Курандын сыйкырдуу дүйнөсү

Куран, түбөлүктүүлүктүн сөз жана тамгалар дүйнөсүндө жаркыраган нуру. Ал учуру келип, өзгөчө седеп ичиндеги берметке айланганда сөздүн баасын билгендер түбөлүктүү ажайып кооздукка күбө болушту. Куран, нур болуп ааламга түшкөнгө чейин, бул кооз дүйнө коркунучтуу жырткычтардын өлкөсү; ар бир сабы жогорку ааламдын башкача бир сырынын сандыгы болгон бул жаратылыш китеби дагы начар абалдагы барактар эле. Куран күн сыяктуу нурун чачканда ошол күнгө чейин алды жакты караңгылаткан топ-топ булуттар тарап, жаратылыштын сулуу жүзү көрүндү жана баардык нерсе окуганда ырахат ала турган китептин сөз, сүйлөмдөрүно айланды. Анын үнү жеткен жүрөктөргө нур жаады жана ички дүйнөдө толкуган сезимдер, ал сезимдерди баяндаган тилдер, нур кайрыктарын созолонто баштады.

Ооба, көздөр, жүрөктөр Аны менен нурданган күндөн бери, жаратылыш менен байланышкан, миңдеген жылдар бою чечилиши күтүлгөн табышмактар, мүшкүлдөр бир-бирден чечиле турган абалга келди жана инсан-аалам Жаратуучу байланышы ачык-айкын болду.

Туура маалымат жана ой-пикирдин башаты Куран, туура сөздүн, туура баяндын негизи дагы Куран. Анын алгачкы маектеши, бүтүндөй баардык пайгамбарлардын мырзасы, Куран болсо Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн китептердин султаны. Алгачкылар Анын келип, өтө турган жолдоруна белгилер коюу же желектер илүү үчүн келишкен; кийинкилер Ага ачыктоо, түшүндүрмө берүү үчүн келишкен.

Ал бир демде чет, булуң-бурчтарга чейин үнүн угузат. Баардык жаңы нерселер эскирип, саргарган бул убактылуу дүйнөдө, ар дайым жаңы бойдон калган нерсе ал Куран. Ооба, Ал түшүрүлгөн күндөн бери, тескери соккон шамалга, күтүлбөгөн суукка, музга жана мезгилсиз жааган карга, тез-тез катаалдашып турган аба-ырайына, өзгөргөн шарттарга карабастан ар дайым нукуралыгын, асылдыгын жоготпой, сактап келген жалгыз китеп.

Кудурети Чексиз Алла Таала эки дүйнө бактылуулугун Анын жол башчылыгына көз каранды кылган. Анын жол башчылыгысыз эч бир максатка жетүүгө болбойт. Анын кеңешине кайдыгер караган жолоочулар жолдо калат.

Ээрчигендерин адаштырбастан көздөгөн максатына жеткирген жол башчы бул – Куран.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.