Курулай ооз көптүрүүлөр туура жөндүү, орундуу сөздөрдөн жогору бааланды. Жаман көз караштар, таза ой-пикирлердин ордун ээледи. Коомчулук мээрим жана камкордук күткөн жерлер мээримсиз адамдардын колуна өттү. Булардын ортомчулугу менен инсандардын ортосунда бөлүнүп-жарылуулар күч алды жана баары бири-бирин аңдыган жырткычтарга айланды. Динчилдиктин көкүрөгүндө коркунучтуу жаралар пайда болду, өлчөмдөр өзгөрдү, баардык нерселердин орду алмашкандай болду. Шербет кеселеринин ордун уу кеселери ээледи, жарык нурдун ордунда караңгылык өкүм сүрдү.

Бул коркунучтуу жана каргашалуу доорлордо ой-пикирлер бузулуп, адамдар эч бир нерсеге жана эч кимге ишене албай калышты жана баары бири-бирин жапайы жырткычтай көрө башташты. Динди кармаган, ыймандуу көкүрөгү таза адамдар кордолуп, сөз эркиндигинен ажыратылып жатты.Караңгылык, зулумду колдогон адамдар эсирип, нурга жарыкчылыкка суусагандар жогору жактардан жардам күтүп, мээрим жаап турган күндөрдү кыялданып жатышты. Кээде ушундай ойлор, кээде башка себептерге байланыштуу уурттарында жылмаюу пайда болуп, бирок, анын артынан ээрчий келген кайгылуу кабарлар баарып алып кетип жатты жана бир канча мүнөттүк убактылуу кубаныч ордун айлар, жылдарга созулган кайгы капаларга калтырды.

Тарыхта окуялар кайталанып тургандыктан, учурубузда дагы так ушундай нерселер болуп өтүшү мүмкүн. Күн чайыттай ачылып туруп эле бир карасаң айлананы туман каптап, бороон улуп, чаң-тозоң уюлгуй баштайт. Кубанычтуу учурлардын изи калбай, көңүлдөр караңгылап, үмүттөр кыйрайт. Кээде күн кайра чыкпачудай, күндүз кайрылып келбечүдөй болуп, айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп, адамдар үмүтсүздүккө түшөт.

Биз болсо, ушул күнгө чейин уланып келген кыйынчылыктар, зулумдар жоюлуп, жакшы күндөрдүн келишине ишенебиз. Негизинде, бир топ убакыттан бери баардык булуң-бурчтарда инсандар бир убактарда жоготкон бейиштерин табууга болгон күч аракеттерин жумшашууда. Жүздөгөн, миңдеген инсандар ар-дайым ушундай ой-максаттар менен жашап, жаратылыштын максаты жана андагы даанышман сыр тууралуу ой жүгүртүшүүдө.Чындыгында, руханий дүйнөбүз башаламандыкка учураган доорду баштан өткөрүп жатабыз. Ал гана эмес, үмүт, кубаныч өкүм сүргөн жерлерде дагы мезгил-мезгили менен кайгы жана үмүтсүздүк каптап турат. Албетте, биз эми кайгы-капа жоюлуп бара жатканын жакшы билип калдык. Жер бети жарып, ак-кара бири-биринен айырмаланып калса, баардык баштан өткөн кыйынчылыктар жеңилдейт. Алыс аралыктар кайраттануу жана күжүрмөндүк менен басылып өтүлөт. Тоолор түздөлөт, түздөр чуңкурсуз тегиздикке айланат.

Азыркы учурда, жүрөктөр тирилип, жан дүйнө жаңырыктары угулат. Акыл, жүрөк менен ой-пикир, илхам менен айкалышып турат. Илим, динге багыттап, эрк, ыйман менен бекемделип, көздөрдүн көрөгөчтүгү өөрчүп, руханий дүйнөгө назар салат. Эми мындан кийин, кар-муз канчалык катуу болсо дагы руханияттын жылуулугунда көпкө туруштук бере албайт жана шамал канчалык катуу соксо дагы адам жаратылышынын табигый чырагынын отун өчүрө албайт. Чындыгында, көпчүлүгүбүз дагы эле түрдүү коркунучтардан титиреп коркуп, кээде катуу шамалдарды көрүп жан-алакетке түшүп, алапайыбызды таппай калган күндөрүбүз болот. Бирок, ошол эле замат, жаңыдан ачылган гүлдөрдөй жадырап, айланага жылмаюу тартуулап, шактан-шакка конгон булбулдар сыяктуу жаз кайрыктарын созолонто толкуп тургандыгыбыз дагы чындык. Көкүрөгүбүздө үмүт бийлеп, алдыбыздан Кызыр булагынын шылдыр добушу угулуп тураары анык. Ушундай ойлор сезимдерин бийлеген инсандар, Бейиш жытын сезүү менен кубанычка бөлөнүшөт...

Ооба, бүгүн болуп жаткан окуяларды жүрөктөрү жана руханий сезимдери менен сезе алгандар майрамдагыдай маанай менен жашашууда. Улуу ой-максаттардын артында жүргөн адамдар, Алланын жардамы менен дуушар болгон тоскоолдуктарды жеңип өтүп, моюндарындагы милдеттерди эң жакшы көрүнүштө аткарууга аракет кылышууда. Алар алга карай бара жатышат, жолдор аларга таазим кылып турат. Алар баскан баардык жерлерде ашып өтүү мүмкүн болбогондой көрүнгөн тоскоолдуктар аларга баш ийишип, бул ыйык адамдардын буттарына жүзүн сүргөндөй болот.

Негизинде бул көрүнүш, бышып жетилген инсандардын ар дайымкы абалы. Учуру келгенде, арстандар сыяктуу күркүрөп, учуру келгенде булбул сыяктуу сайрап, инсандарга кубаныч тартуулашат. Алардын маңдайларына, улуу жана кичипейил болуунун мөөрлөрү катары менен басылган. Ошондуктан, эзилип, кор болушпайт жана башкаларга кордук көрсөтүп, зулум кылышпайт. Алардын Раббилеринин алдында кичипейилдик менен баш ийип тургандыктары көрүүгө татый турган көрүнүш. Кыскасы булар, арстандай күркүрөп, көгүчкөндөй төрөпейил жашаган бул инсандарды алардын руханий дүйнөсүнүн тереңдиги менен тааныган бактылуу адамдар, кайрадан алардан ажырагылары келбей калат.

Ушундай сезим менен ар дайым Улуу Жаратуучумун алдында кичипейил абалда Анын мээриминен үмүт кылып турууну канчалык каалар элем! Жүргөн жерлеримде башкалардын жаңылыштыктарына көңүл бурбастан, өз кемчиликтеримди оңдоо менен убараланууну канчалык каалар элем! Жашоомдо руханий дүйнөм таза болуп жашоону кандай каалар элем! Жашоомду пайдалуу жашоого жана жеткен нерселеримди Алладан деп билип жашоону кандай каалар элем! Ар дайым ырахат жана жыргалчылыкты унутуп, жүрөк бейпилдигимди машаакатка алмаштырууну кичинекей бир жаңылыштыгым үчүн ар дайым Аййуб сымал сыздап, Дауд сыяктуу ыйлоону кааладым! Өмүр бою адамзаттын бактылуулугу жана бейпилдиги үчүн өзүмдү унутуп, ар дайым аларды ойлоону, сүйүү менен баарына жылуу мамиледе болуп, ачуулануу, жек көрүүдөн алыс болууну каалайт элем..!

Келгиле, чын дилден өзүбүздү адамзатка туура жол көрсөтүүгө атап, ар дайым мум сыяктуу күйүп, ээрип, айланабызды жарыталы. Баардык жерде акыйкатты жар салып, чын ыкыластан берилүү менен Алланы тааныталы.Улуу Жаратуучу менен байланышыбызды бекемдеп, ыкыластуу бололу, көктө периштелер бизге суктансын. Түндөрдү Аллага жалбаруу менен өткөрүп, өздүк маңызыбызга кайталы. Келгиле ырахат жана жыргалчылыкка чекит коюп, машакатты тандап алып, катуу чуркайлы, бизди көргөн куштар канаттарын жыйып, бизди карап калышсын. Акыйкатты чын дилден катуу жар салалы, жырткычтар коркуп, ийиндерине кире качышсын. Келгиле арстандыгыбыз кармап калганда, адамдарды коркутпай, эркибизди байлап алган чынжырларды үзүүгө аракет кылалы, от болуп жалындаган учурубузда чөйрөдө өрт чыгарбастан, шам чырактардын билигине тийип, айланага жарыктык чачалы. Сел болуп, ашып-ташканда, бактарга, бакчаларга жандуулук берип агалы, шамал болуп сокконубузда уруктарды учуруп, чаңдаштыралы, абадагы бүртүкчөлөрдү бириктирип, булуттарга айлануу жолун көрсөтөлү...

Негизинде, Улуу Жаратуучу маани берип, баалаган нерсесин, биз дагы чын жүрөктөн сыйлашыбыз керек. Алланын инсандарга карата мамилеси өзгөчө. Учуру келгенде, жалпы жаратылышты ага баш ийдирип, кези келгенде анын жан дүйнөсүнө жаратылыштын сырларын шыбырайт жана аны жердиин халийфасы деген наам менен жогору көтөрөт. Ыйман жана илим менен анын жүрөгүн ачып, ага Өзү менен бирге болуунун кереметин сездирет. Тиги дүйнөдө ага түбөлүк бактылуулук даярдайт жана анын жүрөгүнөн бейиштерге жол ачып, бул дүйнө зынданын ага Фирдаус бейишинин күтүү залына айлантат. Бул дүйнөдө баардык ишин көрөгөчтүк менен аткаргандарга ал жерде өз кооздуктарын көрүп ыхааттанууну насип кылат. Алардын кереметтүү дүйнөлөрүндө деңиздерди гүлдөр жайнаган бейиш бакчаларына, алоолонгон тозокту жашоо булагына айландыруу менен, аларга таң калтырган ажайып кереметтерден ар күнү жаңы-жаңы дүйнө жаратат.

Бул дүйнөдө сокур, керең жана өлүк сыяктуу жашап өткөндөр тигил дүйнөдө буларды сезе билүүсү кыйын болсо керек. Бүгүн ыйлай турган абалдарына каткырышкан сезими сокур адамдар эртеңки күнү ыйлашат. Демек, келгиле азыр көрөгөчтүк кылып, сезимибиз ойгоо болсун, эртең эс алуу жана уйку дартыбыз болбосун. Бүгүн көз жаштарыбызды төгүп ыйлайлы, эртең пайдасыз сыздабайлы. Бара турган багытыбыздан жазбайлы, туруктуу бололу, азгырган нерселерге берилип, башыбыз айланбасын. Бул дүйнөнү соода жери жана пайда табуу орду деп билип, жашообузду ошого карата пландабай, тескерисинче, баардык нерсени дене кумары жана арзууларына байланыштуу алып барсак бир күн келип, алардын баары мойнубузга минээри анык. Негизинде, руханий дүйнөсү тайыз, текебер, менменсинген адамдарга жасала турган мамиле ушундай болсо керек. Адам баласынын баасы Алла менен болгон байланышты ыкыластуулук менен бекем сактоосуна жараша болот. Алла менен байланышы жок, напси жана дене арзуусу менен кирдеген денени, алтын, күмүш, атлас менен кооздосо дагы кир-баткак бойдон кала берет.

Демек, кел анда дене арзууларына баш ийбестен, Аллага жүзүңдү бур жана алгачкы сүйүүң жогорку бааларга ээ болушу үчүн Жаратуучу гана ыраазычылыгын көздө! Алла көңүл бурса, тамчы дарыяга, кымындай нерсе күндүн көлөмүнө тең келе турганчалык чоңдукка ээ болуп, муктаждык жана алсыздык укмуштуудай күч булагына айланаарын бил. Эгерде, бир гана өз күч-кубатыңа таянсаң, мүмкүнчүлүгүңө чак келбеген ишти жасоого аракет кылгандай, элдерге күлкү болосуң. Колуңдагы байлыктын жана күчүңдүн чегин билип, ошого жараша план түз! Бул маанилүү негиздерге көңүл бурбай, акыйкаттарды кыялдарыңда курууга аракет кылсаң, аягында өзүң жасаган иш, өз башыңа муш болот. Тез-тез ыйманыңды текшерип тур, мүмкүнчүлүк жана жөндөмдөргө жараша чуркап аракет кыл. Антпесең, берилген тартууларга оопасыздык кылып жатат жана башкалардын жакшылык, тартуулары менен чектен чыгып бара жатат деген сөзгө каласың.

Алланын жардамына толук ишен, бирок Анын жанында эркиңди колдонууну дагы кайдыгер калтырба. Кайдандыр соккон шамал менен белгилүү бир деңгээлге көтөрүлөм деп ойлобо. Бүгүнкү күнү шамалдын жардамы менен белгилүү бийиктикке чыккандар, эртеңки күнү катуу бороонго кабылып, ичинен чыга албай турган бир чуңкурга түшө тургандыктарын ойло жана реалдуулукка ылайык жаша.

Динди карманууну Аллага жакындыктын жолу деп бил жана болгон күч-аракетиң менен динди тутун. Ыйманга таянып, Аллага берилүүгө аракет кыл! Ага тобокел кылууда кемчилик кетирбе, Аны менен болгон мамилелериңде адептүүлүктү сакта жана эл көрсүндүк, мактанычтан алыс бол! Ыйманга толгон жүрөктөрдөн каухар ташка толо болгон кутулар сыяктуу катуу үн чыкпайт. Жан дүйнөсү тайыз адамдар, ичинде бир-эки жасалма акактары бар балдардын колундагы кутучалат сыяктуу катуу үн чыгарып, кулактын кужурун алат. Сен, ар бир көз ирмемде жүрөгүңө бир канча жолу назар салына тургандыгын ойлоп, жүрөгүңдү ар дайым таза карма жана бир гана ал түбөлүктүү жакка жүз бур! Ушул күнгө чейин ал тарапка жүз бургандардын ичинен жоготууга учурагандар болгон эмес. Тескерисинче ал багытка жүз бургандар түбөлүктүү бактылуу жашоого ээ болушкан жана Ага гана кулчулук кылгандыктарынан башкаларга кул болуудан кутулушкан. Аны таап, Ага жүз буруп, Ага сырын айтуу тасбих жана Аллага таазим; унчукпастык өз жашоосун текшерүүдөн өткөрүү менен ойго чөмүлүү. Аны менен бирге болгондор чөлдө жашашса дагы, ар дайым жашоо суусунун айланасында болуп; баардык ишин Ага тобокел кылгандар ар дайым жакшы натыйжага жетишкен. Мына ошолордун өлөңү:

Аллага кул болгондор, кулга кул болбойт,
Ага кул болгондор жолдордо калбайт,

Башка бир жолу бул маселени кененирээк баяндоого мүмкүнчүлүк болоор.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.