Ардактуу улуу жандык

Баардык нерсе адамзаттын бактылуулугуна байланыштуу болушу керек. Адам баласы жер жүзүндө Аллахтын халифасы жана Анын эң маани берген жандыгы. Аллах Таала ааламды адам баласынын пайдасына ылайык кылып жараткан. Ушул себептен маданий өнүгүүлөр адам баласы үчүн болушу керек жана баардык маданий өнүгүү тармактарында адам баласынын бактылуулугунун көздөлүшү шарт. Адам баласы эң улуу жандык. Курани Каримде: “Чындыгында биз, адам баласын улуу даражага ээ кылдык. Аларды, (түрдүү унаалардын ортомчулугу менен) кургактыкта жана деңизде ташыдык; аларга сонун-сонун ырыскыларды бердик; ошондой эле аларды, жараткандарыбыздын бир тобунан улуу кылдык” деп айтылат. Куранга таандык бул чындыкты Шейх Галиб төмөнкүчө ыр түрүндө баяндайт:

“Жакшылап карачы затыңа, ааламдын данегисиң сен
Ааламдын маңызы болгон инсансың сен”.

Ооба, адам баласы Алланын назарында улуу бир жандык. Жер жүзүндөгү баардык цивилизациялар, баардык саясий, экономикалык, маданий системалар анын улуугун чагылдырып турат. Ушул жагынан алганда, адам баласынын бактылуулугу көздөлбөстөн курулган системалардын эч кандай баалуулугу жок жана адамзатка эч кандай жакшылыктарды алып келе албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.