Адеп-ахлак принциптери

Эмнени жакшы, эмнени жаман деп кабыл алабыз? Балдарыбыздын кандай тарбияланышы тууралуу ойлонобуз? Бул жаатта жүзөгө ашырылышы көздөлгөн план жана долбоорлорубуз барбы?

Уулуңуз кандай тарбияланса деп ойлойсуз? “Менин уулумдун ушундай болушун каалайм” , деп ошону жүзөгө ашыруу үчүн кандай иш-аракет кылып жатабыз? Түн бир оокумга чейин ар кайсыл жерде убакыт өткөрүп жаткандыгына кандай карайбыз? Ал кайсыл убакта үйгө келсе да эшигибизди ачып, көкүрөгүбүзгө кысабызбы?

Биз эмнелерди кабыл алабыз; эмнени адеп-ахлакка жатат, эмнени жатпайт деп айта алабыз? Эмнелерге жакшы, эмнелерге жаман көз карашта карайбыз?

Балдарыбызга кайсыл чекке чейин уруксат беребиз? Алардын кийим-кечесине кийлигишүү маселесинде тутунган принципибиз барбы?

Перзенттерибиздин жүрүм-турумдарын жактырбасак, анда ушул учурга чейин бир чара көрүү тууралуу ойлодукбу? Чара издеп канчалык аракет кылдык, канча адиске кайрылдык, канча жолу көз жаш төктүк? Бул маселе биздин, жакындарыбыздын, коңшуларыбыздын же элибиздин көңүлүн бурушу мүмкүн, бирок, бул маселени чечүү жолун издедикпи?

Бул тема тууралуу ойлонуп, план түзбөгөн болсок, демек биз дагы Алла Элчисинин бир хадисинде баяндалгандай, кадам-кадам, карыш-карыш, аршын-аршын бизден мурдагылардын жолуна түшүп, аларды ээрчип, ошондой туңгуюктарды көздөй бара жатабыз. Чындыгында, бүтүндөй булардын негизинде Алланы, Алла Элчисин жана Курандын принциптерин четке түртүп, напсибиздин каалоолоруна кул болуу жатат.

Бүгүнкү күнү дээрлик баарыбыздын, аздыр-көптүр жагымсыз, туура эмес кыймыл-аракеттери болгон балдарыбыз бар. Алардын туура эмес кыймыл-аракеттерин жоюу максатында кандай чара көрүүнү ойлодук? Чара көрүү тууралуу ойлоо дагы өтө маанилүү. Ооба, ойлонуубуз зарыл. Өзүбүздөн: “Чындыгында биз бул жаатта кандай иш-аракет жасай алабыз!” – деп сурашыбыз керек. Же биз баардык нерсеге эле макул дей берген, кайдыгер адамдарбызбы? Үй-бүлөбүздө болуп жаткандарды өлүк сыяктуу сезимсиз карап туруу менен жетишебизби, же ар күнү үйдө жаңы чараларды издөөдөбүзбү?

Бул суроолорду дагы арбытсак болот. Мисалы: балдарыбыздын артынан калбай, анын досторун таанууга аракет кылып жатабызбы? Ар дайым ага жакшы чөйрө даярдай алып жатабызбы? Ушул күнгө чейин аны кандай достор менен тааныштырдык? Биз тааныштырбаган болсок, ал кимдер менен бирге жүрөт? Окууга киргизүү же мугалимдин колуна тапшыруу же Куран курсуна жайгаштыруу гана жетиштүүбү? Же мечитти көрсөтүп, имам менен тааныштыруу жетиштүү деп ойлойсузбу?

Ушул сыяктуу бири-бирине байланышкан суроолор жана бул суроолорго жооп издөө менен бирге, өз жашообуздун тартиби, ыкыластуулугу жана бизге таандык өзүнө тартуучулугу дагы өтө маанилүү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.