Исламдын керемети

Исламдын кереметиЖер жүзүндө адамзат жаратылган күндөн бери, жаратылыштын табышмагынын жандырмагын таба албай кыйналып, бели бүгүлгөн философия, Ислам дини алып келген түрдүү системаларынын арты менен белин түзөп бир топ оң багыттагы ойлорду ортого сала баштады. Асман-жердеги эбегейсиз зор телолор, вахийдин алардын жүзүнө чачкан нурлары менен башаламан элемент болуудан чыгып, суктанткан ажайып кооздуктарга, окулган китептерге айланып, жаратылыштын парда артынан кабар бере турган абалга келген. Исламдын Кызыр булагы сыяктуу оргуштап турган булагынын бир ууртам болсо да насибин алган бактылуу инсандар, түбөлүк жашоонун даамын татып, инсан табиятында бар болгон жалгыздык жана үмүтсүздүктөн кутулушкан.

Ислам динин өз оригиналдуулугу менен сезип жашагандар ички дүйнөлөрүндө бейишти куруп жана жашоолорун Фирдаустагылар сыяктуу ырахаттануу менен жашай башташкан. Аны өзүнө ылайыктуу эң жакшы көрүнүштө талдай алгандар мындай турсун, бир жолу эле аны менен алыстан таанышкандар дагы, жок болуп кетүү кыжаалатчылыгынан жана жалганчы убадалардын караңгылыгынан кутулуп, убактылуу болсо дагы кенен дем алган. Исламдын ага ыйман келтирген адамдарга убада кылган нерсеси момун мусулмандардын бейиштеги жашоосу.

Ислам дининин даанышмандыгы менен – аны ислам философиясы деп айтсак дагы болот-жалпы көз караш өзгөргөн. Дүйнө жүзү нурга бөлөнүп, жаратылыш күйүп-жанып акыйкаттарды баяндаган кутпачыга, жер баарын мээрим менен кучактаган энеге айланып, суулар түбөлүктүүлүктүн кайрыктарын созолонто баштаган. Тоолор сүрдүү көрүнүштөрү менен, ойдуңдар кичипейил көрүнүшү менен парда артындагы маанилеринин жаңырыгы болгон. Бактар-бакчалар, кулпурган көрүнүштөрү менен бизге жылмаюу тартуулашкан.

Исламдын адамзатка Жараткандын эң улуу белеги экендигин түшүнө албаган бактысыздар анын сунган маалыматтарын дагы түшүнө алышпайт, ал алып келе турган жакшылыктарды сезе албайт. Кээде, андай адамдардын анын айланасында чарк айланып туруулары дагы натыйжаны өзгөртө албайт. Алар ар дайым Ислам динине көңүл бурушат, бирок аны түшүнө алышпайт. Жакындык алар үчүн алыстоого себеп болгон, айла канча табият ошондой. Тикен гүлдүн жанында болсо дагы тикен бойдон кала берет жана ал сайып, жан ачытат. Сагызган, гүлзарларда булбул менен жанаша конуп отурса дагы, өзүн өзүнүн үнү менен билдирип турат. Жарыкка каргыш жаадыргандардын дагы саны аз эмес.

Гүлдүн жытына жүрөгү айланып окшуган, жерге жыгылган бир адамды ар бир жолу эстегенимде кускум келип, жүрөгүм айланат. Кыскасы баары өздүк маңызын көрсөтүп турат.

Исламга моюн сунбаган инсандардын баштарындагы таажылар убактылуу, анын тарабынан тастыкталбаган сөздөрдүн уламыштан айырмасы жок. Аны менен азыктанбагандардын ички дүйнөсү жарды, жолдору караңгы. Булар кээде жаркырап, кээ бир көздөрдү уялтып турса дагы, узак убакытка чейин жарык бойдон калуулары жана чөйрөсүн жарытып туруулары мүмкүн эмес. Баардык учурларды кучагына алуу, ар дайым жандуу бойдон калуу аракетине байланыштуу. Убакыт жана орунга көз каранды болгон сөздөрдүн, ойлордун, көз-караштардын, системалардын эртеби, кечпи мөөнөттөрү аяктайт жана күзгү жалбырактар сымал шамалга учуп, албетте, ээлеринин дайын-дарегин, наамын кошо ала кетет.

Ислам туруктуу, ошол эле учурда өзгөрүп жана өнүгүп туруучу. Ал тамыры терең жана эч бир шамал кулата албаганчалык бекем, бутактары төрт жайылып өскөн жана баардык мезгилде жаңы-жаңы мөмө бере турган дарак сыяктуу. Дүйнөлүк жана акыретке тиешелүү ылаззаттардын негизи, өзөгү ошондо. Анын ааламга чачкан жарыгынын жанында күн бир учкун сыяктуу гана болуп калат жана жүрөктөрдө өстүргөн руханий бакчалардын жанында Ирам бакчалары жомокко окшоп калат.

Ислам инсан пикирине тартуу кылган ал сөздөр, ойлор, жарыктар толугу менен Алла тарабынан келген. Алардын эч бири башка булактардан алынган эмес жана башка пикирлерден таасирленбеген. Тескерисинче, андагы ар бир шоола, ар бир кыймыл аракет, кооздук, жогорку ааламдардын кол тийбеген мөмөлөрү. Эгер душмандардын кастыгы, достордун түркөйлүгү жана оопасыздыгы болбогондо, бүгүнкү күнү жалпы адамзат анын дасторконунун үстүндө бирге болуп, кол кыса учурашмак. Душмандар кежирлик кылып, оюн бербеди, достор анын көңүлүн калтырды, ал бизди жогорулардан келген насибинен куру калтырды; седептин ичине сакталган маржан сыяктуу барып, өз кутусуна жашынды.

Күн ага жүз бургандарга нурун чачат. Анын нуру тийип турганда гүлдөр кулпурат. Дарактар суу, топурак, аба менен байланышта болуп турганда жандуу бойдон калышат. Баардык нерсе мамилесине жараша мамиле көрөт. Жүрөктөр исламга кулак төшөбөсө, анын үнүн уга албайт. Сөздөрдү кыймыл аракеттер тастыктап, коштоп турбаса жүрөктөргө таасир бере албайт. Жүрөгү ар дайым “ислам” деп соккондор, отурса-турса аны оюнан чыгарбагандар көптөгөн ийгиликтерге жетишишкен.!

Биздин көңүлүбүз исламда, өлсөк, анын кучагында өлүүнү каалайбыз. Жашасак, бир гана анын чөйрөсүндө жашайбыз деген ойдобуз. Биз жашоо үчүн энергияны, күчтү андан алабыз. Жашоого болгон ышкыбыз дагы андан. Себеби, баардык нерсе кыйрап, жок болсо жана унутулуп, зээндерден өчүп кете турган бул дүйнөдө козголбогон жана ар дайым ордунда туруктуу турган, жаңы бойдон калган жалгыз ошол өзү. Анын желеги желбиреп турган баардык жерде бейпилдик жана коопсуздук өкүм сүрөт. Ал жашаган чөйрөдө инсандык баалуулуктар кепилдикке алынат. Ал көктөгү мыйзамдын жердеги көчүрмөсү, периштелердин ортосундагы тартиптин жер жүзүндөгү чагылуусу. Анын ыргагы менен жашагандар ааламдагы жалпы тартипке баш ийген болуп саналат жана нерселер менен кагылышуудан кутулушат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.