Момундун көз карашында убакыт

Момун-мусулмандын көз карашында убакыт өтө кереметтүү жана кереметин сезе алгандар андан көп пайда ала алышат. Чыныгы момун-мусулмандын өмүрүн, же өмүрүнүн бир жылын эмес, кээде түрдүү берекеттүүлүгү менен анын бир күнүн дагы баяндап берүүгө кудуретибиз жетпейт. Тактап айтканда, биз бир нерселерди баяндай алсак дагы, ыймандагы сырды толук түшүнө албагандар, аны сокурлар, дүлөйлөр сыяктуу угушат жана андан эч бир нерсе түшүнө алышпайт. Балды жеп көрбөгөн, гүлдү эч көрбөгөн адамга балдын даамын жана гүлдүн түсүн жана жытын сүрөттөп берүү мүмкүн болбогондой эле, ыймансыз адамга момундун көз карашында убакыт кандай сыйкырдуу өтө тургандыгын түшүндүрүп берүү дагы мүмкүн эмес.

Момун-мусулмандын көз карашында убакыт ар дайым кереметтүү өтөт. Баардык терезелер, пардалар жылчыксыз жабылып турган абалда, кээде азан менен бирге, кээде азандан мурда, таңдын керемети айнектен, тордон, пардадан өтүп, биздин жан дүйнөбүздү курчап алат жана бизди Алланын алдына чакырат. Көздөрүбүздү ачаарыбыз менен эң алгач мунаралардан чыккан үнгө арбалып, андан кийин намаз үчүн даарат алуучу орундарда тазаланып, анын артынан Раббибиз менен байланышуу үчүн мечитке киребиз.

Намаз ар дайым өзүнө таандык керемети менен жайнамаздарыбызда бизди тосуп алат жана жаңыдан баштап жаткан күнүбүздү кооздоп, алдыңкы сааттардын руханий ылаззатын жан дүйнөбүзгө салат. Ушундайча, Аллага ачык сезимдерибиз менен күнүбүздү баштайбыз. Ички дүйнөбүздө бейиш кубанчын сезебиз. Ибадат, зикир-дубалар, эрте мененки тамак жана башка бир топ иштер жана милдеттер бул сүйкүмдүү нерсе менен башталат; баардык иштерибизди коштойт, баардык кыймыл-аракеттерибизди өз тилинде сүйлөтөт. Ошентип, кыймыл-аракеттерибиз акыретке таандык кооздуктарга бөлөнөт; сыртынан караганда башкалар менен бирдей убакыт өткөрүп жаткандай сезилсе дагы, ниет жана ой-пикирлерибиздин өзгөчөлүгү менен бир нерсеге умтулуу жана аракеттерибизде Аллага аманат болуунун терең маанисин сезебиз. Чөйрөбүздү Аны чагылдырып турган кооздугу менен көрүп, баардык нерсенин жүзүндө Аны көрсөтүп турган белгилерге күбө болобуз. Бул ой менен дүйнө жана акырет ортосунда барып-келип, ишенимдерибиздин кыймыл-аракеттерибизге таасир бергендигин сезгендей болобуз. Ушундай сезим менен биз күбө болгон баардык нерсени дагы сүйүктүүрөөк жана маани-маңызы терең деп таанып жана алдыбыздан чыккан нерселердин баарын кучагыбызда көтөрүп чоңойткон балдарыбыз сыяктуу башынан сылап, жыттап жана ишенимдерибиздин арты менен өзүбүздү өтө кеңейген кереметтүү чөйрөнүн ичинде болгондой сезебиз. Жандуу-жансыз баардык нерселер өңү-түсүн, көрүнүшүн, кооздугун, маани-маңызын өзгөрткөндөй биздин жүзүбүзгө күлө карайт.. жана терең маанилерге айланып, жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алат. Таш-топурактар, бак-дарактар, гүлдөр, курт-кумурска жана башка баардык нерселерден түрдүү белгилерди байкайбыз. Жаратылыштагы баардык нерселер башка дүйнөдөн кабарларды алып келет. Биз дем алып жаткан аба, ичкен суубуз, жеген тамагыбыз, биз күбө болгон кооздуктар жан дүйнөбүздү ээлеп, даам менен даам сезүүчү органдарыбыздын мамилесин, жашоо менен жалпы атмосферанын бирдей эсеп, бирдей планга карата кыймыл-аракеттерин бизге баяндап берет.

Ушундайча, күндүн алгачкы мүнөттөрү менен жашообузду сезип жашап жана ар дайым таң алды менен турмуш-тиричилигибизди баштайбыз. Убакыттын өтүшү менен бул кубаныч жана толкундануу акырындап тарай баштайт. Мына ошол учурда бешимдин убагы кирип келип, “Алланын Аршынын” көчүрмөсү сыяктуу болгон мечитке же кайсыл бир намаз окуучу жайга чакырат. Бул чакырыкка баш ийип, бир жолу дагы чекебизди жерге тийгизүү үчүн бара жатканда, даарат алып жаткан учурда биз менен бирдей көз карашта болгон адамдар менен бир жерде болуунун кубанычын сезебиз. Акырет тууралуу ойлонуу менен улутунуп, ыйман жана исламдын берекетин дагы бир жолу сезүү үчүн мечитти көздөй кадам таштайбыз. Андан кийин тамактануу, маектешүү менен эс алабыз, жүрөгүбүздүн Алла менен болгон байланышын дагы бир жолу бекемдеп, руханий камсыздануу менен кайрадан ишибизди улантабыз. Оюбузда бул дүйнө жана акырет, аср намазынын убактысы киргенге чейин бул дүйнө үчүн гана иштеп жаткандай, бирок жүрөгүбүз акыретке байланган абалда чуркап иштеп, жазып, окуп, үйрөнүп-үйрөтүп, алып-сатып, пландап-аткарып, адамдардын ал-абалын сурап, көңүлүн алып, бул дүйнө жана акыретти бирге жашап жаткандай болобуз.

Бул кереметтүү мүнөт жана сааттар, ким билет, биз сезе албаган дагы кандай маанилерди берип жатты! Бирок, мен ар дайым, бул жагымдуу мүнөттөрдү өз баалуулуктарына жараша баяндап, сүрөттөп бере албагандай уялып, кысынып жүрдүм. Себеби, бул мүнөт жана сааттарды кемчиликсиз баяндап берүү үчүн ыр курай билүү жөндөмү болушу керек. Менин андай жөндөмүм жок болгондуктан, бул сөздөрүм менен момун-мусулманга таандык учурдун ал нурдуу жүзүн жер караткандай болом. Эгер бул күчсүз баяндар сөз чечендерин козгой алса, көздөлгөн максат аткарылгандыгын ойлоп, өзүмдү өзүм сооротушум ыктымал.

Мына ушундай ишеним менен заманды талдоону улантам. Убакыт өтүп, сааттар артынан сааттар өтөт. Биз чарчап-чаалыккан учурда дигер убакты кирип келет. “Салаатул вуста” деп аталган бул намаз талыкшыган денебизди эс алдырат жана батышта кызара баштаган күндүн ордуна түбөлүк өчпөй турган жарык менен биздин жан дүйнөбүздү нурдантат. Убакыт өтүп, айланада шам азаны жаңыра баштайт. Бул азандар бизге Аллага жакындоого чакырыктай угулат. Бул чакырык күндүздөн түнгө, иш-аракеттен эс алууга, дүйнөдөн акыретке, кызмат жана иш-аракеттен акы алууга баруу керектиги тууралуу эскертүү сыяктуу сезилет. Күн менен түн жолуккан учурда, жогорку ааламдардын кереметтүү үнү угулуп турганда дагы бир жолу жайнамаз үстүндө болобуз. Ошентип, күүгүм кирип, караңгылык түшөт. Айланабыздагы нерселер акырындык менен көрүнбөй калат. Мына ошондо аркада калтырган күндүздү, рухубуздун түбөлүк жарыкка муктаждыгын сезебиз жана ар бир сааты, ар бир мүнөтү, ар бир көз ирмеми түбөлүк бактылуулукту табууга жете турган эбегейсиз зор бир күндү кандай пайдалангандыгыбызды ойлонобуз жана, түбөлүк караңгылык тууралуу ой бизди кыйнай баштаганда, силкинип, өзүбүзгө келип “Алдыбызда узун бир түн бар эмеспи!” деп Алланын ыраазычылыгын табуу үчүн жайнамазыбызга туруп, берекеттүү убакыттарды күтөбүз. Анын артынан баарыбызды терең ойго салган түн кирип келет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.