Толеранттуулук, кеңпейилдүүлүк

Адам баласында өзгөчө сапаттар бар болгондой эле кемчиликтери дагы көп. Эч бир башка жандуулар, өзүндө мынчалык көп карама-каршылыктарды алып жүрө алган эмес. Ал Бейиштердин асманында канат кагып оболоп турса, ошол эле убакта тозоктун тереңдиктерине чейин түшкөн таң калыштуу нерсе. Анда болгон бул карама-каршылыктардын, бул түшүп-чыгуулардын ортосунда байланыш издөө куру бекер убарагерчилик. Себеби, адам баласында, себептер жана натыйжалар түрдүү-түрдүү жолдо болуп турат.

Кээде бир эгин сыяктуу жыгылып, турат; кээде чынар терек сыяктуу көрүнүшкө ээ болгондугуна карабастан, кулап кайра түзөлө албайт. Периштелерди суктандыра турган абалдары бар болгондой эле, шайтандарды уялта турган учурлары дагы аз эмес.

Табиятында мынчалык чыгып-түшүүлөр бар болгон адам баласы үчүн, күнөөкөрлүк түпкү сапат болбосо дагы, инсандын күнөө жасашы тагдырында бар. Күнөөлөр менен кирдеп, табиятын булгай турган мындай макулук үчүн, кечирим өтө маанилүү нерсе.

Кечирим сурануу, кечирим күтүү жана колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөргө өкүнүү, сезимталдыкка тиешелүү болгондуктан канчалык баалуу болсо, кечиримдүүлүк дагы ошончолук, балким, андан дагы улуу иш. Кечиримдүүлүктү улуулуктан, улуулукту кечиримдүүлүктөн бөлөк деп ойлоо туура эмес. “Кичүү кемчилик кетирет, улуу кечирет” деген накыл сөз белгилүү жана өтө туура сөз.

Кечирилүү, оңдоо, өздүк маңызга кайтуу болуп саналат. Ошондуктан, Мээрими Чексиз Алланын алдында эң сүйүктүү кыймыл-аракет, бул өздүк маңызына кайра кайтуу жана изденүү болуп саналат.

Жандуу-жансыз баардык макулуктар кечиримдүүлүктү, адам баласынын ортомчулугу менен тааныды. Алла Таала адам баласында кечиримдүүлүгүн көрсөткөндөй эле, кечиримдүүлүктөгү баалуулукту анын жүрөгүнө салды. Алгачкы инсан инсандык табиятынын талабы болгон жаңылуусу менен, өзүнө сокку уруп, көкүрөгүндө пайда болгон нерсе ый жана жалбаруу, бул жалынып-жалбарууга жооп катары келген нерсе кечирим эле..!

Адамзат, алгачкы атасынын себеби менен ээ болгон бул белегин, үмүтү, жооткото турган нерсеси катары кылымдар бою сактап келди. Ар бир жолку кемчилик кетиришинде, ал сыйкырдуу тактыга отуруп, күнөөлөрдүн кыжаалатчылыгынан жана үмүтсүздүккө салуусунан кутулуп, чексиз мээримге ээ болгондой, башкалар жасаган күнөөлөргө карата аны, көзүнө парда кылуу кеңпейилдүүлүгүн көрсөттү.

Кечирилүү үмүтүнүн арты менен адам баласы, асманын каптаган кара булуттун үстүнө чыгып, дүйнөсүн жарык көрүү мүмкүнчүлүгүнө жетет. Кечиримдүүлүктүн жогорулата тургандыгын билген инсандар, өмүр бою, рухтарды шаттандырган кубаныч кучагында жашашат.

Кечиримге көңүлү түшкөн адамды, кечиримден алыс элестетүү мүмкүн эмес. Ал кечирилүүнү жакшы көргөндөй эле, кечирүүнү дагы жакшы көрөт. Күнөөлөрү анын жан дүйнөсүн кыйнаган азаптан кутулууну, кечиримден деп билген пенденин, кечирбей коюшу мүмкүнбү..?

Ошондой эле, кечирилүү, кечиримдүү болуу менен тыгыз байланышы бар экендигин билсе.. Кечиримдүүлөр, кечирилет. Кечирүүнү билбегендер кечирилбейт. Инсандарга карата толеранттуулук жана кеңпейилдүүлүк мамиле кылбагандар инсандыктан айрылган айбандар. Бир жолу болсо дагы өз күнөөсүн эстеп, кайгырбаган бул адамдар, эч бир убакта кечиримдүүлүктөгү ылаззатты сезе алышпайт.

Азирети Масийх (а.с.), таш бараңга алынуу үчүн алынып келинген бир адамдын айланасында колунда таштарды кармап, урууга даяр турган инсандарга кайрылып: “Алгачкы ташты эч күнөөсү болбогон адам ыргытсын!” деп айткан. Бул сөздүн маанисин жакшы түшүнгөн кайсыл адам, таш бараңга алынууга өзү ылайык болуп туруп, башкага таш атууга аракет кылат? Өмүрүн башкалардын жашоосун сынга алуу менен өткөргөн учурубуздун инсандары муну түшүнө алышса..!

Чындыгында, күнөөлүү жазаландырылат жана жазаландырууда, мээрим жана башка сезимдер, жогору жактан чыгарылган өкүмдөрдүн аткарылышына тоскоол боло албайт. Жек көргөн адамдарыбызды жазалоого байланышкан өкүмдөр бар экендигин айтуу дагы мүмкүн эмес. Албетте, биз, напсибизди Азирети Ибрахимдин (а.с.) эр жүрөктүүлүгү менен жеңбесек, өзүбүз туурасында жана башкалар жөнүндө туура өкүм бере албайбыз...

Кечирим адам баласы менен пайда болгон жана аны менен бышып жетилген. Ошондуктан, Эң Улуу Затта, өтө зор кечиримдүүлүктү көрөбүз.

Жек көрүү жана кек сактоо болсо, жаман адамдардын, инсандардын ортосунда сепкен тозок үрөөнү болуп саналат. Жер жүзүн тозокко айланткан кек, өч алуу жана жек көрүү чачып тургандарга каршы, миңдеген кайгыларды тартып, сыздаган адамдарыбыздын жардамына, кечиримдүүлүк сезимин ала чуркашыбыз керек. Биз артта калтырган ушул бир-эки кылым, кечирим жана кеңпейилдик дегенди билбегендердин себебинен жагымсыз абалга келди. Келечекке дагы ушул насипсиздердин өкүм жүргүзө тургандыгын ойлогондо, коркуп, кыжаалаттанбай коюу мүмкүн эмес.

Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү адамдардын өз бала-чакасы жана урук-тукумдарына бере турган эң баалуу белеги, эң орой мамилелерге карата дагы “кечиримдүү болууну” үйрөтүүсү болуп саналат. Бирок, башкаларды ыйлатып-сыздаткандан ырахат алган адамдардын кечирилишин ойлоо мүмкүн эмес. Ооба, аларды кечирүү колубуздан келбейт жана адамзатты сыйлабандык болуп эсептелет. Мындай сыйлабастыкты кабыл ала турган адам тааныбайбыз. Өткөн тарыхында душмандыкты үйрөнгөн муундар, баардык жырткычтык жана ырайымсыздыктарга күбө болушту. Заман өзгөрүп, кечиримдүүлүк, толеранттуулук учуру келсе дагы, бул эски муундун зээнинде жек көрүү, душмандык сезимдери ошол бойдон кала берди. Ички дүйнөсүндө бүтүндөй, душмандык, жек көрүү жана кан төгүү сезимдери бийлеп алган бул адамдардан кандай жакшы нерсе үйрөнүүгө болот. Жылдар бою кайдыгер ташталып калган жана жаңылыш пикирлердин негизинде табияты өзгөрүп калган бул муунду, топон суу жана селге айланган ушул учурунда түшүнө алсак! Ал көрөгөчтүк кайда?!...

Кечиримдүүлүк, кеңпейилдик жараларыбыздын бир тобун айыктыра тургандыгына ишенебиз. Эң негизгиси бул нерсе аны түшүнө билген инсандарда болушу шарт. Андай болбосо ушул убакытка чейин, дарылайбыз деп жасаган жаңылыш дарылоолор, бизди көптөгөн башка бир ооруларга дуушар кылат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.