Адеп-ахлак тууралуу түшүнүгүбүз

Оболу окурмандарыбыз менен кээ бир маселелерде бир пикирге келип алышыбыз зарыл деп ойлойм. Себеби кээ бир негизги маселелерде бири-бирибизди түшүнүшө албасак, бул китептен пайдалануу кыйынга турат. Ооба, үй-бүлө тууралуу маселелерди талкуулоодо, эли-журтубузда, айыл-кыштактарыбызда, шаарларыбызда бир кыйла адеп-ахлаксыздыктар болуп жаткандыгына тынчсызданбагандар менен, адеп-ахлак тууралуу маселеде бир пикирге келүү мүмкүнбү?

Чындыгында, баардык нерсеге карабастан, биз өз абалыбызга ыраазы болуп, чөйрөбүздө болуп жаткан терс көрүнүштөр жана жаман иштер бизди тынчсыздандырбаса, анда эмнени айтууга болот? Балдарыбыздын, неберелерибиздин, таеке, жээндерибиздин ага-инилерибиздин жана жакын коңшуларыбыздын адеп-ахлактарынын бузулуп бараткандыгына күбө болуп туруп, жүрөгүбүздө кыжаалатчылык сезе албасак, адеп-ахлак тууралуу темаларды козгоонун кандай пайдасы бар?

Тарыхта эч бир коом адеп-ахлаксыздык менен ийгиликке жетише алган эмес. Бул өкүмдүн сыртында калгандар барбы, жокпу билбейм, бирок узак убакытка чейин тарыхтан өчүп кетпей, туруктуу кала алган элдердин адеп-ахлак баалуулуктарына маани бергендиги шексиз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.