Кайдасың

Кайдасың, көп жылдар бою бизди кусадар кылган азамат? Кайдасың, кыялдарыбызды ээлеген каарман? Кайдасың, кайрадан тирилүүнүн сүйүнүчтүү кабарынын кабарчысы? Азаптуу күндөрдө, уйкусуз түндөрдө сенин жолуңду карап күттүк. Алыстан көрүнгөн ар бир караанды сен окшойт деп салтанат менен жол тосуп чыктык. Күн батаарга чейин зарыга күтүп, кайгылуу үйүбүзгө кайтканда таттуу кыялдарыбыз менен гана өзүбүздү сооротобуз.

Ар бир күн кайгы-капа менен башталып, ички дүйнөбүздү эзип, душмандарыбыз эсирип, чөйрөгө ызы-чуу салып жатышты.

Кайдасың, качан келесиң даңазалуу азамат. Жүрөктөр өлүм алдында турат. Эгер тирүүлүк тартуулаган демиң менен жардамга келбесең, какыраган чөлдөрүбүздө, суусу кургап калган көлдөрүбүздө жалбырагы төгүлбөгөн гүлдөр калбай калат. Багбан келип, бакчалар бузулгандан бери кылымдар карыды. Биз учу-кыйыры билинбеген бул чөлдө жолуккан ар бир кербенден, Юсуфтун көйнөгүн сурагандай, сенин дайын-дарегиңди сурадык жана сабыр менен жаңыдан таңдын атышын күтүп жаттык. Жымжырттык өкүм сүргөн бул ээн талаа, эрме чөлдөрдө чымындарды бүркүт деп мактадык. Биз артынан чуркабаган кербен калбады. Бирок, сен эч биринде жок элең. Биз жолуккан дөө-шаалар кымындай ой-пикирге ээ эмес эле. Руханий дүйнөсү кыйрап, пикирлери урандыга айланган, ойлору кыска, баяндары болушунча уятсыз эле. Аларда биз күткөн каармандын белгилери жок эле.

Убакыт биз үчүн ар дайым мухаррам айы, жер Кербела болду. Көкүрөгүбүз Хусеиндин онтоолору менен сыздайт. Көздөрүбүз караңгылыкта айды издегендей, сенин жолуңду карап, сени кыялданып, сени көргүбүз келди. Сени сагынып, кусалыктын сары оорусуна чалдыктык.

Сени оопалуу, сезимтал, боорукер, жөндөмдүү деп тааныдык. Сенин чөйрөңө кирген кем болбоду.Сени сүйгөндөр ыйласа, ыйлап, күлсө, күлдүң. Алар үчүн кайгырып, алар үчүн кубандың. Ыйык жүрөгүңө, обологон рухуңа материалдык жана дүйнөлүк нерселер сага тузак боло алган жок. Оопалуу, кайрымдуу жана ыкыластуу элең..!

Тоодой оор жүктү мойнуңа алып жатканда, кандай жоопкерчиликтүү экендигиңди сезип турдуң, бирок, чечкиндүү элең. Ошондуктан, жолдордун тик болушу жана башка тоскоолдуктар сенин эркиңди майтара албады. Бирөөгө ашык болгон адамдай түшкөн бул жолуңда “Түштүк ашыктык жолуна, бизге текебердик керек эмес.” дедиң..!

Бир жолу, Досуңдун бутуна тикен кириши менен сенин өмүрүңдүн кыйылышын салыштырышканда, ачуудан тутугуп, миң жаның болсо да, Досуңдун бир тал чачы үчүн курмандыкка чалбай коюуну оопасыздык деп эсептээриңди айткан элең! Кайдасың Хубайб!

Сенин колдоруңду кесип, буталган дарактай жерге сулатышкан эле. Сенин ийниңде башың гана калган болчу. Сен бейиш үрлөрү ашык боло турган ал улуу башыңды коргогуң келди жана эсиңде болсо, мындай деп айтып жаттың: “Бул баш ийинде турганда, Ага келип тие турган нерселерди төшүм менен тоспосом, оопасыздык кылган болом” Кайдасың Мусъаб!

Эсиңде болсо, бир жолу кол курап, алыскы жортуулага чыккан элең. Жалындуу элең. Жер жүзүн бир чабуул менен багындырып, улуу башчынын өкүмдарлыгы алдына киргизип берүүнү каалагансың. Аскерлериң менен бир демде отпарастардын өлкөсүнө кирип бардың жана аларга чаң тополоң салдың. Кисранын жерлери чаң топуракка көмүлүп жатып калды. Андан кийин Византияны багынттың. Көптөгөн кылымдардан кийин келе турган, жаш түрк аскербашчысына жолбашчылык кылдың жана Константинияга бара турган жолду ачтың. Кызыр белең, Ильяс белең? Сен басып өткөн жерлерге гүл бүтүп, сен кадам таштаган жердеги урандылар шаарларга айланды. Дос, душман сенин кылычың көктөн түшкөн деп ишенип, аскерлериң сени адамдарды тарбиялоо үчүн жиберилген периште деп таанышчу. Ийгиликтериң биринин артынан экинчиси жаралып жаткан учурда, сен мактоо күткөн ооздон сенин кол башчылыктан бошотулгандыгыңды уктуң. Бир күнөөкөр сыяктуу ал Улуу Заттын алдында турганыңда Ал: “Эл ийгилик, жеңиштин баарын жеке сен жасап жаткандыгыңа ишенип алышты, чындыгында..” деп айтканын укканыңда, Анын сөзүн туура таап, сен тууралуу чыгарылган өкүмгө баш ийгендигиңди билдирдиң. Андан кийин ошол убакытка чейин сенин кол алдыңда жүргөн бир адамдын буйругу алдына кирип, улуу ой-максатың үчүн күрөшүүнү уланттың. Алла үчүн айтчы, булардын баарына кантип чыдадың? Кайдасың, Халид...!

Бир жолу сени ошол күнгө чейин эч жанынан ажырабаган бир тууганың менен сүйлөшүүдөн тыйып коюшкан эле. Согуш майдандарында жанаша, дасторкон үстүндө жанаша отуруп жүргөн бир тууганың менен сүйлөшпөшүң шарт коюлган. Буйрук жогору жактан келгендиктен, сен бул буйрукка баш ийүүгө чечкиндүү элең. Жаныңдан артык көргөн ошол Улуу Заттын урматы үчүн айтчы мага! Сен ага “билбейм” дегенден башка сөз айттыңбы? Айтпасаң, бул кандай чынчылдык, бул кандай оопалуулук, бул кандай эрк! Кайдасың, Абу Катаада!

Дагы бир жолу сен мугалимиңин алдында бара жаткан элең. Атыр суу менен жуулган чапаныңа анын атынын туягынан ыргыган ылай чачыраган эле. Сен ошол күнү бир өкүмдар болчусуң. Дүйнөнүн өкүмдары элең, Ирандык сага көз каранды, Мамлуктар сенин кулуң болчу, “Арстандар сенин каарыңды көргөндө титиреп турган” учуруң эле. Сен ошол ылай болгон чапандын каза болгонуңда табытыңа оролушун осуят кылдың. Сен эмнесин? Суфийсиңби? Дербишсиңби? Жерде жүргөн бир периштесиңби? Кайдасың ..!

Жолуңду карап, сенин келишиңди самап, тилимде сени күтүп созолонткон кусалык кайрыктарын ырдап жатканда, жүрөгүмдүн кылдарын чертким келди. Аттиң ай! Бул татаал баяндын бир кичинекей бөлүмүн дагы жеткире айта албадым. “Мен ал кайрыктан катуу толкундап, аны айтып бере албадым.” Көздөрүбүздү сен биринчи жолу келген жолдон айрый албай калдык. Узак жылдар бою келечекке болгон үмүтүбүздү көкүрөгүбүздө сактап келдик. Кыялдар менен жетиндик. Ушул үмүт менен, ушул эрк менне түбөлүк, ар бир таңда сени издеп, ар бир кербенден сени сурайбыз. Биздин жалгыздыгыбыз, душмандарыбыздын чектен чыгып, кутуруулары бизди сенин жолуңдун мажнундары болуудан баш тарттыра албайт...!

Бул жолдо балким, миң жолу алданабыз, миң жолу жылдыз курттарды карай чуркайбыз; бирок сенин жолуңда жалган нерселерге дагы жүрөгүбүздү чыгарып тартуулоодон баш тартпайбыз...

Эй, таттуу түштөрдүн каарманы! Эл көрсүндүктүн, атак-даңктын, бийлик-мансаптын жаркын үмүттөрүбүздү булгоого аракет кылып жаткан ушул күндөрдө, сага муктаж болгон жүрөктөрдү дагы көпкө күттүрбө..!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.